«Билерман ордо» таймашы

  • 07.04.2025
  • 0
«Билерман ордо» таймашы

Элмира Дюшембиева, Ысык-Көл районунун Бает жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими 

Сабактын максаты: Окуучуларды «Билерман ордо» интеллектуалдык таймашы аркылуу адабий окууга кызыктыруу, көркөм чыгармалар боюнча билимдерин тереңдетүү жана логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү. Билимдерин окуучу турмушта колдонуу менен адептүүлүккө, ынтымактуулукка багыт алышат.

Сабактын жүрүшү: Саламатсыңарбы? Бүгүнкү «Билерман ордо» оюнунун катышуучулары жана күйөрмандары! «Билерман ордо» таймашы 3 тур менен өтүлөт. Суроолор конвертте жайгашкан. Ар бир турда ондон суроо окуучуларга жекече берилет. 3-турда жеңген окуучуларга дагы ар бирине бирден суроо берилет. Кызыгы конверттин ичине балл чогултушат. Аягында эсептеп санын чыгарышат.

Мугалим: Анда эмесе мен кол чабуулар менен ордого катышуучуларды чакырып алсам. Кош келишиңер менен урматтуу окуучулар! Азыр сөздү окуучуларга берсек.

Окуучулар өздөрү жөнүндө кыскача маалымат айтып таанышат. Окуучуларга көңүл бурсак. Таанышып бүткөндөн кийин окуучулар ордодон орундук алып отурушат.

— Эмесе «Билерман ордо» акыл таймашын баштайбыз. Бизге конокко Актан келди «Сыр куржуну» менен. Азыр куржундан суроолордун номерлерин алып чыгууга Актан жардам берет. Анда баштадык.

1-суроо: Бает жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Иманалиева Күлисадан келди. Суроого көңүл бурабыз.

«Болгон окуяны ага айтты эле, ал аябай сүйүнүп, базарга барып оокат алып келди. Экөө бир канча күнгө жыргап жашады.

-Чын эле, баягы алган акчалар түгөндү. Баягы адам ач көздүгүн койбой кайра акча сураганы жөнөдү». («Адамдын пейили» чыгармасынан)

2-суроо: Бает жалпы орто билим берүү мектебинин директору Мамытова Рысбүбүдон. Суроого көңүл бурабыз.

«Элин-жерин сагынган элим. Айтар керээзим ушул. Аттиң ай, ал жерге жетпедим. Мобу оокатымды ала кеткиле, — деди. — Ал адам эртеси каза болду. Анын оокатын көздүн карегиндей сактап Мекенге жеткиргиле». («Ата журтка жеткен комуз» чыгармасынан)

3-суроо: Бает жалпы орто билим берүү мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Осмонканова Сулайдан.

Магазинге 10 кг болгон 65 ящик жана 100 кг болгон 3 ящик өрүктүн кагы жүктөлдү. Магазинге канча кг жемиш жүктөлдү? (10кг*65)+(100*3)=950)

4-суроо: Бает жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Шаршенбиева Назгүлдөн.

«Оо, акыйкаттуу ханым, — деди белгисиз азамат отурушунан жазбай. — Мен сизге үн катканым жок го. Сиздин жүрөгүңүздү оорутуп жаман кабарды айткан алдагы нерсе го. Күнөөлөсөңүз ушуну күнөөлөңүз. Менде эмне жазык?» («Камбаркан» чыгармасынан)

5-суроо: Бает жалпы орто билим берүү мектебинин англис тил мугалими Бикиева Айнурадан.

Ребусту чечмелөө керектигин окуучуларга түшүндүрдү.

«Билерман ордо» таймашы

6-суроо: Бает жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Байболотова Сымбаттан

“Ал эр жүрөк, жоо колунан катуу жарадар болду. Элимдин эңсеген эркиндигине жеткирсем экен деп тилеп, тилегине жетпей калды. Алдан тайып баштаганда сөз айтууга жарады. “Жигиттер, жүрөгүмдү сууруп элиме жеткиргиле», — деди». (“Айгүл гүлү. Козулан” чыгармасынан)

7-суроо: Бает жалпы орто билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Абазганов Азаттан суроо келди.

«Африканын символу деп кайсы дарак аталат? Мунун көңдөйүнө канча адам батып кетет? Эң бийик жана эң чоң жаныбар кайсы?» (Баобоб, 30 адам, акыра, пил)

8-суроо: Бает жалпы орто билим берүү мектебинин 9-классынын окуучусу Абдысыров Бекболдон

Кичинекей 3 бөжөк

12 сабиз табышты

3кө бөлүп тепетең

Калтырбай жеп салышты

Тоюп алып сабизге

Тойпоңдошуп жарышты

Эсептеп көр батыраак

Канчадан сабиз алышты. (12:3=4)

9-суроо: Биздин кичинекей досторубуз Актан менен Акылайдан.

“Достор, бир жумада канча адам жашайт экен. Эгер билсеңер кыргызча аттарын туура атап бергилечи?

(Дүйшөмбү, Шейшемби, Шаршемби, Бейшемби, Жума, Ишемби,    Жекшемби)

10-суроо: Бает жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Ашымова Нурзаттан

“Аны ал адам 1910-жылы көтөргөн. Анын жоондугу 1 м 89 см, ортосунун жоондугу 1м 70 см, үч жагынын жоондугу 1м 60 см, Анын узундугу 1м 60 см болгон. Бирок бул адам 1955-жылы дүйнөдөн кайткан. Бул адам ким эле (Кожомкул балбан)

2-турдун суроолору.

  1. «Кырк амалдын бири» эмнелердин достугу жөнүндө айтылат? (мышык менен ит)
  2. Чилде деген эмне? (кышкы суук)
  3. Манас баатырдын күмбөзү кайсы жерде? (Таласта )
  4. ”Манас” эпосу канча китептен турат? (3)
  5. «Төртөө» деген сөздө кайсы үч сөз бар? (төрт, өрт, төө)
  6. Эликтин баласын эмне дейт? (чаарчык)
  7. Медицинада жыландан эмне алынат? (уу)
  8. Токойдун доктору деп кайсы канаттууну айтабыз? (тоңкулдак)

3-турда окуучулардын ар бирине бирден суроо берилет. Андан кийин

кошумча суроолор ар бир балага дагы бирден суроо берилет?

Жыйынтыктоо: Жеңген окуучуларды баалоо жана сыйлоо аземи менен жыйынтыктайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер