БАГЫНЫҢКЫ ТАТААЛ СҮЙЛӨМ

  • 28.04.2021
  • 0
БАГЫНЫҢКЫ ТАТААЛ СҮЙЛӨМ

Колледждердин жалпы курстары үчүн

Тема: Багыныңкы татаал сүйлөм

Сабактын максаттары:

1) Билим берүүчүлүк: Багыныңкы татаал сүйлөмдөрдүн касиеттерин үйрөнүшөт.

2) Өнүктүрүүчүлүк: Татаал сүйлөмдүн түрлөрүн бири-биринен айрымалай алышат. Ойлорун ирээттүү айтып беришет. Сөз байлыгын кеңейтишет.

3) Тарбия берүүчүлүк: Суроолорду туура бергенге, так жооп бергенге үйрөнүшөт, бири-бирин угуу – бул сын мамиле кылуу экендигин түшүндүрүп, маданияттуу адам болууга тарбияланышат.

Сабактын тиби:

Жаңы теманы түшүндүрүү.

Сабактын формасы:

Топтордо иштөө;

Сабакта колдонулуучу каражаттар:

Топтор үчүн атайын баракчага түзүлгөн суроолордун топтому. Баалоо баракчасы; Дептерлер.

Сабактын жүрүшү:

  1. I. Уюштуруу: а) Алтын эрежелерди эске салуу.

б) Жагымдуу маанай түзүү.

  1. Өтүлгөн сабакты кайталоо;

III. Жаңы теманы түшүндүрүү.

  1. Үйгө тапшырма берүү.
  2. Окуучуларды баалоо.

Беш мүнөттүк поэзия: А.Осмоновдун ырларынан үзүндү  айтышат. Ушундай жагымдуу маанайдан кийин сабак башталат.

Мугалим тарабынан өтүлгөн тема эскертилип, багынычсыз татаал сүйлөм тууралуу топко таратылуучу тапшырмалардын биринчи суроосу берилет.

Суроолорду таратып жатып, аудиторияга жалпы, багынычсыз татаал сүйлөм деген эмне? Кандай түрлөрүн билесиңер? деген суроолор берилет.

(Каалаган окуучу жооп берет).

Байламтасыз багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара ар кандай мааниде колдонулаарына байланыштуу топторго берүүчү суроолор:

1-топ – Мезгилдеш мааниде кандай колдонулат? (Мисалдарда далилде);

2-топ – Карама-каршы мааниде кандай колдонулат? (Мисалдарда далилде);

3-топ – Себеп – натыйжалаш мааниде кандай колдонулат? (Мисалдарда далилде);

4-топ: — Чечмелөө маанисинде кандай колдонулат? (Мисалдарда далилде);

2-суроо:

Коюлуучу тыныш белгилердин учурлары:

1-топ: — Биринчи учуру;

2-топ: — Экинчи учуру;

3-топ: — Үчүнчү учуру;

4-топ: — Төртүнчү учуру;

3-суроо:

Байламталуу багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдү байланыштыргыч, каршылагыч, ажыраткыч байламталар байланыштырат эмеспи. Ошол байламталарды бөлүп көрсөткүлө.

1-топ: — Байланыштыргыч байламталар (мисалдарда далилде);

2-топ: — Каршылагыч байламталар (мисалдарда далилде);

3-топ: —  Ажыраткыч байламталар (мисалдарда далилде);

4-топ: — Байламталуу багынычсыз татаал сүйлөмдүн тыныш белгилери.

Доскадагы баалоонун көрсөткүчүнүн таблицасына ар бир суроого топтордун жооптору жазылат;

Жаңы теманы түшүндүрүү; Доскага эки татаал сүйлөм жазылат. Алар салыштырылат.

1) Эгизден төл өсөт, эмгек менен эл өсөт.

2) Касым жөнөп кеткенден кийин, Майсалбектен кат келди.

Мында Майсалбектен кат келди – баш сүйлөм; Касым жөнөп кеткенден кийин – багыныңкы сүйлөм. Багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмгө берилүүчү суроого жооп берет.

Окуучулар бул татаал сүйлөмдөрдөн багынычсыз жана багыныңкы татаал сүйлөмдөрдү айырмалашат. Анткени экинчи татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдүн бири негизги ойду билдирсе, экинчиси ошол негизги ойдун ар кандай кырдаалын көрсөткөнүн байкашат.

Демек, багыныңкы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн бири, ойдун натыйжасын билдиргени баш сүйлөм, баш сүйлөмдөгү ойдун кандайдыр бир кырдаалын билдирген экинчи жөнөкөй сүйлөмү багыныңкы сүйлөм деп аталаарын билишет.

Бышыктоо үчүн топторго багыныңкы татаал сүйлөм түзүү сунушталат.

Ар бир топтун түзгөн сүйлөмдөрү бааланат.

Багыныңкы сүйлөмдүн баш сүйлөм менен тутумдашуу жолдору экөө, алар байламтасыз жана байламталар аркылуу тутумдашаары, байламтасыз түрдө байланышууда багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндоочтору кандай мүчө уланган формада аяктап, баш сүйлөм менен байланыш жасаары, багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна катар айтылуучу “учур”, “убак”, “кез”, “мезгил” сыяктуу мезгилдик маанидеги сөздөргө “да” мүчө улануу менен баш сүйлөмгө байланышаары, баяндоочко “кийин”, “соң”, “чейин”, “дейре”, “менен”, “замат”, “үчүн”, “сайын”, “тартып”, “бери” сыяктуу жандооч сөздөр катар келүү аркылуу баш сүйлөм менен байланышкан учурлары айтылып, мисалдар менен түшүндүрүлөт.

Ал эми байламта аркылуу тутумдашууда себеп байламталар, салыштырма байламталар, шарттуу байламталар, ошондой эле баяндоочуна “са” мүчө улангандан кийин “да” байламтасы катар айтылып, баш сүйлөм менен байланышаары мугалим тарабынан белгиленет; мисалдар менен түшүндүрүлөт.

Бышыктоо үчүн топторго төмөнкүдөй суроолор берилет:

1-топ – Багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндоочтору – бай, — майынча, — майын,- гана, — ганы, — ган сыяктуу формада аяктаган сөздөрдү колдонуу менен баш сүйлөм менен байланыш жасаган татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө.

2-топ – Багыныңкы сүйлөмдөрдүн баяндоочтору – сын, — канча, — гыча, — арда, — са, — дыктан сыяктуу формада аяктаган сөздөрдү колдонуп, баш сүйлөм менен байланыш жасаган татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө.

3-топ – Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна катар айтылуучу мезгилдик маанидеги сөздөргө – “да” мүчө улануу менен баш сүйлөмгө байланыштырып, татаал сүйлөм түзгүлө.

4-топ – Багыныңкы сүйлөмдүн баяндоочуна жандооч сөздөр катар келүү аркылуу баш сүйлөм менен байланыштырып татаал сүйлөм түзгүлө.

Кийинки тапшырма:

1-топ – Себеп байламталар аркылуу баш сүйлөм менен байланыштырып, татаал сүйлөм түзгүлө.

2-топ – Салыштырма байламталар аркылуу баш сүйлөм менен байланыштырып, татаал сүйлөм түзгүлө.

3-топ – Шарттуу байламталар аркылуу баш сүйлөм менен байланыштырып, татаал сүйлөм түзгүлө.

4-топ – Баяндоочуна – “са” мүчө уланып, андан кийин “да” байламтасы катар айтылып, баш сүйлөм менен байланышкан татаал сүйлөм түзгүлө.

Талкуудан кийин бул суроолордун жооптору да бааланып, көрсөткүч таблицасына жазылат.

Багыныңкы татаал сүйлөмдүн тыныш белгилеринин өзгөчөлүктөрү мугалим тарабынан түшүндүрүлүп (мисалдар менен далилденип), топторго төмөнкүдөй суроолор берилет:

1-топ: — Баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдү кандай тыныш белги менен ажыратабыз? (Мисалда далилде).

2-топ: — Эгер багыныңкы сүйлөм баш сүйлөмдүн ортосуна келсе, үтүр кандай коюлат? (Мисалдарда далилде).

3-топ: — Шарттуу багыныңкы татаал сүйлөмдүн курамындагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн экинчиси күтүлбөгөн кескин жыйынтыкты билдирсе, кандай тыныш белги коюлат? (Мисалдарда далилде).

4-топ:  — Кыска курамдуу багыныңкы татаал сүйлөмдүн курамындагы биринчи сүйлөм шартты, экинчиси натыйжаны билгизсе, алардын ортосуна кандай тыныш белги коюлат? (Мисалдарда далилде).

Топтор бааланат. Мугалим жыйынтыктоо сөзүн айтат. Тапшырма берилет.

Доскадагы баалоо көрсөткүчүндөгү баалар эсептелип, жеңүүчү топ аныкталат.

Нуркалый Жайылов,

Н.Исанов атындагы КМКТАУнун КОББ (колледжинин) окутуучусу,

кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер