КУРГАКТЫКТАГЫ КӨЛДӨР

  • 31.03.2026
  • 0
КУРГАКТЫКТАГЫ КӨЛДӨР

Класс: 6-класс
Сабактын түрү: Жаңы билимди өздөштүрүү
Окутуу модели:

Сабактын максаты:

Окуучулар:

  • көл деген түшүнүктү билишет;
  • кургактыктагы көлдөрдүн пайда болуу жолдорун жана түрлөрүн ажырата алышат;
  • дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы ири көлдөрдү картадан көрсөтө алышат.

Күтүлүүчү натыйжалар:

Окуучу:

  • көлдөрдүн негизги белгилерин түшүндүрөт;
  •  туздуу жана тузсуз  көлдөрдү салыштырат, анализдейт
  • көлдөрдүн жаратылыштагы жана адам жашоосундагы маанисин баалайт.

Керектелүүчү каражаттар:

  • Дүйнө картасы, Кыргызстан картасы
  • Сүрөттөр (Ысык-Көл, Байкал, Каспий ж.б.)
  • Окуу китеби
  • Маркерлер, флипчарт, интерактивдүү панель.

Сабакты  жагымдуу маанай менен баштоо.

Презентацияда көрсөтүлөт.

Мекенчилдик → колду жүрөккө коюу

Салт-санаа → башты ийкөө

Кыймылдуу кол эмгеги → колду чабуу

Мээрим жана достук → эки колду кысып өйдө көтөрүү

Мисал суроолор:

  • “Элди сүйүү кайсы баалуулукту көрсөтөт?” → Мекенчилдик
  • “каада- салтты сактоо кандай кыймыл?” → Салт-санаа
  • “Досторго жардам берүү кайсы кыймыл?” → Мээрим жана достук
  • Ордо ойноо — → колду иштете жасалган иш кыймылы

Эреже:

  • Туура жоопто белгиленген кыймылды жасайбыз
  • Ката болсо, кайра ойлонобуз
  • Кана, анда суроолорго жооп берели жана активдүү катышалы ээ.

“Эли-жерин сүйүү кайсы баалуулукту көрсөтөт?”

“Ата- бабадан калган салтты сактоо кандай кыймыл?”

“Досторго жардам берүү кайсы кыймыл?”

“Жаратылышты сактоо кайсы кыймыл?”

“Ак илбирсти коргоо кайсы кыймыл?”

“Ысык-Көлдү коргоо?”

  • Баардык жооптор кол чабуу менен бекемделет.

Жыйынтык:
Мугалим: “Силер туура кыймылдап, улуттук баалуулукту эстеп жатасыңар! Эми сабагыбызды баштайлы.”

“Улуттук дем, уңгужол -дүйнөлүк бийиктик” слайд көрсөтүлөт.

“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу — бул өлкөнүн президенти Садыр Жапаров тарабынан 2024-жылдын 18-декабрында кабыл алынган идеологиялык доктрина кабыл алынгандыгын белгилөө.

Бүгүн мен тамчы менен баалоону чечтим. «Билим – бул тамчыдай, бир аздан жыйналып, чоң деңизге айланат. Ар бир күнү алган билимиң, ар бир жаңы түшүнүгүң, бүгүнкү аракетиң- келечекте чоң ийгиликтерге алып келет. Тамчы, тамчыдан деңизди толтургандай, кичинекей билимиң чоң күчкө айланат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө билим алуу жолу ар бириңер үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Эч качан токтобо, ар бир тамчыны баала, ар бир тамчы чоң күчкө ээ. Алар сени алдыга алып барат.»

Ар бир туура жооп тамчы менен бааланат, биринчи үч туура жооп болгондо “Билим кемеси”берилет.Анан ар бир үч тамчы чогулганда,  кийинки суу мейкиндигине өтөт.

Мисалы: “Билим булагы”, “билим дарыясы”, “билим деңизи”,”билим океаны”

     Классты топторго бөлүү

Боз үйлөр аркылуу бөлүү.

   Өтүлгөн теманы кайталоо

Оюн: “Дарыянын төрт бөлүгү”

Максаты: Дарыянын бөлүктөрүн жана өзгөчөлүктөрүн эс     тутумга бекемдөө

Окуучуларды кыймыл аркылуу теманы кайталоо жана топто иштөөгө үйрөтүү

Топтор жана тапшырмалар:

Топтор берилген суроого кыймыл аркылуу түшүндүрүп берет.

  • Дарыянын башталышы:

Дарыя кайдан башталат? (мөңгүлөр, булактар ж.б.у.с.)

Колду бийик    көтөрүп, башталышты көрсөтүү. Тоонун чокусу жана андагы мөңгүдөн башталаарын көрсөтүп беришет.

  • Орто агым:

Дарыя кандай жол менен агат, кайсы жерлерден өтөт?

Колду алдыга жылдырып, суу агып жаткандай кыймыл менен көрсөтүү.

Тоо ылдый тез жана күргүштөп агаарын ал эми түздүктөн жай жана мелмилдеп агарын айтып, рельеф баса белгилешет

  • Дарыялар кайда куят? Биздин шартта (ички континенталдык өлкө) көлгө же суу сактагычтарга куярын белгилешет.

Көлдөр жана суу сактагычтар.Колду тегиз жайып, жаңы тармакты түзгөндү көрсөтүү. Дельта формасын көрсөтүү. Ушу жерде шаркыратманы да белгилеп өтөбүз. Тик жерден да дарыя агып түшсө эмне болоорун жана Барскоон шаркыратмасын айтышат.

4       Колду жайып, акырын төмөн түшүрүп “көлгө кошулду” деп ишарат кылуу

Жүрүшү:

Ар бир топ өз ролун алат.

Мугалим суроо берет: “Башталыш кайда?” → 1-топ кыймылды жасайт.

Андан кийин 2-топ, 3-топ, 4-топ кезектешип жооп берет.

Туура жоопко кол чабуу, ката болсо кайра ойлонуу.

Мисал суроолор:

“Дарыянын башталышы кайда болот?” → 1-топ

“Орто агымда дарыя кандай болот?” → 2-топ

“Шаркыратма   же суу сактагыч кандай?” → 3-топ

“Дарыя кайда куят?” → 4-топ

Жыйынтык:

Мугалим: “Силер дарыянын башталышынан акырын океанга кошулганга чейин бардык этаптарын көрсөттүңөр! Балдар, кана ойлонуп көргүлөчү кийинки тема эмне болушу мүмкүн деп ойлосуңар? Окуучулар ойлорун айтышат.

 Сабактын жүрүшү: Жаңы билимди өздөштүрүү.

  1. Кызыктыруу.
  • Мугалим көлдөрдүн сүрөттөрүн көрсөтөт.
  • Суроолор:  Бул сүрөттөрдө эмнелерди көрүп жатасыңар?

Көл менен деңиздин айырмасы эмнеде деп ойлойсуңар?

Сабактын темасы эмне деп ойлойсуңар?

Сабактын  максаты жана күтүлүүчү натыйжа  айтылат.

  1. Изилдөө (10 мүнөт)

Ар бир топко тапшырма:

    • 1-топ: Көл деген эмне?
    • 2-топ: Көлдөрдүн пайда болуу жолдору
    • 3-топ: Тузсуз жана туздуу көлдөр
    • 4-топ: Кыргызстандагы көлдөр

Китеп жана карта менен иштешет.

  1. Түшүндүрүү

Топтор өз иштерин түшүндүрөт. Мугалим баалайт жана толуктайт.

Кургактыктагы көлдөр 5 минуталык видео көрсөтүлөт. Окуучулар тема боюнча терең маалымат алышат.

Мугалим жыйынтыктайт жана мисалдар менен бекемдейт (Ысык-Көл, Байкал,Каспий).

  1. Алган билимин тереңдетүү (10 мүнөт)

1-топ. Салыштыруу тапшырмасы:

Ысык-Көл менен Байкалды салыштыруу (өлчөмү, суусу, жайгашуусу).

2-топ “Көл соолуса  эмне болот?”- деген суроо боюнча кыска талкуу.

3-топ   Ысык-Көлдүн экологиялык маанисине көңүл буруу.

4-топ  Каспий менен Ысык-Көлдү салыштырат.

Окуучулар доскада жактап беришет. Мугалим толуктайт жана баалайт.

  1. Баалоо (10 мүнөт)

Баалоо үчүн Боз үй шаблонуна суроолор катылат. Топтор жооп беришет. Убакыт эске        алынат. Дүйнөнүн жана Кыргызстандын физикалык карталарынан көлдөрдү аныктоо да суроодо бар.

Балдар,бүгүн силердин ар бириңердин жообуңар билимдин баалуу тамчысы болду. Ал тамчылар биригип, терең билим океанын түздү. Билим- силердин келечегиңердин негизи, ошондуктан ушундай аракетти дайыма уланткыла.

Жыйынтыктоо:

Кургактыктагы көлдөр — жер бетиндеги табигый ойдуңдарда топтолгон суулар. Алар туздуу же тузсуз болуп, көлөмү жана тереңдиги боюнча ар түрдүү келет. Көлдөр жаратылыштын маанилүү бөлүгү болуп, суу запасын сактайт, жаныбарлар менен өсүмдүктөргө жашоо чөйрөсүн түзөт жана адамдар үчүн чоң пайда алып келет.

Үй тапшырмасы

  • Кыргызстандагы бир көл тууралуу чакан маалымат жазуу.
  • Контур картага ири көлдөрдү белгилөө.КУРГАКТЫКТАГЫ КӨЛДӨР

Атакозуева Вадига Армияевна

Бөлүшүү

Комментарийлер