“МАНАС ЖАНА АЙТМАТОВ”

  • 14.01.2022
  • 0
“МАНАС ЖАНА АЙТМАТОВ”

Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи

План – сценарийи

Видеопрезентация

Алып баруучу:

Аалам ыйласа анын жүрөгүнөн өтүп,  жашоо муңканса боор эти эзилген, жер бетиндеги бардык макулук заттын тагдырын аруу сезими менен туя билген, ошолордун ичинен дүйнөгө үстөмдүк кылган, эси бар адамзатын адамдыкка чакырык салган, Жер планетасынын ууч-кыйырсыз элине алакандай кыргыздын элибиздин тарыхы менен маданиятынын, рухунун асыл көпүрөөсү катарында тааныткан, ары кеменгер, улуу данышман, көркөм сүрөткер, Адамзаттын устаты, Аалам алпы Ч.Айтматовдун мааракесине арналган : «Кыргызстандын дүйнөгө берген эң мыкты белеги бул — Чыңгыз Айтматов» аттуу адабий кечебизге  куш келипсиздер!

Саламатсыздарбы, урматтуу коноктор, ата-энелер сиздерге арналган кечебизди ачык деп жарыялайбыз!

Чыңгыз Айтматовдун о дүйнө салып, арабыздан кеткенине бир топ жыл өтсө да анын элеси, руху кудум бүгүн да биз менен чогуу жүргөндөй туюлат. Убакыт өткөн сайын ал ак кар, көк муз кетпеген Улуу тоонун чокусундай бийик, барандуу көрүнүп, анын ар бир сөзү өзүнүн улуулугун да, салмагын да, тереңин да, маанисин да кемитпей, мезгилдин эмес, замандардын уюткулуу оюна айланып баратпайбы!

Улуу жазуучунун жашоонун кыскалыгына капа болуп: “Убактым аз, ары-бери жүрүш көп. Бирок, жазууучу табияты ушундай экен, али жазылып бүтө элек чыгармаң өзүңө башкача көрүнөт… Ал жазылып калса жаңылык, жаңы бир үмүт болобу деп ойлойсуң… Чындыгында эле эң мыкты китеп алдыда”, — деп айткан экен.

Чындыгында, улуу жазуучуну бир эле адамзаты эмес, бүткүл аалам жоктоп турган сыяктанат.

Жоктоо номери аткарылат

Жер: Оо, улуу Инсан! Сен менин аруулугумду, кенендигимди, боорукерлигимди, балдарыма, силерге болгон кечиримимди сен гана туюп, сен гана сезип, үнүмдү жеткирип айта алдың эле. Мен силер үчүн түгөнбөстүгүмдү, кенендигимди, баарыңа жетээримди билип, мени аяп, жүзүмө кан төкпөй, асыроо керектигин, Жер эненин муңун жар сала айтпадың беле? Сен кайдасың? Али да болсо, жалпы адамзатка айтаар сөзүм бар эле. Аны сенден башка ким түшүнүп, ким айта алат? Улуу инсан, сен кайдасың?

Карышкыр: Оо, улуу Инсан! Мени бөрү баласы дебей, жырткыч дебей, менин жашоомду, жан дүйнөмдү, өмүрүмдү, сезимимди адам аттуудан сен гана сезип, сен гана туя алдың эле го. Мага да, бөрүлөр -Ташчайнарга да,  жашоо керектигин, менин деле жашоого укугум бардыгын, силерчилеп мен да зыркырап, муңдуу үн салаарымды адамзатка айтпадың беле? Азыр да менде айтаар дартым бар. Муну ким туят? Сен кайдасың? Улуу Инсан?

Бугу эне: Оо, улуу Инсан! Кайберен аттуулардан, мен Бугу энеңдин жомогун баян кылып, баланын аруу жүрөгүнө салып, жаратылышты сактагыла! Кыйбагыла! Коргогула деп, антпесек, эртеңки күнүбүздө тукумсуз калган Орозкулдай жазаланарыбызды туюп, сен айтып, жар салдың эле го! Пенделериң пенделик кылып, дагы да болсо, бизди коргой алышкан жок. Үнүбүздү жеткирчи урпактарыңа! Айтчы дагы жар сала, Сен кайдасың, улуу Инсан!

Гүлсарат:  Оо, улуу Инсан, жылкы аттуунун сезим туюмун туйган, Гулсаратты ааламга тааныткан сен элең го. Асыл тукум жылкы жаныбарынын адам баласына күйүмдүүлүгүн, достугун сен гана жеткире айта алдың эле. Биздин да, адамдар, силер сыяктуу жашообуз, сезим-туюмдарыбыз барлыгын көрөгөчтүк менен байкай алган сен элең! Дагы да биз жөнүндө көп-көп жазчы, айтчы! Сен кайдасың, улуу Инсан?

Түлкү: Оо, улуу Инсан, Бороонду талаасындагы ач түлкүнүн жашоосун аяп, аргасыз шимшип, өлбөстүк үчүн тамак издеп, поезд жолунда жүргөн менин абалымды, көңүл айланткан, жийиркенткен арактын шишесин байкабай жыттап алып, дирт эте бышкыра качканымды, жер дүңгүрөткөн поезд үнүнөн корко чыйрыкканымды сен туя билдиң эле го. Жазчы менин аянычтуу жашоомду, дагы да айтчы, адамдарыңа. Сен кайдасың, улуу Инсан?

Жору: Оо улуу, Инсан. Пенделериңдин каймактаган жашоосун, бири өлүп, бири төрөлүп, ар кимиси өз санаасы менен алпурушкан дүйнөсүн Бийиктиктен күзөткөн, өтөөр-кетээр дүйнөдө, адамча жашап, адамдык улуу сапаттарды татыктуу алып жүрө албаган макулуктарыңды байкап, эмне дээримди билбей, бир эсе аларыңа ачуум келсе, бир эсе аяп жатканымды сен гана билген элең. Дагы да адамдарыңа, урпактарыңа, Ай ааламга жар сала айтчы, “Адам бол”- деп, “Адам бол” деп. Сен кайдасың, улуу Инсан?

  1. “Ата бул -аскалуу тоо, эне -боорундагы булак, бала-койнундагы шам чырак” деген сыңары Айтматовдун чыгармаларындагы үй-бүлө темасы

(Ч.Айтматов өз чыгармалары аркылуу үй-бүлө баалуулуктарын эң мыкты баяндаган улуу акылман)

 Ата – Абуталип (“Кылым карытар бир күн”), эне – Толгонай (“Саманчынын жолу”), бала – Султанмурат (“Эрте келген турналар”)

 “Саманчынын жолу” Толгонай эненин образында

Амансыңбы куттуу талаам?

Аманчылык, келдиңби, Толгонай? Былтыркыдан дагы карый түшүпсүң го. Чачың куудай, колуңда таяк.

Өмүр өтүп жатпайбы, жер -энем, арадан дагы бир жыл өттү.

Ооба, Толгонай, эне болуп, энелик үзүрдүн эң сонун мезгили сен үчүн ошондо башталган. Бирок, байкушум ботолоруң жоготуп далай сыздадың го.

Бул турмуштун сыноосу армансыз кыйнады го.

Башыңды көтөр, Толгонай, кайрат кыл. Сен аялсың, сен энесиң!

Жарайт, жер энем. Кайраттанам, сабыр кылам. Согуштан уулун күткөн, жарын күтүп,  жоготуп боздогон,  эң акыркысы мен болоюн! Ылайым, ылайым, мен сыяктуу темир жолду кучактап какшаган пенде болбосун!

Толгонай, сабыр кыл, жүрөгүңдү токтотуп алчы. Антпе, өзүңдү аясаң боло… Жүрөгүңдүн ар бир сокконун аясаң боло. Сени азапка салган заман  сенден кечирим сурасын. Кечирет белең Толгонай?

Кечирбес элем. Душманымды эзелде кечирбейм. Бирок заманыма кек сактабайм. Антсе да согушта доом көп. Атылган ок, төгүлгөн кан-тарыхтын эсебинде, ал эми адамдардын өмүрүчү? Ал үчүн ким жооп берет?

Мен бүгүн Субанкулду, Касымды, Майсалбекти, Жайнакты, Алиманды эстеген күнүм. Мен сага бүт өмүрүмдү айтып берген күнүм. Мен аларды өлгөнчө унутпаймын. Ал эми күн астында, жер бетинде жашаган бардык адамзатка айтар сөзүм бар. Аны кантип айтам, кантип ар бир кишисине жеткирем?

Ээ асманда жаркыраган  күн, жер кыдырып сен айткын!

Ээ сапар баскан булут, нөшөрлөнө төгүлүп, ар бир тамчың менен сен айткын!

Жер, адам баласын баккан жер, сен, сен, айткын, жан-боордош Жер!

Жок, Толгонай, сен айткын. Сен -адамсың. Сен баарыбыздан бийик, баарыбыздан улуу жаралган жансың, сен айткын, сен-Адамсың!

Кеттиңби, Толгонай?

Кеттим. Кош, аман бол. Өлбөсөм дагы келермин.

“Кылым карытаар бир күн” романынан, репрессияланган Абуталип атанын образында

Абуталип: Илгерки кишилер балдарына мурас калтырушчу. Жакшылыккабы, жамандыккабы, ар кандай мурас калуучу. Эмне үчүн дейсиң?  Себеби  ошол мурас калган мүлк-байлык көбүнесе  арам байлык, башкалардын маңдай теринен куралган, ошол үчүн ал мурастын ичи толтура арамдык, күнөө, адилетсиздик.

Менин калтырар мурасымдын эч кимге зыяны жок. Ал менин гана рухум, менин жазгандарым, акыл жыйнактарым. Башка байлыгым жок. Мен балдарыма ой-санаамдын баарын жазам, качандыр бир кезде балдарымдын пейлинен кайра жаралам. Мен жетпегенге, менин колуман келбегенге  балким, балдарым жетер, колунан келер…

Өмүрүмдөн да кымбат, асылдарым, Зарипа.  Тармал чач уулум -Эрмегим, Дауд.

Мен силерди канчалык жакшы көрүмдү билсеңер экен…Аман болгула …

 “Эрте келген турналар” Султанмурат баланын образында

Ата, атаке, мен сизди сагындым. Ошол күн, ошол кездеги бактылуу мүнөттөрүмдү эч түгөнбөчүдөй сезиптирмин. Дүйнө ушундай кооздуктардан куралган деп ойлоптурмун. Анткени адам жыргал үстүндө ойлонбойт тура. Сен аталардын ичинен эң мыктысы элең.

Эрте менен уктап жатканымда “Султан, тур, тура гой, кеттик” деп, катуу мурутуң жүзүмө тийгенде, көз ачып, сенин элесиң көрүп, балалык эрке кыялым менен сага эркелеп алчу элем.

Ажымуратчы, ал сени башкача жакшы көрөөр эле го. Бүт баарынан сени кызганып, жумушуңа бараарда бутуңан чабылып ыйлап эрчип алар эле. Ал байкушум кечинде,  күн сайын сенин келишиңди дуба кылып, уктап эле ойгонсо бүт баары өзгөрүп кетчүдөй жүрөт.

Ата, эртереек согуш бүтсө Ажымуратың экөөбүз Чабдарга минип, алдыңан тосуп чыгабыз. Сени отургузуп алып, мына менин атам, көрдүңөрбү деп кыйкыраар элем. Ошондо алдыбыздан далбактап чуркап апам жана башкалар келишет эле.

Сен келсең Ажымурат башкача кубанмак, мейли, ата, келчи, сени Ажымуратка эле берейинчи. Мен, жөн гана силердин артыңарда жүрсөм болду. Сен бар кезиңде  мен мартабалуу да, абройлуу да болот экем. Сен жок чарбагыбыз да, үйүбүз да, апам, мен, баарыбыз  бөксөрүп калбадык…

Айтматов өзүнүн чыгармалары аркылуу “үй-бүлө” темасын, анын баалуулуктарын, улуулугун, баа жеткистигин ар кандай каармандары аркылуу таасын бере алды.

  1. Келечек -жаштарыбыз болгон лицейдин окуучулары, биз, ар дайым жазуучунун көркөм китептерин окууга, андагы баалуу асыл сапаттардан тарбия алууга далаалат кылып келебиз. Кезек 7 -классынын окуучуларынын аткаруусундагы “Чынгыз ата” чыгармасында.
  2. Улуу “Манас” дастаны балалыгынан анын дене боюна сиңип, “Манас” аркылуу Айтматов өсүп жетилсе, “Манастын” “Манас” катарында өчпөй жашап кетүүсүнө орду толгус чоң салым кошкон Чынгыз эмеспи.

Саякбай:

-Оой кемпир (бала), бол эми,  самоор асып, чай кайнат. Эттен сал. Тиги Маскөөдөн чоң конок келе жатат. Камданалы. Бол эми батыраак чамда.

Чынгыз:

— Ассалоому алейкум.

С. Ва алейкум ассалоом. Оой, Сени чоң балабы экен десе. Кел эми, келе гой,  балам. Кана эми, өзүңдү тааныштыра отур.

Ч. Менин атым Чынгыз. Масквада жазуучулук окуусунда окуйм. Каникулга чыгып, Манас айтканыңызды угуп, угайын деп, атайын келдим, ава.

С. Мен сени мадыра баш десе, чооң киши турбайсыңбы.

Сүйлөй отур, Маскөөдө не жаңылык?

Ч. Москвада жаштардын бүткүл дүйнөлүк конференциясы болду.

С. Ыым, сен катыштыңбы?

Ч. Жоок, биз жөн эле жардамчы болуп жүрдүк.

С. Үй-бүлөң барбы?

Ч. Ооба, эки уулум бар.

С. Аа жакшы экен.

——

Ч. Ава мен тарыхты көп издедим. Бирок, тарыхтан Манас дегенди укпай койдум. Айтсаңыз, деги Манас өзү болгонбу? Же  кыргыз эли өксүгөндөн улам Манастай баатырды ойлоп чыгарган каарманбы?

С. Болгонбу дегениң эмнеси? Манас барда. Манас болбосо кыргыз элим сакталып калат беле да, мен Манас айта алат белем. Өзүңөр тамгага түшүрүп, 600 миң  сап деп, санап чыктыңар го. Манастын барлыгынан, улуу касиеттин күчүнөн айтыла турган ыр саптар төбөмдөн куюлуп атпайбы.  Ушунча уруш жоодо, Никалайды тактан кууп, басмачы менен алышканда, 41-жылы Маскөөнү коргойм деп керт башын курмандыкка чалмак беле? Ошол опурталдуу күндөрү Панфиловчуларга барып, Манас айтып бербегенимде, көөдөнүнө Манас кирбегенде алсырап калган Маскөөнү алар коргой алмак беле?

——

Ч. Саякбай ава, сиздин үнүңүз, айткан Манасыңыз келечек урпакка эч өчпөсүн десеңиз, бир төгүлө Манасты айтып берсеңиз. Мен анын баарын жаздырып алсак. Элибиздин, маданиятыбыздын элдик байлыгына кошкон салымыңыз болоор эле. Сизден, бизден кийин да уюткулуу улуу чыгармаларыбыз өчпөсүн десек, жазуучу катарында мен да, Манасты жан боюна сиңирген сиз да атуулдук парзыбызды аткарышыбыз керек деген ойдомун. Деги эле, келген жөнүм себеби да ушу болчу…

С. Ээ, балам. Үнүмдү жазам десеңер, Манасты жумурай журт  укса, Кыргыз аттуума түбөлүк калсын десеңер, айтпай кантип калмакмын. Менин колуман келээри ушу болсо, айтайын балам, сен жазгыч экенсиң жазгын, колуңан келээрин жасагын. Мен сага ыраазымын балам. Оомийин, журт үчүн жасаган ишиңден тайбагын, жолуң шыдыр болсун, келечегиң кең болсун, Манасыбыз кыргыз эли барында көп жашасын…

Алып бруучу:

Ч. Айтматов кыргыз жана орус жергесинде гана эмес, бүткүл дүйнөгө, ааламга даң салган, жаңы жол ачкан улуу устат, улуу инсан боюнча калды».

Биз, акыркы жылда Манасты жаратып, улут болуп сакталып калсак, соңку 100 жылда Айтматов аркылуу дүйнөгө таанылдык.

Кыргыздын жери керемет. …Тарыхы керемет. …Тоосу керемет. …Суусу керемет. …Манасы менен Айтматову керемет. Ушул кереметтерди бийик тутуп Айтматов менен Манасты окуган сайын улам арууланып, кыргыз экенибизге моокубуз канбай, улуттук намысты туу кылып өмүр көчүн улай берели, ардактуу мекендештер.

 

 Сценарийди түзгөн: Маматиллаева Чынара

 

Ч.Айтматов «Ак кеме» повести

Ч.Айтматов лицейинде ата-энелер үчүн өткөрүлгөн китеп окуу таймашына карата Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестинен түзүлгөн тест суроолор

 Бирөөдөн кагуу жеп таарынганда, же кусалык көкүрөгүнө толгондо эч кимге көрүнбөй ыйлагысы келип____________ арасына кирип кетет.

Баланын досторунун ичинен өзгөчөсүн калтырылып кеткен боштуктун ордуна коюңуз.

А) “Таңке таш”

б)  “Ээр -Таш”

в)  чырмоок чөбү

г) шыралжындын түбү

 

Өзү курдуу карылар жеткен сый-урматка жетпеди.

Бул сүйлөмдө кайсы  каарман  тууралуу сөз  болуп жатат.

А) Сейдакмат

б) Момун чал

в) Көкөтөй

г) Орозкул

 

Өзү курдуу карылар жеткен сый урматка жете албашынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

А)  турмуш  жакшыларды баалабайт

б) адам өз тагдырын өзү жаратат

В) ашкере ак көңүлдүүлүктүн айынан

г) талаайы жоктун кадыры жок

 

Таенесинин жаагын жанып, каргап-шилешинин себеби кандай болушу мүмкүн?

А) тагдырдын катаал соккусунан улам

б) табиятынан корс жаралган аял

В) Момун чалдын жооштугунан улам

г) картайганда ачуулуу каарыган аял

 

“Арбагы качкан жезкемпир, сен өзүңчү?  Өзүң канча кызды күйөөгө узатып, канча уулду эр жеткирип, убайын көрүп отурасың? Өзүң кимсиң?, ыя? Билесиңби ошону!…” ким кимге карата айткан сөзү?

А) Бекейдин таенесине

б) таененин Бекейге

в) Гүлжамалдын Бекейге

г) Гүлжамалдын таенесине

 

Автор Баланын оор тагдырынан улам эмне айткысы келет?

А) ажырашуунун кесепетинин баланын жашоосундагы таасирин

Б) Баланын ата-энесине болгон сагыныч кусалыгын

В) балага күйбөгөн ата-энелердин образын

Г) жашоодо ар кандай тагдырлардын болоорун

 

“Бөрү баласы ит болбойт, бөтөн бала өз болбойт, алдагы жетимиңи канчалык бөпөлөбөгүн  кийин сага жакшылык арттырбайт”-деп келет. Ошерде бөтөн мен бекем, ата, ыя? —Баланын көөдөнүндөгү өзү тууралуу кеп болгон  суроосун кимге узатат?

А) таенесинен

б) тай эжесинен

в) таятасынан

г) өзү билбеген атасынан

 

Таятанын балага берген  этнопедагогикасынын мазмуну эмнеде эле?

А) кызыктуу жомокторду айтып берген

б) элдик баалуулуктарды баланын кан жанына сиңирген

в) элпек кылып тарбиялаган

г) баланын ой жүгүртүүсүн өстүргөн

 

Орозкулдун туяксыз калуусунун купуя сыры эмнеден болушу мүмкүн?

А) табият ага бала ыраа көрбөгөн

б) Бекейдин согончогу канабаган

В) табиятка кыянат кылуусунан

г) Орозкулдун катуу мүнөзүнөн

 

Бала атасына жолугуп, анын менен андан аркы жашоосун кантип элестетет?

А) атасы менен өткөргөн бактылуу жашоосун

б) атасынын мээримине бөлөнүп эркелешин

В) анын балдары менен чогуу жашап калуусун

г) атасын ээрчибей эле коюшун туура дейт

 

Баланын казак шоферу менен болгон маегиндеги: “Атам айтат: “адамдар ата-тегин унутса, бузулуп кетет. Алар арам иштен  жийиркенбей, жакшылык кылбай калат”-дейт”- бул фразада берилген идея

А) ата-салтты сактоо керектигин

б)  жети атасын жатка айтуу керектигин

В) адамзаттагы маңкурттуктун элементтери камтып баратканын

Г) жөн гана чыгарманын көрктүүлүгүн арттыруучу элемент катары

 

“Ол караңгы, мадениетсиз киси гой— бул сөздүн авторунун адамдык касиетине баа бериңиз?

А) кара курсактын айынан жүргөн казак солдаты

Б) идеологиянын буйругун аткарган, маданияттуу маңкурттар

В) азыркы заманга шайкеш келген интелект инсан

Г) заманбап жашоодогу кат тааныган кызматкер

 

Бала жүрөгү … ___________________ . Баланын  балык болуп сууга сүзүп кеттишинин себеби.

А) эне- атасына болгон кусалык сагынычтан

б) таятасынын оор тагдырына жүрөгү ооруп

В) жомогунун аягы чыкпай калгандыктан

г) кыянатчылык менен арамдыкты көтөрө албады

Жооптор:

  1. г
  2. б
  3. в
  4. а
  5. а
  6. а
  7. г

8.б

  1. в

10.г

  1. в
  2. б
  3. г

Тестти түзгөн: Маматиллаева Чынара

Бөлүшүү

Комментарийлер