МАТЕМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫНА ДАЯРДАНУУНУН ЖОЛДОРУ

  • 21.05.2025
  • 0
МАТЕМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫНА ДАЯРДАНУУНУН ЖОЛДОРУ

Курбанбекова Калинса

Кадамжай району

№11 «Исфайрам» орто мектебинин

математика мугалими

Математика –  бул илимдердин падышасы демекчи, бул  акыл-эс, логикалык ой жүгүртүү жана чыгармачылык жөндөмдү талап кылган илим. Бул илимдин терең катмарларына сүңгүү, анын сулуулугун жана логикалык тактыгын түшүнүү – өзгөчө аракетти жана туруктуу эмгекти талап кылат. Математика олимпиадалары окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өрчүтүп, сабырдуулукка, аналитикалык чечим кабыл алууга жана өз алдынча ойлонууга үйрөтөт. Бул макалада мен, математика мугалими катары, окуучуларды олимпиадаларга кандай даярдоого боло турганын, кандай ыкмаларды колдонуу керектигин жана ийгиликтүү болуу үчүн кандай принциптерди кармануу зарылдыгын бөлүшөйүн деп чечтим.

  1. Мотивацияны жана кызыгуу сезимин жаратуу

Математика олимпиадаларына даярдануунун эң биринчи кадамы – бул окуучуда кызыгуу жана мотивация жаратуу. Эгерде бала математиканы жөн гана милдет катары кабыл алып, көңүл кош мамиле кылса, ийгиликке жетүү кыйын болот. Мугалим катары мен ар бир окуучуга математиканын күнүмдүк жашоодо, технологияда, бизнесте, табиятта кандай ролу бар экенин түшүндүрүп берем. Ошондой эле, олимпиадада ийгиликке жеткен жергиликтүү жана дүйнөлүк белгилүү адамдардын мисалын келтирип, баланын ичиндеги шыктанууну ойготууга аракет кылам.

  1. Негизги түшүнүктөрдү бекемдөө

Олимпиадалык тапшырмалар адатта мектеп программасынан бир топ татаалыраак жана терең логикалык түшүнүктү талап кылат. Бирок бул тапшырмаларды аткаруу үчүн баары бир негизги мектеп программасын жакшы түшүнүү зарыл. Ошондуктан, окуучунун арифметика, алгебра, геометрия, теңдемелерди чыгаруу, функцияларды түшүнүү, логикалык ой жүгүртүү сыяктуу негизги билимдерин бекемдөө эң маанилүү. Эгерде ушул негиздер жакшы түшүндүрүлбөсө, андан ары кыйын тапшырмаларды аткаруу мүмкүн болбой калат.

  1. Олимпиадалык тапшырмаларды системалуу түрдө талдоо

Окуучу олимпиадаларда колдонулган тапшырмаларды үйрөнүү менен, бул тапшырмалардын өзгөчөлүктөрүн түшүнө баштайт. Мугалим катары мен окуучулар менен биргеликте өткөн жылдардагы олимпиадалык тапшырмаларды ирети менен талдайм. Ар бир тапшырманы чечкенде төмөнкүдөй кадамдар колдонулат:

Маселенин мазмунун түшүнүү;

Берилген маалыматтарды анализдөө;

Кандай формулалар, ыкмалар колдонуларын аныктоо;

Ар кандай чечүү жолдорун салыштыруу;

Жоопту текшерүү жана жыйынтык чыгаруу.

Бул ыкма окуучуга ой жүгүртүүнүн тактыгына жана сабырдуулукка үйрөтөт.

  1. Жеке пландоо жана өз алдынча иштөө көндүмдөрү

Олимпиадага даярданууда туруктуу режим жана пландоо чоң роль ойнойт. Окуучу күн сайын же белгилүү график менен өз алдынча иштөөнү үйрөнүшү керек. Бул үчүн мугалим окуучуга ылайыктуу деңгээлдеги тапшырмалар топтомун тандап берип, ар апта сайын алдыга койгон максаттарды көзөмөлдөп турушу маанилүү. Өз алдынча иштөө окуучунун жоопкерчилигин жана ишенимин жогорулатат.

  1. Темалар боюнча бөлүп даярдануу

Математика олимпиадаларында берилүүчү маселелер ар түрдүү темаларга байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондуктан даярданууда ар бир теманы өз-өзүнчө бөлүп, терең үйрөнүү керек:

Арифметика жана сандык мыйзамдар – бөлүнүү, калдык, жуп жана так сандар, сандарды болжолдоо.

Алгебра – теңдемелер, теңсиздиктер, көп мүчөлөр, функциялар.

Геометрия – үч бурчтуктар, төрт бурчтуктар, айлана, аянт жана периметр, тригонометриялык маселелер.

Комбинаторика жана логика – эсептөөлөр, варианттар, логикалык маселелер.

Сандар теориясы – бөлүнүү белгилери, эң чоң жалпы бөлүүчү жана эң кичине жалпы бөлүнүүчү эселегич.

Бул темалар боюнча атайын тапшырмалар жыйнактарын колдонуу жана ар бир теманы өзүнчө тереңдетип изилдөө маанилүү.

  1. Жамааттык даярдануу жана олимпиадалык клубдар

Окуучулардын кызыгуусун арттыруунун дагы бир жолу – бул атайын кружокторду же олимпиадалык клубдарды уюштуруу. Бул жерде окуучулар бири-бири менен жарышып, маселелерди чогуу талдап, өз ара билим алмашып, шыктана алышат. Адис катары мен мындай чөйрөдө балдардын кээ бири лидер болуп чыга келерин байкадым, ал эми кээ бирлери бир топко кошулуп, активдүүлүгү артып, жөндөмү ачыла баштайт.

  1. Онлайн ресурстарды жана мобилдик колдонмолорду колдонуу

Заманбап технологияларды колдонуу да даярданууну жеңилдетет. Азыркы учурда олимпиадаларга даярдануу үчүн атайын сайттар, видеосабактар, мобилдик тиркемелер бар. Мен окуучуларга интернеттеги ишенимдүү булактардан тесттерди, тапшырмаларды жана видео түшүндүрмөлөрдү колдонууга кеңеш берем. Мисалы, YouTube каналдарында олимпиадалык деңгээлдеги сабактар жетиштүү. Бул өзгөчө өз алдынча иштөөдө жардам берет.

  1. Психологиялык даярдык

Математика олимпиадасында ийгиликке жетүү үчүн бир гана билим эмес, психологиялык даярдык да өтө маанилүү. Көптөгөн балдар стресс, толкундануу же өзүнө ишенбестиктен улам тапшырманы чече албай калат. Ошондуктан мугалим балдар менен ишенимдүү байланыш түзүп, алардын өзүнө болгон ишенимин арттырууга, жеңиш менен жеңилүүнү тең кабыл алууга үйрөтүшү зарыл. Кээде кичинекей ийгиликтер үчүн да мактоо жана кубаттоо чоң роль ойнойт.

  1. Конкурстарга активдүү катышуу

Математика боюнча ар түрдүү деңгээлдеги сынактар, турнирлер жана тесттер окуучуну дайыма тонусда кармап турат. Бул иш-чаралардын жардамы менен окуучу өз деңгээлин, даярдык абалын жана атаандаштык чөйрөсүн сезе алат. Ошондой эле турмуштук тажрыйба топтойт.

Жыйынтык

Математика олимпиадасына даярдануу – бул узак жана татаал, бирок өтө кызыктуу процесс. Ал окуучунун акылын, тартибин, чыгармачылыгын жана эмгекчилдигин өнүктүрөт. Мугалим катары мен окуучуларыма сабырдуулук, ишеним жана үзгүлтүксүз аракет менен каалаган бийиктикке жетүүгө болорун түшүндүруп келем. Ар бир окуучу уникалдуу, ошондуктан ар бирине ылайыкташкан жеке мамиле менен аларды колдоп, шыктандыруу – бул биздин негизги милдетибиз. Эң негизгиси – балдарга математиканын сулуулугун көрсөтүп, аны сүйүүгө жардам берүү. Аалам  математикадан турары шексиз.

Бөлүшүү

Комментарийлер