МИСАЛ, МАСЕЛЕ ИШТӨӨ
- 18.09.2023
- 0

Кызжибек Жумабаева,
Бишкек шаарындагы №94 мектептин
Башталгыч класстар мугалими
Предмети: математика
Сабактын темасы: Мисал, маселе иштөө
Сабактын максаттары:
билим берүүчүлүк: мисал, маселе иштөөдө өтүлгөн темаларды эстешет, алган билимдерин бышыкташат.
өнүктүүрүчүлүк: мисал, маселе теңдемелерди иштөө менен ой жүгүртүүгө жана логигалык ой жүгүртүүгө үйрөнүшөт.
1-100 таблицасын колдоонуу менен оозеки эсептөөнү өздөштүрөт.
Өз алдынча иштөөгө машыгышат.
тарбиялык: биргелешип иштөө аркылуу окуучулар, аң сезимдүү, ынтымакттуу болууга тарбияланышат.
Сабактын тиби: билимдерди бышыктоо, билгичтиктерди жана
көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы.
Сабактын формасы: Мелдеш сабагы.
Сабактын жабдылышы: Карточкалар, «1-100таблицасы», ыр.
Сабактын жүрүшү
Уюштуруу:
— Келгиле, балдар, сабактты жагымдуу маанай менен баштап алалы!
Паровоз деген ырды обону менен ырдайлы:
Паровоз гүш-гүш,
Биз вагонго түштүк.
Зуулдап кеттик,
Биз мектепке жеттик.
Ээй, ээй, паровоз!
Кайда шашып барасын?
Айланып өтөлү,
Мектепке келебиз.
Тапшырманы суроо.
— Азаматсыңар, балдар, мектепке жеттик эми сабагыбызды баштайлы.
(тапшырманы карап чыгам)
Бышыктоо:
— Келгиле, балдар, мамычаны кантип чыгарабыз эстейличи, эки орундуу санга эки орундуу санды кошобуз. Бирдиктин астына бирдикти жазабыз, ондуктун астына ондук жазабыз. 5 бирдикке 6 бирдикти кошсок, 11 саны келип чыгат. Бир ондугун эске сактайбыз, бир бирдикти бирдиктин астына жазабыз. 7 ондукка 1 ондукту кошсок, 8 ондук келип чыгат, эске сактаган бир ондукту кошсок, 9 ондук болуп, 91 саны келип чыкты.
Жаңы тема өтүү:
Бүгүн, балдар, мисал, маселе иштейбиз. Үч топко бөлүнөсүңөр. 1-100 таблицасын, карточкаларды пайдаланабыз. (мелдеш-сабагынын программасы менен тааныштырылат).
1.Тааныштыруу.
1-топ Мээрим командасы.
Биздин девиз: Мээримдуу ырайымдуу болууга даярбыз!
2-топ Келечек командасы.
Биздин девиз: Келечек биздин колдо, патриот болууга даярбыз!
3-топ Үмүт командасы:
Биздин девиз: Үмүттөнүп алга карай, умтулуу үчүн даярбыз!
-Азаматсыңар, балдар! Үч топко бөлүнүп алдык, анда эмесе
мелдеш сабагыбызды баштайбыз:
1-суроо: 1-100таблицасын колдонуп, карточкадагы мисалдарды чыгарып, плакаттагы тартылган даракка жообун чаптап турасыңар
1-топ: 8+18 8+28 24-9 …
2-топ: 9+27 11+24 57-6 …
3-топ: 7+19 32+7 28-4 …
Досканы пайдалануу.
2-суроо: Маселе чыгаруу.
(маселенин берилишин окуп, шартын доскага жазып түшүндүрөм)
1-топ 2- топ 3-топ
Болгон — 5 жана 3 сом 1-жоок-20 кг А-8 ст
Сартады — 4 сом 2-жоок — 5 кг га көп? К-2 ст. га аз?
Калды — ? сом Бардыгы — ?кг карт. Бардыгы -? ст. мал.
Тыныгуу: Бир, эки, үч, төрт!
Кыймылдаттык буттарды.
Бир, эки, үч, төрт!
Туурайлы куштарды.
Алагды болбойлу!
Биз сабакты баштайлы.
3-суроо:
Топтун башчылары жарышат. (карточка берилет)
1-топ: 20+8-5 2-топ: 15+7-6 3-топ: 29+7-6
Жыйынтыктоо:
-Балдар, мен суроо берем «Ким тез табат?» оюнун ойнойбуз. Кайсы топ тез тапса ошол топко упай кошулат.
1-суроо: Эгерде Х+15=20 тендеменин биринчи кошулуучусу белгисиз болсо биринчи кошулуучуну кантип табабыз?
Мен азыр баштаймын силер эреже чыгаргыла.
-Эгерде 1чи кошулуучу белгисиз болсо…( улайбыз)
Суммадан экинчи кошулуучуну кемитебиз.
Х+15-20
Х=20-15
Х=5
Текшерүү: 5+15=20
(уч топтун жыйынтыгы чыгарылат)
Бышыктоо:
-Балдар, биз бүгүнкү сабакта эмнени үйрөндүк?
Мындан кийин мисал маселелерди тез-тез чыгарып машыккыла.
Тапшырма берүү: Жадыбалды жаттап, кайталап келгиле.
Баалоо:
Бүгүн бардык балдар жакшы катыштынар. Азаматсыңар!
Комментарийлер