МЕКТЕПКЕ БАЙЛАНГАН ӨМҮР
- 17.07.2023
- 0
Жүрсүн Койлубаева,
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Арып Сыдыкбеков атындагы мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Мектеп… Билгенге ичинде күү-шаа болгон тынымсыз иш процесс, бака-шака балдардын үнү, сабакка чакырган коңгуроо, тынымсыз изденген, убакыттын кандай өткөнүн сезбеген мугалимдер. Билбегенге сабакка кирип чыгып, эч бир кыйналбай, тынч гана иш жүргүзгөн мекеме сыяктуу.
Мен бүгүн эң алыскы аймакта жайгашкан кичинекей, бирок ичинде чоң иштер жасалган мектебим, анда 40 жылдан бери бөбөктөргө “А” тамгасын үйрөтүп келген карапайым кесиптешим тууралуу айткым келди.
Биздин мектеп 1967-жылы курулган экен, эскилиги жеткени менен өзүбүзгө абдан жагымдуу, жылуу, жайлуу сезилет. Айтор жүрөгүбүзгө жакын. Мына ушул мектепке мындан 40 жыл мурун Сыдыкбеков Самаган агай башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолун баштаган.
Адатта башталгыч класстын мугалимин эжейлерди элестетебиз. Самаган агай ошол көнүмүштү бузуп, бөбөктөр менен иштегиси келгенинин да жөнү бар. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей энеси Жумакан эжей өмүр бою башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенди,мына ушул энеден алган таасир агайдын бала менен бала болуп, узак жылдар чыбык минип ойногон тентектерди теске салып, тамга таанытып, калыптанышына себепкер болду.
40 жыл айтканга оңой, бирок бул жыл аралыгында канчалаган түйшүк , бааланып-бааланбаган күндөр, жетише албай жаткан баланы ойлогон уйкусуз түндөр, эч бир эмгек акы албай эле иштеген айлар өттү. Ошондой мезгилде айрым мугалимдер башка иштерге өтө башташты, ал эми Самаган агай “мен иштебесем, сен иштебесең, келечегибиз кандай болот, акча деп атып караңгы муунду пайда кылабызбы?”, — деп принципке туруп, кесиптештеримди да үндөдүм дейт өткөндөгүсүн эскерип.
Мен агайдын эмгегин катарлаш иштеген кесиптеши катары жакындан билем.
Элестетиңиз, анча-мынча сөзгө түшүнбөгөн 30 бөбөктү бир нукка салуу ар бир адамдын эле колунан келе берчү иш эмес. Өзүнүн педагогдук мыкты ыкмасы, балдарга болгон сүйүүсү, мээрими сыйкырдуу күчтөй баарын бир калыпка салып, кадим чоң адамдардай кол көтөрүп сүйлөп, бири-бирине жардамдашып, өз алдынча иштеп жаткандар суктандырат.
Учурда өтө тездик менен өнүгүп жаткан технологиянын заманы. Замандан артта калбай кошо өнүгүү, керек болсо алдыда жүрүү мугалимдин милдети. Бул жаатта да агай башкаларга үлгү болуп, талыкпай изденип, улам жаңы ыкмалардын түрүн өзүнүн сабагында колдонуп, натыйжасын көрүп келет.
Албетте, Самаган агайдын эмгеги бааланып бир нече “Ардак грамоталардын”, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. Ошентсе да агай үчүн ушул кичинекей айылдагы миңдеген бүтүрүүчүлөрүнүн “Саламатсызбы, Агай” деген саламы, айыл элинин баасы баардык сыйлыктан жогору турат. “Агай” деген ардактуу атты алып жүрүү мен үчүн сыймык, эч кандай деле сыйлыкка муктаж эмесмин”, — деп, сыйлыкка көрсөтүүдө өзү каршы турган учурлары да бар. Анда кесиптештер күлкүгө айлантып “агай, кичинекей балдар менен жүрүп, баладай болуп калдыңыз, сыйлыкка жулунгандар канча”, — деп калабыз.
Адамдын эмгеги анын кылган ишинин жыйынтыгынан билинет эмеспи, агай бүтүргөн окуучулар 5-класска келгенде, алардын өз алдынчалуулугун, ойлоп тапкычтыктарын, бир көрүнүштү сахналаштырып жиберген жөндөмдөрүн, мугалим кечигип кирбей жаткан учурда тыптынч сабак даярдап отурушкандыгын, кол жазмаларынын сулуулугун, шарылдатып окугандарын көрүп суктанып да, баа берип да келебиз.
Учурда агай 60 жашка таяп, мурункудай жаштык, шайдооттук жок, басыгы жайлап, портфелин көтөрүп мектеп жакка келатса, кудум Ч.Айтматовдун Дүйшөнүндөй элес калтырат. Карыган кезде унутта калган Дүйшөн агайдай эмес, биздин агайдын жаш муун үчүн кылган ат көтөргүс эмгегин аздыр-көптүр ачып берүүгө аракет кылдым.
Комментарийлер