«КИМ ЛИДЕР БОЛОТ?»
- 11.02.2025
- 0

(физика акыл таймашы, 7-11-класс)
Максаты: Окуучулардын физика боюнча түшүнүктөрүн, билимдерин калыптандыруу, таанып билүү жөндөмдүлүүктөрүн арттыруу жана логикалык ой-жүгүртүүлөрүн өстүрүү.
Таймаштын жүрүшү: 1-баскыч алдын ала ар бир класстан катышуучулар катталат уюштуруучуларга (көп санда). 2-баскыч: Таймаш оюн. Таймаш жалпы 2 бөлүм 25 суроодон турат. Калыстар тобу тарабынан ар бир туура жоопко 1 балл берилет. Эң көп балл топтогон окуучу жеңүүчү болот.
Бөлүмдөр: 1. Аралаш суроолор 2. Физикалык табышмактар
Жыйынтыктоо: Калыстар тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, диплом жана белектер берилет. Жалпы катышуучуларга жакшы ой-пикирлер айтылат.
Класстар арасында өткөрүлүүчү «Ким лидер болот?» физика акыл таймашы.
- Аралаш суроолор.
- Жарык бөлмөдө эмнени көрүүгө болбойт?
- Микробдорду кайсыл куралдын жардамында көрсөк болот?
- Температураны өлчөгөн курал эмне деп аталат?
- Бизди курчап тургандардын баарын эмне деп атайбыз?
- 5. Жердин кичирейтилген формасы эмне?
- Жаратылышта үч абалда кездешкен суюктук эмне?
- Нерселердин өлчөмдөрү ысыганда жана муздаганда эмне болот?
- 8. Узуну да, туурасы да, тереңдиги да жок. Бирок өлчөөгө болот. Ал эмне?
- Эгерде “кар кишиге” тон кийгизсе, кар киши эрийби?
- Айзат бадыраң салынган идишке туздун ысык жана муздак эритмесин куйду. Кайсы эритмени куйган учурда бадыраң тезирээк туздалат?
- Эгерде кайнатылган сүт айнып калбасын десеңиз, ага анда 1 кашык ушул нерсени кошуп койсо болот. Ал эмне?
- Темирден катуу, талкаланат жана сынат, бул эмне?
- Адам денесиндеги эң күчтүү насос эмне?
- Көк айнек аркылуу кызыл кездемени караганда, ал кандай түстө болуп көрүнөт?
- Эмне үчүн суук күндөрдө көп айбандар бүктөлүп алып укташат?
Физикалык табышмактар
- Бурганына көнбөгөн,
Жалгыз багыт билгени.
Өзү бирок көрбөйт да,
Жол көрсөтөт дүйнөгө.
- Таңында бар түштө жок,
Тагынышып мол мончок.
Күн чыкканда жаш төгөт,
Учуп кетет бууга окшоп.
- Көзгө көрүнбөс нерсе,
Зым менен чуркайт.
Адам баласы аны,
Каалаган ишине жумшайт.
- Буту темирден жасалган,
Электрден күч алган.
Тепсесе кийим кечени,
Көркүнө чыгып жаңырган.
- Эки булут жакындап,
Сүзүшпөсө не болот.
Алар алган заряддан,
Тарс жарылып күйөт от.
- Асфальтталган жолу бар,
Өйдө созгон колу бар.
Тарткан зымды бек кармап,
Жүрөт дайым. Эмне ал?
- Металлдардын ичинде жүгүрүшкөн,
Ток булагы кошулса чынжыр менен.
Зарядга, эң кичине массага ээ,
Кайсы бөлүкчө экенин айтчы кенен.
- Абадагы кош жолу,
Кабар берип иш кылат.
Алыскыны заматта,
Сүйлөштүрүп тындырат.
- Күн дебей, түн дебей,
Үйдүн чатырында турушат.
Ал аркылуу адамдар,
Көрчүсүн көрүп, укчусун угушат.
- Эки тууган термелди,
Бир-бирине тең келди.
Залкарбек Юсупали уулу, ОшМУнун “Билим” мектеп-лицейинин физика предмети мугалими
Комментарийлер