БИШКЕКТЕГИ АЗИЗ ЖАНА НАЧАР КӨРГӨН БАЛДАРДЫН ЖАТАК-МЕКТЕБИ ТЕКШЕРИЛДИ

  • 29.04.2026
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 27-28-апрель күндөрү Агартуу министрлиги Бишкек шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан азиз жана начар көргөн балдардын жатак-мектебине атайын текшерүү менен барды. Текшерүүнүн башкы максаты — ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн түзүлгөн шарттардын реалдуу абалын билүү.

Текшерүү тобу мектеп турмушунун ар бир кадамын — тамак-аштан баштап, мугалимдердин кесипкөйлүгүнө чейин деталдуу карап чыгышты:

  • Бала өзүн коопсуз сезеби? Анын сапаттуу билим алуу укугу иш жүзүндө кандай корголуп жатат?
  • Ашканадагы тамактын даамы жана пайдалуулугу эле эмес, анын калориялуулугу, азыктардын жаңылыгы жана санитардык талаптардын сакталышы катуу көзөмөлгө алынды. Мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын бар-жоктугуна чейин текшерилди.
  • Балдар уктаган бөлмөлөр, жуунуучу жайлар тазабы? Өзгөчө көрүүсү начар балдар үчүн мектептин ичи-тышы коопсуз жана жеткиликтүүбү?
  • Мектепте тиешелүү квалификациядагы мугалимдер жетиштүүбү жана алар өз билимдерин такай жогорулатып турабы?

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым кемчиликтер жана мыйзам бузуулар аныкталды. Учурда Министрлик бул маселелерди тез арада чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.

Аталган жатак-мектептин иши мындан ары Министрликтин өзгөчө жана катуу көзөмөлүндө болот. Ар бир бала татыктуу шартта билим алып, коопсуз чөйрөдө жашоого тийиш.

Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер