Сезүү органдары жана анализаторлор
- 26.01.2025
- 0

Тагаева Күмүшай, Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Тамаша айылындагы №13 А. Камбаров атындагы орто мектебинин биология мугалими
Сабактын максаты:
- окуучулар сезүү органдары жана анализаторлор жөнүндө түшүнүк алышат, ар түрдүү сезүү системаларынын иштөө принцибин изилдеп, анализдеп түшүнүп маалымат алышат.
- Сабакта практика жүзүндө көрүшөт жана маалымат алышат, сезүү органдарынын функциясын үйрөнүшөт.
- Сабакта үйрөнгөнүн, алган билимдерин турмушта пайдаланышат.
Кызыктыруу (5 мин)
— Балдар, менин колумда эмнени көрүп турасыңар? Мээни кантип сактайбыз? Мастер-класс көрөбүз. Өтүлгөн темаларды «Чынжыр» оюну менен эске салабыз, топторго бөлүнөбүз (анатомия, физиология, гигиена)
Үй тапшырмасы:
- топ Б.Б.Б. стратегиясы
билем | Билдим | Билгим келет |
- Вендин диаграммасы менен иштейт.
- Кластер түзүү
Максаты: окуучулардын сезүү органдары жана анализаторлор темасына кызыгуусун ашыруу.
Керектелүүчү материалдар:
- Видео: «Адамдын сезүү органдарынын таанышы»
- Интерактивдүү такта, PowerPoint
Процесс:
- Сабактын башында сезүү органдарынын түрлөрү жөнүндө кыскача видео көрсөтүлөт.
- Окуучулардан видео тууралуу суроолор берилет:
- Сезүү органдары болбосо жашоо кандай жүрөрүн көрдүңөрбү?
- Сырткы органдарсыз жашаганга болобу?
- Ички органдардын сезүү органдарына тийгизген терс таасири кандай?
2. Изилдөө (15 мин)
Максаты:
Окуучулар сезүү органдарын тереңирээк изилдеп түшүнүү мүмкүнчүлүгүн алышат.
Керектелүүчү материалдар:
- Лабораториялык жабдуулар
- Модель: көз, кулак, мурун моделдери, чопо ж.б.
Процесс:
- Окуучуларды топторго бөлүп, ар бир топко ар башка сезүү органын изилдөө тапшырмасын берип, чоподо окуучулар макеттерин жасашат.
- Топтор лабораторияда иштегендей сезүү органдарынын моделдерин колдонушат.
- Орган кандайча иштейт?
- Анализаторлор кандай иштешет?
- Ар бир топ өздөрүнүн изилдөөсүн калган класска кыскача баяндап берет.
3. Түшүндүрүү (10 мин)
Максаты:
Сезүү органдары жана анализаторлор жөнүндө түшүнүктөрдү тактоо.
Керектелүүчүү материалдар:
- Презентация
- Басылган материалдар
Процесс:
- Окуучуларга презентация аркылуу сезүү органдарынын жана анализаторлордун негизги функцияларын түшүндүрүү.
- Окуучулар менен сезүү табиятына жана иштөө принцибине байланыштуу суроолорду изилдешет:
- Эмне үчүн сезүү органдары биз үчүн маанилүү?
4. Кызыктыруу (деталдаштыруу) (10 мин)
Максаты:
Окуучулар жаңы маалыматтарды иш жүзүндө колдонуп, кеңейтүү.
Керектелүүчү куралдар:
- Практикалык тапшырмалар
- Топтук иш тапшырмалары
Кроссворд менен иштөө:
- Ткандар эмнеден түзүлөт?
- Нерв тканы эмнеде турат?
- Вегетативдик нерв системасына тиешелүү
- Адам эмнеси менен сулуу көрүнөт?
- Башыбызда эмне бар?
- Кулак бул эмне?
7. Көкүрөктүн айланасы
8. Клетканын жыйындысы эмнеден турат?
9. Жиниң келгенде эмне болосуң?
10. Парасимпатикалык сөздүн шериги?
Процесс:
- Окуучуларга чоңураак проблеманы чечүү тапшырмасы берилет, мисалы, кантип ден-соолугуңузду жакшыраак байкай аласыз жана коргой аласыз.
- Алар топтордо талкулоону улантат жана сунуштарын класска тартып чыгышат.
5. Баалоо
Максаты: окуучулардын теманы түшүнүүсүн жана билимдерин баалоо.
Керектелүүчү материалдар:
- Тест суроолору
- Эссе жазуу үчүн баракчалар
Жыйынтыктоочу суроолор:
Күтүлүүчү натыйжа:
1. Эмнени көрдүң?
2. Эмнени билдиң?
3. Эмнени байкадың?
- Сезүү органдарынын функциялары кандайча иштейт?
- Анализаторлор кандай жол менен маалыматты иштетет?
- Эмне үчүн адам сезүү органдарын коргоо маанилүү?
- Сезүү органдарынын жабыркашына кандай факторлор таасир этет?
Процесс:
- Окуучуларга тест суроолору жана эссе жазуу тапшырмасы берилет.
- Ар бир окуучу өз жыйынтыктарын көрсөтүп, түшүнүгүн текшерет.
- Үй тапшырмасы: 16-пр. Сезүү органдарын окуп келүү жана таблицаны толтуруу.
Бөлүшүү
Комментарийлер