Ат атооч сөз түркүмү катары

  • 18.05.2026
  • 0
Ат атооч сөз түркүмү катары

Чолпон-Ата шаары,  А.Осмонов атындагы ж.о.б.б. мектеп-комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Руслан кызы Нурила

Кыргыз тили, 6-класс

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы

Сабактын максаттары

  1. Билим берүүчү максат: Окуучулар ат атоочтун маанисин, суроолорун жана сүйлөмдө колдонулушун түшүнүшөт.
  2. Өнүктүрүүчү максат: Окуучулардын ой жүгүртүүсү, сүйлөө жөндөмү жана топто иштөө көндүмдөрү өнүгөт.
  3. Тарбия берүүчү максат: Окуучулар бири-бирин сыйлоого, өз оюн так айтууга жана кызматташууга тарбияланышат.

Предметтик компетенттүүлүк

  • Тилдик компетенттүүлүк: ат атоочторду сүйлөмдө туура колдонуу.
  • Коммуникативдик компетенттүүлүк: өз оюн оозеки жана жазуу түрүндө билдирүү.
  • Маалыматтык компетенттүүлүк: берилген маалыматты талдоо жана колдонуу.

Күтүлүүчү натыйжалар

Сабактын аягында окуучулар:

  • Ат атооч эмне экенин түшүндүрө алышат;
  • Ат атоочторду тексттен таба алышат;
  • Сүйлөм түзүүдө ат атоочторду туура колдонушат;
  • Топ менен иштеп, өз оюн эркин билдиришет.

Сабактын жүрүшү (5E модели)

«Тил – адамдын оюн билдирген эң чоң байлык»

Төмөнкү  доскага  жазылган  цитатаны  окуучуларга  окуп  беребиз. Андан кийин окуучуларга кыска суроо беребиз

  • Бул сөз эмнени билдирет?
  • Биз сөздөрдү эмнеге туура колдонушубуз керек?Ар  бир  окуучу  өз  оюн  айтат.

Окуучуларды сабак  башталардын  алдында  бир аз  шыктандыруу  иретинде,ар  бир  окуучунун  партасына  шыктандыруучу цитаталары  жазып  коебуз.

“Билим — адамды бийиктикке  жеткирген  канат”

“Ар бир суроо — жаңы билимге жол”

“Ката кетирүүдөн коркпогула, ката үйрөнүүнүн бир бөлүгү”

“Ар  бир  сабак  силердин  келечегиңерге  жасаган  кадам. Бүгүн дагы бир  кадам  алдыга  жылалы”

“Ар  бириңер  акылдуу  жана  жөндөмдүү  окуучусуңар. Болгону  аракет  кылуу  керек”

Мугалимдин сөзү: Саламатсыңарбы,  балдар!Бүгүн  жаңы  билим  ала  турган  сонун  күн. Ар  бириңер сабакка  активдүү  катышып, жаңы  нерсе  үйрөнөсүңөр  деп  ишенем.

Көңүл  маанай” түзүү

Мугалим: Эгер  маанайыңар  жакшы  болсо-кол  чабабыз. Эгер  сабакка  даяр  болсоңор — кол көтөрөбүз. Эгер жаңы  билим  алгыңар  келсе “Ооба” деп айтабыз дагы сабагыбызды баштайбыз.

Этап (5E)

  1. Engage (Кызыктыруу) Интерактивдүү доскадан  сүрөттөрдү чыгарабыз (мугалим, бала, китеп). Анан ошол сөздөрдүн ордуна мен, сен, ал деген сөздөрдү жазат. «Бул сөздөр эмнени алмаштырып жатат?» деп суроо берет. Суроого жооп берип, ой жүгүртүшөт. Теманы  божомолдошот. «Ойлон–жуптан–бөлүш» 5 мин.
  1. Explore (Изилдөө) Классты 3 топко бөлөбүз. Ар бир топко карточка берилет. Карточкада сүйлөмдөр бар, окуучулар зат атоочтун ордуна ылайыктуу ат атоочту табышат. Топто иштеп, сүйлөмдөрдү толтурушат. Мисалы: Айбек мектепке келди → Ал мектепке келди. Топтук иш, карточка 8 мин. 
  1. Explain (Түшүндүрүү) Окуучулардын жоопторунун негизинде ат атоочтун аныктамасын чыгарат. Тактага кыскача эреже жазат: Заттын атын атабай, анын ордуна колдонулган сөздөр ат атооч деп аталат. Эрежени угуп, мисал келтиришет. Суроо-жооп, түшүндүрүү 7 мин.

М: Мен сабакка  кечигип  келдим. «Мен» деген  ат атооч  болот.

  1. Elaborate (Колдонуу) Теманы түшүндүргөндөн  кийин  окуучуларды  3 топко бөлүп, ар  топко  тапшырма  беребиз.

1-топ — «Тап жана алмаштыр». Тапшырма: Сүйлөмдөрдөгү зат атоочторду ат атооч менен алмаштыргыла.

  1. Айбек мектепке келди.
  2. Айжан китеп окуп жатат.
  3. Айбек менен Нуржан футбол ойношту.
  4. Мугалим сабак түшүндүрдү.

2-топ — «Сүйлөм түз». Тапшырма: Берилген ат атоочтор менен сүйлөм түзгүлө.

  • мен
  • сен
  • биз
  • алар

4-топ — «Туурасын тап». Тапшырма: Туура ат атоочту тандагыла.

  1. Айбек менен мен мектепке барабыз → (биз / алар)
  2. Айжан ырдап жатат → (ал / сен)
  3. Мугалим менен окуучулар сүйлөшүп жатышат → (алар / мен)

Окуучулар оюнга катышып, ат атоочторду колдонуп сүйлөм түзүшөт.Ат атоочторду  табышат. Оюн, ролдук иш 10 мин

5 (Баалоо) Формативдик  баалоо, 5 мин.

«Учуу  жана  конуу»  ыкмасын  колдонобуз. Окуучуларга  сүрөт  аркылуу  тапшырма  беребиз, ким биринчи  тапса, ордунан  турат.

1 Ат  атоочту  тап?

2 Сүйлөм  түз.

3 Сөздү  ат  атооч   менен  алмаштыр.

Жыйынтык  чыгарат.

Үйгө тапшырма:    

“Эгерде  мен директор болсом…” деген  темада  текст  жазуу.

Бөлүшүү

Комментарийлер