Тегерек жана айлана
- 16.11.2026
- 0
Математика, 3-класс (11 жылдык)
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү жана бышыктоо
Сабактын максаттары
Билим берүүчүлүк: Окуучулар тегерек менен айлананын айырмасын түшүнүшөт, алардын негизги белгилерин аныкташат.
Өнүктүрүүчүлүк: Геометриялык фигураларды салыштыруу, байкоо жүргүзүү жана логикалык ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
Тарбия берүүчүлүк: Тактыкка, тыкандыкка, топто кызматташууга тарбияланышат.
Күтүлүүчү натыйжалар: Окуучу тегерек менен айлананы айырмалайт, аларга окшош буюмдарды атайт жана сызгыч, циркуль аркылуу фигураларды тартууга аракеттенет жана алган билимин турмушта колдоно алышат.
Сабактын жабдылышы
- Түрдүү өлчөмдөгү тегерек кагаздар.
- Тыйын, табак, сааттын сүрөттөрү.
- Циркуль, сызгыч, түстүү карандаштар.
- Тесттик тапшырмалар жана карточкалар.
Сабактын жүрүшү
- Уюштуруу
- Саламдашуу, окуучулардын сабакка даярдыгын текшерүү.
- Жагымдуу маанай түзүү: «Бүгүн биз геометрия дүйнөсүнө саякат жасайбыз!»
- Өтүлгөн теманы кайталоо
Суроолор:
- Кандай геометриялык фигураларды билесиңер?
- Үч бурчтуктун канча бурчу бар?
- Тегерекке окшош кандай буюмдарды көрдүңөр?
Жаңы теманы түшүндүрүү. Мугалим тегерек жана айлананын сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын айырмасын түшүндүрөт.
Кызыктуу оюндар жана практикалык иш. «Фигураны тап», «Сүрөтчү бол» жана «Тез жооп бер» тапшырмалары.
Бышыктоо жана тест. Окуучулар тесттик суроолорго жооп беришет.
Жыйынтыктоо жана баалоо. Сабак боюнча суроолор, окуучулардын жоопторун баалоо жана үй тапшырмасын берүү.
Жаңы теманы түшүндүрүү. Тегерек. Ичи толук болгон фигура. Мисалы, тыйындын бети. Айлана. Тегеректин сырткы чек арасы. Ал жабык ийри сызык.
- Тегеректин ичи жана чек арасы бар.
- Айлана — тегеректин чек арасы.
- Тегерек менен айлананын ортосундагы негизги айырма — тегеректин ички бөлүгү бар, ал эми айлана сызыктан гана турат.
Мугалим окуучуларга кагазга тегерек чийип, ичин боёону сунуштайт. Боёлгон бөлүк — тегерек, ал эми сырткы сызык — айлана.
Үч кызыктуу тапшырма:
1-топ. «Фигураны тап!»
Мугалим саат, топ, тыйын, китептин сүрөттөрүн көрсөтөт. Окуучулар тегерекке окшош буюмдарды аташат жана тегерек менен айлананы айырмалашат.
2-топ. «Сүрөтчү бол!»
Окуучулар циркуль же тегерек шаблондун жардамы менен эки фигура тартышат: биринин ичин боёшот, экинчисинин чек арасын гана белгилешет.
3-топ. «Тез жооп бер!»

Мугалим суроо берет, окуучулар бат жооп беришет:
- Тегеректин ичи болобу?
- Айлана эмнени билдирет?
- Тегерекке окшош үч буюмду ата.
- Кайсынысы сызык гана болуп эсептелет?
Окуу китеби менен иштөө
110-иш. Радиусу 2 см 5 мм болгон тегерек чийип ,диаметрин тапкыла.
112-иш. Радиусу 3см 2мм болгон айлана сызып, бир нече радиус жүргүз.
Рефлексия. Төмөнкү интерактивдүү тестти окуучуларга топ боюнча таратылыт. Ар бир суроого жооп берип, жыйынтыгын текшеришет. Тегерек жана айлана темасы боюнча билимиңерди текшерип көргүлө! Тегерек деген эмне?
A. Ичи жана чек арасы бар фигура
B. Үч түз сызыктан турган фигура
C. Эки гана бурчу бар фигура
Үй тапшырмасы (аткаруу үчүн багыт берүү). Дептерге эки тегерек тарт. Биринчисинин ичин боё. Экинчисинин айланасын гана түстүү карандаш менен сыз. Үйдөн тегерек формадагы беш буюм таап, аттарын жаз.
Сабактын жыйынтыгы: Окуучулар тегерек менен айлананын айырмасын түшүнүп, күнүмдүк жашоодон мисал келтире алышат.
Баалоо: Топтор менен бири-бирин баалоо
Критерийлери:
- Тегерек менен айлананы туура айырмалайт.
- Геометриялык фигураларга окшош буюмдарды табат.
- Тесттерге өз алдынча жооп берет.
- Практикалык тапшырманы так аткарат.

Зикирова Гүлзар, №75 Улугбек мектебинин башталгыч класс мугалими, Сузак району