Түштүк Американын ички суулары
- 15.04.2026
- 0

География, 7-класс
Сабактын максаты: Түштүк Американын негизги дарыялары, көлдөрү жана шаркыратмалары тууралуу, ошондой эле куралуу булактары, куймалары, режимдери жөнүндө маалымат алышат.
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын усулу: 5Е окутуу усулун колдонуу.
Сабактын жабдылышы: дүйнөнүн физикалык картасы, географиялык атлас, контурдук карталар, сүрөттөр, компьютер, проектор ж.б.
Өнүгүү көндүмдөрү: байкоо, салыштыруу, божомолдоо, баалоо, болжолдоо, изилдөө.
1Е. Кызыктыруу (5 мин)
Мээге чабуул. Эмне үчүн Амазонка дарыясынын айланасындагы аймакты “планетанын өпкөсү” деп аташат? Окуучулар ар кандай ойлорду, божомолдорду айтышат.
Жооп: Амазонка дарыясынын айланасындагы аймак “планетанын өпкөсү” деп аталат, анткени бул аймактагы тропикалык токойлор дүйнөдөгү эң чоң кычкылтек өндүрүүчү булак болуп, атмосферага абдан көп кычкылтек бөлүп чыгарат. Ошондой эле токойлор көмүр кычкыл газын сиңирип, климаттын туруктуулугуна жардам берет. Ушул токойлор Амазонка дарыясынын алабында Амазонка ойдуңунда орун алган.
2Е. Изилдөө (15 мин)
1-топ.
1-суроо. Эмне себептен материктин суусу мол?
Жооп: Материкте биздин планетабыздагы эң суусу мол материк. Анын себеби материктин аймагында жаан-чачын өзгөчө арбын жаайт.
2-суроо. Амазонка дарыясына мүнөздөмө беребиз (куралуу жолдорун, режимин). Куймаларын контурдук картага түшүрөбүз.
Жооп: Материктин чөлкөмүндөгү негизги суу артериясы жана суусунун молдугу боюнча биринчи орунда турат. Алабынын аянты 7 млн км². Анын башаты Анды тоосунан башталып, материк аркылуу чыгышты карай агып, Атлантика океанына куят. 500дөн ашык куймасы бар. Дарыянын курамы жаан-чачындан башталат. Анын оң куймаларында суунун деңгээлинин көтөрүлүшү – ташкыны октябрь–мартта, ал эми сол куймаларында апрель–мартта байкалат. Дарыянын жогорку ташкыны жай айынын аягына дал келет. Бул убакта суусунун деңгээли нугунан 10–15 метрге көтөрүлүп, тереңдиги 100 мге жетет. Жайылгы ортоңку агымында 4–5 км, төмөнкү агымында 70–80 км. Аркы өйүздөгү жээкти көрүүгө мүмкүн эмес.
2-топ.
1-суроо. Ориноко менен Парананын сууларынын режимин салыштырабыз. Курамын айтып, окшоштуктарын жана айырмачылыктарын атап чыгабыз. Шаркыратмалар, дарыялардын куймалары менен таанышып, картага түшүрөбүз.
Жооп: Парана жана Ориноко дарыяларынын суулары да мол келет. Ал дарыялардын агымы жана режими Амазонкадан айырмаланып сезон боюнча өзгөрүп турат. Аталган дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү ташкыны жайында башталат. Анткени экватордук аба агымдары менен жаан-чачын көбөйүп баштаганда дарыялар ташкындайт. Кышында жаан-чачын аз болуп, дарыялар абдан тартылат.
Парананын куймаларынын биринде Игуасу (72 м) шаркыратмасы белгилүү. Анын күркүрөгөн добушу кыйла аралыкка угулуп турат жана Жер шарындагы эң кооз шаркыратмалардын бири.
Ориноко Түштүк Американын ири дарыяларынын бири, узундугу 2730 км, алабынын аянты 1086 миң км². Башаты Гвиана бөксө тоосунан башталып, Гвиана ойдуңу аркылуу агып, Атлантика океанына куят. Орточо жылдык деңгээли 1–1,5 кмге чейин. Айрым жерлерде 3 кмге кеңейет. Дарыя өзүнүн агымында оң жана сол куймаларын алат. Анын куймаларынын биринде дүйнөдөгү эң бийик Анхель шаркыратмасы жайгашкан, анын бийиктиги 1054 метр. Шаркыратма абдан бийик болгондуктан, кээде суу жерге жеткенче майда тамчыларга айланып кетет. 1933-жылы америкалык учкуч Джимми Эйнджел учак менен учуп бара жатып бул абдан бийик шаркыратманы көрүп, аны картага түшүргөн. Кийин бул шаркыратма анын фамилиясынын урматына “Анхель” деп аталып калган.
2-суроо. Материктин аймагында көлдөр сейрек кездешет. Эмне себептен? Алардын ирилерин атайбыз.
Жооп: Биринчиден, материктин рельефинин өзгөчөлүгү. Түштүк Американын батыш тарабында бийик Анд тоолору жайгашкан, ал эми материктин көп бөлүгүн түздүктөр жана дарыя өрөөндөрү ээлейт. Ошондуктан жаан-чачындан жана тоолордон келген суулар көлдөрдө топтолбой, чоң дарыялар аркылуу агып кетет. Экинчиден, бул материкте дарыялар абдан жакшы өнүккөн. Суу негизинен ушул дарыялар аркылуу океанга агып кетет, ошондуктан көлдөрдүн пайда болушу аз болот.Үчүнчүдөн, материктин климаты көпчүлүк аймактарда нымдуу жана жаанчыл. Мындай шартта суулар токтоп калбай, дайыма агып турган дарыя системаларын түзөт. Ошондуктан Түштүк Америкада көлдөр аз кездешет. Бирок айрым ири көлдөр да жок эмес. Материкте чоң көлдөрдүн бири Маракайбо көлү. Ал материктин түндүк жагында жатат жана кууш кысык аркылуу Кариб деңиз менен кошулат. Титикака көлү Анд тоосунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан. деңиз деңгээлинен болжол менен 3812 метр бийиктикте жайгашкан. Эң терең жери 280 метр. Титикака көлү дүйнөдөгү деңиз деңгээлинен эң бийик жайгашкан, кеме жүрө ала турган ири көл болуп эсептелет.
3Е. Түшүндүрүү (10 мин)
- Эмне себептен материктин аймагында жаан-чачын арбын?
Себеби материктин чоң бөлүгү экватордук климаттык алкакта жайгашкан. Атлантика океаны тарабынан келген нымдуу шамалдар материкке ным алып келет. Ошондой эле Анд тоолору нымдуу абаны тосуп, жаан-чачындын көбөйүшүнө шарт түзөт.
- Эмне себептен Тынч океанына куюлган дарыялар аз деп ойлойсуңар?
Түштүк Америка материгинде Тынч океанына куйган дарыялар аз. Мунун негизги себеби материктин батыш тарабында узун болуп созулган бийик Анд тоолору жайгашкандыгында. Бул тоолор суу бөлгүч катары кызмат кылат, ошондуктан жамгыр жана кар сууларынын көбү тоонун чыгыш тарабына агат. Мындан тышкары, Анд тоолору менен океандын ортосундагы жердин аралыгы абдан тар болгондуктан чоң дарыялар пайда болууга шарт аз. Батыш жээгинин айрым жерлеринде климаты кургак аймактар да кездешет ошондуктан жаан-чачын аз болуп, ири дарыялар куралууга көп мүмкүнчүлүк жок. Ал эми тоолордун чыгыш тарабында кең түздүктөр бар, ал жерде суулар чогулуп, чоң дарыялар пайда болот. Ошондуктан Түштүк Америкадагы дарыялардын көбү Атлантика океанына куят.
4-этап. Кеңейтүү / тереңдетүү (10 мин)
Түштүк Американын дарыялары гидроэлектр станциялары үчүн суу булагы болуп, электр энергиясын өндүрүүгө жардам берет. Алар кеме жүрүүгө да ыңгайлуу болуп, транспорттук жол катары да пайдаланылат. Дарыялар сугатка колдонулат. Жергиликтүү тургундар балык уулоодо жана башка табигый ресурстарды пайдаланууда колдонушат.
5-этап. Баалоо (5 мин)
Тесттик суроолор:
Окуучулардын аракетине жана жакшы катышкандыгына карап баалайбыз.
Тест аркылуу окуучулардын билимин баалоо. (Каhооt платформасын пайдалануу)

Үйгө тапшырма:
Түштүк Америка материгинин ички сууларын контурдук картага түшүрүп келебиз.
Айтурган Асанбек кызы
Комментарийлер