Ч. АЙТМАТОВДУ ЖАМИЙЛА ПОВЕСТИ

  • 25.03.2022
  • 0
Ч. АЙТМАТОВДУ ЖАМИЙЛА ПОВЕСТИ

«Адам үчүн эң кыйыны – күн сайын адам болуу”

Ч. Айтматов

(Кыргыз адабияты, 11-класс)

Сабактын максаты: Ч. Айтматовдун “Жамийла “ повестиндеги каармандардын образын терең талкуулоо аркылуу чыгарманын идеялык маанисин ача алышат.

Ч. АЙТМАТОВДУ ЖАМИЙЛА ПОВЕСТИ

Индикаторлор: Окуучулар төмөнкүлөрдү билсе, максатына жетти дейбиз.

Билим берүүчүлүк: Чыгармадагы образдарды талдап, аларга мүнөздөмө берип, жыйынтык чыгара алышса, ой жүгүртүүсүн кеңейтүү максатында кластер, диаграмма түзүп, эссе жаза билишсе.

Тарбия берүүчүлүк: Эски салтка каршы турушуп, зордук менен бактылуу жашоо курулбастыгын, үй-бүлө курууда өз бактысы баарынан кымбат экендигин сезишсе.

Сабактын тиби: Өтүлгөн теманы жалпылоо, тереңдетүү.

Сабактын ыкмасы: Сабак диалог, изденүү, изилдөөчүлүк.

Сабактын жабдылышы: Жазуучунун портрети, буклеттер, “Жамийла” повести боюнча үзүндү- слайд, улуу адамдардын чыгарма боюнча айткандарынан, сүйүү боюнча элдик учкул сөздөр, макалдар, накыл сөздөр боюнча жазылган баракчалар.ж.б.

Мугалим: Балдар, бүгүн биз “Сүйүүнүн гимни” ( А. Стиль),

“Дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү эң сонун баян” (Луи Арагон), “Жамийла” повестиндеги образдарды талдоо аркылуу сабагыбызды баштайбыз. Бул чыгарманын жарык көрүшү коомчулук үчүн күтүүсүз болуп, окурмандарды бушайман кылып, адабий чөйрөдө талаш-тартышка алып келген. Баарынан да
Ч.Айтматовдун отуз жашында жараткан бул повестине М.Ауэзов атайы кайрылып, макала жазышы өзүнчө бир даңазалуу окуя болгон. Көрсө, М.Ауэзов ошондо “Жамийла” повести менен кыргыз адабиятынын жаңы доору башталганын даана байкаган экен. Баарынан мурда М. Ауэзов тарабынан өз учурунда айтылган сөз жаш жазуучунун чыгармачылыгынын өсүшүнө күчтүү таасир тийгизгени талашсыз чындык.

Мен силерге повестти окуп, образдарды талдап, аларга мүнөздөмө берип, жыйынтык чыгарып келүүгө тапшырма бергенмин. Эмесе сабагыбызды баштаардын алдында топторго бөлүнүп алалык. (өз каалоолору менен)

1-топ «Жамийла»

2-топ «Данияр»

«Жамийла» тобуна суроо: Эмне үчүн Садык менен Жамийла бактылуу жашай албайт деп ойлойсуңар?

Окуучу: Садык жылкычы болуп жүрүп, жайлоодогу малчылардын тоюнда кыз куумайга түшүп, Жамийлага жетпей калган имиш. Ошондон кийин намыстанып жүрүп, аны ала качып келгенин уккан. “Андай эмес, көңүлү менен кошулушкан”  деп айтып жүрүшчү абысын-ажындар” — деген сөздөрдү окуп, экөөнүн баш кошкону эли-журтка деле түшүнүксүз болгону көрүнүп турбайбы. Алар кокусунан эле баш кошушкан.

Окуучу: Жамийланын кырманда Осмон менен кагылышкандан кийинки сөзүн мисал келтирейин. «Осмонго окшогондор адамдын черин жазмак кайда. Ал жүрөктүн түпкүрүндө жатат да. Кудай билет, андай эркектер дүйнөдө жок да чыгар?..» — деп Жамийла айткандай Садык жүрөгүнүн түпкүрүндө болсо, жалгызсырап турганда ”Садыгым” деп эстейт эле го. “Андай эркектер дүйнөдө жок да чыгар?..» — деп кайгырбайт эле го. Демек, Садык Жамийланын көңүлүндө жок.

Окуучу: Жамийла Садык менен тереңинде буга чейин өзүн эч убакта бактылуу сезген эмес. Ал жарты сүйүү, жарты бакыт менен жашай тургандардан эмес. Чыныгы махабатка умтулуп, адамдын тагдырына бир гана жолу туш келе турган таалай-бакытты жазбай таанып, аны карай жалтанбай өзү биринчи барышы, бул Жамийланын аялдык улуулугу, адамдык эрдиги. Дал ушул аялдык кайталангыс асыл касиет-сапаты менен Жамийла бардыгын таң калтырып бактылуу турмушка кадам шилтеп отурат.

Окуучу: Жамийла Данияр менен кеткенден кийин уу-дуу болуп, ушак айткандардын бирөө: Тобоо, Садыктан артык эрди кайдан тапмак эле?” — дейт. Чындыгында эле, Садык “артык” жигиттердин бири. Ал башка жигиттердей эле “намыскөй”. Кыз куумайда Жамийлага жетпей калып, өзүнүн жана Олжобай уруусунун “намысын” колдон кетирбей ала качып келип, үйүнө киргизип койду. Жамийланы мурун көргөнбү, көргөн эмеспи белгисиз. Жолунан Даниярдай адам кезикпеген соң “таш түшкөн жеринде оор” болуп, аргасыз отуруп калган.

Окуучу: Садыктын каты келгенде “Жамийланын бети албыра түшүп, ал аны демин токтото албай, шашыла окуй баштайт”, эң акырында гана бир ооз сурап өткөнү айылдагы айрым эркектерге мүнөздүү болсо дагы, Садыктын аялды кемсинткени көрүнүп турбайбы.

Окуучу: Садык согуштан келгенден кийин “Жамийла” эмне үчүн менден кетип калды? Буга мен айыптуумунбу? — деп ойлонбой, тескерисинче, “алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык” — деп эсептеп, “катын деген толуп жатат, чекесинен чертмей”, — дейт. Жамийлага эч кандай сезими жок. Экөө турмушта бактылуу боло албайт болчу.

Мугалим: Демек, Жамийла жөнүндө ойлоруңар кандай?

Окуучу: “Кароол Дөбөдөн туруп, башкалар укпаган, бөлөктөрдүн кулагына жетпеген кереметтүү добуштарды уга билген Даниярдын айкөл дүйнөсүн Жамийла гана таанып, “Мен сени бүгүн эмес, кечээ эмес, сыртыңдан билгендей бала болуп, эс тарткандан бери сүйөм….Бүркүтүм! О, шаңшыган бүркүтүм! — деп агынан жарылып, тымызын эңсеп келген идеалын Даниярдан тапты деп ойлойм.

Окуучу: Жамийла Садыктын дүйнөсүн таштап, Данияр менен кетти. Бирок алар шыр эле кол кармашып кете беришкен жок. Жамийла өтө кыйналды. Үй-жайды, согушта жүргөн күйөөсүн, кайын энесин таштап кетип калыш өтө оор эле. Бирок Жамийла өз жүрөгүнүн үнүн угууга, өзүнүн бактысын табууга, өз тагдырын өзү чечүүгө бел байлап, чечкиндүү кадам жасады деп ойлойм.

Окуучу: Өз теңине жетпей, көз жаштары төгүлүп, тагдырлары аянычтуу болгон Кишимжан, Ажар, Ак Мөөр Бегимайларды окуп, билип жүрөбүз.

Ал эми Жамийла келечегин ойлоп, “жаман шинели менен тамтыгы чыккан өтүгүнөн башка эчтекеси жок” Даниярды ээрчип кеткени эң туура чечим деп ойлойм.

«Данияр» тобуна суроо: Данияр боюнча кандай ойлоруңар бар?

Окуучу: Данияр Жамийлага тентектик кылып тийишпейт. Сүйүп турса да, өз оюн ачык айтпайт. Жамийла шылдыңдап, кээде оор кырдаалга кабылтып жатса да унчукпайт, урушпайт. Жамийланы өз жайына, ыктыярына коёт.

Окуучу: Данияр кичинекей кезинен эле жетимчиликтин азабын эрте тартып, айылынан кетип, ар түрдүү жумуштарды жасады. Атап айтсак, казак талааларында кой кайтарды, чөлдө канал казып, шахталарда иштеп, согушта болуп, жарадар болду. Көп нерселерди башынан өткөрүп, жаңы көз караштар, жаңы түшүнүктөр менен байыган адам деп ойлойм.

Окуучу: “Мен дагы сени алда качан сүйгөм, өмүрүмдө көрбөсөм да, окопто жатып, сени ойлогом!…- деп Данияр өзүнүн издеген махабат идеалын Жамийладан тапты.
Жамийла Садык менен бактылуу жашай албастыгын сезди, туйду. Эгерде Данияр кетенчиктеп, баш тарта турган болсо, анда өзүнө да, Жамийланын бактысына да чыккынчылык кылмак, бактысына балта чапмак.

Окуучу: Даниярды айылдыктар теңсинишпей “Кудайдын боз кою”, ”Бечара карып”, ”Байкуш неме”, ”Сен да эл катары болорсуң”,- дешип жатышпайбы. Чыныгы жигит экендигин, ички маданияты күчтүү өнүккөндүгүн август түнүндөгү кереметтүү обон күбөлөп бербедиби.

Мугалимдин жыйынтыгы: Миң кырлуу, миң сырдуу Даниярдын айкөл жан дүйнөсүн Күркүрөөдө жалынга онтоп жалбырттап күйгөн Жамийла гана тааный алды.

К. Асаналиев таамай жазгандай: «Чоң үйдөгү эреже боюнча өткөн турмуш менен чечкиндүү түрдө кош айтышты. Жамийла менен Даниярдын улуу махабатына, улуу эрдигине повестте сүрөтчү Сейиттин сөзү менен эң туура баа берилген:

“Мейли, мен биздин үй-бүлө, биздин уруу үчүн “бузуку” болоюн, бирок адамдык чоң чындыкка мен кыянаттык кылган жокмун, турмуштун чоң чындыгына мен акырына чейин адилеттүү болгом, коркпо, Жамийла, узак жолдон, сенин жолуң — таалай жолу! Андан күмөн санаба!”

Баалоо: Топтордун активдүүлүгүнө карап, билимдери бааланды.

Үйгө тапшырма: “Бүгүнкү сабактан алган таасирлерим” деген темада эссе жазып келүү.

 

Сыдык МАМЫРОВ,
Алай районундагы №35 Сатар Карыев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер