Ч.АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАРЫ БҮГҮНКҮ КҮНДӨ
- 26.06.2025
- 0

Ч.АЙТМАТОВДУН КААРМАНДАРЫ БҮГҮНКҮ КҮНДӨ
Максаты:
- Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштыруу аркылуу терең түшүнүү жана көркөм дүйнө таанымды кеңейтүү;
- Окуучулардын сахна чеберчилигин өнүктүрүү жана адабий каармандардын ички дүйнөсүн сезе билүүгө үйрөтүү. Көркөм окуу жөндөмдөрүн калыптандыруу;
- Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы гуманисттик жана моралдык баалуулуктарды сахна аркылуу жеткирүү. Турмушта жаман-жакшыны ажырата билүүгө тарбиялоо.
- Кыз-Абдуллаева Индира
- Бала-Солтонкулов Даулет
- 3. Бугу-Эне-Токтомаматова Бегимай
- Майрык-Чаар-Жезкемпир-Молдосатиева Назгүл
- 5. Нургазы-КалыбековУмар
- 6. Дүйшөн-Жээнбеков Давлет
- 7. Султанмурат-Молдобеков Баяман
- 8. Жанболот-Солтонкулов Даулет
- 9. Жер Эне-Токтомаматова Бегимай
- 10. Окуучулар-Солтонкулов Давлет, Абдуллаева Индира
- 11. Ч.Айтматов-Нурбеков Даниел
Сахнанын башы:
Күн күркүрөп, чагылган түшүп, жер дүңгүрөгөн доош ичинде күтүрөгөн калың дабырт мууну бошогон балдар жетелешип чуркап келип, жер кучактап (сахнанын ортосуна) жатат.
Сахнанын башынан Бугу-Эне жай басып балдарды жетелеп кирип барат:
Бугу-Эне:
- Мына бул жер силерге мекен болот, тегерете курчаган ак карлуу алкак Ала-Тоо, боор жапкан чер токой, ортодо мөлтүрөгөн ирим көл. Жер тилип эгин эккиле, мал багып, балык уулагыла, ошентип бейпил кеңчиликте укум-тукумуңар көбөйсүн. Сүйлөсө тилге жатык, укса кулакка мукам, алыстан ала келген эне тилиңерди укум-тукумуңар унутпасын, эне тилинде эл-жерин даңазалап ырдап жүрсүн. Кишиден кем болбогула, башка элге тең болгула!
(Бугу-Эне жай басып, сахнанын ортосунан көз жүгүртүү менен балдарды эки колтугуна имере кучактайт.)
Майрык-Чаар-Жезкемпир:
(Сахнананын четинен көрүнөт.)
- Оо кең пейил Бугу-Эне, адам деген кандай экенин али билбейт турбайсыңбы! Адамдар кайберен эмес, бирин-бири аябайт. Сөзүмдүн актыгын өз көзүң менен көрөрсүң, өз мойнуң менен тартарсың.
Күш-күш… Поезд келет. Поездден Нургазы түшөт.
(Ак кемени зарлап, колунда дүрбү кармап, маанайы капа жана өз жашоосуна нааразы болуп сахнанын ортосунан калат. Жерге жата калып дүрбү салып алысты карайт да, оюна мүдүрүлүп бара жаткан келечек көрүнө баштайт. Нургазынын көксөгөнү жашоосундагы терең кайгы сезими сахнада ачык көрсөтүлөт.)
Нургазы:
- Мен кээде балык болуп Ак кемеге сүзүп кетким келет. Кыялымда…… атам, апам жанымда болушат. Ошондо мен алардын уулу болом. Ата, апа! Силер тирүү болсоңор да мен силерди сагынам. Силердин кучагыңар, мээримиңер кол жеткис сыяктуу. Жан дүйнөм кыйналып, көз жашым төгүлүп караңгылыкта силерди издейм. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө бир үмүт жылтырайт.
Ата, сиздин кучагыңызда туруп, кеңештериңизди, коңур үнүңүздү уккум келет. Сенсиз дүйнө чыныгы түстөрүн жоготуп баратат, жан дүйнөм сени эңсейт, ата!
Апа, мен сиздин жумшак, мээримге толгон колдоруңузду кармап, жылуу, сүйкүмдүү жайнаган, жагымдуу көздөрүңүздү, ысык кучагыңызды жанымдан көргүм келет.
Мен силерди, баарынан артык жакшы көрөм. Бул жашоонун маңызын силер менен өткөргөн күндөрүмдөн түшүндүм. Силерди жакын арада кучактап “Мен силерди сүйөм!” деп айтуу — мен үчүн чоң бактылуулук. Канткенде мен силер менен чогуу боло алам, айтчы, тоо, таш, айтчы! Жер-Эне, Бугу-Эне сен айтчы! Силер айткылачы?!
Мен кантип силер менен бирге боло алам?!
(Нургазы сахнада турган Жер Энеге, Бугу-Энеге кайрылып, жерде ойноочу ташына кайрылгандай жерди да карайт. Көздөрү жашка толгон, үнү каргылданган, ыйлап кыйналгандай сүйлөйт.)
Шака-шука үн менен поезддин үнү угулуп, күш-күш… Поезд келет. Поездге Нургазы кирет, Дүйшөн чыгат.
Дүйшөн:
(Дүйшөн колунда телефон, ноутбук кармап сахнага келип, балдарга сабак өтүп баштайт. Балдардын колунда телефон, өздөрүнчө күбүрөшүп, эч ким мугалимге көңүл бурушпайт. Мугалим тынчсыздануу, кайгы, ойго чөмүлүү, көздөрүндө күйүт-кайгы сезими менен окуучуларга сабакты аткарууда.)
Мугалим: (Тынчсыздануу менен, ойго чөмүлүп, терең кайгы менен сүйлөйт.)
- Билим берүүгө аракет кылып жатам, бирок, кайсы жерде мени түшүнүшөт?
Силердин келечегиңер менин колумда, бирок, менин ишимди баалабай жатасыңар! (тынып алып, тынчсызданып) Бул дүйнөнү билимден башка эч нерсе кыймылдатпайт, мен силерди түшүнүү үчүн ушул жердемин. Билим алуу бул – адамдын өмүрүндө эң маанилүү жана түбөлүктүү жол.
Окуучу:
- Дүйшөн агай, азыркы заманда мугалимдин бизге эмне кереги бар? Азыр баарын интернет булактарынан алабыз. Биз, сиздин айткан акылыңызды кантип жашообузга колдонуп, максаттарга жетебиз?
Окуучу:
- Билим алуу үчүн, мугалимдин сөздөрүн эмне үчүн чоң мааниге алууга тийишпиз? Билим алуу менен биз кантип өзгөрө алабыз? Ал кандайча бизди жакшыраак кылат?
(Дүйшөн ойлонуп, жооп таппай, ичиндеги тынчсыздануусун көрсөткөндө, сахнага Чыңгыз Айтматов жай басып келет.)
Ч.Айтматов:
(Салабаттуу, байсалдуу, жай басып, чын жүрөктөн сүйлөйт.)
- Мугалим, сиздин үйрөткөн сабактарыңыз биздин келечегибизге жол ачты, сиз бизге чыныгы жакшылыкты бергенсиз. Сизге таазим кылабыз. Сиздин айткан сөздөрүңүз жүрөгүмдүн төрүндө, сиздин билимиңиз ааламга жол ачты. Менин чыгармаларым 200 тилге жакын которулду. Мени азыр дүйнө жүзү окуп жатат. Илим менен билим – адамзаттын чырагы. Аны өчүрбөгүлө! Бүгүнкү мүмкүнчүлүктөрдү баалап, ар бир күнүңөрдү үйрөнүүгө арнагыла. Жашоодо эң башкысы – адам болуу, адам бойдон калуу.
(Айтматовдун сөздөрү чоң сабакты чагылдырып, сахнадагы абалды өзгөртөт. Ал тынч жана салабаттуу, ошол эле учурда анын сүйлөгөн сөздөрү жүрөккө жетет.)
Дүйшөн: (көздөрү ыраазы болгондой)
- Акыры бааланбай турган иштин маңызында жашайм. Мен үчүн кандай гана кыйынчылык болбосун, мен силерге дайыма билим алууга жол ачам.
( Поезддин ызы-чуу үнү угулат, поездден Султанмурат түшүп келет.)
(Ошол учурда турналардын каркылдаган үндөрү угулат. Султанмурат кыйкырып, турналардын учканын көрүп, баш кийимин чечип, анын үстүн булгалап кароодо. Кыйкырып, эмнени көрүп жатканын айтып, кубанып, көздөрү жайнаган маанайда сүйүнүп кыйкырат. Ошол учурда сахнага балдар колдоруна жасалган турналарды көтөрүп, үч бурчтук болуп тизилишет.)
Султанмурат:
- Эээй ээ эээй турналар,турналар! Балдар, карагылачы, турналар, турналар эрте келишиптир, заман оңолот! Жаңы мектептер салынат, билим берүү өзгөрөт. Өлкөбүз өнүгөт. Карагылачы, конгону бара жатышат, турналар, турналар канатыңдан таштай кет. Бул турналар, бул бийикке учкан канаттар. Биз да ушундай болууга тийишпиз! Биздин канаттарыбыз билимде, биздин жолубуз ушундай бийиктикке жетет. Билим бизди алыска алып барат!
Поезддин үнү угулуп, каармандар алмашат. Сахнага Алимандын уулу Жанболот келет.
Жанболот:
(Аткарылган каармандын ишеними жана тарыхый каталар жөнүндө ойлорун чагылдырып сүйлөйт.)
- Биздин муун согуштун ызасы, ачарчылыктын кайгысын, өксүк балалыктын арманы менен жашады. Ошондо да үмүтүбүз өчкөн жок, себеби, биз элди, жерди сүйгөнбүз. Ал эми азыркы силердин милдет – ошол жоготууларды билим, тынчтык жана биримдик менен толуктагыла. Азыр тынчтык заманда билим алуу, технологияларды өздөштүрүү маданиятты сактоо жана өнүктүрүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар. Ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп жаңы заманды кургула.
Поезд тегеренет. Каармандардын үндөрү жаңырат.
Каармандар:
Ким бул? Ким бул? Ким бул?
Жер-Эне:
(Чоң, терең үн менен адамзатка кайрылып айтып, Жанболоттун жүрүм-турумун тааныйт.)
- Оо, адам баласы. Тааныбай турасыңбы? Бул – Алимандын уулу Жанболот. Же атасыз өскөн бала ара жолдо калат дедиңер беле? Жок, мына бүгүн Жанболот бой жетип, татыктуу билим алып, жүрөгүн ыйманга сугарып, элибиздин каада-салттын, үрп-адатын көкүрөгүнө кыттай уютуп, мекен алдында өз кызматын өтөп жатат. Кыргыз элин дүйнөнүн төрт бурчунда таанытып, кыргыз желегин башка өлкөлөрдө желбиретип турат.
(Cахнанын четинен Толгонай келетат, көздөрү жаштуу жана өзүнө ишенгендей басат.)
Толгонай:
- Оо, жер эне! Сага ыраазымын. Сага калтырып кеткен аманатымды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай калкалап, туура жолду бастырып адам кылдың. Эми менин санаам тынч. Тынч уктайын.
Жер Эне:
(Жер Эне сүйлөгөндө, анын үнү бекем жана зор таасирге ээ.)
- Мен жермин, мен бардык адам баласына теңмин, мага талашыңардын кереги жок, мага ынтымак керек! Эмгек керек! Эмгек керек! Мен түгөнбөйм, мен тарыбаймын, мен кенчмин мен баарыңарга тегиз жетем! Адам баласы тынчтыкта жашай алабы, жокпу, ал менден эмес, ал силерден, адам баласынын өзүнөн, силердин ынтымагыңардан, ыктыярыңардан, акылыңардан.
(Сахнада каармандардын баары турушат. Жер Энени ортого алып тизилишет. Каармандар ортосунда биримдик жана таазим көрсөтүлөт. Поезддин шака-шука үнү угулуп, бардык каармандар поездге түшкөн өңдүү кетишет.)
Мамбеталиева Э.К.
№78 мектеп-гимназиясынын
кыргыз тили жана адабияты мугалими, Бишкек шаары
Комментарийлер