Көркөм чыгармаларды кантип талдоо керек?

  • 20.02.2024
  • 0
Көркөм чыгармаларды кантип талдоо керек?

Азыркы учурда мектеп программасында чыгарманы  окуучулар менен биргеликте талдоодо көпчүлүк учурда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп келүүдөбүз. Мектептеги мугалимдер үчүн чыгарманы талдоо боюнча колдонмолордун жоктугунан улам кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн ар кандай маселелер жаралып келүүдө.  Ал эми мугалимдин класс менен иштөөсүндөгү чыгарманы талдоо маанилүү учур. Ошондон  улам  ушул чакан ишти көрсөтүп берүүнү туура таптым.

Мектепте чыгарманы анализдөөнүн максаты – изилденүүчү чыгарманын идеясын аныктоону, адабий талдоо ыкмаларын өздөштүрүүнүн, мектеп окуучуларынын логикалык жана көркөм ой жүгүртүүсүн, алардын чыгармачылык фантазиясын өнүктүрүүнү камтыган көркөм чыгарманы практикалык, окурмандык өздөштүрүү, көз карандысыз баа берүү, сынчыл ойлом жана оозеки сүйлөө көндүмдөрүн жакшыртуу.

Мектептеги окулган чыгармаларды талдоо, ар кандай билим берүү ишмердүүлүгү сыяктуу эле, окуучунун жеке таасирлерин башка окурмандардын, курбуларынын  тажрыйбасы менен байытууну жана мугалим тарабынан берилген текстти илимий чечмелөөгө багыттайт.

Адабият сабагынын негизин көркөм чыгарманы талдоо катары кабыл алабыз.  Талдоонун  максаты – чыгарманы толук кабыл алуу, окуучунун  чыгарманын (проза, поэзия, драма) каармандарына жана авторуна эмпатия менен мамиле кылуу, эмоциясын көрүү,  жазуучунун  чыгармаларындагы берейин деген ойлорун, турмушту, чыгарманы  өз кыялында кайра жаратуу, каармандардын ордунда  ой жүгүртүү,  чыгармадагы  каармандарга баа берүү, көз карашын билдирүү, автордун оюн  талдоо, чыгарманын идеясын, композициясын  өздөштүрүү ж.б.у.с. автордун чыгармада көтөргөн  маселелерди өз дүйнөсүндө кабылдоо менен жооп табууга багыттоо керек.

Көркөм чыгарманы талдоонун талаптары:

  1. Чыгармадагы берилген негизги ойду түшүнүү, жазуучунун чыгармачылыгы менен таанышуу (максат).
  2. Автордун чындыкты, турмушту, бир көйгөйдү чагылдыруусу (изилдөө предмети).
  3. Көркөм образдарды жаратуудагы, ачуудагы көркөм сөз каражаттарын изилдөө (түшүнүү ыкмасы).
  4. Негизги каармандардын жан дүйнөсүн ачуудагы кошумча образдар, каражаттарды табуу, талдоо. (түшүнүү ыкмасы).
  5. Көркөм чыгарманы окурман катары толук кабыл алуу (натыйжа).

Талдоо  чыгарманын мазмунун балдар толук өздөштүргөндөн кийин жүргүзүлөт.  Балдардын эмоционалдык абалы, кабылдоосу эске алынат.

Усулдук ыкмалар

Көйгөйлүү суроонун коюлушу:

а) карама-каршылыктын болушу жана кошумча колдоо ойлордун, пикирлердин альтернативалуу жооптордун мүмкүнчүлүгү;

б) кандайдыр бир фактыны эле эмес, автордун ниетин да чагылдыруу мүмкүнчүлүгү;

в) кызыкчылык;

г) кыйынчылыктардын болушу.

Көркөм чыгарманы талдоодо мугалимдин мамилеси(позициясы):

  • балдарга кызыктуу эпизоддорду, цитаталарды  таап,  кызыгуусун арттыруу;
  • балдардын карама-каршы пикирлерин жөнгө салуу, талкуу уюштуруу;
  • окуучулардын көңүлүн тексттин тиешелүү жерлерине буруу, талдоо жүргүзүүнүн ыӊгайлуу ыкмаларын тандоо;
  • балдарга окугандары боюнча «чоңдордун» баасын жана чечимин таңуулабоо;
  • чыгарманын мазмунуна карата бере турган тапшырмалар, суроолор окуучунун кызыгуусун жоготпошу зарыл;
  • талдоо учурунда окуучуларга психологиялык тоскоолдукту жаратпашы керек;
  • баланын ар бир берген жообун баалуу катары кабыл алыш керек.

Көркөм чыгармаларды талдоонун талаптары жана үлгүлөрү  

Төмөндө лириканы, прозаны, драманы талдоонун болжолдуу пландарын сунуштайм, мугалим өзүнүн чыгармачылыгына жараша, ыңгайына карата өркүндөтүп, өнүктүрсө болот.

Лирикалык чыгарманы талдоонун болжолдуу планы (берилген пландын бөлүмдөрү чыгарманын композициясына карата ар кандай болушу мүмкүн):

I вариант

  1. Ыр ким тараптан жана качан жазылган?
  2. Ырдын  негизин кандай турмуштук окуялар түзгөн? Ырдын  негизги темасы, ар тараптуулугу. Көтөргөн маселеси. Ырдагы негизги ой (идея) жана пафосу.
  3. Ырдын жанрдык өзгөчөлүктөрү (элегия, арман, кошок, керээз, жарамазан, жар-жар, көрүшүү, учурашуу, айтыш, дарым, оюн ырлары, акыйнек, эмгек ырлары ж.б.). Лириканын тематикалык ар түрдүүлүгү (пейзаждык, философиялык, сүйүү, эркиндикти сүйүүчү ж.б.)
  1. Ырдагы негизги образдар же сүрөттөр, анын лирикалык каарманы.
  2. Ырдын ички түзүлүшү, анын курамы (композициясы).
  1. Поэманын негизги интонациялары, акындын жана лирикалык каармандын сезимдери.
  2. Поэтикалык тилдин көркөм каражаттары (сөздүк курамынын өзгөчөлүктөрү). Лирикалык тексттин ритмикалык уюштурулушу, анын жардамы менен сүрөттөр, образдар түзүлүп, акындын же анын лирикалык каарманынын – ички баяндоочунун ойлору, сезимдери берилет. Көркөм каражаттар: аллегория, метафора, гипербола, гротеск, салыштыруу, эпитет, антитеза, символ ж.б.)
  3. Кээ бир композициялык ыкмалар: пейзаж, портреттик  түстөр, символикалык образ, диалог, монолог ж.б. Поэманын синтаксистик өзгөчөлүктөрү болуп эсептелет.
  4. Ырдын аталышынын мааниси. Поэтикалык билдирүүнүн дареги . Поэманын идеясы.

Лирикалык чыгарманы талдоонун болжолдуу планы (берилген пландын бөлүмдөрү чыгарманын композициясына карата ар кандай болушу мүмкүн):

II вариант

Мазмуну:

  1. Автор жөнүндө, ыр жөнүндө маалымат.
  2. Поэма автордун чыгармачылыгында кандай орунду ээлейт? Далилде.
  3. Автордун өмүр баяны менен байланышы, кимге арналгандыгы.
  4. Ырдын аталышынын мааниси кандай?
  5. Ырдын жанры.
  6. Идея (автордун айтайын деген ойлору?), тема (ыр эмне тууралуу?).
  7. Эмоционалдык таасир.
  8. Поэмада жеке же коомдук көрүнүштүн басымдуу болушу же канчалык деӊгээде берилди?
  9. Автордук «Мен» деген принциби. Автор жана лирикалык тема (каарман) аныкталганбы?
  10. Композициянын өзгөчөлүктөрү.

Ырдын формасы

1. Өлчөмү, ритмикалык өзгөчөлүктөрү.

  1. Рифма жана рифмалоонун ыкмалары.
  2. Строфикалык.
  3. Көркөм сөз каражаттар (троптор):
  • салыштыруу;
  • эпитеттер;
  • метафоралар;
  • гиперболалар;
  • литоталар;
  • метонимиялар;
  • синекдохалар;
  • перифраз;
  • аллегория ж.б.

Стилистикасы:

  • инверсия;
  • кайталоо;
  • параллелизм;
  • градация;
  • анафора;
  • эпифора;
  • риторикалык суроо ж.б.

III. Образдар системасы

  1. Негизги образ.
  2. Инсандын кабыл алуудан пайда болгон образдар.

Прозаны  талдоо (прозалык чыгарманы талдоонун болжолдуу планы)

  1. Чыгарманын темасын жана идеясын, анда көтөрүлгөн маселелерди аныктоо;
  2. Мазмуну менен композициянын байланышын көрсөтүү;
  3. Чыгармадагы адамдын көркөм образын, каармандардын образын түзүүнүн ыкмаларын кароо, образдар системасын карап чыгуу;
  4. Чыгарманын темасына, идеясына жана каармандарына автордун мамилесин билүү;
  5. Берилген адабиятта, чыгармаларда тилдин образдуу жана экспрессивдүү каражаттары менен иштөө, өзгөчөлүктөрүн аныктоо;
  6. Чыгарманын жанрынын өзгөчөлүктөрүн жана жазуучунун стилин аныктоо.

Прозалык адабий чыгарманы талдоодо көркөм чыгарманын жаралган мезгилине көңүл буруу зарыл. Ошол мезгилде жаралган чыгармалардын арасында ордун да баалоо керек.

Драманы  талдоо (драманы талдоонун болжолдуу планы)

  1. Драманын жалпы мүнөздөмөсү.
  2. Жанрдык оригиналдуулугу (драма, трагедия же комедия?). Автордун жаңычыл жактарын байкоо.
  3. Конфликттин түрү. Драмадагы карама-каршылыктардын мазмуну, карама-каршылыктардын мүнөзү: тышкы карама-каршылык, ички карама-каршылык, каармандардын өз ара карама-каршылыктары.
  4. Каармандардын системасы, алардын драманын мазмунун, окуяны өнүктүрүүдөгү жана карама-каршылыктарды чечүүдөгү орду жана ролу. Негизги жана кошумча каармандар. Сюжеттен тышкары жана сахнадан тышкаркы каармандар.
  5. Драманын кандай маанайда берилгендигин аныктоо. Ошондой эле мотивдердин системасы, психологиялык жагдайларды аныктоо.
  6. Композициялык жана структуралык деңгээли. Драманын сюжетинин өнүгүүсүнүн негизги этаптары (экспозиция, сюжети, иш-аракеттин өнүгүшү, окуянын туу чокусу, чечилиши).
  7. Поэтиканын өзгөчөлүктөрү (театрдын афишаларынын ролу, сахналык хронотип, символизм, сахна психологиясы ж.б.). Театралдуулуктун белгилери: костюм, маска, оюн, анализ, ролдук кырдаалдар ж.б.
  1. Автордун позициясын билдирүү жолдору ( ремарка, диалогдуулугу, сахна чеберчилиги, лирикалык атмосфера ж.б.)
  2. Драманын контексттери (тарыхый-маданий, чыгармачылык, жеке драмалык).
  3. Чечмелөө маселеси жана сахна тарыхы.

Лириканы  талдоонун болжолдуу үлгүсү (окуучунун көз карашында)

Мирлан Самыйкожонун «Кыргыз» деген ыры

Жүрөктөгү жакшы сөздөр калем сабында дагы сыя болуп төгүлгөн сыңары, мага да ушул Мирлан Самыйкожонун «Кыргыз» деген ыры да менин жүрөгүмдөн түнөк тапты. Бүгүнкү күндө коомдо зээнимди кейиткен  ар кандай жат көрүнүштөр болуп келүүдө.  Кыргыздар «түндүк, түштүккө бөлүнгөндүгү, жерлердин  сатылышы, кыргыз тилинин жаштар, коом  тарабынан баркталбагандыгы , бейкүнөө адамдардын адилетсиз көрүнүштөргө туш болушу, ыймандуулуктан кетип бара жатышы, «ыңкылап»  демекчи, митингдердин болушу, мекен үчүн күйүп-бышкан инсандардын азайышы, кайдигерликтин көбөйүп бара жатышы мени чаташкан ойлорго жетелейт. Мына ушул көйгөйлөр ушул ырдын мазмунунда жатат. Ошондуктан мен ушул ырды тандадым.   Анда жакшы бир ыр саптарын сиздерге сунуштайм.

  1. Ырды айтуу

Мирлан Самыйкожонун «Кыргыз» деген ыры. Анда каарман тууралуу кыскача малымат.

Мирлан Самыйкожо уулу — акын жана журналист, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында 1984-жылы 19-майда туулган. 2001-жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектепти аяктаган. 2007-ж. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

2003–2004-ж. “Бийиктик” басмаканасында “Маданий иштерди жайылтуу”, “Менеджер” болуп иштеген. 2004-жылы “Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубунун жетекчиси, 2007–2008-жж. Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун “Жаштар секциясынын” башчысы, 2008-жылдын май айынан Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын радио бөлүмүндө эмгектенип келет.

Бир нече ыр жыйнактары чыккан.

Ж. Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, “Айкөл Манас” сыйлыгынын “Кыргызстандын канаттуу келечеги”  ж.б. наамдары бар.

2005-2008-ж. республикалык деңгээлдеги мыкты аңгеме жана пьесалар, сын жана рецензиялар боюнча “Калемгер” адабий клубу тарабынан жарыяланган адабий сынактардын жыйынтыгында, “Булак 1-2-3”  аңгемелер топтомунун түзүүчүсү болгон.

2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. 2021-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Өзүӊүздөр байкагандай, кыргыз поэзия ааламында бир топ салмактуу, ар бир инсанды ойго түрткөн ырларды жаратууга жетишкен, калем сыясын инсанды жалаң гана гумандуулукка, жаратылышты, айланадагы инсандарды, Ата Мекенди сүйүүгө чакыруу жаатында колдонгон Мирлан Самыйкожо уулу агабыз менен чыгармачылыгы, жашоосу, жан дүйнөсү башкача адам.

Ырларын  окусаң, бир туруп, бийик эргийсиң, бир туруп жан дүйнөң отко жанат.

Бул акындын ырларын окуган адам жан дүйнөсү ачка болуп турган адамга азык болуп бере алат.

  1. Чыгармачылыгындагы ырлардын ичинен өзгөчө орду бар ыр болуп эсептелет. Себеби бүгүнкү күндө да актуалдуу темалардын бири.
  2. Лирикалык каарман кыргыз эли болду.
  3. «Кыргыз» деген темасы мазмуну шайкеш келет.
  4. Ырдын жанры боюнча жарандык, мекендик болуп эсептелет.
  5. Идея. Автор тайманбас, эрктүү, намыскөйлүү кыргыз элинин басып өткөндөрүн баяндаган. Элдин бейпилдиги,  эркиндиги , биримдиги үчүн күрөшкөндүгү да айтылат. Ошондой эле  ынтымактуу, ыймандуу сыяктуу асыл сапаттарын көрсөткөн.

Кыргыз эли адилеттүүлүктү, ынтымакта жашаганды, ыймандуулукту бийик тутушкан Ыңкылапты  же  көтөрүлүштү каалашкан эмес. Ынтымакта, эриш-аркакта жашап келишкен, ага жол берүүгө каалаган эместигин ачып берген. Ынтымактуулукка чакырган.

  1. Кейүү, мекенчил, өкүнүү(бир камчы.) сыяктуу ички маанайы берилди.

Бүгүнкү  күндө кыргыз эли  «Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө,  … бөлөк элге кеп кетет» дегендей, бөлүнүп-жарылууга жол бербешибиз керек. Ар түрлүү чыр-чатактар, «котур ташы койнунда» дегендей, көрө албастар көбөйүүдө, өсүп бара жаткан адамдары ылдыйга тартып жаткан адамдарыбыз мындан да көп, айрымдарда ыйман кетип бара жатат,

  1. Ырды мазмунунда курч салыштыруулар орун алган. Адамдын ички жан дүйнөсүнө таасир эткендиктен, коомдун кабыл алуусуна жеңил.
  2. Композициясына токтоло кетсем.

Формасы

  1. Ритм басымдын түшүшүнө жараша бул ыр силлабикалык болуп эсептелет. Себеби кыргыз тилинде басым акыркы муунга түшөт.
  2. Рифма же уйкаштыгы боюнча
    а) 1, 2, 3,5 -куплет аксак уйкаш:

а

а

б

а

б) 4 -куплет оромо  уйкаш:

а

б

в

а

  1. Строфа же саптарынын саны

4 саптан тургандыктан, катрен болот.

Көркөм сөз каражаттары:

Метафора:

Намыс үчүн жалын болуп  жанышкан,

Касташкандын кабыргасы кайышкан.

Чоктой кызыл жалын болуп көрүнгөн.

Метонимия:

Эчен эрлер канын төгүп салышкан,

Ырым кылып ырыскын үйүшкөн

Синекдоха:

Бир камчынын өрүмүндөй өрүлгөн.

Эпитет:

Алтын саптуу

найза болуп учталган.

Перифраз:

Энчи жерин

сатпаган

Стилдик жактан:

Инверсия

Эл болгон эмес

чачыраган, бөлүнгөн.

Кетенчиктеп

корккон эмес душмандан.

Алтын саптуу найза болчу учталган

Градация

Ылдыйлоо бар

Намыс үчүн жалын болуп жанышкан,

Касташкандын  кабыргасы кайышкан.

Элибиздин келечеги үчүн деп,

Эчен эрлер канын төгүп салышкан.

Күчөө бар

4-куплет

Анофора бар. 4-5-куплетте тыбыштык анофора бар.

Риторикалык суроо 1-куплет, 1-сап.

Каармандар системасы

Лирикалык каарман кыргыз эли.

Автор элибиз, эр ынтымак, калыстык, биримдик, ыйман, намыс, ырыскы ушул сөздөргө басым жасоо аркылуу ырдын мазмунун ачып, бүгүнкү күндөгү коомго, жаштарга насааттаган.

Көркөм чыгармага болжолдуу талдоонун үлгүсү (окуучунун көз карашында)

Ч. Айтматовдун «Делбирим» повести

  1. Ч.Айтматовдун «Делбирим» повестинде негизги тема – сүйүү. Адамдардын жашоодогу карама-каршы пикирлери, турмуш, татаал тагдырлар баяндалды. Аларды каармандардын диалогунан, жалпы мазмунунан байкасак болот.
  2. Чыгарманын идеясы, башкача айтканда, көтөргөн маселеси. Илиястын ашууда прицепти сүйрөп чыгышы аркылуу автордун жаштардын ортосундагы жашоого болгон көз карашынын өзгөрүшү, тагдырларынын бузулушуна алып келгендигин көрсөткөн. Бул сүрөттөө аркылуу жазуучу айтайын деген ойлору болгон. Анын берген баасы.
  3. Адабий каарман. Илияс, Асел, Байтемир ж.б.
  4. Чыгармада да образ деген түшүнүк бар. Көркөм чыгармада образ-мүнөз, образ-пейзаж, образ-предмет болушу да мүмкүн. Аларды биз чыгарманын мазмунан ажыратып билсек болот. Мисалы: жаштардын алгачкы жолугушуусу ж.б.

 Чыгарманын композициясы жана сюжети

Көркөм чыгарманын сюжети төмөнкү элементтерден турат:

  1. Окуянын чиелениши;
  2. Окуянын өнүгүшү;
  3. Окуянын өсүп жеткен чеги, б.а., кульминация;
  4. Окуянын чечилиши.
  5. Мындан тышкары, кээ бирөөлөрүндө пролог, эпилог да болот.

Композиция, башкача айтканда, структурасы

Мисалы, романда: бөлүм, главалардын (баптар) орун алышы, каармандардын өз ара карым-катышы, карама-каршылыктардын жетилиши жана өнүгүшү, окуялар,  сүрөттөөлөр, пейзаждык жана автордук чегинүүлөрдүн өз ордунда келиши, ушунун баарын автор терең бере алды.

Образдар системасы: чыгармадагы негизги каарманды алуу. Илияс менен Асел. Кошумча образдарды көрсөтүү. Мисалы: Кадича, Байтемир. Мындан сырткары, жоолук, арак, машина.

Автор кандай маселе көтөрдү?

  • жаштардын ортосундагы мамиле;
  • элге иш боюнча пландардын берилиши;
  • сүйүү;
  • достук;
  • ата менен баланын ортосундагы сүйүү;
  • тагдырларлдын талкаланышы;
  • үй-бүлө маселеси.

Композициялык курулушу:

  • Пролог
  • Байтемирдин ж.б.
  • Илияс
  • Эпилог

Көркөм сөз каражаттарын талдоо

  • Стили боюнча көркөм.
  • Жанр боюнча эпикалык тек, анын ичинен повесть.

Кайсы мезгилди, доорду камтыды?

Окурмандын жообу:___________

Автордун чыгармачылык өзгөчөлүгүн айтуу

Мисалы: Негизи Ч.Айтматовдун өзгөчөлүгү жаныбарлар менен адамдардын жашоолорун параллелдүү түрдө алып жүрүшү, ал эми  “Делбирим” повестинде адамдардын жашоосун реалдуу түрдө ачып берди.

  • Макал-лакап көбүрөөк орун алышы (окуучунун чыгармадан таап келиши);
  • Фразеологизмдердин орун алышы (окуучунун чыгармадан таап келиши);
  • Легендаларды пайдалануусу (Эгер болсо, окуучунун чыгармадан таап келиши).

Сенин көз карашың баалуу, ошону жазуу керек.

Көркөм сөз каражаттарын ыктуу, ырааттуу түрдө пайдаланган.

Окурмандар тарабынан же өзүӊ тарабынан эмне алдың?

Менин оюмча, … . (Ой толгоо, сезимдерди билдирүү).

Эгерде үзүндү текст болсо, кептин түрлөрүн да кошо жазуу керек: баяндоо, сүрөттөө ой жүгүртүү.

Чыгармаларды талдоодо балдар менен мугалимдердин биргелешкен чыгармачылык  изилдөөлөрү ишке ашат.

Көркөм чыгармаларды кантип талдоо керек?Атыркүл Рыскелдиева, Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер