ЭНЕ ТИЛДИ ДАҢКТАЙЛЫ!

  • 24.02.2023
  • 0
ЭНЕ ТИЛДИ ДАҢКТАЙЛЫ!

ЭНЕ ТИЛДИ ДАҢКТАЙЛЫ!

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар кыргыз тилинин байыртадан келе жаткан уюткулуу тил экенин түшүнүшөт. Эне тил улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөт деп билишет.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар ой жүгүртүүсүн, изденүүсүн, сөз байлыгын, таанып-билүүсүн өркүндөтүшөт.

Тарбиялык: Окуучулар бири-биринин пикирин баалоого, топтордо иштөөгө, өз элинин тилин урматтоого, эли-жерин сүйүүгө тарбияланышат.

Сабактын өтүү тиби: Стандарттуу эмес сабак

Сабактын усулу: Сынчыл ойломду өстүрүү, интерактивдүү усул

Предмет аралаш байланыш: Адеп, адабият, тарых, музыка, математика

Сабактын жабдылышы: Эне тил жөнүндө макал-лакаптар, учкул сөздөр, сүрөттөр, ватман, скотч, маркер ж.б.

Сабактагы негизги иш-аракеттер:

Мамлекеттик тил гимни, доклад, эне тилди даңазалаган ырлар, көркөм окуу, макалдар, тесттер, табышмактар, суроо-жооптор, топтордо иштөө.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Уюштуруу. Эл аралык эне тил күнү жөнүндө маалымат. Мамлекеттик тил гимни. Доклад

2-кадам: Эне тил жөнүндө ырлар

3-кадам: Макал-лакаптар

4-кадам: Көркөм окуу

5-кадам: Улуу адамдар тил жөнүндө

6-кадам: Кыргыз тили башка элдердин өкүлдөрүнүн баасында

7-кадам: Макалдар (тест)

8-кадам: Накыл сөздөрдү ордуна кой.

9-кадам: Макалдарды ула.

10-кадам: Табышмактар

11-кадам: Суроо-жооптор

12-кадам: Жыйынтыктоо.

1-кадам: Эл аралык эне тил күнү жөнүндө маалымат

Урматтуу окуучулар, 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү. 1952-жылы 21-февралда Бангладеш өлкөсүндөгү жаштар өз эне тилине мамлекеттик тил статусун талап кылышкан. Митинг күч органдары тарабынан аёосуз басылып, демонстранттарга ок атылган.

Бул окуяны эскерүү максатында ЮНЕСКО тарабынан Эне тил күнү белгиленген, ошондон тартып маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат. Тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет.

“Элдин түбөлүктүүлүгү анын тилинде” — деп улуу жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай, элибизди эл кылып, улут катары тааныткан улуу белгибиз. Бул эне тилибиз – кыргыз тили. “Улут болсом тилим менен улутмун”, “Эне тилсиз эл болбойт”, “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” демекчи эне тилибизди даңазалоо сабагыбызды баштайбыз.

Мамлекеттик тил гимни ырдалат.

Мугалим: Урматтуу окуучулар!

Кыргыз тилибиз – биздин эне тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып, эли-жерин коргоп келген. Бабабыз Бакай накыл сөзүн баян эткен. Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган. Биз да энебиздин ак сүтү менен бирге алдей ырын укканбыз. Энени ааламды баккан жерге теңегени бекеринен эмес. Дүйнөдө эч жандын энеге теңдеши жогу чын. Эне тилди сүйүү – ар бирибиздин парзыбыз. Кыргыз Республикасынын эне тили – кыргыз тили. Кыргыз тили – көрөңгөлүү тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечендеген бөгөттөргө карабай, келечекти көздөй татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тилге айланды. Бүгүн “Эл аралык эне тил” күнүнө карата өзгөчө иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Анын далили катары биз бүгүнкү “Эне тилди даңктайлы” аттуу тарбиялык саатты өтүп жатабыз. Элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан – анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры – кыргыз улутунун тагдыры. Тилди сактасак, улутту сактайбыз.

2-кадам:

Эне тил жөнүндө ырлар

1-окуучу:

       Эне тилим – улуу тил,

Манас бабам сүйлөгөн.

Жашап келет биз менен,

Кылымдардан кылымга.

2-окуучу:

       Эне тилим ырыскым,

Толуп турган чагымда.

Жашап келет биз менен,

Кылымдардан кылымга.

3-окуучу:

       Эне тилим таалайым,

Кайда гана барбайын.

Эне тилим баарында,

Дайым жарык маанайым.

4-окуучу:

       Бул тилде атам сүйлөгөн,

Бул тилде апам сүйлөгөн.

Буруусуз сайрап жаткансыйт,

Булбул дагы кыргыз тилинде.

5-окуучу:

Тилим барда улукмун,

Тилим менен улутмун.

Эне тили болбосо,

Аты аталбайт улуттун.

6-окуучу:

       Кааласам алар алп тилим,

Кандагы жүргөн баа тилим.

Кылымдар өчпөй келаткан,

Кыргыз тили – жан тилим.

7-окуучу:

       Кыргыз тили – нускалуу тил, кутман тил,

Кыргыз тили – көркөм дүйнө, дастан тил.

Кыргыз тили акындардын ырынан,

Чечендердин тандайынан чыккан тил.

3-кадам: Макал-лакаптар

1-окуучу: “Ой океан – тил булак”.

2-окуучу: “Буттан жаңылган турат,

Тилден жаңылган турбайт”.

3-окуучу: “Тил билсең, дил билесиң”.

4-окуучу: “Тил акылдын күзгүсү”.

5-окуучу: “Тил акыйкаттын ачкычы”.

6-окуучу: “Тил ойдун булагы”.

7-окуучу: “Илим менен билимге көпүрө                           – тил”.

8-окуучу: “Өнөр алды – кызыл тил”.

9-окуучу: “Эне тил – улут сыймыгы”.

4-кадам: Көркөм окуулар

“Туу туталы өлгөнчө”

Тилим – дилим, эне – атам, улутум,

Тирүү туруп болбойт аны унутуум.

Дудук жашайт дили менен таптаза,

Дилсиз адам, адам эмес курусун.

 

Сүт апаппак, тунук өмүр, ал сүт менен,

Канга кирген мекен, улут, бүт кенен.

Мекен кылган эне болуп түбөлүк,

Эне тилиң аруу сени сүттөгөн.

 

Өз тилиңе толтур жашоо кемесин,

Тил дили жок, акмак улут дебесин.

Тилин башка тилге алмашкандар,

Башкаларга алмашкандыр энесин!

 

Эне тилим, эне сыйым бир келет,

Улут жашайт энелик Күн тил менен.

Тилибизди туу туталы өлгөнчө,

Өлкө деген өсөт эне тил менен!

 

Мен кыргызмын (З. Ажыматов)

 

Мен кыргызмын, сатылбаган, сатпаган,

Мен кыргызмын баба наркын сактаган.

Ата Журтка жасасам деп бир эмгек,

Ар күн сайын “Чоң казатка” аттанам.

 

Мен кыргызмын, асман-жерге жашташмын,

Эзелкимин, келечекмин, максатмын.

Кылың дагын кыйшайганын каалабайм,

Кырчылдаган “Кыргыз деген жакшы аттан.

 

Мен кыргызмын түгөнөрдө түтөгөн!

Мен кыргызмын жок болордо күчөгөн!

Мен кыргызмын тарыхым бар, тилим бар,

Мезгилдин да ой чуңкурун түзөгөн.

 

Мен кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!

Мертинбеген эчен азап, улуумун.

Кылымдарга улап кетер дагы да,

Кыргызмын мен эр Манаска муунмун.

 

5-кадам: Дүйнөлүк улуу адамдар тил жөнүндө

Жаныңдын саламаттыгын тилиң деп бил. Анушерван Адил шах. Ирандын 20-падышасы.

Тил сүйлөгөн кишинин каалоо-тилегин учуучуга жеткирүүчү ачкыч. Беруни

Көп тил билүү – демек, бир кулпуга түшө турган көп ачкычтуу болуу. Д.Вольтер.

Заар тил октон жаман. Октон бүткөн жараат айыгып кетет, тилден бүткөн жараат айыкпайт. А.С.Грибоедов

Тилдин баркына жетпей жатып, бир нерсе жазам деген киши сүзгөндү билбей туруп, дайрага секирген акмакка тете. Р. Гамзатов

Тили чулдур болгуча,

Тили чакчыгай бол. И.А.Крылов

Жашоодо тил азабынан өткөн азап жок. С.Я.Надсон

Тил дайыма көп сөздүүлүктү танып, үнөмдүүлүккө умтулат. Пол. Пасси

Тил адам баласынын өз ара катнашынын  маанилүү куралы болуп саналат. В.И.Ленин

Тилиңдин оюңдан озуп кетишине жол бербе. Хилон.

Жашоодо тилден ачуу жана тилден таттуу нерсе жок. Эзоп. Грек тамсилчиси.

6-кадам: Кыргыз тили башка элдердин өкүлдөрүнүн баасында

Мени арбап алган жана кызыктырган ыр жандуу кыргыздардын дили, тили болду.
К.К.Юдахин, түрколог.

Мен кыргыз тилин өз эне тилимден да жакшыраак билип, сүйлөгөндө да ачык, даана, кыска, жеткиликтүү кылып сүйлөймүн. Н.Х. Фаткулина

Мен чөмүчтөп, чакалап сүзүп алдым. Кыргыз тили – көл. Көлдү соолутууга болобу? К.К. Юдахин.

Кыргыздар сүйлөп жатканда, дастан айткандай туюлат. Сөздөрү бири-бирине окшоп, ыргактуулугу менен айырмаланат. Кыргыз тили жумшак, бирок терең, агрессивдүү эмес. Н.Ф.Хайде. Голландиялык этнограф.

Кыргыздардын сүйлөгөнү ыргактуу. Аларга сөзгө чечен, чукугандай сөз тапкыч жана ар бири, ал турмак, эң эле билимсизи да өз эне тилин ушунчалык жакшы билишет. В.В.Радлов. Орус окумуштуусу, түрколог.

7-кадам: Макалдар (тест)

  1. Тил билсең … билесиң.

а) адам, б) өлкө, в) эл, г) дил

  1. Адеп башы … .

а) тарбия, б) ата-эне, в)сөз, г) тил

  1. Тил-ойдун … .

а) бешиги, б) булагы, в) чырагы, г) күзгүсү

  1. Тил — акылдын … .

а) каражаты, б) булагы, в) тепкичи, г) ачкычы

  1. Тил-акыйкаттын … .

а) символу, б) баштыгы, в) мээси, г) ачкычы

  1. Тилде … жок.

а) уят, б) мээ, в) бет, г) сөөк

  1. Жигиттин өзүнө караба, … кара.

а) ишине, б) көкүрөгүнө, в) колуна, г) сөзүнө.

8-кадам:

Накыл сөздөрдү ордуна кой

  1. Айла менен … тутууга болбойт.

а) аялды, б) албарстыны, в) түлкүнү

  1. Жалгыз дарак … болбойт.

а) тактай, б) токой, в) отун

  1. Эшек жүгүрүп … болбойт.

а) күлүк, б) тулпар, в) аргымак.

  1. Көпчүлүк түкүрсө көл болот, көл … сел болот.

а) жинденсе, б) чайпалса, в) толкуса

  1. Ат ээсиз болбойт, казан … болбойт.

а) капкаксыз, б) көөсүз

  1. Аз уктаган … бай болот.

а) акчага, б) өмүргө, в) акылга

  1. Алтын дат болбойт, жакшы … болбойт.

а) зак, б) жат, в) рак

9-кадам: Макалдарды ула

Ой океан, тил … .

Тилден жаңылган турбайт, … … … .

Көп сөз – көмүр, … … … .

Сөздү билген таап айтат, … … … .

Ааламдын көркүн сөз ачат, … … … .

Аз сөз – саз сөз, … … … .

Сөз айласын билбеген … … … .

10-кадам: Табышмактар

“Ким унчукпастан сүйлөйт?”

“Бир кап буудайым бар, жеген менен түгөтө албайм”.

“Кыдырата таш койдум, кызыл өгүздү бош койдум”.

11-кадам: Суроо-жооптор

Жолон Мамытов сүрөтчүбү, акынбы, актёрбу?

Проза менен поэзиянын айырмасы кандай?

5-март күнү кандай майрам белгиленет?

Түлкүнүн баласын эмне деп аташат?

Комуз күнү качан майрамдалат?

Айсулуу Тыныбекова ким?

“Кыргыз жери” деген ырдын сөзү кимге жана обону кимге таандык?

12-кадам: Жыйынтыктоо

Мугалим: Урматтуу тарбиялык саатка катышуучулар! Эл аралык Эне тил күнүнө арналган “Эне тилди даңктайлы” аттуу тарбиялык саатка күбө болдуңуздар. Силер – биздин келечегибизсиңер. Ошондуктан бабаларыбыз сүйлөгөн сөздөрдү улап, аны көкүрөгүңөргө сактап, эне тилибизди эң жөнөкөй угумдуу да, жугумдуу да, көркөмдүү да өзгөчөлөнгөн тил экендигин дүйнө элдерине тааныта билүү – ар бирибиздин эң ыйык парзыбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер