ЫСЫК-КѲЛДҮН ДААНЫШМАН АКЕЛЕРИ

  • 26.06.2023
  • 0
ЫСЫК-КѲЛДҮН ДААНЫШМАН АКЕЛЕРИ

Алмагүл Исмайылова,

Балыкчы шаарындагы “Нуристан балдар борбору” Билим берүү уюму” мекемесинин

башталгыч класстарынын мугалими

Тарбиялык саат

Билим берүүчүлүк максаты: Окуучуларды берилген темада ой жүгүртүүсүн ѳнүктүрүү.

Ысык-Кѳлдѳн чыккан жети аке тууралуу маалымат алышат.

Өнүктүрүүчү: Мекенди сүйүү, киндик кан тамган жерди,кѳлдү коргоо жана сүйүү ар бир атуулдун парзы экенин,анын ыйыктыгын түшүндүрүү.

Акелердин басып ѳткѳн жолун билүү менен кыргыз элинин турмушунда зор мааниге ээ экендигин түшүнүшѳт.Алардын нуска сѳздѳрүн билишет.

Тарбия берүүчү: Окуучуларды патриоттук сезимге тарбиялоо, намыскѳйлүккѳ, чечкиндүүлүккѳ, эр жүрѳктүүлүккѳ ак эмгек менен кызмат кылууга кѳнүктүрүү.

Сабактын тиби: Стандарттык Улуттук мурастарды тааннып билүүгѳ карата тарбиялык саат. Саякат сабак.

Тарбиялык сабактын жабдылышы:  Акелердин түстүү сүрѳттѳрү, накыл сѳздѳрү, Ысык-Кѳлдүн картасы тартылган плакат, автобус, окуучулар ѳз колу менен тартышкан кѳлдүн пейзаждык сүрѳттѳрү,  видеоролик.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу иши: класска жагымдуу жагдай түзүү. Окуучулар класска кирип келе жатканда доскага илинген жагымдуу сүрѳттѳргѳ колдорун тийгизип, андан кийин мугалим менен саламдашып музыканын коштоосунда бѳлүнгѳн топтордон орун алышат.

Топтор жети акеге карата топко бѳлүнгѳн.

Окуучулар менен саламдашып, ѳтүлүүчү тарбиялык сааттын темасы, максаты менен кыскача тааныштыруу.

“Тамыры жок бак болбойт, Тарыхы жок эл болбойт” демекчи “Улутту улуу кылып турган ѳзѳгү анын тарыхы, руханий эс тутуму” Кыргыз элинин кѳп кылымдык тарыхында улуу инсандар, акылман кѳсѳмдѳр кѳп болгону белгилүү.

17 кылымдан 20 кылымдын башталышына чейин кереметтүү кѳл боорунда бир топ акылман акелер жашап ѳтүшкѳн экен.

Акелер бүт ѳмүрүн эл кызматына арнап, адилеттүүлүктү, калыстыкты, адамгерчиликти ыйык тутуп, калк арасында тынчтыктын тиреги болушкан. Анткени акелер жер жүзүндѳгү баа жеткис байлык, тынчтык, бейкут жашоо экендигин билишкен.

Ушундай кадырман акелер кѳлдүн тегерегинде жетѳѳ болгон.

Аке наамы — эл тагдырына күйүп бышкан, элдин келечегин, камын кѳргѳн элдик инсандарга эл урмат, сый кылып берген улуу даража.

Акелердин эң башкы максаты — Эл тагдыры. Элдин тынч бейпил турмушу жѳнүндѳ камкордук, жалпы элдик биримдик жана ынтымак.

  • Анда балдар бүгүн биз саякатка чыгабыз.
  • Кѳлдү тегеренип келебиз.
  • Жети акеге саякат жүрүшкѳ чыгардын алдында жети санынын ыйыктыгын дагы билип алалы.
  • Кана, балдар силер жети санын ыйык деп ойлойсунарбы?
  • Кимдин ою кандай?

Мисалы:

  • Асмандагы жетиген жылдызы!
  • Манаста жети осуят бар.
  • 6-осуяты «Табият менен таттуу мамиледе болуу”. Демек, Ысык-Кѳлдүн жаратылышын сактайбыз.
  • Бир бак кыйылса,канча бак отургузуш керек?
  • Жетини.

Дүйнѳнүн  жети керемети

  1. Египет пирамидасы
  2. Вавилондогу асма бактары.
  3. Артемиданын храмы
  4. Галикарнастагы мовзолей
  5. Грециядагы Зевстин эстелиги
  6. Родос аралындагы Родостун колосу
  7. Александриядагы Маяк

-Сүрѳттѳ 7 боек түс, Күндүн желеси

— Курандагы 7 парз  — Жети кишинин бири кыдыр

— Жети ѳлчѳп бир кес

— Жети атаңды бил

— Музыкада 7 нота бар

— Кыргызстанда 7 дубан бар

-Кѳлдүн тегерегинде 7 борбор

2 шаар:  Балыкчы, Каракол  (Кѳлдүн башы Балыкчы, кѳлдүн аягы Каракол)

5 райондун борбору: Ак Суу, Түп, Чолпон Ата, Бѳкѳнбаев, Кызыл Суу.

Класстагы парталардын жети жерге коюлганы асмандагы жылдызды түшүрүп койгондой.

Биз  азыр балдар автобуска түшүп алып саякатка чыгабыз.

Автобус менен Балыкчыдан чыгып кѳлдү тегеренип жети акенин күмбѳздѳрүнѳ барып келебиз, билебиз балдар кереметүү кѳлүбүздүн күңгѳй жана тескей жагы бар экендигин.

Маршурутту кѳлдүн тескей жагынан баштайлы.

Жолдо карата автобус менен баратып Кѳл жѳнүндѳ обондуу ыр менен кѳңүлдүү баралы.

Хор: “Ысык-Кѳл”

Уулун келди, аччы Ысык-Кѳл койнунду,

Кулач жайып батырайын боюмду.

Тоо бермети, касиеттүү энекем,

Тосчу бетти, кучактайын мойнунду.

Биринчи эле Жети-Өгүз районундагы Дархан айлына Карга акенин күмбѳзүнѳ келдик.

Нуртилек:  Карга акелердин эң улуусу (1718-1828).

Карга аке, Карга Мендегул уулу (1718, туулган жери белгисиз-1828, Ысык-Кѳл облусу Жети-ѳгүз району Дархан айылы)- Ыссык-Кѳл ѳрѳѳнүнѳн чыккан 7 акенин бири;

Атасы-Мендугул, чоң атасы Түлѳке, анын атасы — Желдең. Ошону үчүн анын уруусу бугунун ичиндеги желдең уруусу деп аталат.

Кыргызда Карга ысымдуу адам сейрек учурайт. Эл ичинде айтылып келген сѳзгѳ караганда, бала туулганда боз үйдүн чамгарагына бир карга конуп алып, кетпей какылдай берген экен,ошондон атасы Мендегул анын атын Карга койгон. Карга аке жүз он жыл жашаган.

Карга аке кара кылды как жарган калыс болгондуктан, эл ичинде “калыстыкты  Каргадан тап” деген сѳз калган. Мындан тышкары  “Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол”, “Кайратты элден, келбетти жерден ал”, “Тазалыкты   суудан, ынтымакты туудан ал” деген накыл сѳздѳрү Карга акеге тиешелүу делет. АтактууСарт аке да, Тилекмат аке да анын кашына келип батасын алып, аке даражасына жеткен. 1996-жылы асыл баш издегендер ал күмбѳздү тургузган.

“Улуу жаш, асыл баш издегендер “Карга акеге барышсын” ( Сарт акенин сѳзү)

Балдар андан ары сапарыбызд улап ошол райондогу Аңѳстѳн айылына Сарт акеге бардык.

Бактияр:

Сарт Аке Доскулу уулу 1775-1865) –Кыргыз элинин акылмандарынын бири. Ал 1775-1780-жылдарда туулган. Мойт акеден 30 жаштай кичүү болгон. Азыркы Нарын шаарынын

аэропорту тарапта жарык дүйнѳго келген деген маалыматтар бар. Өмүрү Ысык-Кѳлдүн чыгышында ѳткѳн. Жайлоосу Каркыра болгон. Сарт акенин сѳѳгү коюлган жер мазарга айланган. Сарт аке ѳзүнѳ сѳз сүйлѳбѳгѳн адамдын шагын сындырып, илебин кайтарбаган атайы ѳтүнүч, суроо талап болгондо гана кепке аралашкан. Эгер сүйлѳбѳсѳ, сѳздүн кѳзүн таап, адамдын жумурундагыны билип, уюнтуп, жибитип, ары курч, ары таамай айтчу экен. Шарты болгон жагдайларда маектешип отургандардын кимиси болсо да, Сарт акеден нускалуу кеп угуп калууга куштар болуп, анын айтканы ар бир сѳздѳрүн кѳкүрѳккѳ түйүп алууга ынтызар эле дешет.

Элде “Акыл сурасаң Сарт акеге бар” деген сѳз айтылып келет. Акылмандыгы менен далай уруш-талаштарды чечкен Ысык-Кѳлдүк акелердин бири Сарт аке ойчул, чечен адам болгон.

Сарт акенин арбагына бата кылып андан ары жол тарталы.

Жети-Огүз районундагы Шалбаа айлында Тилекмат акенин күмбѳзүнѳ келдик.

Айдар:

Жылкыайдар уулу Тилекмат аке (1800-1963) Сѳз атасы-Тилекмат .

Жылкыайдар уулу  Тилекмат болжолу 1799 же 1800 жылы азыркы Жети-Огүз районунун Тилекмат айылында туулган. Тилекматтын тегин  манасчы Жусуп Мамай кытайлык черик уруусунан десе, философ, окумуштуу Маматемин Эркебаев түштүк жактан, азыркы Кара-Кулжа тараптагы Ажике ѳрѳѳнүнѳн келгендер деп айтат.

Тилекмат аке чечендиги жанда жок, жылуу сѳзү менен “жыланды да ийининен чыгарган” киши болгон. Анын калыстыгы, таразадай тактыгы азыркыга чейин насаатталып айтылып келет.

Сарт аке ага “Тилемиш бактылуу адам. Ал калайык-калк үчүн жаралган. Аны карегимдей, жүрѳгүмдѳй баалаймын. Ал барында телегейим тегиз, деним таза, жаным жаннатта” деп баа берген экен. Тилекмат жаңы тѳрөлгѳндѳ» Бирназар бий токойдон жаңы жыгач алдырып келип, бешик жасатып жатканда үйүнѳ бир дубана келип, бешик жасап жаткан кишинин жанына олтуруп, жыгачты кармалап кѳрүп Бирназар бий, мобу жыгачка булбул тууган жыгач экен. Менин билген билгилериме караганда, бул бешикке жаткан уулуңуз дубанда жок чечен болот” дейт. Анда Бирназар бий “айтканың келсин, дубана” деп алкаган экен. Ошол дубана айткандай, Тилекмат адамда жок чечен болгон экен”.

Болжолдуу 64 жаш чамасында жарыкчылык менен кош айтышкан Тилекмат Жылкыайдар уулу тууралуу кыска маалыматыбызды анын урпактарга нуска кылып калтырган “Элчиси ээсиз болсо, башчысынын башына бак конбойт” деген сѳзү бар экен. Тилекматтын ысымы чечен, татаал жагдайдан жол таба билген билгир, өз уруусунун тагдыры үчүн аракеттенген дипломат, калыс, элге таасирдүу адам катары кѳп айтылат.

“Асыл сѳз сурасаң Тилекмат акеге бар» деген накыл сѳз бар эл арасында.

Анда эмесе балдар, узун жолу кыскартып ыр менен баралы.

“Ысык-Кѳл” ыры

Атын жакшы Ысык-Кѳл,

Ата-бабам сыйлаган.

Айланасы жашыл тѳр

Сулуулукту жыйнаган.

Күн нуруна жаркылдап

Алтын чабак туйлаган.

Кѳрбѳй калсам сагынып,

Куса болуп кыйналам.

Жолубузду улап Каракол шаарына келип андан ары Ак-Суу районундагы Керегеташ айлына жеттик.

Кыдыр аке тарыхын Арсен жактап берсин.

Кыдыр аке Байсары уулу

-Кыдыр акенин ата-бабасы кѳлдүн  кѳкүрѳгүнѳн орун очок алып келишкен. Арык тукумунан тарайт.

Арык мырзанын Балтатыр, Жоотатыр аттуу эки баласынын Жоотатырынан  Күчүк ,Күчүктѳн  Байым, Сейитказы, Сейткулу. Калматай,  Сейитказыдан  Бѳбѳн,  Бѳбѳндѳн тѳрт уулунун бири Түлѳберди, Түлѳбердиден Олжобай.

Олжобай  илгери калмак менен кыргыздардын элчиси катары ак үйлүү атанып, кийин  бий болгон киши. Олжобайдын баласы Байсары болгон. Байсары Кайынды деген жерде турганда эркек балалуу болот. Атын думана келип Кыдыр деп коет. Бул окуя 1843-жылы болгон. Акелердин эң кичүүсү.

Андан ары жолубузду улап Каракол шаарына келип, андан ары кѳлүн күңгѳй жагына жол тартып Түптѳгү Жылуу булакка Карач акеге бардык.

Халид: — Карачы Мендегул уулу 1937-жылы туулган жери белгисиз -1914,азыркы Ысык-Кѳл облусу Ак-Суу району,Чолок айылы.  Карач Аке калыстыгынан тайбаган үчүн бир нече жолу болуш болуп шайланган.

Карач жаш кезинде эле ѳзүнүн зиректиги менен сѳзгѳ алынып,Омүр баатырдын алтын шакегин алууга татыктуу болгон. Омүр баатыр Карачтын чоң атасы Эсенбай менен уялаш бир тууган. Омүр баатыр ѳлѳѳрүндѳ түш кѳрүп, ѳзү менен улуу жортуулга тогуз жаар кезинен жанына ала жүргѳн иниси Мендегулдун уулу Карачка алтын шакегин тапшырып баш батасын берген экен.Карач Аке жаш кезинен бир топ баатырдык иштерге да катышкан.Мал жыйбаган,дүйнѳ топтобогон,эл катары,калк ичинде карапайым жашаган.

Андан ары сапарыбызды улайлы балдар.

Мына Ысык Кѳл районундагы Орто Орүктү айылындагы Мойт аке жашаган бул кома

Залкар: Мойт Аке Алдаяр уулу болжолу 1745-1750 жылдар аралыгында Ысык-Кѳлдүн күңгѳйүңдѳгү Орто-Орүктү айылында жарык дүйнѳгѳ келген.Алдаярдын Теке,Асан,Абылаке,Очуй деген балдарынан кийинки кенже уулу.

Мойт аке кѳзү ачык, олуя чалыш, согуш тактикасын мыкты билген, адамды бир кѳрүп сын берген, айтканы эки чыкпаган, мүнүшкѳр саяпкер, батакой касиеттүү инсан, аба ырайын кандай болоорун да алдын ала айта турган тубаса астроном болгон.

-Сабатар Атакандын денеси жара басып дары дегендерден айыкпай коет. Мойт аке келип

кѳрүп: “Мунуң жылдан ѳтүп кетиптир, сазда солкулдаган ак тикендин бойго жетип, бышып турган кези , бир боодой түбүнѳн кесип келип, казанга салып жаш козунун эти бышкандай убакыт кайнатып, кабыгын аарчып үч маал бергиле, жума ѳтпѳй айыкпаса мага келгиле”, — дептир. Атакан чын эле тѳшѳгүнѳн турат.

— Мойт аке бүркүт, ителги, куш таптаган, кѳздѳгѳн олжосун жаземдебей алдырган чыгаан мунүшкѳрдүн бири. Мойт аке 86 жаш курагында каза болуп ѳзүнүн керези менен Тоң районундагы Манжылы ата мазарына анын айтканы менен ѳлгѳн адамдардын денесин Анжиянга алып барып коюу кѳлдүктѳрдѳ токтотулган.

Автобуска түшүп андан ары жол тарталы:

Автобуска түшкѳндѳ “Ысык Кѳл” хор ырдалат

Туш тарабын тоолор менен курчалып,

Тоо башынан Күн күлүндѳйт нур чалып.

Сыйкырчыдай ээлеп алып эркимди,

Неге дайым сагынтасын мынчалык?

Мына Ысык Кѳл районундагы Кожояр айылынын кире беришинде жолдун боюндагы Садыр акенин күмбѳзүнѳ келдик.

Акниет: Ысык-Кѳлдүн күнгѳй жагында Кожояр айылынан чыккан.Кырчын жайлоосунда 1825-жылы туулган деп айтылат. “Садырдын тилинде мѳѳрү бар, таңдайында сѳѳлү бар, оң жагында бѳгүп жаткан бѳрү бар”деп эл оозунда калган.Айтканы аңыз кепке айланган, аткарган элдик иши унутулбай адамдардын жүрѳгүндѳ сакталган. “Акелердин” бири Садыр аке. Түбү саяк, уругу Кожояр, өз атасы Жолболду, ата-бабалары Тагай бийдин уулу Карачорону ээрчип келип, адегенде Алабука, Нарын, андан кийин кѳлдѳгү Корумду, Сѳгѳттү, Торуайгыр, Чырпыкты айылдарында жайгашкан.

— Садыр акенин айтканы айткандай тѳп келген, жекече касиет жылоологон, качан болсо калыс кебинен жүргѳн адам болгондуктан, жеке гана бугу уруусуна эмес, сарбагыш, солто, албан элинде кадыры чоң болгон. Ошол доордогу “атка минерлер” катары таанылган. Шабдан, Байтик баатыр, Чыныбай, Балбай баатыр, Кыдыр аке сыяктуу аттын кашкасындай белгилүү инсандар анын ыгынан, акылынан чыгышкан эмес. Садыр акенин адамдык дагы бир артыкчылыгы кайсы жерде, кандай шартта болбосун кээ бирѳѳлѳрдѳй кеп тапкычтыкка таянып, ѳзүн мактап, ѳзгѳлѳрдүн жаманчылыгын бетке кармабай кемчиликти моюнга ала билген. Сѳзүнѳн бал таамп, уккан адамдын бүйүрү кызыйт. Садыр аке бугу, саяк гана эмес калыстыгы менен казак, кыргызга тең киши, эл үчүн күйгѳн мындай акылман болуш да, бий да болгон эмес деген экен элдер.

Андан ары жолубузду улап “ Ысык Кѳл вальсы” хор ырдайлы:

Жай-кышы бийлеп, сайран куруп,

Толкундар жээкте ойногон.

Аккуудай канат жайган булут,

Кылоолоп кѳлдү бойлогон

Ысык-Кѳл ѳмүр жыргалындай,

Ысык-Кѳл жаштык жыргалындай.

Мына балдар жети акелер жѳнүндѳ саякатыбыз аяктап Балыкчы шаарына да келип калдык.Силерге саякатыбыз жакты деген ойдомун.

“Алтынды дат баспайт, сүртсө жаркырайт” демекчи Акелерибиздин кѳѳнѳрбѳс акыл берметтери картайбайт жана ѳчпѳйт”.

Акелердин баскан жолу, калтырган мурасы бүгүн бизге-осуят.

Сабакты жыйынтыктоо:

1.Мен бүгүн билдим.

2.Мага кызыктуу болду.

3.Мен түшүндүм

4.Акелердин насаат сѳздѳрү эмнеге тарбиялайт экен?

Үйгѳ тапшырма: Акелерге карата китепче жасап келүү.

Ыр менен сабакты бүтүрүү. “Кыргыз жери”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер