“Биздин үй-бүлө” (Маселе иштөө)

  • 26.11.2024
  • 0
“Биздин үй-бүлө” (Маселе иштөө)

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар функционалдык сабаттуулугун калыптандырышат. Алган билимдерин, көндүмдөрүн практикада жана жашоонун ар кандай кырдаалдарында колдоно билишет.

Өркүндөтүү: Окуучулар логикалык ой-жүгүртүүсүн, эсептөө көндүмдөрүн, креативдүү ойлонуусун, эс-тутумун, кабыл алуусун өнүктүрөт.

Күтүлүүчү натыйжа: Функционалдык сабаттуулугу калыптанат, алган билимдерин жашоодо колдоно билишет.

Тарбиялык: тактыкка, тазалыкка, бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.

Сабаттуулук: математикалык жана табигый илим сабаттуулугу.

Сабактын тиби: билим жана билгичтиктерин калыптандыруу.

Сабактын методу: интерактивдүү, репродиктивдүү, көрсөтмөлүү.

Сабактын формасы: мелдеш.

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу

2. Жагымдуу маанай

2. Үй тапшырмасын текшерүү

4. Креативдүү ойлонуу

5. Мээге чабуул

6. Пиза тектүү тапшырмаларды чыгаруу.

А) КЕЙС-1. Маселени  толук жазып эсептөө (математикалык сабаттуулук)

Б) КЕЙС-2. диаграмма аркылуу маселени аткаруу (математикалык сабаттууулук)

В) КЕЙС-3. КГА ыкмасы аркылуу маселени чыгаруу (математикалык сабаттуулук)

Г) КЕЙС-4. Пойенин ыкмасы жана оозеки ыкмалар (ой-жүгүртүүгө багытталган)

Д) КЕЙС-5. Туура же туура эмес (финансылык сабаттуулук)

7. Баалоо

8. Сабакты жыйынтыктоо

Уюштуруу (2 мин). Саламатсыздарбы окуучулар жана биздин коноктор. Бүгүн биз силер менен алгебра сабагынан Пиза тектүү маселелерди аткарып, өз билимибизди сынайбыз.

Окуучулар 3 топко бөлүнөт. Ар бир топтун капитандары шайланат. Баалоо үч бурчтуу пирамида аркылуу жүргүзүлөт.

1 тапшырма — 4 балл

2 тапшырма — 3 балл

КЕЙС-1         4 БАЛЛ

КЕЙС-2         4 БАЛЛ

КЕЙС-3         5 БАЛЛ

КЕЙС-4         5 БАЛЛ

КЕЙС-5        5 БАЛЛ

10-18 балл жыйнаган топко “3”

19-24 балл жыйнаган топко “4”

25-30 балл жыйнаган топко “5”

Мотивациялоо (2 мин)

I am very smart  Мен акылдуумун

I am very beautiful  Мен сулуумун

I am very strong  Мен күчтүүмүн

I am very responsible  Мен жоопкерчиликтүүмүн

Сабакка кунт коюп, көңүл бурамын

Ата-энемди мыкты окуп кубантамын

Үй тапшырманы текшерүү: (3 мин)

Креативдүү ойлонуу: (5 мин)

“Биздин үй-бүлө” (Маселе иштөө)

Мээге чабуул: (3 мин) Сандардын закон ченемдүүлүгүн жана ? белгисинин ордуна кайсы сан келерин тапкыла.

“Биздин үй-бүлө” (Маселе иштөө)

Жооп:  6

Пиза тектүү маселелерди аткаруу

А) КЕЙС-1

Оң жактагы текстти окугула.

Тапшырма 1

“Биздин үй-бүлө”

Менин атым Адилет. Мен 12 жаштамын. Биздин үй-бүлөдө атам, апам, агам Канат, эжем Алия, мен жана иним Али болуп жашайбыз. Мен абдан бактылуу үй-бүлөдө жашайм.

Агам Канат менден 2 эсе улуу жана иним менин жашымдын жарымында, эжем Алия инимен үч эсе улуу, ал эми атам агамдан 2 эсе улуу жана апам атаман 6 жашка кичүү. Биздин үй-бүлөнүн жалпы жаштарынын суммасын тапкыла? Маселени толук чыгарылышы менен жазгыла.

а) 148 жаш

б) 150 жаш

в) 155 жаш

г) 160 жаш

Б) КЕЙС-2

Ташырманы толук жазгыла.

Тапшырма 2

Атам, апам, агам Канат, эжем Алия, иним Али жана менин жаштарыбызды тапкыла жана диаграмма аркылуу дал келтиргиле.

Диаграмма аркылуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн жаштарынын дал келүүчүлүгүн тапкыла.

“Биздин үй-бүлө” (Маселе иштөө)

КЕЙС-3

Берилген тапшырманы КГА ыкмасы аркылуу чыгаргыла

Тапшырма 3

Биз ар дайым үй-бүлөбүз менен китеп окуганды жакшы көрөбүз. Биздин үй-бүлөлүк китепканабызда бардыгы 120 балага арналган китептер бар. Атам жана апам иним экөөбүзгө кезектешип ар дайым китеп окуп беришет. Атам ал китептердин 25%, ал эми апам 35% окуп берди. Атам жана апам дагы канча китепти окуп берише элек?

КЕЙС-4 Пойенин ыкмасы

Жазында атам  узуну 20 м, туурасы 10 м болгон жер тилкесин тегерегине бак-дарактарды отургузууну чечти. Биз үй-бүлөбүз менен жаратылышка, адамдарга пайдалуу даракты отургузууну чечтик. Китептен маалымат издеп, төмөнкү маалыматка ээ болдук жана дарактарды жер тилкесине аралыгы 3 м кылып отургуздук.

  1. Багы (дуб). 1 га эмен тигилген жерден эмен багы 6,7 тонна кычкылтек бөлуп чыгырат.

2. Карагай. 1 га карагай тигилген жерден 4,8-5,7 тонна кычкылтек бөлүп чыгарат.

  1. Терек. 1 терек 45 кг көмүр кычкыл газын сиңирип алып, 30 кг кычкылтек бөлүп чыгарат. 10 кг чаңды жыйнайт. 1 га терек карагайдан 7 эсе көп кычкылтек бөлүп чыгарат.

Тапшырма: Биздин үй-бүлө кайсы даракты отургузду (эмне себептен?) жана аралыгын 3 м кылып дарактарды кандай жайгаштырып отургузушту? (чийме аркылуу көргөзгүлө).

КЕЙС-5

Оң жакты окугула. Тапшырма 5. Биз кайсы кинону тандадык? “Ата” көркөм тасмасы. Билет баасы 300 сом ар бир адамга жана суусундук 150 сом. Башталышы 19:00.

“Агай” көркөм тасмасы. Билет баасы 400 сом ар бир адамга жана суусундук 140 сом. Башталышы 15:00.

“Бейиш эненин таманында” көркөм тасмасы. Билет баасы 350 сом ар бир адамга жана суусундук 130 сом. Башталышы 13:00.

Биздин үй-бүлөгө атам дарактарды тиккен соң, сыйлык катары 1500 сом берди. Биз дем алыш күнү киного барып келүүнү чечтик. Атам үй жумуштары менен бошобой биз менен чогуу баралбастыгын айтып, кечирим сурады. Эжем жана агам окууда болгонуна байланыштуу бара алган жок. Биз — мен, иним жана апам үчөөбүз барууну чечтик. Атам күндүз гана барып келишибизди суранды.

Туура жооптуу «ооба» же «жок» деп тандагыла.

1. “Ата” көркөм тасмасы (ооба), (жок)

2. “Агай” көркөм тасмасы (ооба), (жок)

3. “Бейиш эненин таманында” көркөм тасмасы (ооба), (жок)

Рефлексия: окуучулар ар бир группага берилген карточка аркылуу пикир калтырышат.

Баалоо: 10-18 балл жыйнаган топко “3”, 19-24 балл жыйнаган топко “4”, 25-30 балл жыйнаган топко “5”.

Жыйынтыктоо: Балдар, бүгүнкү сабак силерге кызыктуу болду деп эсептейм. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айтмакчы, “Билим гана адамды эркин жана бийик кылат” демекчи, окугула, изденгиле, билимдүү болгула, келечекте билимдүү болушуңарды каалайм!

Эмки сабакта көрүшкөнчө саламатта болгула!

С. Эркинбекова, П.Ф. Колесников атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер