Питон программалоо тили: бүтүн жана бөлчөк сандар, ыйгаруу оператору, өзгөрмөлөр
- 16.11.2026
- 0
Бышыктоо сабагы
Билим берүү максаты:
- Окуучулар Питон программалоо тилиндеги бүтүн (
int) жана бөлчөк (float) сандар, ыйгаруу оператору (=), өзгөрмөлөр тууралуу алган билимдерин жалпылап, системалаштырышат. - Өзгөрмөлөрдү түзүү, аларга маани ыйгаруу жана программада колдонуу көндүмдөрүн бышыкташат.
Өнүктүрүү максаты:
- Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн жана өз алдынча иштөө жөндөмүн өнүктүрүшөт.
- Изилдөө ишмердүүлүгү аркылуу программалоого болгон кызыгуусун арттырышат.
Тарбиялык максаты:
- Тактыкка, топто иштөөгө жана бири-бирин угууга тарбияланышат.
- Маалыматтык маданияты калыптанат.
Керектүү каражаттар:
- Ар бир окуучуга же жупка компьютер жана Python программасы;
- проектор жана интерактивдүү такта;
- изилдөө долбоорлорунун карточкалары;
- баалоо баракчалары жана топторго бөлүү үчүн билеттер;
- маркерлер жана флипчарт кагаздары;
- презентациялык слайддар.
Сабактын жүрүшү. 1. Уюштуруу бөлүгү
Мугалим окуучулар менен саламдашып, класстын тазалыгын жана окуучулардын сабакка даярдыгын текшерет. Алардын көңүлүн сабакка бурат. Окуучулар интерактивдүү панелдеги гүлдөрдүн бирин тандашат. Тандалган гүлдөрдөн чыккан сүрөттөр жана билеттер аркылуу топторго бөлүнүшөт.
Маанай көтөрүү. Интерактивдүү панелде күндүн сүрөтү көрсөтүлөт. Окуучулар күндүн сүрөтүн баскан сайын сабакка мотивация берүүчү сөздөр чыгат. Мисалы: «Сени бүгүн ийгилик күтүп турат!», «Сен бүгүн өзгөчөсүң!», «Сенин колуңдан баары келет!» ж.б.
2. Үй тапшырмасын текшерүү. Үй тапшырмасы «Чын же жалган» интерактивдүү оюну аркылуу текшерилет. Окуучулар берилген билдирүүлөрдүн туура же туура эмес экенин аныктап, жоопторун түшүндүрүшөт.
3. Сабактын темасын жана максатын аныктоо. Мугалим слайд аркылуу сабактын темасын жана максатын жарыялайт: «Бүгүн биз Python тилиндеги бүтүн жана бөлчөк сандар, ыйгаруу оператору жана өзгөрмөлөр тууралуу алган билимдерибизди бышыктайбыз. Бул сабакта силер изилдөөчү болуп, чакан долбоорлорду түзөсүңөр!»
Сабактын баалоо критерийлери:
- өзгөрмөлөрдү туура түзүү;
- бүтүн жана бөлчөк сандарды айырмалоо;
- ыйгаруу операторун туура колдонуу;
- кодду өз алдынча жазуу жана анын жыйынтыгын түшүндүрүү.
4. Оозеки суроо-жооп. Мугалим окуучуларга төмөнкү суроолорду берет:
- Python тилинде өзгөрмө деген эмне? Мисал келтиргиле.
- Бүтүн сан (
int) менен бөлчөк сандын (float) айырмасы эмнеде? - Ыйгаруу оператору кандай белги менен белгиленет?
- Төмөнкү коддун жыйынтыгы кандай болот?
a = 5
b = 2.5
c = a + b
print(c)5. «Изилдөө долбоору» методу
Методдун маңызы: Окуучулар чакан топторго бөлүнүп, берилген изилдөө тапшырмаларын аткарышат. Ар бир топ өз долбоорун иштеп чыгып, жыйынтыгын талкуулайт жана коргойт.
Изилдөө долбоорунун этаптары
1-этап. Топторго бөлүнүү жана тапшырма алуу (3 мүнөт)
Класс төрт топко бөлүнөт. Ар бир топко изилдөө карточкасы берилет:
- 1-топ. «Менин профилим» — өзгөрмөлөр менен иштөө. Окуучулар аты-жөнүн, жашын, боюн жана салмагын өзгөрмөлөргө жазышат.
- 2-топ. «Дүкөндөгү эсеп» — бүтүн жана бөлчөк сандар менен иштөө. Товардын баасын, санын жана жалпы суммасын эсептешет.
- 3-топ. «Калькулятор» — ыйгаруу операторун колдонуу. Эки санды кошуу жана кемитүү амалдарын аткарышат.
- 4-топ. «Окуучунун орточо баасы» — аралаш типтер менен иштөө. Бүтүн жана бөлчөк сандарды колдонуп, орточо бааны эсептешет.
2-этап. Изилдөө жүргүзүү (10 мүнөт)
Ар бир топ:
- тапшырманы талкуулайт;
- Python тилинде код жазат;
- кодду иштетип, жыйынтыгын текшерет;
- кездешкен кыйынчылыктарды аныктайт.

3-этап. Жыйынтыктоо жана долбоорду коргоо (7 мүнөт)
Ар бир топтон бир окуучу чыгып, өз долбоорун жана жазган кодун түшүндүрүп берет. Мугалим жана башка топтордун окуучулары суроолорду беришет.
1-топтун долбооруна мисал: «Менин профилим»
at = "Айбек"
jash = 13
boy = 1.52
salmaq = 42.5
print("Атым:", at)
print("Жашым:", jash)
print("Боюм:", boy, "м")
print("Салмагым:", salmaq, "кг")6. Жеке иштөө. Окуучулар компьютерде төмөнкү тапшырмаларды өз алдынча аткарышат.
1-тапшырма. Төмөнкү кодду иштетип, экранга чыккан жыйынтыктарды жазгыла.
a = 7
b = 2
print(a + b)
print(a / b)
print(a // b)
print(a % b)2-тапшырма. Өзүңөрдүн үч предмет боюнча алган бааларыңарды өзгөрмөлөргө жазып, орточо бааны эсептегиле.
matematika = 5
kyrgyz_tili = 4
informatika = 5
ortocho = (matematika + kyrgyz_tili + informatika) / 3
print("Орточо баам:", ortocho)3-тапшырма. Коддогу каталарды таап, оңдогула.
2x = 10
y = "5" + 3
print(y)Текшерүү: Мугалим окуучулардын жоопторун текшерип, кетирилген каталарды түшүндүрөт. Өзгөрмөнүн аталышы сан менен башталбай турганын жана тексттик маанини бүтүн сан менен түз кошууга болбой турганын эске салат.

7. Сабакты жыйынтыктоо жана рефлексия. Мугалим сабакты төмөнкү суроолор менен жыйынтыктайт:
- Бүгүн эмнени үйрөндүк?
- Кандай кыйынчылыктар болду?
- Сабакта силер үчүн эмне пайдалуу болду?
«Комментарий дарагы» ыкмасы. Досканын четине дарактын сүрөтү жайгаштырылат. Окуучулар стикерлерге сабак боюнча өз ойлорун, пикирлерин жана сунуштарын жазып, даракка чапташат.
Окуучулардын өзүн-өзү баалоосу:
- «Мен түшүндүм» — «Мен
intжанаfloatтиптеринин айырмасын түшүндүм. Мисалы, 5 — бүтүн сан (int), ал эми 5.0 — бөлчөк сан (float)». - «Мен жарым-жартылай түшүндүм» — «Мен ыйгаруу операторун түшүндүм, бирок
//жана%операторлорун дагы кайталоом керек». - «Мен түшүнгөн жокмун» — «Мага өзгөрмөлөрдүн аттарын тандоо эрежелери кыйын болду».
8. Үй тапшырмасы. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн маалыматтарын Python тилинде өзгөрмөлөргө жазып, экранга чыгаруучу чакан программа түзгүлө. Даяр болгон программаны мугалимге WhatsApp аркылуу жөнөткүлө.
Баалоо критерийлери. Окуучулар топторго бөлүнгөндө алган билеттерине жана сабак учурундагы иш-аракеттерине жараша өздөрүн баалашат. Мугалим алардын тапшырмаларды аткаруусун, коддун тууралыгын, топтук ишке катышуусун жана өз оюн түшүндүрө билүүсүн эске алат.
Күтүлүүчү натыйжалар. Сабактын аягында окуучулар:
- бүтүн жана бөлчөк сандарды айырмалай алышат;
- өзгөрмөлөрдү туура түзүп, аларга маани ыйгара алышат;
- ыйгаруу операторун жана арифметикалык операторлорду колдоно алышат;
- Python тилинде жөнөкөй программаларды түзүп, иштете алышат;
- топто иштөө жана изилдөө жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
Эрматова Айгүл, №57 Арзыбай Өмүрзаков атындагы жалпы билим берүү мектебинин математика жана информатика мугалими, Өзгөн району.