ФОРМАДАН ФОРМУЛАГА: ТЕГЕРЕКТИН СЫРЫ

  • 16.11.2026

8-класс үчүн мастер-класстын иштелмеси

Мугалим: Орузбаева Нурия
Мектеп: Т. Сатылганов атындагы Ысык-Көл облустук зээндүү балдардын жатак-мектеби
Предмет: Математика
Класс: 8-класс

Мастер-класстын максаты. Окуучуларга тегеректин аянтынын формуласын визуалдык эксперименттер аркылуу өз алдынча ачууга шарт түзүү, тегеректин аянты жөнүндөгү билимдерин турмуштук кырдаалдарда колдонууга жана математикалык моделдөөгө үйрөтүү.

Милдеттери:

Билим берүүчүлүк: окуучулар тегерек менен айлананын айырмасын түшүнүшөт; тегеректин аянтынын формуласын өз алдынча аныктап, визуалдык ыкмалар менен далилдөөгө аракеттенишет; турмуштук маселелерди математикалык моделдөөнү үйрөнүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк: сынчыл ой жүгүртүү, салыштыруу, жыйынтыктарды баалоо, жалпылоо жана тыянак чыгаруу жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт.

Тарбиялык: окууга аң-сезимдүү мамиле кылууга, эркин ой жүгүртүүгө, адилеттүүлүккө жана жоопкерчиликке тарбияланышат. Топто жана жупта иштөө аркылуу кызматташуу, бири-бирин угуу, тактык жана лидерлик көндүмдөрүн калыптандырышат.

Колдонулуучу ыкмалар жана стратегиялар: REM ыкмасы, чакан топтордо жана жуптарда иштөө, өз алдынча изилдөө, салыштыруу, презентация, демонстрация жана маалымат берүү.

Мастер-класстын жүрүшү. Мастер-класс REM ыкмасынын негизинде үч этапта уюштурулат: даярдык (Readiness), кызыктыруу жана активдүү изилдөө (Engagement), өздөштүрүү (Mastery).

1-этап. Readiness – Даярдык. «Көзүң көрбөгөндү элестет»

Убактысы: 4 мүнөт.

ФОРМАДАН ФОРМУЛАГА: ТЕГЕРЕКТИН СЫРЫ

Мугалим окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жана элестетүү жөндөмүн ойготуу максатында лимонду мисал катары колдонот. Лимонду кесүү, анын жытын сезүү жана формасын аныктоо аркылуу окуучуларды жаңы темага багыттайт.

Бул этапта «тегерек», «борбор», «радиус», «диаметр», «аянт» сыяктуу түшүнүктөр эске салынат. «Тегерек фигурасы турмуштун кайсы жерлеринде кездешет?» деген суроонун негизинде окуучулар күнүмдүк жашоодогу тегерек формасындагы буюмдарга мисал келтиришет. Ошондой эле радиус, диаметр, айлананын узундугу жана π саны тууралуу мурда алган билимдерин кайталашат.

Бул этаптын негизги максаты – окуучулардын мурдагы билимдерин эске түшүрүп, жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.

2-этап. Engagement – Кызыктыруу жана активдүү изилдөө

Убактысы: 10 мүнөт.

ФОРМАДАН ФОРМУЛАГА: ТЕГЕРЕКТИН СЫРЫ

Мугалим окуучуларды ойлонууга жана талкууга тартуу үчүн турмуштук кырдаалдарга негизделген проблемалык суроолорду сунуштайт. Биринчи топко: «Радиусу 40 см болгон бир пицца алган пайдалуубу же радиусу 20 см болгон эки пицца алган пайдалуубу?» деген суроо берилет. Экинчи топко: «Радиусу 40 см болгон бир жаздыкча тигүүгө көбүрөөк кездеме кетеби же радиусу 20 см болгон эки жаздыкча тигүүгөбү?» деген маселе коюлат.

Окуучулар өз ойлорун ортого салып, жоопторун негиздөөгө аракеттенишет. Мугалим аларга «Күн курак» жана пицца формасындагы макеттерди сунуштайт. Окуучулар тегеректин аянтын башка геометриялык фигуранын жардамы менен аныктоонун жолдорун изилдешет. Мугалимдин багыттоосу менен тегеректи бөлүктөргө ажыратып, тик бурчтукка окшош форма түзүү аркылуу анын аянтын табууга аракет кылышат. Натыйжада тегеректин аянтынын формуласын тик бурчтуктун аянтын эсептөө формуласы менен байланыштырып чыгарышат.

Экинчи тажрыйбада топторго тегерек формасында оролгон ленталар берилет. Мугалим окуучулардан аларды башка геометриялык фигурага айландырууну суранат. Талкуунун жүрүшүндө тегеректи кесүү жолу менен тең капталдуу үч бурчтукка окшош форма түзүү ыкмасы көрсөтүлөт. Бул этапта окуучулар даяр формуланы жаттап албастан, өз алдынча изилдеп, салыштырып, талкуулап жана эсептеп, математикалык мыйзам ченемдүүлүктү түшүнүүгө аракеттенишет.

ФОРМАДАН ФОРМУЛАГА: ТЕГЕРЕКТИН СЫРЫ

3-этап. Mastery – Өздөштүрүү

Убактысы: 6 мүнөт.

Бул этапта окуучулар жаңы үйрөнгөн формуланы практикалык тапшырмалар аркылуу колдонушат. Эки кичине пиццанын аянтын бир чоң пиццанын аянты менен салыштырышат. Ошондой эле эки кичине «Күн курактын» аянтын эсептеп, бир чоң курактын аянты менен салыштырышат. Эсептөөлөрдүн жана талкуунун негизинде окуучулар төмөнкүдөй жыйынтыкка келишет: буюмдардын саны көп болгону менен, алардын жалпы аянты сөзсүз түрдө чоң боло бербейт. Ал эми тегеректин радиусу эки эсе чоңойсо, анын аянты төрт эсе чоңоёт. Мугалим окуучулардын көңүлүн формуланы туура колдонууга, эсептөөлөрдү негиздөөгө жана алынган жыйынтыктарды салыштырууга бурат.

Математика жана улуттук оюн: «Ордо». Мастер-класстын кийинки бөлүгүндө экрандан «Ордо» улуттук оюну көрсөтүлөт. Мугалим окуучуларга төмөнкү суроолор менен кайрылат:

  • «Ордо оюнунда эмнени көрүп турабыз?»
  • «Араңарда бул оюнду ойногон окуучулар барбы?»
  • «Оюндун жүрүшүндө кандай математикалык элементтер кездешет?»
  • «Ордо оюнунун тегерек сызыгын кандай жол менен чийишкен деп ойлойсуңар?»

Окуучулар оюндагы тегерек формасын, анын борборун, радиусун жана аянтын аныктоого аракеттенишет.

Мугалим «Ордо» оюнунун математикалык мазмунуна токтолуп, анын жөн гана оюн эмес, стратегиялык ой жүгүртүүнү, тактыкты жана эсептөө жөндөмүн талап кылган улуттук мурас экенин белгилейт. Ушундайча математика менен улуттук баалуулуктардын байланышы ачылып берилет.

Үй тапшырмасы. «Ордо» оюнунда чүкөлөр жайгаштырылып, оюн жүргүзүлүүчү тегерек аянттын өлчөмүн аныктоо сунушталат. Диаметри (d=14) м болгон тегеректин аянтын эсептеп келүү тапшырмасы берилет.

Окуучулар тегеректин аянтынын формуласын колдонуп, эсептөөнүн жолун жана жообун түшүндүрүп берүүгө даярданышат.

Бөлүшүү