«БУЛБУЛ МЕНЕН ЖЫЛАН»

  • 09.03.2021
  • 0
«БУЛБУЛ МЕНЕН ЖЫЛАН»

Дыйканова Гүлзада  

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун №19 Абдукаимов Адилбек атындагы жббо мектеби

"БУЛБУЛ МЕНЕН ЖЫЛАН"

Предмети: Адабий окуу

 Сабактын темасы: “Булбул менен жылан”

Мугалим:

Сабагыма даярмын.

А силерчи, балдарым,

Жакшы менин маанайым,

Саламатсыңарбы, балдарым!

Окуучулар:

Сыйлайбыз сизди, эжеке,

Салам айттык биз сизге.

Биздин маанай эң сонун

Саламатсызбы, эжеке!

Сабактын максаты:

1.Чыгарманын мазмуну менен таанышышат. Чыгарманы үн чыгарып көркөм окушат.

  1. Суроолорго жооп беришет. Чыгарманын картасын түзүшөт. Билем. Билдим. Билгим келет таблицасын түзүшөт.
  2. Кичи топто бири-бирин угуп жардам берүүгө, ынтымактуулукка көнүгүшөт.

Көрсөткүчтөр:

  1. Чыгарманын мазмунун түшүнүп, түшүнгөнүн айтып беришсе; Чыгарманы үн чыгарып көркөм окушса.
  2. Суроолорго жооп беришсе; Чыгарманын картасын түзүшсө; Билим. Билдим. Билгим келет таблицасын түзүшсө;
  3. Кичи топто бири бирин угуп жардам берүүгө, ынтымактуулукка көнгүшсө.

Сабактын тиби: Аралаш сабак.

Сабактын формасы: Класстык сабак.

Сабак аралык байланыш: Кыргыз тили, математика.

Сабактын жабдылышы: Таратмалар, батман, маркер, ТСО.

Сабактын ыкмасы: интерактивдүү.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу
  2. Үй тапшырмасын суроо
  3. Жаңы теманы түшүндүрүү.

Жагымдуу маанай: Акыл чабуулу ыкмасы.

Жаңы тема: “Булбул менен жылан”

Окуганга чейин:

Булбул деген эмне? Ал кайда жашайт?

Жылан деген эмне? Ал кайда жашайт?

Балдар, боорукердик, таш боордук дегенди кандай түшүнөсүңөр?

(120 секунд ыкмасы колдонулат)

Окуу мезгили:

-“Булбул менен жылан” чыгармасын үн чыгарып, көркөм окуп берем.

-Тыным менен окуп, угуп түшүнүүсүн сурап турам. Болжолдуу айтылган ойлорун аныктап алам;

-Жазылган сөздөрдү белгилеп чыгам;

Булбул, жылан, балапандар. Балапанды жылан жеп коюшу мүмкүн.

Окуудан кийин:

Интерактивдүү көнүгүүлөр:

  • Балдар, болжолдуу жазылган сөздөрдү аныктап алалы.
  • Булбул.
  • Жылан.
  • Балапандар.
  • Демек, силер туура таптыңар, азаматтар.
  • Рахмат.

1- тапшырма;

  • “Булбул менен жылан” чыгармасын үн чыгарып көркөм окуу. (3 минута)
  • “ Кол белги” ыкмасын колдоном.

2-тапшырма;

  • Суроолорго жооп бер! Булбул эмне үчүн кыжалат болду?
  • Булбулдун мукам добушу заар чачкандан башканы билбеген жыланга таасир эттиби? Эмне үчүн? ( 20 секунд)

Физминутка:

Кел, досторум,

Ар убакта ынтымакта бололу.

Таарынышып койсок эгер

Кечиришип коёлу.

Көздөр, көзгө тике карап,

Бир жылмайып коёлу,

“Бир” дегенде кол сунам,

“Эки” дегенде олтурам,

“Үч” дегенде мурдагы

Калыбымда түз турам.

Кайталаймын он жолу

Кайталагын он жолу

1,2,3; 1,2,3 мына бизде күч.

1,2.3.4 сандары боюнча кичи топторго бөлүнүп алышат.

3-тапшырма:

1-2- кичи топторго; — чыгарманын картасын түз?

3-4-кичин топторго; — Билем. Билдим. Билгим келет— таблицасын түзгүлө? (тапшырманы аткарууга 10 мүнөт берилет)

 

Презентация.

1-2-топтор:

Чыгарманын картасы:

Чыгарманын аталышы: — “Булбул менен жылан”.

Башкы каармандар: — Булбул, жылан, балапандар.

Окуянын башталышы; — Булбулдун балапандары эч нерседен камсыз, бири – бирине кыналышып уктап жатышты. Энеси алардын уйкусун бузбай, акырын гана уядан учуп жөнөдү.

Окуянын ортосу:

Уядан көз албай жүргөн жылан сойлой жөнөдү. Балапандын эти кандай таттуу? Ал шилекейин жутуп, көзүн тостойтуп, ылдамыраак сойлоду. Балапандардын энеси келип калды. Жалынып жалбарып жиберди.

Окуянын аягы:

Булбул жыландын бет маңдайына конуп алып, сайрап кирди. Тоо токойдун көркүн, жан – жаныбарлардын салт – санаасын жакшылык – жамандык, ач көздүк – жоомарттык, ата – эне, өлүм жана тирүүлүк, бала жөнүндө ушундай бир мукам сайрады дейсиң, жылан турган жеринде катып калды.

Мукам үндү жылан уккусу келген жок, анткени аны таш боордугу жеңип кетти. Жылан куйругун кулагына салдыда, артына сойлоп кетти.

Чыгарманын автору: Дүйшөн Сулайманов.

3-4-топтор:

Билем                                    Билдим                                              Билгим келет

Булбул                                   Чыгармадагы жыландын                Дүйшөн агайдын көптөгөн

Балапан                                 таш боордугун                                 чыгармасын билгим келет.

Жылан                                               -Булбул мукам үнү менен

жыланды жнгендигин.

-Эне балапаны үчүн өлүмгө да

даяр экендигин.

Сабакты жыйынтыктоо:

  • Балдар, сабак силерге эмнеси менен жакты?
  • Сабактын эмнеси жаккан жок? ( 20 секунд ыкмасы)

Жаккан жагы: Булбул балапандары үчүн бардыгына, өлүмгө да даяр экендиги.

Жакпаган жагы: Жыландын таш боордугу, мукам үндү да уккусу келбегендиги.

Үй тапшырма:

Булбул менен жыланды салыштырып жазып келесиңер.

Баалоо: — Окуучулар бири – бирин баалайт, мугалим жыйынтыктап баалайт.

 

Дыйканова Гүлзада

№19 Абдукаимов Адилбек атындагы мектеби

башталгыч класс мугалими.

 

“Акыл ордо” оюну сабакта

Сабактын максаты:

  1. Окуучулардын бош убактыларын туура пайдаланууга өбөлгө түзүү.
  2. Логикалык ой жүгүртүүсүн, сабакка кызыгуусун, изденүүсүн өркүндөтүү.
  3. Класстар арасындагы ынтымактуулукту чыңдоо, жана адептүүлүккө, мекенди сүйүүгө, сабырдуулукка тарбияланышат.

Сабактын тиби: Калыпсыз сабак.

Сабактын усулу: Интерактивдүү

Сабактын жабдылышы: Конверттер, карточкалар суроолорго байланыштуу сүрөттөр, маркер, ватман.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: 4-класстардын окуучуларынан үчтөн окуучу тандалып алынган. Окуучулардын формалары бирдей болушу керек.

1) Алты категорияга бөлүү

2) Тест

3) Кыргыз бий

4) Жеке номер

5) Ой жүгүртүүчү суроо.

Мугалим: Оюн 3 турга бөлүнөт.

Биринчи тур алты категориядан турат. Категорияларды окуучулар оздөрү тандашат. Ар бир категорияда 5тен суроо камтылган. Аз упай топтогон эки оюнчу оюндан кетет. Калган окуучулар экинчи турга катышат.

Экинчи тур 4 тест, 5 суроодон турат, көп упай топтогон эки окуучу үчүнчү турга катышат. Эки окуучу оюндан чыгарылат.

Үчүнчү тур кызыктуу үч ой жүгүртүүчү суроо. Оюндун шарты боюнча биринчи болуп кол көтөргөн окуучу жооп берет. Эки оюнчу беттешет. Бир оюнчу жеңүүчү болот. Ал сыйлоо барагы менен сыйланат.

“Алтынды жараткан таш,

Акылды жараткан баш” демекчи,

Бизде алтын баштар жана мыктылардын мыктысы турушат, алар өздөрүн тааныштырып өтүшсүн. Рахмат.

Биринчи тур 1 – суроо

Математика, кыргыз тили, мекен таануу, адабий окуу, аралаш макалдар.

  1. Математика
  2. Математика окуу китебиңердин авторун атагыла. Жооп: ( И.Б. Бекбоев, Н.И Ибраева)
  3. Математикада канча амалдар бар? Жооп: ( кошуу, кемитүү, көбөйтүү, бөлүү)
  4. Аяттын формуласын атагыла. Жооп: ( S= a\b)
  5. Теңдмени чыгаргыла. Х*9=81 Жооп: ( 81/9, х=9)
  6. Узундук бирдиктерин атагыла. Жооп: ( мм, см, дм, метр, км)

 

  1. Кыргыз тили.
  2. Тыбыш деп эмнени айтабыз? Жооп: ( кулагыбыз менен угабыз, оозубуз менен айтабыз)
  3. Көзүбүз менен көрөбүз, колубуз менен жазабыз бул эмне? Жооп: ( тамга)
  4. Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар? Жооп: ( атооч, илик, барыш, табыш, жатыш, чыгыш)
  5. Бүткөн айрым бир ойду билдирген бир сөздү же бир нече сөздөрдүн тизмегин эмне деп атайбыз? Жооп: ( сүйлөм)
  6. Кыргыз тилинде канча тамга бар ? Жооп ( 36)

 

  1. Мекен таануу.
  2. Күн системасынын планеталарын ата. Жооп: ( Меркурий, Венера, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун, Плутон)
  3. Кыргызстандын биринчи космонавты ким? Жооп: ( Салижан Шарипов)
  4. Дүйнөдө канча мухит (океан) бар? Жооп: ( Тынч, Атлантика, Инди, Түндүк муз )
  5. Жердин кичирейтилген модели эмне деп аталат? Жооп: ( глобус)
  6. Дүйнөдө канча материк бар? Жооп: ( Евразия, Африка, Түндүк Америка, Түштүк Америка, Антрактида, Австралия)

 

  1. Адабий окуу.
  2. Баткен облусунда Кара-Булак айылында, Айгүл-Таш деген жерде кандай гүл өсөт? Жооп: (Айгүл гүлү)
  3. “Камбаркан” уламыштын автору ким? Жооп: (Ш. Эсенгулов)
  4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили качан кабыл алынган? Жооп: ( 1989-ж. 23-сентябрда)
  5. Кыргыз Республикасынын символдорун атагыла. Жооп: (гимн, туу, герб)
  6. Боз үй төрт керегеден тигилсе, канча канат деп аталат. Жооп: (төрт канат)

 

  1. Аралаш.
  2. Кыргыз тилинде канча тыбыш бар? Жооп: (39 үндүү — 14, үнсүз – 25)
  3. Бир суткада канча саат бар? Жооп: (24 саат)
  4. Жыл жылда канча жыл мезгили бар? Жооп: (жаз, жай, күз, кыш)
  5. Жер канчанчы планета? Жооп: (үчүнчү)
  6. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгү качан кабыл алынган? Жооп: (1991-ж. 31-август)

 

  1. Макал толуктоо.
  2. “Акыл айга жеткирет, өнөр …”Жооп: (көккө жеткирет)
  3. “Акылмандын өзү өлсөдө …” Жооп: (сөзү өлбөйт)
  4. “Эл менен сен адамсың, Элден …”Жооп (чыксаң жамансың)
  5. “Эл менен сен бийиксиң, Элден …”Жооп (чыксаң кийиксиң)
  6. “Баатырдын өмүрү кыска, ….”Жооп (даңкы узун)

 

Экинчи тур. Тест.

  1. Заттын кыймыл-аракетин, ал абалын билдирип, Эмне кылып жатат? Эмне кылды? Эмне кылат? Кантти? деген суроолорго жооп берген сөз түркүмүн эмне деп атайбыз?

А) атооч                 Б) илик                В) чыгыш          Г) этиш

  1. 1кг да канча грамм бар?

А) 2000                 Б) 1000          В) 400             Г) 3000

  1. Саякбай Каралаев ким болгон?

А) комузчу             Б) окумуштуу              В) Манасчы                  Г) жазуучу

  1. Мүйүздүү Бугу – Эне тууралуу жомоктун автору ким?

А) Ч. Айтматов              Б) А. Осмонов            В) К. Тыныстанов              Г) И. Раззаков

  1. Кыргыз сому канчанчы жылы негизделген?

А) 1991-ж. 31-август              Б) 1992-ж. 18-декабрь

В) 1993-ж. 10-май                      Г) 1994-ж. 14-январь

 

Үчүнчү тур логикалык суроо

  1. Түндүк Америкада бийиктиги 100 метр, жоондугу 10 метрге жеткен дарактын аты. Жооп: (секвойя)
  2. Жер күндү бир айланып чыккан мезгил эмне деп аталат? Жооп: (жыл)
  3. Жер шарын Түндүк менен Түштүк жарым шарга бөлгөн шарттуу сызык эмне деп аталат? Жооп: (экватор сызыгы)

Жыйынтыктоо үчүн мектеп жетекчилигине сөз берилет.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер