БИР СӨЗДӨГҮ ҮЧ СӨЗ, АРАЛАШКАН АРИПТЕР
- 31.03.2026
- 0

Классы: 2-класс (11 жылдык)
Сабактын максаты:
1) Окуучулар тема боюнча түшүнүк алышат жана теманын үстүндө иштешет.
2) Өз алдынча жана топто иштей алуу жөндөмдөрү, шар окуу көндүмдөрү өсөт.
3) Тез ойлонуп тапкычтыгы менен кошо бири-бирине туура мамиле жасоого үйрөнүп калыптанышат.
Сабактын тиби. Жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын усулу: түшүндүрүү, айтып берүү, көрсөтмөлүү, проблемалык, интерактивдүү.
Сабактын жабдылышы: слайд, Токтосун Самудиновдун сүрөтү, айлампа кластер
Сабактын жүрүшү: (Кызыктыруу)
Балдар, биз күндө кандай болсок бактылуу болобуз?
(Балдардын ойлорун угуп, талкуу болот)
Демек, күндө ден соолукта,
Күндө жагымдуу маанайда,
Күндө аракеттенип, машыгуунун үстүндө,
Күндө ата-энеге, улуу-кичүүгө, табиятка туура мамиледе болсок бактылуу болобуз.
Кана балдар, бир секунд көзүңөрдү жумуп, кайра күлүп ачкылачы!
Силер күлсөңөр класстын ичи жаркырап кетти!
Бүгүн биздин сабакта бир «сыйкыр» бардай сезилип жатат.
Ал сыйкырдын аты «жаңы билим»
Келгиле анда, аны чогуу жаратабыз.
Баалоонун критерийлери: (Окуучулар менен чогуу талкуу болот)
“5” ке татыктуу, эгерде:
1) Каалаган текстти шар окуй алса,
2) Өтүлгөндөр боюнча материалдарды толук билсе жана түшүнүгүн кенен айтса,
3) Жаңы теманын үстүндө активдүү иштесе, топтун ичинен өзүн көрсөтө алса
“4” кө татыктуу, эгерде:
1) Каалаган текстти муундап шар окуса,
2) Өтүлгөн материалдар боюнча суроолорго жооп берсе жана түшүнүгүн айта алса,
3) Жаңы теманын үстүндө активүү иштей алса
“3” кө татыктуу, эгерде:
1) Каалаган текстти муундап жай окуса,
2) Өтүлгөндөр боюнча суроолорго чала жооп берсе жана түшүнүгүн да суроолордун жардамы менен айтса,
3) Жаңы теманын үстүндө топтогу окуучулардын жардамы менен иштесе.
(Изилдөө) Топко бөлүү: (Күлүк суроолор)
Кайсы топ суроого биринчи жооп берип , көп упай топтосо, ал топ 1 — топ болот, ал эми артта калган топ 2-топ болот.
1) Адабий окуу китебибиздин авторлору кимдер?
2) Билим түгөнбөс — эмне?
3) Жыл кайсы уулуна 92 күн берди?
4) “Анан алар тар көпүрөнүн ортосуна келгенде бет келишип калышты.” Бул сүйлөмдү кайсы чыгармадан окугансыңар?
5) Акман ата небереси экөө эмне багып өстүрдү?
6) Сыйкырчынын жардамы менен канаттууга айланган бала жөнүндө чыгарма кандай аталат?
7) Талаага тай өнөрүн түшүнгөн баланын аты?
8) Тилек жана Кулубек катышкан чыгарманын аты?
9) Түлкүгө ишенип куйругунан ажыраган жаныбар?
10) Носорогдун кыргызча аталышы?
11) “Жаан” деген сөздүн окшош мааниси?
12) “Эр жүрөк” деген сөздүн карама-каршы мааниси?
13) Бээнин сүтүнөн эмне жасалат?
14) Куш таптаган адамды кандай атайбыз?
15) Шаарды кандай курганын түшүндүргөн баланы ким деп ойлойсуңар?
Азаматсыңар, балдар ! Мына эки топко бөлүнүп алдык, баалоонун критерийлери менен таанышып алдык.
Изилдөө: (Өтүлгөндөрдү кайталоо)
Эмесе экранга көңүл бурабыз. Берилген 4 тапшырманын негизинде топтор жарышып көрөлү.
1) Кайсы топ өтүлгөн чыгармалардагы каармандарды көп атайт?
2) 1- топ макал айтат, 2-топ ал макалдын мазмунун чечмелеп берет.
3) 2- топ табышмак айтат, 1-топ жандырмагын таба алабызбы?
4) 1- топ жаңылмач айтат, 2-топ ал жаңылмачты кайталоого даярбызбы?
Менин азамат балдарым! Эки топ тең эң жакшы катышып бердиңер.
Изилдөө: (Жаңы теманын кандай аталышын табуу.)
1) Ал сан менен санак башталат? (Бир)
2) 1 – тамга – с,
2 – тамга — ө,
3 – тамга — з,
4 – тамга — д,
5 – тамга — ө,
6 – тамга — г,
7 — тамга — ү. ( сөздөгү )
3) Ал сан үч бирдиктен турат. ( үч )
4) Ал бир маанини билдирет. ( сөз)
Демек, бүгүнкү сабагыбыздын биринчи темасы “Бир сөздөгү үч сөз”.
Ошондой эле экинчи темабыз кандай экенин табуу үчүн экранды карайбыз.
А Ш Э Ж З Л О
Т М Ь Ю С Ц Ш
Г В Ч Ф У Х Д
— Эмнелерди көрүп турабыз?
— Албетте, тамгаларды.
— “Тамга” деген сөздүн окшош мааниси “арип” деп аталарын билчү белеңер?
— Алар кандай тартипте жайгашыптыр?
— Аралашкан.
Демек экинчи темабыз “Аралашкан ариптер” деп аталат.
Түшүндүрүү:
1) Тексттерди көркөм окуп берем.
2) Суроолор боюнча окуучулардын алган түшүнүктөрү талкууланат.
Суроолор жана талкуу:
1 “Музоо” деген бир эле сөздөн канча сөз чыкты? (Муз, зоо, уз)
2 Акын агайыбыз бир эле сөздөгү үч сөздү кантип түшүндүргөн?
(Ойлорун угам жана толуктап жыйынтыкталат.)
3) Ал эми аралалашкан ариптерден кандай сөздөр чыкты?
( Сагызган,кумура,кайрак,буудан.)
4) Силер буга чейин “Сагызган жана кумура“ деген сөздөрдүн маанисин билген болсоңор , ал эми “Кайрак жана буудан” деген сөздөрдүн маанисин билчү белеңер?
(Сөздүк жумуш болот.)
Кайрак – суу ичпеген жер
Буудан –чарчабас,күйүкпөс ат.
— Алп бабалар Сагымбай менен Саякбай,
Манас айтса оозунан төгүлчү экен.
Күнү-түнү айтса да түгөнбөгөн,
Кыргызымдын тил байлыгы төгүн бекен? — демекчи кыргыз эли сөзгө бай. Бир эле сөздөн бир нече сөздөр келип чыгат жана бир эле сөз бир нече маанини билдирет,башкача айтканда окшош маанилүү сөздөр көп.
— Балдар, айткылачы бул кызык чыгармалардын авторун билебизби?
— Албетте, Токтосун Самудинов.
— Токтосун Самудинов ким?
![]()
Токтосун Самудинов-кыргыз адабиятында өз орду бар белгилүү акын. Ал 1941-жылы 5-сентябрда Чүй областынын Сокулук районунда туулган. Азыр 84 жашта. Анын балдарга арналган чыгармалары арбын. Мисалы: “Менин досум-ак самын”, “Кайда укташат?”, “Носорог”, “Акыра”, “Маймылча”, “Муну бил” сыяктуу ырларын окуп келе жатабыз. Ошондой эле оюн ырлары “Ак терек, көк терек”, “Хан-вазир”, “Кур таштамай”, “Түлкү менен каздар” “Туурабы?” сыяктуу чыгармалары ыр менен кошо аткарылат. Ал эми бүгүн биз өткөн чыгармалары да абдан кызыктуу, биздин тапкычтыгыбызды текшерип, тез ойлонууга чакырды десем жаңылышпайм.
Кеңейтүү:
1 — тапшырма (Жарыя чынжырча окутуу)
Кайсы топ текстти чынжырды үзбөй окуй алышат
Эң сонун! Бул тапшырманы абдан аракет кылып аткардыңар
1) Кана силердин оюңарча кайсы топ чынжырды үзбөй жарыя шар окуп беришти?
2) Топтордон кимдер эң жакшы окууга жетишти?
2 – тапшырма: Бир сөздөгү бир нече сөздөрдү тапкыла.
Ал үчүн экранга көңүл бурабыз.
1 — топко : (Карагай) 2 – топко : (Кулпунай)
кар кара кул кулп
Карагай Кулпунай
агай ай кулпун ун ай
1 – топко : (Токой) 2 — топко : (Суусамыр)
Ток ок суу уу
Токой Суусамыр
Кой ой сууса ыр
Эми ар бир топ өз алдынча “Айлампа кластер” түзөбүз. Бир эле сөздөн бир нече сөз табабыз. (Топторго (экрандагыдай) көрсөтмө баракчалар таркатылат)
1 — топко ( Карабай, балтырган )
2 — топко ( Кыргызстан, тарак )
Азаматсыңар, балдар! Бул тапшырманы да жогорку деңгээлде аткардыңар! Эми үчүнчү тапшырмага көңүл бөлөлү.
3 – тапшырма: (Өзүбүздүн дене мүчөлөрүбүздүн бир нече маанилерин тапкыла.)
1 – топко: 2 – топко:
Баш Көз
Кол Тил
Топтор менен оозеки талкуу болот, алардын ойлорун толук угам жана экрандан көрсөтүп, окуп берип жыйынтыктайм.
Дене мүчөлөрүбүздүн көп маанилүүлүгүн билели!
Баш Көз
Адамдын башы ооруду Көзүм жакшы көрөт
Иштин башы башталды Ийненин көзү бар
Тоонун башына чыктык Ал ишке көз салды
Кол Тил
Менин колум муздап кетти Баланын тили таттуу
Ал мага кол сунду Кыргыз тилин үйрөнөбүз
Бул иш сенин колуңдан келет Ит тилин чыгарып чуркады
Азаматсыңар, балдар! Көрдүңөрбү, биз бүгүн чогуу “Жаңы билим” жараттык. Ар бир сабагыбызда бизди чыдамсыздык менен “Жаңы билим” күтөт. Силердин бүгүнкү иш-аракетиңер мага абдан жакты.
Ал эми силерге бүгүнкү сабак жактыбы?
Жакса эмнеси менен?
Бүгүнкү сабактан алган билимиңерди турмушта кантип пайдаланасыңар?
(Балдардын ойлорун угам жана толуктайм.)
Баалоо: Топтордун иш-аракети бааланат. Топтогу активдүү катышкан окуучуларды топтор өздөрү (баалоо критерийлерине карап) баалашат.
Токтосун Тыныбеков атындагы
№16 жалпы орто билим берүүчү
мектебинин башталгыч класс мугалими,
Тажимырзаева Айгүл Жаныбековна
Тегене айылы, Аксы району
Комментарийлер