Жѳнѳкѳй тригонометриялык барабарсыздыктарды чыгаруу

  • 15.11.2026

Мектеп: №68 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектеби

Мугалим: Иманалиева Карлыгач

Метод: 5Е

Сабактын формасы: Топтук

Сабактын узактыгы: 45 мүнөт

Жабдылышы: Интерактивдүү панель, плакат, сүрөттөр, графиктер

Сабактын колдонулуучу технологиялар: Симулятор, Learningapps, Wordwall, карталык квест, “3-2-1” ыкмасы .

Сабактын максаты:

  • Турмуштук мисалдарда тригонометриялык барабарсыздыктардын байланышын кѳрѳ алат.
  • Синус , косинус, тангенс, котангенстин графиктери аркылуу жана бирдик айлананы колдонуп тригонометриялык барабарсыздыктардын чыгарылышынын жана  эң кичине  мезгилдүүлүгүн эске алып интервалдарын жазууну  үйрѳнүшѳт.
  • График жана бирдик айлананы пайдалануу менен жалпы чыгарылышты (формуланы)  таба алышат.
  • Берилген тригонометриялык барабарсыздыкты анализдеп  туура ыкманы (графикалык, формула, бирдик айлананы) тандай алат.
  • Тактыкка, ѳз оюн негиздеп түшүндүрүүгѳ, биргелешип чечим табууга, системалуу иштѳѳгѳ калыптандыруу.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу. Мугалимдин сѳзү . “Үйдүн дубалы кирпичти бирден коюп бекемделген сыяктуу, сенин билимиң да күн сайын үйрѳнгѳн кичинекей түшүнүктѳр менен курулат. Бүгүнкү бир кичинекей аракет-эртеңки келечектин пайдубалы. Кирпичти туура тизбесең же    калтырып кетсен дубал кулайт. Билим да ошондой -бүгүн түшүнбѳй калтырган бир темаң кийин чоң боштукка айланып кетет.  Ошондуктан ар бир сабак-ийгилигиңдин дагы бир кирпичи”-деген сѳз аркылуу жагымдуу атмосфера түзүп  сабак башталат. Бүгүн 3 топто иш алып барабыз. Жекече баалоо оозеки суроолорго жооп бергендер, оюнга чыккандарга-1 балл, деңгээлдетилген тапшырмаларда “А ”- 1 балл, “В”- 2балл, “С”-3 балл  аласынар.  Топту баалоодо  андагы мүчѳлѳрдүн чогулткан баллдарынын суммасы аркылуу жыйынтыгы чыгат.

Кайталоо. Жѳнѳкѳй тригонометриялык барабарсыздыктарды чыгаруу Жѳнѳкѳй тригонометриялык барабарсыздыктарды чыгаруу

 

 

Wordwall де, Learningappsта тапшырмаларды аткарып, ѳтүлгѳн  темаларды кайталашат жана сабактын темасы ачылат.

Engage-Кызыктыруу

Жѳнѳкѳй тригонометриялык барабарсыздыктарды чыгаруу

Балдар, сүрѳттѳн кимди кѳрүп турасынар, бул эки сүрѳттүн бүгүнкү биздин темабызга кандай байланышы бар болушу мүмкүн?Сүрѳттүн чечмелениши:  1-сүрѳттѳ үн толкунун тарашы жѳнүндѳ. Үн толкундарынын тарашы көп учурда синусоидалар менен моделденет. Силер тѳмѳндѳгү графикте үн толкунунун тарашын кѳрүп турасыңар. Үн толкунунун тарашы кандайдыр бир убакыт ичинде амплитудадан жана термелүү жыштыгынан түзүлѳт. Амплитудасы 1ге барабар болгон белгилүү бир убакыт ичинде канча термелүү жыштык (үндүн бийиктигин кѳрсѳтѳт) жасаган фазасы 0го барабар болгон синусоиданын модели. Ушул убакытта  0,5тен 1ге чейинки аралыкта үн туруктуу бийиктегенин кѳрсѳтүп турат.

Жѳнѳкѳй тригонометриялык барабарсыздыктарды чыгаруу

2-сүрѳт. Топтун  бийиктиги Жѳнѳкѳй тригонометриялык барабарсыздыктарды чыгарууболушу керек. Топтун абага кѳтѳрүлүү абалын косинус жана тангенс бурчтары аркылуу аныктасак болот. Оюнчу топту тепкенде дарбазанын үстүнѳн  ашып кетпеш керек. Топтун дарбазанын белгилүү бир бийиктигинен ашып кетпѳѳсү  үчүн Жѳнѳкѳй тригонометриялык барабарсыздыктарды чыгаруубурчу кандай болуш керектигин тригонометриялык барабарсыздыктар аркылуу да кѳрсѳтсѳк болот.

Explore-Изилдѳѳ. Видеону кѳрүп ар бир топ тѳмѳндѳгү суроолордун үстүндѳ иштеп жооп беришет.Жѳнѳкѳй тригонометриялык барабарсыздыктарды чыгаруу

Жѳнѳкѳй тригонометриялык барабарсыздыктарды чыгаруу

Жѳнѳкѳй тригонометриялык барабарсыздыктарды чыгаруу

Балдардын берген жооптору жаңы темадагы түшүнүктөрдүн калыптанышына таасир этет. Мугалим окуучулардын жоопторун туура багыттап, ой жүгүртүүсүнө көмөк көрсөтүп туруусу шарт.

Explain – Түшүндүрүү. Карталык квест аркылуу түшүндүрүү

Берилген (\sin x>a) барабарсыздыгынын чыгарылышын бирдик айлананын жардамы менен карап көрөлү. Ал үчүн (OY) огун кесип өткөн (y=a) түз сызыгын жүргүзөбүз. Мында (-1<a<1) экендигин эске алабыз.

Айлананы эки аймакка бөлүп алабыз: «коопсуз аймак» – барабарсыздыктын чыгарылышына туура келген аралыктагы чекиттердин көптүгү; «кооптуу аймак» – барабарсыздыкты канааттандырбаган бөлүк. Барабарсыздыктын шартына ылайык, бизге керектүү коопсуз аймак – айлананын (y=a) түз сызыгынан жогору жаткан бөлүгү. Коопсуз аймактын жашоочуларын кооптуу аймакка киргизүүгө болбойт. Биздин ар бир аракетибиз туура болушу керек. Эгерде аракетибиз туура эмес болсо, коопсуз аймактын жашоочулары кооптуу аймакка өтүп кетет. Коопсуз аймактын чек арасын белгилеген «жоокерлер» бар. Алар бирдик айлананын (y=a) түз сызыгы менен кесилишкен чекиттерине, башкача айтканда, (t_1) жана (t_2) бурчтарына жайгашат. Мында (t_2>t_1).

Чек араны белгилеген «жоокерлер» эреже боюнча айлананын сыртындагы багыттоочу жебе көрсөткөн саат жебесине каршы багытта жайгаштырылат. Жебенин баш жагына (t_1), ал эми уч жагына (t_2) белгиленет. Алар жайгашкан көзөнөкчөлөр барабарсыздыктын шартына жараша ачык калтырылат же боёлот.

(t_1) жана (t_2) чекиттерине багытталган ички жебелер кооптуу аймак аркылуу бурулбашы керек. Алар дайыма нөл радиандан баштап, чыгарылышка туура келген бурчтардын багыты боюнча бурулат. (t_1) жана (t_2) маанилеринин жайгашуусуна жараша оң же терс багытта бурууга болот. Эгерде кооптуу аймак аркылуу бурулса, барабарсыздыктын чыгарылышы туура эмес аныкталат.

(t_1) жана (t_2) маанилерин табуу үчүн (a) санына туура келген бурчтарды аныктайбыз:

[t_1=\arcsin a,\qquad t_2=\pi-\arcsin a.]

Андан ары эң кичине оң мезгилди эске алып, интервалдарды жазып алабыз. Ушундай эле ой жүгүртүүнү башка тригонометриялык барабарсыздыктардын чыгарылыштарын табууда да колдонобуз.

Үч топко (\sin x>a), (\cos x>a) жана (\cos x<a) барабарсыздыктарынын чыгарылыштарын бирдик айланадагы жана графиктеги сүрөттөрдүн негизинде талкуулап, түшүндүрүп берүүнү сунуштайбыз.

Эскертүү: Косинус функциясынын графигин бирдик айлана менен байланыштырып түшүндүрүүдө (x=a) түз сызыгы бирдик айлананы кесип өтөрүн көрсөтүү зарыл.

Сабактын калган бөлүгүн бул жерден караңыз: алгебра

Бөлүшүү