ЭСЕПТИК, ИРЕТТИК, ЖАМДАМА САН АТООЧТОР (5-класс)
- 11.11.2026
- 0
Бишкек шаары,
Свердлов районунун №87 ЖББМнин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Жумалиева Айгүл Абылгазиевна
Кыргыз тили, 5-класс 
Сабактын темасы: Эсептик, иреттик, жамдама сан атоочтор
Сабактын тиби: 5Е модели боюнча изилдөө сабагы
Колдонулуучу методдор жана ыкмалар: көрсөтмөлүү метод, сүйлөмө метод, проблемалык метод
Колдонулуучу каражаттар: панель, доска, слайд, калпак, жүн, комуз, Кыргызстандын картасы, фетр, ватман, маркер, чүкө, чүкө чогулткан баштык (ватманга тартылган)
Сабактын максаты: Эсептик, иреттик, жамдама сан атоочтор боюнча маалымат алышат. Аларды бири-биринен айырмалап, суроо беришет. Аталган сан атоочторду катыштырып текст түзүшөт. Сан атооч катышкан макалдарды табышат. Тексттерден, макалдан сан атоочторду таап, маанилерин ажыратышат. Турмушта колдонууга көнүгүшөт.
Сабактын жүрүшү:
1-этап
Кызыктыруу (3 мүнөт)
Окуучуларды, классты сабакка даярдоо
Топко бөлүү (Окуучулар алдындагы баалоо баракчасынын негизинде топко бөлүнөт). Баалоо үчүн ар бир топко чүкө таратылат. Ар бир топтун тушунда чүкө чогулткан каптар чапталган. Окуучулар капка чүкөнү чогултуп отурушат
Окуучулардын көңүлүн сабакка бурдуруу үчүн “Сандардын чатагы” деген мультфильм көрсөтүлөт 
Мультфильм эмне жөнүндө болду?
Сандардын кимиси кыйын деп ойлойсуңар?
Бул сандарды күндөлүк турмушта колдонобузбу?
Талкуунун негизинде бүгүнкү тема эмне жөнүндө экенин болжолдошот.
2-этап
Изилдөө (10 мүнөт) 
Мугалим “кыргыз калпагы” деген текст менен тааныштырып калпак жөнүндө маалымат берет. (калпактын түрлөрүн, жүндү көрсөтүү аркылуу)
Окуучулар тексттеги заттын санын билдирген сөздөрдү таап, аларды суроолору аркылуу айырмалап, фетрдин бетине бөлүп чогултуп чыгышат.
1-топ канча? нече? деген суроого жооп берген сөздөрдү
2-топ канчанчы? неченчи? деген суроого жооп берген сөздөрдү
3-топ канчоо? нечөө? деген суроого жооп берген сөздөрдү
3-этап
Түшүндүрүү (10 мүнөт)
Окуучулар топко бөлгөн сөздөр доскага илинип мугалим тарабынан түшүндүрүлүп, эсептик, иреттик, жамдама сан атоочтордун эрежеси айтып берилет
| Эсептик сан атооч | Иреттик сан атооч | Жамдама сан атооч |
| Канча? Нече? | Канчанчы? Неченчи? | Канчоо? Нечөө? |
Бүгүнкү сабактын темасы так ачылып, мугалим доскага теманы жазат. Сабактын максаты айтылат. Окуучулар теманы дептерге жазышат.
4-этап Кеңейтүү (12 мүнөт)
Окуучулар теманы андан ары өздөштүрүү үчүн ар бир топтон бирден окуучу сан атоочтун түрлөрүн катыштырып, сүйлөм түзүп доскага, дептерге жазышат. Андан соң ар бир топко тапшырмалар берилет.
Тапшырмалар: 1-топко экрандан мугалимдин сөзү аркылуу берилет 
“Кыргызстан” деген темага сан атоочтордун түрлөрүн катыштырып текст түзүшөт. (Кыргызстандын картасын пайдаланып)
2-топ тапшырманы кюар код аркылуу алышат
сүрөттө катылган макалдарды таап, андагы сан атоочторду ажыратып чыгышат. 
3-топ тапшырманы пазл чогултуу аркылуу алышат.
Комуз боюнча сан атоочтун түрлөрүн катыштырып текст түзүшөт. (Комузду пайдаланып) 
Окуучулар түзгөн тексттерин доскага чыгып айтып берип, сан атоочтун түрлөрүн ажыратып беришет.
5-этап
Баалоо (10 мүнөт)
Сабакты жыйынтыктоо:
“Социалдык тармактарга келген каттар” аркылуу жыйынтыкталат. 
Окуучулар тармактарды тандашып, ал тармактан ачылган суроого жооп беришет. Чогулткан чүкөлөр саналып, топтун жыйынтыгы чыгат. Ар бир окуучу баалоо баракчасына суроолорго жооп берип, баракча жыйналат. Окуучулар бааланат. Үйгө тапшырманы окуучулар желим бөтөлкөнүн (пластик бутылка) ичинде куюлган суудагы жазылган тапшырманы окуу менен алышат. 