СУУТЕК ЖАНА АНЫН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ, КОЛДОНУЛУШУ
- 12.03.2026
- 0

(Химия 8-класс)
| Сабактын максаты: Окуучулар суутек жана анын практикалык мааниси жөнүндө түшүнүк алышат, алган билимдерин колдонуп тажрыйбаларды жүргүзүп, фактылар менен далилдей алышат. | Күтүлүүчү натыйжалар:Билим жана түшүнүү деңгээли боюнча:Суутектин физикалык жана химиялык касиеттерин түшүндүрөт; Суутектин табиятта таралышы жана алынуу жолдорун билет; Суутектин колдонулуш тармактарын (өнөр жайда, энергетикада, медицинада ж.б.) атап бере алат. Колдонуу деңгээли боюнча:Суутекти алуу боюнча жөнөкөй тажрыйбаларды жүргүзө алат; Тажрыйбанын жүрүшүндө коопсуздук эрежелерин сактайт; Алган билимдерин турмуштагы мисалдар менен байланыштырып түшүндүрөт. Анализ жана жыйынтык чыгаруу деңгээли боюнча:Тажрыйба жыйынтыгын байкап, алынган фактыларды анализдеп түшүндүрөт; Суутектин маанисин айлана-чөйрө жана экономика үчүн баалайт; Жыйынтык чыгарып, суутекти “келечектин энергия булагы” катары мүнөздөй алат. |
| Баалоонун критерийлери: | 1-тиркеме |
| № | 5E илимий окуу моделинин этаптары | Аткарылган иш-аракеттер же тапшырмалар | Көндүмдөр | Предметтик компетенттүүлүктөр | Негизги компетенттүүлүктөр (сабаттуулуктар) р | Баалуулуктар |
| 1 | Engage (Кызыктыруу)
| Суроо-жооп: Эмне үчүн суутекти “келечектин отуну” деп аташат деп ойлойсуңар? Биз колдонгон отун түрлөрүнүн ичинен эң экологиялуусу кайсы? Видео/сүрөт көрсөтүү: суутек отун катары колдонулган автоунаалар жөнүндө кыска видеону көрсөтүү. Топтук талкуу: “Суутек келечекте мунайдын ордун баса алабы?” деген суроого ой жүгүртүү. | гипотеза | — | Табиятка жоопкерчилик менен мамиле кылуу; — Коопсуздук маданияты; — Экологиялык аң-сезим; — Эмгекчилдик жана кызматташтык. | |
| 2 | Explore (Изилдөө)
| · Лабораториялык иш: “Суутекти алуу жана анын касиеттерин аныктоо” Реакция: цинк + туз кислотасы → суутек газы Газды чогултуу жана аны жалын менен текшерүү (түтүнсүз көгүш жалын чыгышы). Байкоо жүргүзүп, таблица толтурушат: 2-тиркеме
| Байкоо; Тажрыйба жасоо; | Табият таануу илиминдеги түшүнүктөрдү колдонуу; — Химиялык процесстерди түшүндүрүү жана далилдөө; — Тажрыйба жүргүзүү жана анализдөө көндүмдөрү. | — | |
| 3 | Explain (Түшүндүрүү)
| 3-тиркеме
| Анализдөө жана жыйынтык чыгаруу; — Илимий тилде пикир билдирүү. | |||
| 4 | Elaborate (Тереңдетүү)
| “Суутектин колдонулушу” темасында постер түзүү: өнөр жайда, транспортто, медицинада, космостук технологияда колдонулушун сүрөттөр менен чагылдыруу. “Суутек – келечектин энергия булагы” деген темада кыскача баян же эссе жазуу. | Байкоо Салыштыруу Классификациялоо Чечимдер | Илимий сабаттуулук; Коммуникация жана кызматташтык; Критикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүү; Маалыматтык компетенттүүлүк. | ||
| 5 | Evaluate (Баалоо)
| 4-тиркеме
| Байкоо Салыштыруу Классификациялоо Коммуникация Чечимдер Гипотезаларды түзүү Божомолдоо Талдоо Мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу Баалоо
|
1-тиркеме
Баалоонун критерийлери
| № | Баалоо критерийлери | Дескрипторлор (окуучу эмне кылышы керек) | Балл |
| 1 | Суутек тууралуу түшүнүккө ээ болуу | — Суутектин физикалык жана химиялык касиеттерин туура атайт; — Суутектин табиятта кездешүү жолдорун түшүндүрөт; — Суутектин маанисин күнүмдүк жашоодон мисал келтирип айтат. | 3 |
| 2 | Суутекти алуу боюнча тажрыйбаны жүргүзүү | — Тажрыйба жүргүзүүдө керектүү жабдууларды туура колдонот; — Коопсуздук эрежелерин сактайт; — Тажрыйбанын жүрүшүн так жана ырааттуу аткарат. | 3 |
| 3 | Тажрыйба жыйынтыгын анализдеп түшүндүрүү | — Алынган натыйжаны байкап, түшүндүрмө берет; — Фактылар менен жыйынтыкты далилдейт; — Жыйынтыкты туура формулировкалап айтат. | 3 |
| 4 | Суутектин практикалык маанисин баалоо | — Суутектин колдонулуш тармактарын мисал келтирет; — Суутектин “таза энергия булагы” катары маанисин түшүндүрөт; — Өз оюн негиздеп корутунду чыгарат. | 3 |
Жалпы балл: 12
2-тиркеме:
| Байкоо объектиси | Байкалган өзгөрүүлөр
| Жыйынтык |
|
|
3-тиркеме:
Контекст (турмуштук кырдаал):
Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөр экологиялык таза энергия булактарын издешүүдө. Автоунаалардын көбү бензин менен иштегендиктен, абага зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Жакында инженерлер суутек менен жүрүүчү унаа жасап чыгышты. Мындай унаада күйүү процессинде суутек кычкылтек менен биригип, жөн гана суу пайда болот. Демек, абага зыяндуу заттар чыкпайт.
Маалымат булагы:
| Энергия булагы | Артыкчылыгы | Кемчилиги |
| Бензин | Иштетүүгө оңой, жеткиликтүү | Көмүр кычкыл газы (COН) бөлөт, айлана-чөйрөнү булгайт |
| Электр энергиясы | Таза, үнсүз иштейт | Батареялар тез эле зарядсызданат, чыгымдуу |
| Суутек | Энергияны көп берет, күйгөндө суу гана чыгат | Суутекти сактоо жана ташуу кыйын, кымбат технология талап кылат |
Тапшырмалар:
- Суутектин башка энергия булактарынан айырмасы эмнеде?
- Эгер шаардагы 1000 автоунаа бензиндин ордуна суутек менен иштесе, бул айлана-чөйрөгө кандай оң таасир тийгизет?
- Суутек колдонууда кандай көйгөйлөр болушу мүмкүн?
- Сиздин оюңузча, Кыргызстанда келечекте суутек энергиясын колдонууга мүмкүнбү? Эмне үчүн?
Баалоо критерийлери:
| Критерий | Дескриптор |
| Маалыматты түшүндүрөт | Суутектин өзгөчөлүгүн так түшүндүрөт |
| Себеп-натыйжа байланышын көрсөтөт | Экологияга тийгизген таасирин түшүндүрөт |
| Аналитикалык ой жүгүртөт | Артыкчылык жана кемчиликтерди салыштырат |
| Пикир билдирет | Өз оюн негиздүү айтып берет |
4-тиркеме:
Эскертүү: Зарылдык болгон учурда дифферен-н тапшырмалар тапшырмаларды колдонууга болот



А.АБДУБАПОВА, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Алымбек Датка » атындагы лицей филиалынын академиялык координатору, химия мугалими
Комментарийлер