Ырыс алды — ынтымак
- 18.05.2026
- 0

Адабий окуу
Сабактын максаты: 1.Билим берүүчүлүк: Окуучулар «Ырыс алды — ынтымак» жомогу менен таанышат жана ынтымактын маанисин кеңири түшүнүп билишет.
2.Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар жомокту шар, көркөм окуп беришет. Ой жүгүртүүсү өнүгүп, сөз байлыгы артат, суроолор аркылуу айтып берип, ойлорун бекемдешет.
3.Тарбия берүүчүлүк: Ынтымакты үй-бүлөдө, мектепте, досторунун арасында сактоого үйрөнүшөт. Таза, тыкан болууга тарбияланышат.
Көрсөткүчтөр: *Эгерде окуучулар ынтымактын маанисин билишсе; Ынтымак жөнүндө өз ойлорун айта алышса; * Китептен жомокту шар окуй алышса; * Окуган тексттин үстүндө эркин ой жүгүртө алышса; * Класста өзүн ынтымактуу, таза алып жүрүшсө.
Сабактын тиби: Интерактивдүү-санарип сабак.
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, таркатма материалдар, плакат, тех.каражат (ноутбук, проектор) ж.б
Сабакта колдонулуучу стратегиялар: 1.Бекеттер 2.Интерактивдүү окуу 3.РАФТ
Сабактын жүрүшү. Уюштуруу:
Саламдашуу, жагымдуу маанай түзүү: “Салам алейкум”ыры
Алтын эреже:
-Мугалим: — Окуучу:
-Күндөй? -жылмайып
-Аарыдай? -ызылдабай
-Короздой? -кыйкырбай
-Ташбакадай? -кыбырабай
-Коендой? -секирбей
-Кулагыбыз менен? — угуп
-Кол көтөрүп? -жооп берип
-Кумурскадай? -иштейбиз
- Өтүлгөндү кайталоо, үй тапшырма: WORDWALL платформасында суроо-жооп викторинасы
- Жаңы темага өбөлгө түзүү:
“Бекеттер” стратегиясын пайдалануу менен мээге чабуул жасоо: Окуучулар кичи топтордо иштешет. Бир жерден экинчи жерге отүп тапшырмаларды аткарышат.
“Сөздөрдү туура жайгаштыр” LEARNINGAPPS платформасында көнүгүү:
Сөздөрдү туура жайгаштырып, маанисин чечмелешет.
Сабактын максаты, көрсөткүчү менен тааныштыруу.
“Ырыс алды ынтымак” жомогу. Жомокту экрандан көрүшөт (видео). Жомокту интерактивдүү окуп берүү: Кунт коюп угушат. Чынжырча окушат.
3. Практика: Ролдоштуруу: Жомокту ролдоштуруп аткарышат. “Билим” лотереясы (Суроолорго жооп берип, “Күтүлбөгөн сыйлык” алышат)
Эс алуу мүнөтү: “Виноватая тучка” ырына нейро-кыймыл.
4. Бышыктоо: “РАФТ” таблицасы:
Р- Ролду аныктоо үчүн берилген теманы ким ачып бере тургандыгын табуу керек.
А- Бул жомок кимге арналгандыгын тактоо.
Ф- Жанрды, баяндоонун формасын тандоо.
Т- Теманы тандоо, жомок эмне жөнүндө болот, анда кайсы негизги идеялар ачылат
5. Жыйынтыктоо:
—Бүгүнкү сабак жактыбы?
-Сабактан эмнени түшүнүп, биле алдыңар?
-Бүгүнкү сабактан өзгөчө эмне эсиңде калды?
Окуучулар:
- Көп нерсени үйрөндүк
- Адабий окуу сабактан
- Буюрса эми арылам
- Үйрөнгөн жаман адаттан
- Улууларды урматтап
- Карыларды барктаймын
- Уят болуп калбашка
- Эч качан чыр салбаймын
6. Баалоо: Өзүн-өзү баалоо баракчасы таркатылат.
Кадырбай кызы Гулзат, Тогуз-Торо районунун №6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстар мугалими
Комментарийлер