Түшүмдүү биздин аймагыбыз, андыктан салт катары майрамдайбыз!
- 03.11.2026
- 0
Мугалим: Тажимырзаева Айгүл
Мектеп: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Тегене айылы, Токтосун Тыныбеков атындагы № 16 жалпы орто билим берүү мектеби
Түшүм жана Күз майрамы
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк: Окуучулар күз мезгилинин өзгөчөлүктөрү, анын берекелүүлүгү, жашылча-жемиштердин түрлөрү жана түшүм алуудагы адам эмгеги жөнүндө маалымат алышат.
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын өз алдынча ой жүгүртүү, чыгармачылык менен иштөө, оюн эркин билдирүү жана алдыга умтулуу жөндөмдөрү өнүгөт.
Тарбия берүүчүлүк: Эмгекти сүйүүгө, эмгекчил жана ийгиликтүү адам болууга, жаратылыштын байлыгын баалоого, ынтымактуулукка жана биримдикке тарбияланышат.
Сабактын тиби: Билимдерди бышыктоо жана жалпылоо, майрамдык сабак.
Сабактын формасы: Майрамдык иш-чара, топтук иш, суроо-жооп, оюн.
Керектелүүчү каражаттар: Күзгү түшүмдөр, жашылча-жемиштер, сүрөттөр, себеттер, көргөзмөлөр, музыкалык коштоолор, табигый материалдар.

Сабактын жүрүшү
I. Уюштуруу бөлүгү. Майрамдын ачылышы
1-окуучу: Саламатсыздарбы, ардактуу агай-эжейлер, урматтуу ата-энелер жана жалпы окуучулар! «Түшүмдүү биздин аймагыбыз, андыктан салт катары майрамдайбыз!» аттуу Түшүм жана Күз майрамына кош келиңиздер!
2-окуучу:
Береке чачсын күзүңөр,
Жайдары күлсүн жүзүңөр.
Кымбаттуу жалпы көрүүчүлөр,
Кутмандуу болсун күнүңөр!
3-окуучу:
Ар жылы түшүм майрамын
Өтөбүз мектеп төрүндө.
Айткылачы, биздин негизги максат
Деги эмне жөнүндө?
(Окуучу көрүүчүлөргө кайрылып, алардын ойлорун угат. Жооптор жалпыланат.)
Окуучулар жалпы: Азаматсыңар! Туура, биздин майрамыбыз мээрим, биримдик жана эмгек жөнүндө!
4-окуучу:
Түшүм алуу үчүн мээрим төгүп эгесиң,
Андан кийин мөмөсүн жейсиң.
Түшүм алуу үчүн биримдикте иштейсиң,
Андан кийин эмгегиңдин үзүрүн көрөсүң.
Түшүм алуу үчүн эмгек кыласың,
Андан кийин мол түшүмдү жыясың.
5-окуучу: Биз бүгүн Түшүм майрамына апаларыбыз менен бирдикте абдан жакшы даярданып келдик. Сиздерге үч топ болуп кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз:
1-топ — «Күз жана түшүм».
2-топ — «Түшүмдөрдөн эмне даярдалат?»
3-топ — «Түшүмдөрдүн кандай дарылык касиети бар?»
II. Жаңы теманы ачуу. Топтордун таанытымдары
1-топ: «Күз жана түшүм»
1-окуучу:
Коңур салкын күз болуп,
Эгин бышып, чөп соолуп.
Адам кылат эмгекти,
Талаалардан дан оруп.
2-окуучу:
Айлана бүт алтын түс,
Берекелүү мезгил — күз.
Жазда эгип эмгектенем,
Күздө жыйнап, терип алам.
3-окуучу — Дарбыз:
Мен дарбызмын чандайган,
Баары мени сүйүшөт.
Суусунуңду кандырам,
Дасторконуңду көрктөймүн.
4-окуучу — Сабиз:
А мен болсо сабизмин,
Аш бассаңар керекмин.
Той-аш дагы башталса,
Кап-каптап мени алышат.
5-окуучу — Болгар калемпири:
А мен болсо калемпирмин,
Болгарский деп коюшат.
Лагман жасап ичсеңер,
Даамым өзгөчө экенин билесиңер.
6-окуучу — Пияз:
А мен болсо пиязмын,
Ачуума тийсеңер ыйлатам.
Мени кошпой тамак кылсаңар,
Даамын такыр чыгарбайм.
7-окуучу — Ананас:
А мен болсо ананас,
Тропикалык өлкөлөрдө өсөмүн.
Даамым кычкыл, жагымдуу,
Баарынын көңүлүн бөлөмүн.
8-окуучу — Баклажан:
А мен болсо баклажан,
Сыя өңдүү түсүм бар.
Салат кылсаң даамдуумун,
Кышка сактап койсоң да баркым бар.
9-окуучу — Лимон:
А мен болсо лимонмун,
Өтө кычкыл даамым бар.
Анткен менен адамга
Пайдалуу витаминдерим бар.
10-окуучу — Алма:
Жемиштердин ичинен
Алма сонун баарынан.
Шириндигин сураба,
Жегиң келет кайрадан.
Окуучулар жалпы:
Күз жана түшүм жөнүндө
Айта берсе абдан көп.
Анын баарын айтканга
Убакыт жетпейт көп.
Андан көрө, келгиле,
Жемиштерди таза жууп,
Көп-көп жеп, ден соолукка
Кам көрөлү баарыбыз!
2-топ: «Түшүмдөрдөн эмне даярдалат?»
1-окуучу:
Жер-жемиш, жашылча, дандан
Тамак-аштын түрүн жасайбыз.
Тамак жасаган адамга:
«Колуңуз дарт көрбөсүн!» — деп,
Ыраазы болуп айтабыз.
2-окуучу:
Түрлөп даамдуу жасашып,
Майрамга келишти апалар.
Түшүм майрамына көрк кошуп,
Дасторкон жайышты апалар.
3-окуучу:
Андан дагы жемиштерден
Апалар варенье, компот жасашат.
Кыш бүткөнчө банканын
Ооздору калбай ачылат.
4-окуучу:
Жемиштерди как кылып,
Күнгө жайып алабыз.
Кыш келгенде аларды
Даамдап жеп алабыз.
5-окуучу:
Ал эми жаңгактан май алат,
Жаңгактын майы күчтүү деп,
Чоң энем айтып калат.
6-окуучу:
Жемиштин ширини — өрүк,
Көргөндө шилекейиң чууруйт.
Мунун өзгөчө жагы бар,
Ширини да, данеги да бар.
Ширин данегин чагып жейбиз,
Ачуу данегин колдонууда этият болобуз.
7-окуучу:
Көк-Кыяда жүзүм шак,
Аны билет биздин жак.
Жүзүмдөн шире даярдап,
Суусунуңду кандырат.
8-окуучу:
Жемиштин түр-түрүнөн
Кургатылган как жасалат.
Алардан түрдүү ширелер,
Даамдуу суусундуктар алынат.
9-окуучу:
Ал эми чычырканактан
Май жана крем алынат.
Чычырканактын майын
Айрым учурда пайдаланышат.
10-окуучу:
Жашылча, жемиш, дандардан
Эмнелер гана жасалбайт!
Анын баарын айтканга
Көп убакыт талап кылынат.
Андан көрө, келгиле,
Кийинки топко сөз берели.
Дарылык касиеттери жөнүндө
Кызыктуу маалымат угалы!
3-топ: «Түшүмдөрдүн кандай дарылык касиети бар?»
1-окуучу:
Бардык мөмө-жемиште
Витаминдер көп болот.
Жемиш-жашылча жеген адам
Ден соолугуна кам көрөт.
2-окуучу:
Чычырканактын мөмөсүндө
Пайдалуу заттар көп болот.
Аны туура пайдаланса,
Ден соолукка пайдасы чоң.
3-окуучу:
Анардын кабыгын
Айрымдар кургатышат.
Элдик медицинада
Ар кандай максатта колдонушат.
4-окуучу:
Кожогат, карагаттын
Пайдалуу касиети көп.
Ошондуктан алардан
Даамдуу варенье жасалат.
5-окуучу:
Жемиштердин тазасы,
Табияттын белеги.
Лимондун өңү алтындай сары,
Витаминге бай жемиши.
6-окуучу:
Токойдо, сайларда
Алмурут өсөт айлымда.
Аны жууп жеп алсаң,
Пайдасы бар ден соолукка.
7-окуучу:
Имбирь, лимон, аселди
Көптөр пайдаланышат.
Бирок ар бир азыкты
Ченеми менен колдонушат.
8-окуучу:
Айтор, айта берсе түгөнгүс
Жаратылыштын байлыгы.
Туура пайдаланалы,
Ден соолук — адам байлыгы!
9-окуучу:
Биздин тилегибиз —
Бириңер да оорубагыла.
Ден соолукту сактагыла,
Дарыгерге кеч кайрылбагыла!
III. Музыкалык тыныгуу жана чыгармачылык номерлер
Программа боюнча:
- «Алтын күз» ыры аткарылат.
- Эмгек жөнүндө макал-лакаптар айтылат.
- Балдар тобу «Бакча» бийин аткарат.
- Юрий Энтиндин сөзүнө, Владимир Шаинскийдин обонуна жазылган «Антошка» аттуу тамашалуу ырдын кыргызча ылайыкташтырылган варианты сахналаштырылат.

«Антошка» тамашалуу ыры
Кыздар:
Антошка, Антошка, жүр кирели бакчага,
Антошка, Антошка, жүр казалы картошка!
Антошка:
Дили, дили, траливали,
Казгыла деп айткан эмес,
Тапшырмага берген эмес.
Кыздар:
Антошка, Антошка, жүрчү бакка кирели,
Антошка, Антошка, бактан алма терели!
Антошка:
Дили, дили, траливали,
Тергиле деп айткан эмес,
Тапшырмага берген эмес.
Кыздар:
Антошка, Антошка, жүр токойго баралы,
Антошка, Антошка, чие терип алалы!
Антошка:
Дили, дили, траливали,
Тергиле деп айткан эмес,
Тапшырмага берген эмес.
Кыздар:
Антошка, Антошка, анда кеттик мектепке,
Антошка, Антошка, бол тур эми кечикпе!
Антошка:
Дили, дили, траливали,
Барбай эле коёюнчу,
Тамакка эле тоёюнчу.
Кыздар:
Антошка, Антошка, анда киргин ашканага,
Антошка, Антошка, жүрчү жейли картошка!
Антошка:
Дили, дили, траливали,
Картошка же деп айткан эле,
Тапшырмага берген эле.
Аякка көп салалычы,
Бир чоң тоюп алалычы!
IV. Кызыктуу маалыматтар. Мугалим түшүм тууралуу төмөнкү маалыматтарды окуучуларга сунуштайт.
Түшүм деген эмне?
Түшүм — дыйкандардын жаз жана жай мезгилдеринде эмгектенип өстүргөн өсүмдүктөрүнүн күзүндө жыйнап алган берекеси. Ага дан өсүмдүктөрү, мөмө-жемиштер жана жашылчалар кирет. Түшүм — эмгектин үзүрү, жердин берекеси жана дасторкондун ырыскысы. Ошондуктан күз мезгилинде эл түшүм жыйноого өзгөчө көңүл буруп, эмгекчил адамдарга ыраазычылык билдирип, майрамдык иш-чараларды өткөрүп келишкен.
Дүйнөдөгү эң чоң жемиштердин бири — джекфрут.
Джекфрут — тропикалык аймактарда өсүүчү дарактын мөмөсү. Айрымдарынын салмагы 30–50 килограммга чейин жетет. Мөмөсүнүн узундугу бир метрге жакындашы мүмкүн. Анын дарактын сөңгөгүндө өсүшү да өзгөчө көрүнүш.
Эң чоң жашылчалардын бири — ашкабак.
Ашкабак ботаникалык жактан мөмө-жемиштер тобуна кирет. 2025-жылы Улуу Британиянын Варгрейв шаарында эгиз бир туугандар Ян жана Стюарт Патон өстүргөн ашкабактын салмагы 1 тонна 278 килограммга жетип, дүйнөлүк рекордго киргендиги тууралуу маалымат берилген.
Майда түшүмдөр жөнүндө:
- Вольфия — дүйнөдөгү эң кичинекей гүлдүү өсүмдүктөрдүн бири.
- Микро-карлик помидорлордун айрым түрлөрү абдан кичинекей болот.
- Амаранттын уругу болжол менен 1 миллиметрдей гана келет.
V. Билимди бышыктоо. «Мен киммин?» оюну. Мугалим окуучуларга табышмактуу суроолорду берет. Окуучулар туура жоопторду табышат.
1-суроо. Сабагыбыз, жалбырагыбыз сыртта, өзүбүз жердин түбүнө жашынабыз. Биз кимбиз?
(Картошка, сабиз, кызылча, пияз, шалгам, сарымсак, редиска.)
2-суроо. Сууну сүйөмүн, данга кирем. Мен киммин?
(Күрүч.)
3-суроо. Данга кирем, көлөмүм кичинекей, өңүм сары. Мен киммин?
(Жасмык.)
4-суроо. Түрүбүз абдан көп, даамдарыбыз ар кандай, формабыз тегерек. Кыргызстандын бардык жеринде өсөбүз. Биз кимбиз?
(Алма.)
5-суроо. Дароо оозго салып жей албайсыңар, адегенде кабыгын чагып же аарчып жейсиңер. Ден соолукка пайдалуубуз, бирок ченеми менен жеш керек. Биз кимбиз?
(Жаңгак, жер жаңгак, мисте, бадам.)
6-суроо. Кыргызстанда өспөйбүз, бирок балдар бизди жакшы көрүшөт. Дасторкондун көркүбүз. Биз кимбиз?
(Банан, мандарин, ананас, апельсин жана башка тропикалык жемиштер.)
7-суроо. Биздин эки түрүбүз бар: бирибизден кант алынат, экинчибизден борщ жасалат. Биз кимбиз?
(Кант кызылчасы жана аш кызылча.)
VI. Музыкалык тыныгуу. Кыздар тобу «Алтын күз» бийин аткарышат.
VII. Ата-энелер менен биргелешкен оюндар. Мугалим ата-энелерди жана окуучуларды биргелешкен оюндарга чакырат. Оюндар аркылуу балдардын шамдагайлыгы, тапкычтыгы, ынтымагы жана ата-энелер менен кызматташуу жөндөмү өнүктүрүлөт.
VIII. Сабакты жыйынтыктоо жана баалоо. Мугалим окуучуларга төмөнкү суроолорду берет:
- Күз мезгилинин кандай өзгөчөлүктөрүн билдиңер?
- Түшүм алуу үчүн адамдар кандай эмгек кылышат?
- Жашылча-жемиштердин адамдын ден соолугуна кандай пайдасы бар?
- Түшүмдү эмне үчүн ысырап кылбай, туура сактоо керек?
- Бүгүнкү майрамдан эмнени үйрөндүңөр?
Окуучулардын жооптору угулуп, активдүү катышкандар белгиленет.
Мугалимдин жыйынтыктоочу сөзү: Балдар, бүгүнкү майрамыбыз аркылуу күздүн берекесин, дыйкандардын эмгегин жана жаратылыштын байлыгын дагы бир жолу даңазаладык. Ар бир үзүм нандын, ар бир мөмө-жемиштин артында чоң эмгек жатканын унутпагыла. Эмгекти сүйүп, жаратылышты коргоп, ынтымакта жашайлы!
Сабактын жыйынтыгы: Окуучулар күз мезгилинин берекеси, түшүмдүн түрлөрү, алардын пайдалуулугу жана түшүмдү өстүрүүдөгү адам эмгеги жөнүндө билимдерин кеңейтишет. Эмгекчилдикке, ынтымакка, жаратылышты баалоого жана сергек жашоого тарбияланышат.