Кесиптер дүйнөсү
- 22.07.2024
- 0

Адам жана коом, 5-класс
Сабактын максаттары:
- Биз бүгүнкү сабакта кесип жана кесиптин түрлөрү тууралуу кенен маалымат алабыз. Келечекте кесип тандоонун жолдору жана өзгөчөлүктөрү менен таанышабыз.
- Алган билимдерибизди иш жүзүндө колдонгонго үйрөнөбүз. Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрөбүз.
- Бири-бирибизди сыйлоого, угууга, бири-бирибизге жардамдашууга үйрөнөбүз.
Сабактын формасы: Интеграцияланган сабак.
Сабакта колдонулган методдор: Интерактивдүү методдор (практикалык иш, дал келтирүү, кесип чаптоо, кроссворд, тесттик тапшырмалар, билем, билгим келет, билдим).
Колдонулган адабияттар, булактар: Электрондук китеп сайты, интернет булактары, wordwall платформасы ж.б.
Сабактын жүрүшү: Мугалимдин иш-аракети.
Саламатсыңарбы акылдуу балдар! Мугалим окуучулар менен саламдашкан соң жаңы сабакка даярдайт. Топторго бөлүп алат. Шыктандыруу. Балдар, силердин маанайыңар эң сонун жана бүгүнкү сабакка даярсыңар деп ишенем. Жагымдуу маанай тартуулоо. Кана, балдар, астыңарда турган ак барактарга каалоо-тилектерди жазып жана самолёт жасап, бири-бириңерге учургула! Кимге кайсы самолёт туш келсе, ошол окуучуга жазылган тилектер кабыл болсун!
Жаңы теманы түшүндүрүү.
— Балдар, өзүңөр баамдап жаткандай, биз бүгүн силер менен “Кесиптер дүйнөсүндө” деген темада сөз кылабыз. Слайд көрсөтүлөт:
1-слайд: Эң биринчи кайсы кесиптер келип чыккан (сүрөттөр). Предмет аралык байланыш: тарых, математика, эмгекке үйрөтүү ж.б.
2-слайд: Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан кайсы кесиптер актуалдуулугун жоготпойт, түшүндүрүү (сүрөттөр). Предмет аралык байланыш: химия, биология ж.б.
3-слайд: Заман талабына ылайык кесиптер алмашып турат. Азыркы кесиптин түрлөрү (сүрөттөр) Кесип — адамдын ишмердигинин түрү, анын жашоосунун булагы.
4-слайд: Кесип тандоо маанилүү кадам экендигин ошондой эле ар бир жаш куракта кесип тандоо өзгөрүлүп турарын түшүндүрүлүп берилет (сүрөттөр). Ата-энеңердин, өзүңөр жашаган аймактагы элдердин кесиптери силерди кызыктырышы мүмкүн. Окумуштуулар башталгыч класста кесип жөнүндө ойлор тез-тез алмашып, фантазияларга көбүрөөк жол берилерин айтышкан. Ал эми 5-9-класста кесипке болгон түшүнүгү калыптанып, өзүнө кайсы кесип ылайыктуу экенин аныктай баштайт. Бирок бул куракта да кесип тандоо эртелик кылат.
Практикалык иш. Балдар кесиптин түрлөрүн жана ошондой эле колдонгон буюмдарын билүү максатында төмөндөгү тапшырмаларды бирге тобубуз менен аткаралы.
1-тапшырма: кесип чаптоо
1-топ “Светофордун кызыл өңү”. Мугалим жана дарыгердин сүрөтүн таап, чогултуп чаптап чыгасыңар жана алар каякта иштейт, эмне куралдарды колдонот табасынңар.
2-топ “Светофордун жашыл өңү”. Милиция жана тигүүчү кесибинин сүрөтүн таап чаптап, каякта, эмне куралдарды колдонот айтып бересиңер.
3-топ “Светофордун сары өңү”. Чач тарач жана куруучу кесибинин сүрөтүн таап, колдонгон буюмдарын чаптап, ошондой эле элге кандай кызмат кылышат айтып бересиңер.
2-тапшырма: кесиптерди табуу
Ар бир топко экиден тест берилет, таап чыгасыңар.
3-тапшырма: накыл кептер
Ар бир топко экиден кесиптер жөнүндө накыл сөздөрдү берем, чечмелеп бересиңер.
1-топ
Билимдүү өлсө кагазда аты калат, уста өлсө иштеген заты калат.
Ар бир кесип ардактуу.
2-топ
Билимдүүгө дүйнө жарык.
Эгер сизде бир кесип болсо, нан сиздин жолуңуздан табылат.
3-топ
Адам эмгеги менен даңктуу. Иштүүгө убакыт жетпейт, ишсизге убакыт өтпөйт.
4-тапшырма: кроссворд
Келгиле, балдар, эми ой-жүгүртүүбүздү иштетип, убакытты туура пайдаланып, кроссворду чечели.
Азаматсыңар балдар! Баардыгын туура таптыңар.
Сабакты бышыктоо. Окуучулар бүгүнкү сабакты бышыктоо үчүн тапшырмаларга жооп бергиле: Слайдга көңүл бургула!
Рефлексия: Бул сабактан силер эмнени билдиңер, эмнени билесиңер, эмнелерди билгиңер келет өз оюңарды доскадагы таблицага жазып чаптагыла.
Yй тапшырмасы: Балдар, бүгүнкү сабакта тапшырмаларды эң жакшы аткардыңар! Азаматсынар! Ал эми үйгө тапшырма дүйнөдөгү кызыктуу кесиптер жөнүндө билип келесинер. Ошондой эле өзүнөргө жаккан кесиптин макетин же болбосо колдонгон буюмдарын жасагыла.
Сабактын корутунду этабы: “Кесипсиз адам канатсыз куш” деген сыңары ар дайым кесипти туура пайдаланганды үйрөнөлү. Бүгүнкү сабак силерге кызыктуу болду деген ойдомун.
Мукашова Yмүт, Ак-Талаа районунун Сүйүнбек Атамбеков а.о.м. мугалими
Комментарийлер