Scratch программалоо чөйрөсүндө блокторду колдонуп окуяларды башкаруу
- 16.11.2026
- 0
Бышыктоо сабагы
Предмети: Информатика
Мугалим: Нурланбекова Мимоза, Военно-Антоновка
жалпы билим берүү мектебинин информатика мугалими
Класс: 5-класс
Сабактын узактыгы: 45 мүнөт
Программа: 12 жылдык билим берүү программасынын негизинде
Сабактын модели: 5E модели
Сабакта колдонулуучу санариптик каражаттар: электрондук жана интерактивдүү доска, компьютерлер, уюлдук телефондор, карточкалар, QR-коддор, презентациялык слайддар.
Колдонулуучу санариптик платформалар жана ресурстар:
- Scratch — «Случайное колесо»;
- «Кыймыл» (Движение) жана «Башкаруу» (Управление) блокторун туура табуу;
- «5-класс. №2 тапшырма»;
- «Scratch деген эмне?» интерактивдүү тапшырмасы;
- Дене тарбиялык көнүгүү — Viral Interactive Video;
- «Сыйкырдуу кутуча» — карточкалар менен иштөө;
- «Scratch: Сөздөрдү табабыз»;
- Эки топко берилүүчү жыйынтыктоочу тапшырмалар.
Сабактын максаттары
Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар Scratch программалоо чөйрөсүндөгү окуялар (Events) жана программалык блоктордун өз ара байланышы тууралуу билимдерин тереңдетишет. Окуяларга жараша каармандардын аракеттерин башкарууну үйрөнүп, өз алдынча иштеген интерактивдүү программаларды жана анимацияларды түзө алышат.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулардын логикалык жана алгоритмдик ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмүн, көйгөйлөрдү талдоо жана чечүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Компьютердик сабаттуулугун жогорулатып, программалоо боюнча алган билимдерин практикалык тапшырмаларды аткарууда колдоно билүүгө үйрөнүшөт.
Тарбиялык максаты: Окуучуларды тактыкка, жоопкерчиликке, өз ара кызматташууга жана бири-бирин сыйлоого тарбиялоо, санариптик маданиятын калыптандыруу.
Сабактын жүрүшү
1. Engage — Кызыктыруу (8 мүнөт). Мугалим окуучулар менен саламдашып, жагымдуу маанай түзөт. Сабактын башында окуучуларга шыктандыруучу сөздөрүн айтып, бүгүнкү сабакта ар бир тапшырмага жооп берген окуучу быйтыкчалар жана таттуулар менен сыйланарын түшүндүрөт.
Мугалим: «Бүгүнкү сабак — жөн гана билим алуу эмес, аракеттин, биримдиктин жана жеңишке умтулуунун сабагы болот. Ар бир туура жооп — силердин билимге жасаган кадамыңар. Тапшырмаларга активдүү катышып, бири-бириңерге жардам бергиле!»
Андан соң окуучулар эки топко бөлүнүшөт:
- 1-топ — Курманбек баатыр;
- 2-топ — Тайлак баатыр.
Жагымдуу маанай түзүү. Мугалим кол чабат. Окуучулар бир жолу кол чабылганда ордунан секирип турушат. Бул ыкма аркылуу алардын маанайы жана сабакка даярдыгы байкалат.
Экрандан топторго бөлүү жана жагымдуу маанай тартуулоо слайддары көрсөтүлөт. Андан соң үй тапшырмасын кайталоого өтүлөт.
№1 тапшырма. Wordwall платформасы аркылуу кайталоо. Окуучулар интерактивдүү суроолорго жооп беришет. Кайсы топ көбүрөөк туура жооп берсе, ошол топко бир «заряд таякчасы» берилет. Ар бир тапшырма үчүн топторго белгилүү өлчөмдө заряд топтоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Сабактын аягында эң көп заряд топтогон топ жеңүүчү деп жарыяланат. Туура жооп берген окуучулар быйтыкчалар жана таттуулар менен сыйланышат.
2. Explore — Изилдөө (8 мүнөт). Бул этапта окуучулар мурунку сабактарда алган билимдерин эске түшүрүп, Scratch программалоо чөйрөсүндөгү блоктордун кызматын изилдешет.
№2 тапшырма. «Кыймыл» жана «Башкаруу» блокторун туура тапкыла.
Окуучулар берилген интерактивдүү тапшырмадан «Кыймыл» (Motion) жана «Башкаруу» (Control) блокторун табышат. Алардын аткарган кызматтарын салыштырып, топ ичинде талкуу жүргүзүшөт.
Кийинки тапшырма. «5-класс. №2 тапшырма».
Окуучулар тапшырмадагы көрсөтмөлөрдү аткарып, Scratch программасы боюнча алган билимдерин эске түшүрүшөт. Программанын блокторун жана алардын колдонулушун аныкташат.
Бул этапта окуучулар:
- керектүү блокторду табышат;
- алардын кызматтарын аныкташат;
- топ ичинде өз ойлорун бөлүшүшөт;
- тапшырмаларды биргелешип аткарышат.
3. Explain — Түшүндүрүү (10 мүнөт). Мугалим Scratch программалоо чөйрөсү тууралуу түшүндүрмө берет.
Scratch — башталгыч программалоочулар үчүн иштелип чыккан визуалдык программалоо чөйрөсү. Анда программа кадимки тексттик коддордун ордуна LEGO конструкторунун бөлүктөрүнө окшош блокторду бири-бирине бириктирүү аркылуу түзүлөт.
Scratch программасындагы негизги блоктордун категориялары:
- Көк түстөгү блоктор — «Кыймыл» (Motion). Каарманды жылдыруу, буруу, белгилүү бир чекитке жөнөтүү жана кыймыл-аракеттерин башкаруу үчүн колдонулат.
- Кызгылт көк түстөгү блоктор — «Көрүнүш» (Looks). Каармандын сырткы көрүнүшүн өзгөртүү, сүйлөтүү жана башка визуалдык аракеттерди аткаруу үчүн колдонулат.
- Сары түстөгү блоктор — «Окуялар» (Events). Программанын кайсы учурда башталарын же белгилүү бир аракеттин качан аткарыларын аныктайт. Мисалы, «Жашыл желек басылганда».
- Саргылт сары түстөгү блоктор — «Башкаруу» (Control). Кайталоо циклдерин жана шарттуу аракеттерди башкаруу үчүн колдонулат.
Мугалим блоктордун кызматын мисалдар аркылуу түшүндүрүп, окуучуларга суроолорду берет. Окуучулар блоктордун өзгөчөлүктөрүн айтып, берилген мисалдарды талкуулашат.
Дене тарбиялык көнүгүү. Окуучулар экрандан Viral Interactive Video видеосун көрүп, анда көрсөтүлгөн кыймыл-аракеттерди кайталашат. Бул көнүгүү окуучулардын эс алуусуна жана кийинки практикалык тапшырмаларга даярдануусуна жардам берет.
4. Elaborate — Тереңдетүү жана практикалык иш (12 мүнөт). Бул этапта окуучулар алган билимдерин практикалык тапшырмалар аркылуу бекемдешет.
Мугалим: «Балдар, эми практикалык ишке өтөбүз. Биз бүгүн “Сыйкырдуу кутуча” жана “Сөздөрдү табабыз” тапшырмалары аркылуу иштейбиз. Кутучанын ичинен чыккан карточкаларда силер аткара турган тапшырмалар жазылган. Ар бир тапшырманы кунт коюп окуп, топ менен биргеликте аткаргыла!»
№3 тапшырма. «Сыйкырдуу кутуча». Мугалим окуучуларга карточкаларды таратып берет. Ар бир топ өзүнө берилген тапшырманы окуп, Scratch программасында аткарат. Карточкалардагы практикалык тапшырмалар:
1-топ — «Кыймыл»
Scratch программасында төмөнкү аракеттерди аткаргыла:
- жашыл желек басылганда каарман 20 кадам жылсын;
- оң жебе басылганда каарман 15 кадам жылсын.
2-топ — «Көрүнүш»
Scratch программасында төмөнкү аракеттерди аткаргыла:
- жашыл желек басылганда каарман «Салам!» деп сүйлөсүн;
- каарман басылганда анын түсү өзгөрсүн.
№4 тапшырма. «Scratch: Сөздөрдү табабыз».
Окуучулар берилген сөздөрдү таап, Scratch программасына байланыштуу түшүнүктөрдү эске түшүрүшөт. Тапшырманы аткаруу учурунда топтор бири-бирине жардам берип, жоопторун түшүндүрүшөт. Практикалык иштин соңунда ар бир топ өзүнүн ишин көрсөтүп, кандай блокторду колдонгонун айтып берет. Мугалим окуучулардын ишин байкап, туура жоопторду белгилейт.
5. Evaluate — Баалоо (5 мүнөт). Сабактын соңунда окуучулардын алган билимдери жана практикалык көндүмдөрү жыйынтыктоочу тапшырмалар аркылуу текшерилет.
1-топ — Курманбек баатыр: «Аквариумдагы балыктарды токтоосуз сүздүрүү» тапшырмасы. Окуучулар Scratch программасында балыктардын үзгүлтүксүз кыймылын чагылдырган анимация түзүшөт.
2-топ — Тайлак баатыр: «Адамдардын эс алуу жайында басып жүргөнүн чагылдыруу» тапшырмасы. Окуучулар Scratch программасында адамдардын кыймылын көрсөткөн анимация түзүшөт.
Топтор өз иштерин көрсөтүп, колдонгон блокторун жана алардын кызматтарын түшүндүрүшөт.
Баалоо критерийлери:
- тапшырманы туура түшүнүү;
- керектүү блокторду туура тандоо;
- блокторду ырааттуу бириктирүү;
- окуяларга жараша каармандардын аракеттерин башкаруу;
- топто кызматташуу жана өз оюн түшүндүрүү.
Сабактын жүрүшүндө туура жооптор үчүн окуучулар быйтыкчалар менен сыйланып, топтор заряд таякчаларын топтошот. Эң көп быйтыкча жана заряд топтогон топ жеңүүчү деп жарыяланат.
Үй тапшырмасы (2 мүнөт). «Бир күндүк алгоритм» темасында Scratch программасында чакан долбоор түзүп келүү. Окуучулар күнүмдүк жашоодогу бир иш-аракеттин ырааттуулугун тандап, аны Scratch программасында каармандардын кыймылы жана окуялар аркылуу көрсөтүшөт.
Күтүлүүчү натыйжалар. Сабактын аягында окуучулар:
- Scratch программалоо чөйрөсү жана анын негизги блоктору тууралуу билимдерин бышыкташат;
- «Кыймыл», «Көрүнүш», «Окуялар» жана «Башкаруу» блокторунун кызматтарын айырмалай алышат;
- окуяларга жараша каармандардын аракеттерин башкара алышат;
- блокторду туура бириктирип, жөнөкөй интерактивдүү программаларды жана анимацияларды түзө алышат;
- топто иштөө, өз оюн билдирүү жана чыгармачылык менен тапшырма аткаруу көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.