Угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдарга аяр мамиле
- 17.04.2026
- 0

Ар бир бала — өзгөчө мамилеге жана коргоолууга тийиш. Бирок айрым балдар ден соолук жагынан өзгөчө муктаждыкка ээ болуп, жашоодо жана билим алууда кошумча кыйынчылыктарга туш болушат. Өзгөчө мамилеге, түшүнүүгө жана сабырдуулукка муктаж болушат. Угуусу начар же кеч укпай калган балдар — дал ошондой категорияга кирет. Алардын негизги көйгөйү — коммуникациядагы тоскоолдук. Тил билүүдөгү жана угуудагы чектөөлөр аларды кээде коомдон обочо калтырып, өз оюн толук жеткирүүгө же башка балдар менен тең баарлашууга тоскоол болот. Эгер мектеп чөйрөсүндө алардын керектөөлөрү эске алынбаса, алар зордук зомбулукка, шылдыңга же социалдык обочолонууга кабылуу коркунучуна туш болушат.
Мындай абал айрым учурда зордук-зомбулукка же дискриминацияга жол ачат. Ошондуктан бул балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, зордук-зомбулуктун алдын алуу — ар бир мугалимдин, ар бир ата-эненин жана коомдун жалпы милдети болуп саналат.
Баланын өзгөчөлүгүн түшүнүү
- Ар бир баланын угуу деңгээли ар башка. Айрымдары аппарат колдонот, айрымдары жаңсоо тилин билет, айрымдары көрүү аркылуу маалымат кабыл алат. Ал эми кээ бирлери жеңил даражада, орточо жана оор даражада акыл эси артта калуусу менен айырмаланышат. Психикалык бузулуу да уят эмес. Бул ден соолук көйгөйүнүн бир түрү. (көмөкчү)
- Убагында жардам алуу менен абалды жакшыртып, толук кандуу жашоого кайтууга да мүмкүн.
- Мугалим же тарбиячы баланын коммуникация ыкмасын билүүгө жана аны колдонууга аракет кылышы керек.
- Ырайымдуу мамиле жана чыдамдуулук — бул иштеги негизги курал.
Зордук зомбулуктун түрлөрү
- Психологиялык зомбулук
Шылдыңдоо, четтетүү, көңүл бурбоо
- Физикалык зомбулук.
уруп согуу, түртүү, кагуу
- Вербалдык зомбулук
Катуу кыйкырып сүйлөө, коркутуу
- Социлдык зомбулук
Оюндардан, иш-чаралардан бөлүп салуу.
- Кибер-зомбулук
- Социалдык тармактарда шылдыңдоо же мазактоо
Бул көрүнүштөр баланын эмоциялык дүйнөсүнө чоң зыян алып келет, өзүнө ишеничин төмөндөтөт жана окуудагы жетишкендиктерине терс таасир калтырат.
- Сабак учурундагы кырдаалдар
Сабак учурунда угуусу начар балдар көбүнчө маалыматты толук кабыл ала албай калышат. Мугалимдин үнүн жакшы укпоо, классташтардын тамаша же суроолорун түшүнбөө — бул баланын өзүн обочолонгон сезимине алып келет. Айрым учурда башка окуучулар аларды шылдыңдап же көңүл бурбай, психологиялык зомбулук көрсөтүшү мүмкүн.
Мисал катары: Менде 6 «В» — көмөкчү классында 5 окуучу окуйт. Угуусунан сырткары психикалык акыл-эс бузулуулары ар кандай.Беш окуучу болсо, беш башка диагноздор коюлган. Анын ичинде:
- F-70,1 F-71,1 РЭП (эмоциялык жүрүм турум бузулуусу), ВПС (тубаса жүрөк кемтиги), ДЦП (балдар церебралдык параличи). Ошондой эле эки окуучу Даун синдрому (хромосомаларында болгон тубаса өзгөрүү) менен жабыркашат. Бул балдардын ар бирине өзгөчө мамиле талап кылынат. Бул балдар жаңы маалыматтарды өтө жай өздөштүрүшөт, логикалык ой жүгүртүүсү чектелген, жөнөкөй окуу, жазууну да биле албай кыйналышат. Кийинип, чечинүүдө, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрү жарым жартылай, кырдаалга жараша тез ачууланат (каприз, агрессия, гиперактивдүүлүк).
Буларды окутуу жана тарбиялоо өтө кыйынчылыкка турат десем жаңылышпайм. Ар бала ар башка угат, айрымдары үндү угат, бирок түшүнбөйт, а кээ бирлери такыр эле укпайт. Кохлеардык имплант менен эки окуучу бар. Алардын аппараттарын текшерип туруу керек. Сабак учурунда бири бири менен тез урушуп, өзүлөрүнүн эмоциялык жүрүм турумдарына жооп бере алышпай калышат. Бир аз эле көңүл бурулбай калса, агрессивдүү кыймыл аракеттерге да өтүп кетиши мүмкүн. (дептерлерин тытышып, китептерди ыргытып, парталарды койгулап, ыйлап бакырып, класстан да качып сыяктуу).
Сабак окутууда окуу багыттары баланын деңгээлине жараша болусу керек. Сүрөттү таануу жана атын айтуу, жөнөкөй салыштыруу, формаларды айырмалоо, жөнөкөй классификация (жемиш- жемиш эмес) сыяктуу. Ошондуктан жаңы теманы түшүндүрүп жатканда баланын көңүлүнө карап, мактап, мотивация берип, угуп түшүнбөй калса кайра кайра кайталап, алдап сабакты көбүн эсе оюн түрүндө «Бул эмне?», «Ким тез табат?» сыяктуу өтүүгө аракеттенем.
Теманы өткөндө, жаңы тапшырма берерде балага көз менен карап, белги берип, көрсөтмө куралдарды колдонуп, теманы сүрөт менен ачып, үн менен айтканымды жазма түрүндө да көрсөтөм. Жаңы сөздөрдү жаттоо, суроолорго жооп берүү менен алектенем. Угуусу начар балдар көрүү аркылуу 60-80% маалыматты ала алышат. Ошол эле учурда жаңы сөздөрдү эстөөсү кыйын.
Практикалык иштерди аткаруу түшүнүктүү ыкмалардын бири. Өзүлөрүнүн каалоосу менен сүрөт тарттыруу (мисалга жаз десең көңүлү келбесе, чиймелеп, сүрөт тартып салат) сүрөткө кызыгып, пластелинден диназабрларды жасаганды жакшы көрүшөт. Ар бир баланын өз жөндөмдөрүн да эске алуу керек. Ошондой эле күлүү, шылдыңдоо сыяктуу терс аракеттерге жол бербөө керек.
Бала жакшы түшүнбөй калса, башкалар аны «артта калган» деп эсептеши мүмкүн. Бул өзүн-өзү баалоонун төмөндөшүнө жана стресске алып келет. Бул учурда мугалимдин ролу эң маанилүү.
Сабак учурунда төмөнкү чараларды көрүү сунушталат.
- Угуусу начар жана кеч укпай калган балдарды оюндарга жана коомдук иш-чараларга активдүү катыштыруу.
- Психолог менен дайыма иш алып баруу
- Ата-энелерге түшүндүрүү иштери,
- балдардын жетишкендиктерин белгилеп, мотивацияны күчөтүү
- Мугалим сабырдуу болушу керек.
Алдын алуу чаралары
- Мугалимдерге инклюзивдүү билим берүү боюнча атайын тренингдер өткөрүү.
- Сабакта жазуу, сүрөт, видеоматериалдарды көбүрөөк колдонуу.
- Угуусу начар окуучуну ар дайым бет маңдайына отургузуп, сүйлөгөндө ооз кыймылын көрө алышына шарт түзүү.
- Классташтар арасында түшүндүрүү иштери — «баарлашуу маданияты», «сый-урмат» темасында чакан сабактар өткөрүү.
- Балдардын оюн уга билүү, аны бөлбөө
- Күлүү, шылдыңдоо сыяктуу терс аракеттерге жол бербөө керек.
- Сабактан тышкаркы учурларда
Мектеп жашоосунда сабактан тышкаркы иш-чаралар да маанилүү ролду ойнойт.
Сабактан тышкаркы учурда — коридордо, транспортто, короодо же социалдык тармактарда — бул балдар көбүнчө жалгыз же четтеп калышат. Коммуникациядагы айырмачылык аларды достук мамиледен алыстатат. Айрым учурда теңтуштар «оюнчук» катары карап, түртүп, шылдыңдап, физикалык же психологиялык зомбулук көрсөтүшү мүмкүн.
Алдын алуу чаралары:
- Мектеп ичинде «коопсуз чөйрө» жана «зомбулуксуз мектеп» «Достук клубу», программаларын киргизүү.
- Психолог жана сурдопедагог тарабынан угуусу начар балдарга үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүү.
- Ата-энелер менен биргелешип түшүндүрүү иштерин жүргүзүү: үйдө жана коомдо баланын өзүн эркин сезишин камсыз кылуу.
- Теңтуштар арасындагы зомбулукту алдын алуу.
- Балдарга өзгөчөлүгү бар адамдарга сый-урмат менен мамиле кылуу боюнча тарбиялык сааттарды өткөрүү.
- Зомбулук, шылдыңдоо, четке кагуу эмне экенин жана анын кесепеттерин түшүндүрүү.
- «Дос бололу», «Баарыбыз бирбиз» сыяктуу интерактивдүү оюндарды колдонуу.
Жыйынтык
Зордук-зомбулукту алдын алуу — бул бир жолку иш эмес, бул үзгүлтүксүз процесс. Ар бир мугалим, ата-эне жана окуучу угуусу начар баланын сезимин, мүмкүнчүлүгүн жана укугун урматтоого үйрөнүшү керек.
Эгерде мектепте түшүнүү, боорукерлик жана колдоо чөйрөсү түзүлсө, анда угуусу начар жана кеч укпай калган балдар да өзүн толук кандуу коомдун мүчөсү катары сезет.
Эльмира Ысыева, Бишкек шаарындагы угуусу начар баллардын мектебинин мугалими
Комментарийлер