КЫЗЫКТУУ ИНФОРМАТИКА

  • 30.03.2026
  • 0
КЫЗЫКТУУ ИНФОРМАТИКА

“Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгына арналган таймашыбызды

баштоого уруксат этиңиздер.

Анда эмесе 9-класстарынын окуучуларынан түзүлгөн “Google” командасын

жана ага атаандаш “Антивирус” командасын тосуп алалы.

Командаларды чүчү кулак аркылуу ким биринчи экенин аныктап алабыз.

Алдыңыздарда топтор мыкты даярдыктар менен ат салышканы келип

олтурушат анда “Кызыктуу информатика” аттуу таймашыбыздын жүрүшү

менен таанышып алалы:

  1. Саламдашуу (Эмблема коргоо)
  2. Декламация (Илим, техника, өндүрүш жөнүндө)
  3. Суроо-жооп
  4. Сүрөт, макет
  5. Жаңылмачтар
  6. Акыйнек
  7. Анограмма

Майрам күндүн шарапатын билдирип,

Шаңдуу-шаңдуу үндөр чыксын жаңырып.

Кана эмесе өтүп жаткан КВНге,

Баалай турган калыстарды чакырып.

Окуучуну артык көрүп балаңдан,

Окуучулар такыр чыкпайт санааңдан.

Ызат тапкын, урмат тапкын эң бийик,

Адамзатка билим берген калааңдан

демекчи, алдыңыздарда кара кылды как жарган калыстар тобунун

төрайымы, мектеп директору Орозбаева Тиллакан Тургунбаевна

 

Тактап күндө тарбиялык планын,

Так-так иштеп келетат деп угамын.

Окуучунун келди кетти текшерип,

Жыйынтыгын чыгарат деп жуманын.

 

Мектептин уюштуруучусу, калыстар тобунун мүчөсү Мырзахмедова Айгүл

Мектеп, сабак, окуучу деп жанасын,

Өйдө көрүп өзгөлөрдүн баласын.

Арттырам деп сабактардын сапатын,

Мыкты мыкты усулдарды табасың

 

Калыстар тобунун мүчөсү, “Илим” усулдук бирикмесинин жетекчиси Апсаматова

Дилфуза 

Мүнөзү салмак ачык көңүл бул адам,

Так болсун сандарга дайым деп айткан.

Таңшып турат сабагында булбулдай,

Билим берет окуучуга чарчабай.

 

Комиссия мүчөсү, математика мугалими Арзыкулова Зыйнат 

Аалам сырын сабагыңда тактадың,

Окуучуңду жооп бергенде мактадың.

Түркүн түрдүү сабак жолун түзөсүз,

Үйдү унутуп сабагым деп жүрөсүз.

 

Эсептөө комиссиясы: Калбаева Миргүл 

Оо калайык,калың журт,

Саламдашуу салт экен.

Эң биринчи саламдашуу,

Бул майрамдын шарты экен.

Кезек саламдашууда.

Саламдашуу айтышат.

 

Саламдашуу боюнча “Gооgle” командасына койгон бааңыздар, андан соң

“Антивирус” командасына койгон бааңыздар.

 

Кезектеги 2-конкурсубуз декламация

Илим, техника жана өндүрүш жөнүндө декламация айтышат.

Анда эмесе калыстар тобуна сөз учугун берели “Google” командасына койгон

бааңыздар, андан соң “Антивирус” командасына койгон бааңыздар.

3-конкурсубуз суроо-жооп

  1. 1 байт канча битке барабар? (8 бит)
  2. Алгоритм термини кайсы окумуштуунун ысымы менен байланышкан? (Ал-Хорезм)
  3. Барактагы маалыматты эмне аркылуу киргизебиз? (Сканер)
  4. Компьютер термини эмнени түшүндүрөт? (Эсептегич)
  5. Көбөйгөнгө жөндөмдүү жана башка программаларды бузуучу атайынжасалган программа? (Вирус)
  6. Информацияны автоматтык түрдө иштеп чыгуучу универсалдуу каражат?(компьютер)
  7. Компьютердик графиканын түрлөрү? (растрдык, вектордук, фракталдык)
  8. Бир обьект өзүн-өзү кайталаган процесс эмне деп аталат? (рекурсия)
  9. Илимий фантастиканын автору ким? (Айзек Азимов)
  10. Графикалык маалыматты коддоо кайсыл 3 түстүн айкалышан түзүлөт?
  11. (кызыл, жашыл, көк)

Суроо жоопко “Google” командасына койгон бааңыздар, андан соң “Антивирус” командасына койгон бааңыздар.

Окуп билип алга карай баратам,

Келечекте көп нерсени жаратам.

Аман болсом кыргызымдын атагын,

Ант беремин бүт дүйнөгө таанытам

деп чамданып турган балдарыбыздын 4-конкурсуна көңүл буралы.

4-конкурс

Окуучулардын шыгына жараша жумалыкка жана Президентибиздин жарлыгына ылайык улуттук нарктуулукка байланыштуу кыргыз элинин боз үйүнүн макетин жасоо.

Назарыңыздарда “Кыргызымдын жигиттери” аттуу хор.

Макет жасоо боюнча “Google” командасына койгон бааңыздар, андан соң “Антивирус” командасына койгон бааңыздар.

5-конкурс

Окуучулардын жаңылмач айтуу чеберчилигине көңүл бурабыз.

Эки команда жаңылмач айтышат.

Жаңылмач айтууга “Google” командасына койгон бааңыздар, андан соң “Антивирус” командасына койгон бааңыздар.

Акыйнек ырын ырдашуу

Абалтан кыргыз салты экен

Акыйнек ырын улантуу

Атабыз кыргыз наркы экен

Кана эмесе командаларды

6-конкурсубузга чакыралы

Окуучулар акыйнек айтышат

Акыйнек айтуу боюнча “Google” командасына койгон бааңыздар, андан соң “Антивирус” командасына койгон бааңыздар.

7-конкурсубуз анограмма, мында чачылган тамгалардан информатика сабагына байланыштуу сөздөрдү кайсы команда көп табат.

Анаграмма боюнча “Google” командасына койгон бааңыздар, андан соң “Антивирус” командасына койгон бааңыздар.

Жалпы эсеп менен жеңүүчү команданы сыйлап коелу.

Силер дагы да убакытты туура пайдаланганды, оюңарды туура жана так билгизгенди, ыкчам ойлонгонду үйрөндүңөр. Азаматсыңар баарыңар! Ушуну менен бүгүнкү “Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгына арналган “Кызыктуу информатика” аттуу конкурс-кечебизди жабык деп жарыялоого уруксат этиңиздер.КЫЗЫКТУУ ИНФОРМАТИКА

Түзгөн информатика мугалимдери: Абдилла Каныкей жана Джумабаева  Карима

Бөлүшүү

Комментарийлер