Энергия. Кинетикалык жана потенциалдык энергия
- 07.10.2026
- 0
Физика, 7-класс
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү жана практикалык колдонуу.
Сабактын формасы: Топтук, жуптук жана жекече иштөө
Модели: 5E
Сабактын максаттары
Билим берүүчүлүк:
- энергия түшүнүгүн жана анын күнүмдүк жашоодогу маанисин түшүндүрүү;
- кинетикалык жана потенциалдык энергия жөнүндө түшүнүк берүү;
- кинетикалык энергиянын массага жана ылдамдыкка, потенциалдык энергиянын массага жана бийиктикке көз каранды экенин аныктоо.
Өнүктүрүүчүлүк:
- окуучулардын байкоо жүргүзүү, салыштыруу, талдоо жана жыйынтык чыгаруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
- физикалык кубулуштарды күнүмдүк жашоо менен байланыштырууга үйрөтүү.
Тарбиялык:
- топто иштөө, бири-бирин угуу жана өз оюн так айтууга тарбиялоо;
- энергияны үнөмдүү жана туура пайдаланууга багыт берүү.
Күтүлүүчү натыйжалар
Сабактын аягында окуучу:
- энергия түшүнүгүн түшүндүрөт;
- кинетикалык жана потенциалдык энергияны айырмалайт;
- кинетикалык энергиянын массага жана ылдамдыкка байланыштуу экенин түшүндүрөт;
- потенциалдык энергиянын массага жана бийиктикке байланыштуу экенин аныктайт;
- күнүмдүк жашоодон энергиянын түрлөрүнө мисал келтирет;
- топто иштеп, өзүнүн жыйынтыгын түшүндүрүп бере алат.
Керектүү жабдуулар: окуу китеби, доска жана маркерлер, энергиянын түрлөрү көрсөтүлгөн сүрөттөр, куржун жана суроо карточкалары, ар кандай массадагы нерселер же алардын сүрөттөрү, ар кандай бийиктиктеги китептер, компьютер/ноутбук, проектор, интернет, видео материал, Wordwall платформасындагы оюн, «Энергия дүйнөсү» интерактивдүү оюну, баалоо үчүн карточкалар, рефлексия үчүн боз үйдүн макети/сүрөтү.
Engage (Кызыктыруу):
Суроо:
- Биз кыймылдоо үчүн энергияны кайдан алабыз?
- Күндөн жана суудан кандай энергия алабыз?
- Телефон эмненин эсебинен иштейт?
- Телевизордун иштеши үчүн эмне керек?
Иш-аракет: Окуучулар куржундан чыккан суроолорго жооп беришет.

Жыйынтык:
Мугалим окуучулардын жоопторун жалпылап, сабактын темасын ачат: «Энергия. Кинетикалык жана потенциалдык энергия».
- Explore (Изилдөө). Тапшырма:
1-топ: Кинетикалык энергия
Тапшырма:
Ар кандай массадагы жана ылдамдыктагы жаныбарларды салыштыргыла. Мисалы, пил менен чычкандын кайсынысында кинетикалык энергия көбүрөөк болушу мүмкүн?
Окуучулар берилген маалыматтарды талдап, жыйынтык чыгарышат.
Байкоо:
- нерсенин массасы;
- анын ылдамдыгы.
Жыйынтык:
Нерсенин массасы жана ылдамдыгы көбөйгөн сайын анын кинетикалык энергиясы да көбөйөт.
2-топ: Потенциалдык энергия
Тапшырма:
Бирдей массадагы китептер ар кандай бийиктикте жайгаштырылган. Кайсы китептин потенциалдык энергиясы көбүрөөк?
Байкоо:
- нерсенин массасы;
- жерден болгон бийиктиги;
- тартылуу күчү.
Жыйынтык:
Нерсе канчалык бийик жайгашса, анын потенциалдык энергиясы ошончолук чоң болот.
- Explain (Түшүндүрүү):
Мугалим түшүндүрөт: Энергия деген эмне? Энергия айланабызда бардык жерде бар. Бардык тирүү организмдер өсүшү жана жашоосун улантышы үчүн энергияга муктаж. Машиналар жана башка жандуу эмес нерселер да иштөөсү үчүн энергияга муктаж. Энергия — бул нерсенин жумуш аткаруу, кыймылдоо же өзгөрүү жөндөмдүүлүгү.
Энергияны сактоо жана берүү. Энергияны сактоо — бул энергияны белгилүү бир мезгилге чейин топтоп, андан кийин колдонуу мүмкүнчүлүгү. Энергияны сактоонун ар кандай жолдору бар. Энергия берүү аркылуу бир сактагычтан башкасына өткөрүлгөнгө чейин энергия сакталган бойдон калат. Нерселердин абалынын өзгөрүшү энергиянын берилиши аркылуу ишке ашат. 1–сүрөттө күнүмдүк жашоодогу энергиянын кээ бир мисалдары көрсөтүлгөн.
Сүрөттөр менен тереңдетип түшүндүрөм.
- Elaborate (Кеңейтүү):
Практикалык тапшырма: Окуучулар күнүмдүк жашоодон энергияга байланыштуу мисалдарды келтиришет.
Мисалы:
- тамактанганда адам энергия алат;
- Күн өсүмдүктөргө энергия берет;
- суу электр энергиясын өндүрүүгө колдонулат;
- кыймылдап жаткан унаада кинетикалык энергия бар;
- бийик жерде турган нерседе потенциалдык энергия бар.
«Казандагы тамакты бышыруу» оюну
Окуучулар берилген суроолорго жооп берип, энергиянын өзгөрүшүн аныкташат.
Андан кийин Wordwall платформасындагы интерактивдүү оюн аткарылат.
_Энергия дүйнөсү — Оюн
- Evaluate (Баалоо): Тесттик суроолор же оюн түрүндөгү кайтарым байланыш: топто жана жекече баалоо
Рефлексия: «Боз үй»
Окуучулар өз абалына ылайык белгилерди тандашат:
🟢 Мага баары түшүнүктүү болду.
🟡 Сабакта айрым жерлер мага кыйын болду.
🔴 Теманы дагы бир жолу түшүндүрүү керек.
Үй тапшырмасы: Күнүмдүк жашоодон кинетикалык жана потенциалдык энергияга 3төн мисал жазып келүү.
Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы №3 Бейше Үрстөмбеков атындагы жалпы билим берүү мектеби-мекемесинин физика мугалими Сүйөрбек кызы Мирагүл.