ОКУУЧУЛАРДЫ IT ТЕХНОЛОГИЯ МЕНЕН ТААНЫШТЫРУУ

  • 24.04.2024
  • 0
ОКУУЧУЛАРДЫ IT ТЕХНОЛОГИЯ МЕНЕН ТААНЫШТЫРУУ

Токтогулова Атыркүл, информатика мугалими

Бишкектеги  №40 жалпы билим берүү орто мектеби

Башталгыч мектеп – бул билим берүүнүн пайдубалы түптөлгөн мезгил, ошондуктан бул мезгилде окуучулар келечекте бүткүл окуу процесси курула турган бекем билим базасын алышы керек. Азыркы учурда 1-класстан 11-класска чейинки баардык  окуучу балдардын окууга көңүлү жок, себеби  алардын оюн Tik Tok, YouTube жана реалдуулукка дал келбеген  видеолор  психологиясын бузууда.  Эртеңки келечек  муундарды, цивизилизацияга чакырып, өз жаштарыбызды   өзүбүз колдоп, билим берип туура жол көрсөтүп албасак кеч болуп калат. Байкасаңыздар, акыркы жылдары  IT технологиясы кандай өнүгүүдө, керек болсо, ушул тармакта эмгектенген адистер да окуп жетишпей жатышат. Ал эми жаштарыбыз болсо аны байкаган да жок, андыктан  ата-энелер менен бирге балдарыбызды билимге  үндөө мезгил талабы.

Билим кана адамдын келечегин кең кыла алат.  Мектепте өтүлүп жаткан ар бир сабакты жеткиликтүү, эң негизгиси натыйжа бере тургандай даярдоо мезгил талабы. Ушул багытта биздин мектепте жетекчибиз   Орозонова Карлыгач  тарабынан көптөгөн иштер жасалып келет. Ал жетектеген акыркы үч жылда мектептин материалдык базасасы кыйла жакшырып, интерактивдүү  панелдер, мультимедиялык каражаттар  коюлуп, кабинеттер заман талабына ылайык жасалгаланып, ар бир мугалимдин иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлгөн.

Ошондой эле жетекчи өзү мыкты уюштуруучу болуу менен бирге мугалимдерге өзгөчө талапты  кое билгени анын эң негизги артыкчылыгы. Ушундай мыкты коллективде чыгармачылык бай тажрыйбага ээ, заманбап методикага умтулган, өз ишининен оң натыйжаларын көрсөткөн  мугалимдерибиз арбын. Мисалы,  “Жыл Мугалими 2024” райондук сынагынан катышкан башталгыч класс мугалими Мыктыбек кызы Жаңылай биринчи орунду ээледи.

Эми алдыда шаардык сынакта да биринчи орунду багынтат деп ишенебиз. Буга чейин ушул эле “Жыл мугалими 2023” сынагында кыргыз тили мугалими  Туратбекова Жылдыз, “Жыл мугалими 2022” башталгыч класс мугалими   Аманбаева Гүлкайыр райондо биринчи орунду багындырышты. Андан сырткары окуучулар олимпидаларга катышып байгелүү орундарды  багындырып келишет.

ОКУУЧУЛАРДЫ IT ТЕХНОЛОГИЯ МЕНЕН ТААНЫШТЫРУУ

Бүгүнкү күндө заман талабына ылайык, биздин мектепте, анын ичинде башталгыч класстарда окутуу илиминин алдында эң маанилүү милдеттер коюлуп жатат. Алардын негизгилери: окуучулардын ой жүгүртүүсүн, ойлонуу логикасын, билим алуу активдүүлүгүн калыптандыруу, окутуунун жаңы ыкмаларын, жолдорун иштеп чыгуу, сабак өтүүнүн илимий жана методикалык деңгээлин жогорулатуу сыяктуу негизги милдеттер турат.

Бул милдеттерди ишке ашырууда башталгыч класстарда окутуунун мазмунун, методдорун, окутуунун каражаттарын азыркы талаптарга ылайык иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыгат. Мектептин кенже класстарынын окуучуларын окутууда заманбап технологияны колдонуу,  өзгөчө ар бир сабакты  атайын оюндар  аркылуу уюштуруу. Биздин интенсив окуучуларга оюн жана чыгармачылык аркылуу  ой жүгүртүүнү  өнүктүрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берүү.  Биздин мектепте уюштурулган кошумча  билим берүү курсунун негизинде  башталгыч класста компьютердик сабаттуулук, IT технологиялар  ийримдери иштейт.

Компьютердик сабаттуулук (англ. Computer literacy) — компьютер жана ага байланышкан технологияларды билүү жана аларды эффективдүү колдоно алууну билдирет. б.а. жеке компьютерде иштөө жөнүндөгү минималдык билимге жана тажрыйбага ээ болуу.

IT деген эмне?  Келиңиз, алгач айти тармагын түшүндүрө кетейин. Айти англис тилиндеги Information Technology (маалыматтык технология) деген сөздөрдүн баш тамгаларынан турат.

IT — бул илимби же бизнеспи? ЮНЕСКО берген аныктамага таянсак, маалыматтык технологиялар же эл арасындагы аталышы менен айти — бул маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоого тиешелүү иш-аракеттерди уюштуруучу ыкмаларды изилдеген дисциплиналардын (технологиялык, илимий же инженердик изилдөөлөр) топтому. Жөнөкөй сөздөр менен айтканда? компьютер (же башка технологиялар) жана интернеттин жардамы менен маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо десек болот.

Биздин жасай турган иштерибиз бийик максаттарыбыз али да өтө көп. Мен мектептин информатика мугалими катары окуучуларды  ар кандай жаңы платформалар менен тааныштырып, мамлекеттик  стандарттын негизинде жана өзүмдүн жеке чыгармачылык тажрыйбамды колдонуп келатам. Райондук деңгээлдеги   сынактарда окуучулар доолбордук иштер  менен катышууда.  Ошондой мектеп ичинде  мугалимдердин компьютердик сабаттулугун арттырууда мастер класстарды уюштуруп келем.

ОКУУЧУЛАРДЫ IT ТЕХНОЛОГИЯ МЕНЕН ТААНЫШТЫРУУ

Информатика сабагынан компьютердик сабаттуулук ийриминин планы, 2024-25 окуу жылы

Мындан сырткары, 3-4 класстын окуучулары Scratch визуалдык сүрөттөрдүн жардамы менен түздөн-түз анимацияларды жана тасмаларды түзүүгө мүмкүндүк берген программалоо тили менен тааныша алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер