ДҮЙНѲЛҮК ОКЕАНДЫН ПРОБЛЕМАЛАРЫ

  • 11.05.2026
  • 0
ДҮЙНѲЛҮК ОКЕАНДЫН ПРОБЛЕМАЛАРЫ

Сабактын максаттары:

  • Окуучулар дүйнөлүк океандын негизги проблемаларын түшүнүшөт.
  • Таанып-билүүчүлүк жѳндѳмдүүлүктѳрү артат, логикалык ой жүгүртүүлѳрү ѳнүгѳт.
  • Табият менен таттуу мамиледе болууга, жаратылышты сүйүүгѳ тарбияланышат.

Үй тапшырмасын текшерүү: Австралияга жалпы мүнѳздѳмѳ (тест)

(Umaigra платформасы)

1.Австралия мамлекетинин акча бирдиги?

а) доллар         б) евро        в) юань          г) лира

2.Астралиянын байыркы элдери кандай аталат?

а) майялар     б) аборигендер           в) викингдер             г) римдиктер

3.Австралия материгенде жайгашкан мамлекет?

а) Мальта       б) Австралия          в) Непал            г) Сидней

4.Австралия дүйнѳдѳ кайсы ѳзгѳчѳлүгү менен белгилүү?

а) эң суук ѳлкѳ           б) эң кичине ѳлкѳ            в) эң чоң арал         г) континент

5.Австралия кайсы океан менен курчалган?

а) Атлантика океаны менен           б) Түндүк муз океаны менен             в) Тынч океаны менен     г) Инди океаны менен

🧠 Сабактын жүрүшү (5E модели боюнча)

  1. Engage (Кызыктыруу). Жагымдуу маанай түзүү (Жер-суу аттары). Кыска видео же сүрөт көрсөтүлөт (океандын булганышы жөнүндө). Окуучулар теманы аныкташат. ДҮЙНѲЛҮК ОКЕАНДЫН ПРОБЛЕМАЛАРЫ
  • “Эгер океандар жок болуп кетсе, дүйнө кандай болмок?”
  1. Explore (Изилдөө). Жаңы тема боюнча видеоролик кѳрсѳтүлѳт. Кыска маалымат берилет.ДҮЙНѲЛҮК ОКЕАНДЫН ПРОБЛЕМАЛАРЫ
  • Пластик калдыктар, мунайдын тѳгүлүшү
  • Климаттын өзгөрүшү
  1. Explain (Түшүндүрүү)

Топторго тапшырма: презентация даярдашат.

1-топ: Океандагы таштандыларды сорттоо.

2-топ: Океандардын адам баласынын жашоосундагы мааниси.

Максаты: илимий түшүнүктөрдү бекемдөө

  1. Elaborate (Тереңдетүү). Топтор практикалык сунуштарды иштеп чыгышат:
  • Пластикти аз колдонуу
  • Таштандыларды кайра иштетүү

Океандын проблемалары боюнча  тапшырмалар: «Ооба», «Жок» оюну

(Wheel of names платформасы)

  • Дүйнѳлүк океанга жылына 8-10 млн тонно пластик ташталат (ооба)
  • Микропластиктер дениз жаныбарларына пайдалуу (жок)
  • Нефть тѳгүлүүсү менен океандын канча  12% булганат  (ооба)
  • Пластик океанда 450-500 жылда эрийт  (ооба)
  • Океандар адам баласынын жашоосуна тескери таасирин тийгизет (жок)

5. Evaluate (Баалоо). Окуучулар өздөрүн баалашат:
“Мен бүгүн эмнени билдим?”

Үйгѳ тапшырма берүү: Дүйнѳлүк океандагы кѳйгѳйлѳрдү чечүү боюнча сунуш иштеп чыгуу. Мисалы: Океандагы таштандыларды чогултуп, тазалоочу роботторду иштеп чыгуу ж.б.

                                           ДҮЙНѲЛҮК ОКЕАНДЫН ПРОБЛЕМАЛАРЫНасиридин кызы Акбермет, Жайнак Желденбаев атындагы Боз-Бешик жалпы билим берүү мектебинин география мугалими, Ысык-Кѳл облусу, Жети-Ѳгүз району

Бөлүшүү

Комментарийлер