«АКЫЛМАН» ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ 6-КЛАССТАР ҮЧҮН 1-ТУРДУН ОНЛАЙН ТЕСТИРЛӨӨ ГРАФИГИ
- 10.05.2024
- 0
“Акылман” президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына карата конкурстук тандоосу боюнча акыркы маалымат.
6-КЛАССТАР ҮЧҮН 1-ТУРДУН ОНЛАЙН ТЕСТИРЛӨӨСҮ АР КАЙСЫЛ КҮНҮ, АР КАЙСЫЛ УБАКЫТТА БОЛОТ!
КҮНҮ | ОБЛУСУ / ШААРЫ | УБАКТЫСЫ |
11-май | Нарын облусу | саат 10:00-12:00 |
11-май | Ош облусу | саат 15:00-17:00 |
11-май | Ош шаары | саат 15:00-17:00 |
12-май | Ысык-Көл облусу | саат 10:00-12:00 |
12-май | Талас облусу | саат 10:00-12:00 |
12-май | Жалал-Абад облусу | саат 15:00-17:00 |
13-май | Баткен облусу | саат 10:00-12:00 |
13-май | Чүй облусу | саат 15:00-17:00 |
13-май | Бишкек шаары | саат 15:00-17:00 |
Толук маалыматтарды ар бир облустун жана шаарлардын кошумча телеграм каналынан ала аласыздар:
Шилтемелер:
“Кабыл алуу — 2024, Ысык-Көл”
“Кабыл алуу — 2024, Ош”
“Кабыл алуу — 2024, Талас”
“Кабыл алуу — 2024, Чүй”
“Кабыл алуу — 2024, Баткен”
“Кабыл алуу — 2024, Нарын”
“Кабыл алуу — 2024, Жалал-Абад”
“Кабыл алуу — 2024, Ош шаары”
“Кабыл алуу — 2024, Бишкек шаары”
ЭСКЕРТҮҮ:
Төмөнкү иш-аракеттерди кылууга катуу тыюу салынат. Эрежелерди бузган катышуучулар автоматтык түрдө конкурстук тандоодон четтетилет. Эреже бузуулар сайттын администрациясы тарабынан аныкталат.
Тыюулар:
- Тестирлөөнү скриншот кылып тартып алуу;
- Тестирлөөнү запись экрана кылып тартып алуу;
- Тестирлөө учуру камераны өчүрүп коюу;
- Башка облустардын тестирлөөсүнө катышуу;
- Өз адресинен (аккаунт) башка 2 же андан көп адрес ачып, 2 же андан көп жолу тест тапшыруу;
- Тест учуру шпаргалка, китеп сыяктуу каражаттарды же кошумча гаджеттерди колдонуу;
- Тест учуру бирөөдөн жардам суроо же камера көрбөгөн жерге басып кетүү;
- Тест учуру exam.edu.kg сайтын жаап, ошол эле учурда башка вкладка (баракча, окно) ачуу;
- Тестирлөөгө бир эле учурда 2 же андан көп адрестен кирүү.
1-тур боюнча:
- 1-тур 5 предмет боюнча тапшырылат
- Суроолордун жалпы саны – 85
- Берилген жалпы убакыт – 120 мүнөт (2 саат)
- Тестирлөө бүткөндөн кийин жыйынтыгы дароо аягында көрсөтүлөт.
- 1-турдун жыйынтыгы 17-май күнү саат 17:00дө лицейдин кабыл алуу боюнча телеграм каналдарынан кабарланат.
Математика – 25 суроо
Логика – 15 суроо
Кыргыз тили – 15 суроо
Орус тили – 15 суроо
Тарых – 15 суроо
Уруксат берилет:
- Тест учуру убакытка карап, айрым суроолор үчүн артка кайтууга (мисалы: оорчулук жараткан суроолорду аягына калтырыш үчүн);
- Тест учуру таза барак менен калем колдонууга (мисалы: математикалык тапшырмаларды чыгаруу үчүн);
- Тестирлөөнү уюлдук телефон, ноутбук же компьютер аркылуу тапшырууга (бирок бир учурда бирөөсү менен гана).
Унутпагыла!
- Тестирлөө тапшыра турчу гаджетти кубаттап коюуну;
- Интернеттин жетиштүүлүгүн, ылдамдыгын текшерүүнү.
Эске салсак:
6-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн конкурстук тандоо 3 этаптан турат:
1-тур: 11-майдан 13-майга чейин онлайн тестирлөө.
2-тур: 20-майдан 24-майга чейин онлайн тестирлөө.
3-тур: 27-майдан 2-июнга чейин оффлайн тестирлөө, ар бир 7 облуста жеринен өткөрүлөт.
Кабыл алуу боюнча толук маалымат алуу үчүн:
- Инстаграм баракча – @akylman.presidential_school
Телеграм канал – “Акылман” Кабыл алуу — 2024” группасына КАТТАЛУУ ЗАРЫЛ!
Комментарийлер