АЧЫК САБАК: БАЙЧЕЧЕКЕЙ

  • 23.03.2022
  • 0
АЧЫК САБАК: БАЙЧЕЧЕКЕЙ

Өтүлүүчү күнү:
Предмети: Алиппе
Классы: 1 -“б” класс
Сабактын темасы: Байчечекей

Негизги компетенттүүлүк

1
Маалыматтык компетенттүүлүк

2
Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк

3
Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чече билүү компетенттүүлүгү


Предметтик компетенттүүлүк

К 1
Тыбыш жана тамга менен иштей алуу компетенттүүлүгү

К 2
Окуй алуу компетенттүүлүгү

К 3
Сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү

К 4
Сүйлөм, текст менен иштей алуу компетенттүүлүгү

К 5
Аң сезимдүү окуу, угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу компетенттүүлүгү

Сабактын максаты:
Күтүлүүчү натыйжа:

Окуучулар тексттин мазмуну боюнча маалымат алышат.
Жаңырык окушат.
Окуучулар тексттин мазмуну боюнча маалымат алышса.
Текстти жаңырык окушса.

2) Суроолорго жооп беришет.
Сүйлөмдөрдү толукташат.
Сөздөн сөз курушат.
Чыгарманын картасын түзүшөт.

Суроолорго жооп беришсе.
Сүйлөмдөрдү толукташса.
Сөздөн сөз курашса.
Чыгарманын картасын түзүшсө.

3) Кичи топтордо бири-бирин угуп, жардам берүүгө көнүгүшөт.
Кичи топтордо бири-бирин угуп, жардам берүүгө көнүгүшсө.

Сабактын тиби: Жаңы сабак
Сабактын усулу: Интерактивдүү
Сабактын жабдылышы: түстүү сурөттөр, окуу китеби, ватман, маркер, проектор, ноутбук
Сабактын формасы: Жалпы, кичи топто, жекече
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашам.Класстын гигиеналык абалына жана окуучулардын окуу китебине көз жүгүртөм.
Шыктандыруу: (3 мин). Мугалим сөз айтат, окуучулар артынан «мен дагы”- деп чогуу кайталашат.
Мугалим: Эртең менен турдум,
Окуучулар: Мен дагы.
Мугалим: Бети-колумду жуудум,
Окуучулар: Мен дагы.
Мугалим: Короого кирдим,
Окуучулар: Мен дагы.
Мугалим: Короодо козу көрдүм,
Окуучулар: Мен дагы.
Мугалим: Короодогу козу капкара экен,
Окуучулар: Мен дагы.
Мугалим: Силер карасыңарбы?
Окуучулар: Жоок эжеке (окуучулар маанайларын көтөрүшөт).
Жаңы теманы, максатты окуучуларга угуза айтам.
Өткөн теманы кайталоо: ( 3 мин)
— Балдар, өткөн сабакта эмне деген текст окуганбыз?
Жаңы тема: Байчечекей
Окуганга чейин: (4 мин)
-Балдар, байчечекей деген эмне?
— Байчечекей бул – гүл.
— Байчечекей гүлүн көрдүңөр беле?
— Ооба.
— Анын түсү кандай болот? Ал кайсы мезгилде ачылат?
— Жаз мезгилинде ачылат.
— Демек балдар, бүгүнкү темабызда байчечекей жөнүндө дагы эмнелер айтылышы мүмкүн?
— Текстте дагы кандай окуялар болот деп ойлойсуңар?
— Дагы кандай каармандар катышышы мүмкүн?
(Божомолдуу сөздөрдү доскага жазам).
Окуу мезгили: ( 10 мин). Үн чыгарып,көркөм окуп берем,тыным менен угуп, түшүнүгүн сурап турам.
Окуудан кийин:
Жаңырык окушат. (5 мин) Калыптандыруучу баалоонун кол белги ыкмасын колдоном.
— Балдар, тексттин мазмунун толук түшүндүм дегендер жакты белгисин көрсөтөбүз.
— Тексттин мазмунун түшүндүм дегендер жакты белгисин оң тарапка буруп коёбуз.
— Тексттин мазмунун түшүнбөдүм дегендер колубузду булгалап коёбуз.
Тастыктоочу суроолорду берем. (2 мин)
-Тексттен эмнени түшүнбөй калдың?
— Тексттен эмнени түшүндүң?
Эс алуу мүнөтү: (2 мин)
Келе жатып абышка,
Чачып алды буудайын.
Тооктор келип чокуду.
Каздар келип таптады,
Кароол келип шыпырды.
Шамал болуп учурду.
Интерактивдүү көнүгүүлөр: (7 мин)
1-тапшырма: Сүйлөмдөрдү толукташат.(1-топ)
Мисалы: Күн ____________ .
Байчечекей бажырайып _________ .
Чыйырчык байчечекейди _________ .

2- тапшырма: Сөздөн сөз курашат. (2-топ).(Байчечекей деген сөздөн башка сөздөрдү курашат).
Мисалы: Ай, чай, чака, байке.
3-тапшырма: Чыгарманын картасын түзүшөт. (3-топ)
Тексттеги окуянын башы,ортосу жана аягындагы окуяларга тийешелүү сүрөттөрдү ирети менен чапташат.
Мисалы: Күндүн сүрөтү андан кийин байчечекей, чыйырчыктын сүрөтүн ирети менен чапташат.
Сабакты бышыктоо: (4 мин)
-Балдар, бүгүнкү сабак силерге жактыбы?
— Эмнеси көбүрөк жакты?
— Кайсыл жери жакпай калды?
— Текстте кайсы каармандар катышты?
— Күн, байчечекей, чыйырчык.
Баалоо: (2 мин) Окуучулар бири-бирин баалашат.
Үйгө тапшырма: (1 мин) Бүгүнкү сабакта окуган текстти сүрөттөп тартып келүү.

БОЛТОКОВА Асылай, Кара-Суу районундагы Ибрагим Кулбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер