ЗОМБУЛУК ЖАШЫНГАН ЖЕРДИ КАМЕРА КӨРБӨЙТ
- 21.10.2026
- 0
Мектептеги рэкетчилик, окуучулар арасындагы зомбулук, өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна байланышкан кайгылуу окуялар бир суроону кайрадан алдыга чыгарды: балдарды коргоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар эмне үчүн бардык учурда натыйжа бербей жатат? Видеокамералар орнотулуп, профилактикалык иштер жүргүзүлүп, мектептерде тарбия маселеси талкууланганы менен, балдар өздөрүн коопсуз сезе турган чөйрөнү түзүү али да олуттуу милдет бойдон калууда.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек ЭРКИМБЕКОВ менен маегибизде ушул маселелердин себептерин, министрлик көрүп жаткан чараларды жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууда үй-бүлө менен мектептин жоопкерчилигин талкууладык.
— Алтынбек мырза, акыркы убакта окуучулар арасындагы укук бузуулар жана рэкетчилик коомчулукту тынчсыздандырууда. Жалал-Абад облусунда теңтуштарынын колунан эки окуучу каза тапкан окуялар да болду. Министрлик бул фактылар боюнча кандай иштерди жүргүздү? Көйгөйдүн түпкү себебин эмнеден көрөсүздөр?
— Бул өтө оор маселе. Балдардын жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө, тарбиясындагы кемчиликтерге эмне себеп болуп жатканын бир гана жагдай менен түшүндүрүүгө болбойт. Анын социалдык-экономикалык шарттарга, үй-бүлөдөгү мамилелерге жана айрым ата-энелердин жоопкерчилигине байланышкан жактары бар.
Биз 2025-жылдын аягында өлкө боюнча, эки шаарда жана жети облуста изилдөө жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгында балдар дуушар болгон зомбулуктун үч түрү — психологиялык жана физикалык зомбулук, ошондой эле кибербуллинг өзгөчө көңүл бурууну талап кылары аныкталды. Укук бузуулар калк жыш жайгашкан аймактарда, анын ичинде Бишкек, Ош, Манас шаарларында жана Жалал-Абад облусунда көбүрөөк кездешери байкалды. Башка аймактарда да мындай фактылар бар.
Жалал-Абаддагы окуялар боюнча министрликке маалыматтар түшкөндөн кийин атайын буйрук чыгарылып, комиссиялык текшерүүлөр жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында тиешелүү сунуштар аймактык жетекчилерге берилди. Профилактикалык иштерди күчөтүү боюнча тапшырмалар да коюлду. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн ар бир фактыга өз убагында көңүл буруп, себептерин аныктап, тиешелүү чараларды көрүү зарыл.
— Өспүрүмдөрдүн психологиялык абалына байланышкан көйгөйлөр да олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Балдарды оор кырдаалга жеткирген себептерди кантип эрте аныктоого болот?
— Баланын көйгөйүн ал ачык айтып чыкканда гана байкап калбашыбыз керек. Кээде бала мектептеги басымдан, үй-бүлөдөгү кыйынчылыктан же башка жагдайлардан улам жардамга муктаж болуп жүрүшү мүмкүн. Ошондуктан балдар менен иштөөнүн жолдорун кеңейтип, алардын кайрылуусун угуп, ишенимдүү байланыш түзүүгө өзгөчө маани берип жатабыз.
2025-жылдын биринчи кварталынын аягында электрондук күндөлүккө “Коркпо, билдир!” аттуу анонимдүү билдирүү жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн киргизгенбиз. Анын жардамы менен окуучулар мектептеги гана эмес, үй-бүлөдөгү жана көчөдөгү зомбулук тууралуу да маалымат бере алышат. Келип түшкөн билдирүүлөр Агартуу министрлигине жана Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт. Маалыматтын купуялуулугу сакталат, билдирүү жөнөткөн баланын анонимдүүлүгү корголот.
Бул механизмдин иштеши бизге зомбулук мектептин ичинде гана болбой турганын көрсөттү. Демек, баланын коопсуздугу үчүн мектептин аймагын көзөмөлдөө жетишсиз. Анын үйдөгү жана мектептен тышкаркы чөйрөсүн да эске алышыбыз керек.
— Мектептерде видеокамералар орнотулуп жатат. Ошентсе да рэкетчилик жана зомбулук токтобой жатканы байкалат. Мектеп администрацияларынын же жооптуу кызматкерлердин көйгөйдү жаап-жашырган учурлары барбы?
— Видеобайкоо коопсуздукту камсыз кылуучу каражаттардын бири. Бирок камера орнотулду экен деп бардык маселе чечилип калбайт. Изилдөөбүз да, электрондук күндөлүктөгү анонимдүү билдирүүлөр да зомбулук камера жетпеген жерлерде — ээн аймактарда жана мектептин көзөмөлүнөн тышкаркы жайларда да болушу мүмкүн экенин көрсөттү.
Жооптуу адамдар тарабынан көйгөйлөрдү өз убагында билдирбей коюу же жаап-жашыруу ыктымалдыгын да четке какпайбыз. Ошондуктан Ички иштер министрлиги менен биргеликте видеобайкоо системаларын анын кырдаалдык борборуна туташтыруу маселесин карап жатабыз. Бул көзөмөлдү күчөтүүгө жана окуяларга өз убагында чара көрүүгө жардам берет.
Ошол эле учурда камеранын өзү тарбиянын ордун баса албайт. Зомбулукту эрте аныктоо үчүн мугалимдердин, социалдык педагогдордун, психологдордун жана мектеп жетекчилигинин жоопкерчилиги да жогору болушу керек. Баланын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө көңүл буруп, көйгөйдү жашырбай билдирүү — алдын алуу иштеринин маанилүү бөлүгү.
— Министрлик мектептерде зомбулуктун алдын алуу үчүн кандай иштерди жүргүзүп жатат? Бул багытта окуу программалары жана мектеп ичиндеги профилактикалык кеңештер кандай роль ойнойт?
— Жалпы билим берүү уюмдарында «Адам жана коом» предмети окутулат. Анда балдардын тарбиясына, сергек жашоо образына, маңзаттарды колдонуунун жана коррупциянын алдын алууга байланышкан темалар камтылган. Мындан тышкары, мектептерде профилактикалык кеңештер иштейт. Алардын курамына мектеп администрациясынын өкүлдөрү, ата-энелер, жогорку класстын окуучулары жана социалдык педагогдор кирет.
Мындай иштерди формалдуу жыйын же бир жолку түшүндүрүү менен чектебешибиз керек. Баланын көйгөйүн угуп, зарыл учурда адиске багыттап, ата-энеси менен байланышып, абалдын өзгөрүшүнө көз салып туруу маанилүү.
Жаңы окуу жылынын башында да ата-энелер менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Мектепке чейинки, жалпы билим берүү, башталгыч кесиптик жана кошумча билим берүү уюмдарында ата-энелер үчүн он күндүк декада өткөрүлдү. Бирок мындай иш-чаралар уюштурулганына карабастан, окуу жылынын башында эле кайгылуу окуялардын катталышы профилактиканы мындан ары да күчөтүү зарылдыгын көрсөттү.
— Мектеп психологдорунун жетишсиздиги көп айтылып келет. Азыркы учурда ар бир мектепте балдар менен жекече иштей турган адистер барбы?
— Психологиялык кызматты күчөтүү маселеси министрликтин алдында көптөн бери турат. 2018-жылдан тартып мектептерде психологдордун штаттык бирдиктерин киргизүү демилгеси көтөрүлүп келген. 2026-жылы мектептердин окуучуларынын санына жараша психологдордун штаттык бирдиктерин караган жаңы тартип киргизилди.
Ага ылайык, 275 окуучуга чейинки мектептерде психолог үчүн 0,25 штаттык бирдик, 276дан 550гө чейинки окуучусу бар мектептерде 0,5 штаттык бирдик, ал эми 551 жана андан көп окуучусу бар мектептерде бир штаттык бирдик каралган.
Психологдордун функционалдык милдеттерин аныктаган нускама жана алардын ишин уюштуруу боюнча документтер да иштелип чыгып, бекитилди. Азыр аймактарда адистерди кабыл алуу жүрүп жатат. Албетте, кадр тартыштыгы бар, бирок мектептерди психологдор менен камсыз кылуу багытындагы иштер уланууда.
Буга чейин тарбия иштерин негизинен социалдык педагогдор, директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана башка жооптуу кызматкерлер жүргүзүп келишкен. Эми психологдордун кошулушу балдар менен жекече иштөөгө, алардын абалын кесипкөй баалоого жана көйгөйлөрдү эрте аныктоого шарт түзөт деп ишенебиз.
— Ата-энелери миграцияда жүргөн, чоң ата-чоң энесинин же башка туугандарынын колунда тарбияланган балдар менен иштөөдө кандай өзгөчөлүктөр бар? Ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн эмне кылып жатасыздар?
— Баланын тарбиясында үй-бүлөнүн орду өзгөчө. Мектеп билим берет, тарбиялайт, бирок баланын дүйнөгө болгон көз карашы, адамдар менен мамилеси жана жүрүм-турум адаттары үй-бүлөдөн башталат. Бала үйүндө эмнени көрсө, көп учурда сырттагы мамилесинде да ошону чагылдырат.
Ошондуктан ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты бекемдөө зарыл. Министрликте 2022–2023-жылдары бекитилген ата-энелер программасы бар. Азыр аны жаңыртып, мазмунун толуктап жатабыз.
Мындан тышкары, «Манас код» аттуу оюн тиркемесин иштеп чыкканбыз. Ал ата-эне менен баланын чогуу ойношуна, суроо-жооп аркылуу Манастын тарбиясы, мекенчилдик жана улуттук баалуулуктар тууралуу сүйлөшүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Мындай ыкмалар баланын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө гана эмес, ата-энеси менен жакын мамиле түзүшүнө да жардам берет.
Албетте, ата-энелердин баары балдарынын жанында дайыма боло бербеген шарттар бар. Бирок мындай учурда да баланын тарбиясы көзөмөлсүз калбашы керек. Аны карап жаткан адамдар, мектеп жана тиешелүү кызматтар өз ара байланышта иштегени маанилүү. Ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү маселесин да мындан ары көңүл борборунда кармайбыз.
— Балдардын бош убактысын туура уюштуруу укук бузуулардын алдын алуунун бир жолу. Сиз жетектеген бөлүм бул багытта кандай иштерди жүргүзүп жатат?
— Баланын бош убактысы мазмундуу өтүшү керек. Ал кызыккан иши менен алектенип, жөндөмүн өнүктүрүп, теңтуштары менен пайдалуу чөйрөдө баарлашууга мүмкүнчүлүк алышы зарыл. Мектептен тышкаркы билим берүү ушул жагынан чоң роль ойнойт.
Президенттин демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 3-июнунда кабыл алынган жарлыктын негизинде өлкө боюнча 500 мектепте шахмат ийримдерин уюштуруу боюнча пилоттук долбоор башталды. Ага үчүнчү жана бешинчи класстардын окуучулары тартылууда. Долбоорго эки шаардан жана жети облустан мектептер тандалып алынган. Ийримдерди жетектей турган 500 мугалимди окутуу уюштурулуп, зарыл каражаттарды камсыз кылууга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн.
Бул долбоор аркылуу 30 миңден ашык окуучуну шахмат ийримдерине тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Шахмат балдардын ой жүгүртүүсүн, көңүл топтоо жөндөмүн жана чечим кабыл алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет. Эң башкысы, окуучулардын сабактан кийинки убактысын пайдалуу ишке багыттоого шарт түзөт.
Долбоор бир жылга эсептелген. Мөөнөтү аяктагандан кийин мониторинг жана баалоо жүргүзүп, анын жыйынтыгына жараша ийримдердин ишин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карайбыз.
Ошондой эле мугалимдерге, социалдык педагогдорго, психологдорго жана ата-энелерге арналган, жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган социалдык видеороликтерди таратып жатабыз. Алар балдардын тарбиясы, зомбулуктун алдын алуу жана коомдук жоопкерчилик тууралуу маалымат берүүгө багытталган. Видеолорду министрликтин социалдык тармактардагы баракчаларынан көрүүгө болот.
— Өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу бир гана Агартуу министрлигинин милдети эмес. Ички иштер органдары жана жергиликтүү бийлик менен кызматташуу кандай жүрүп жатат?
— Бул багытта мекемелер аралык кызматташуу зарыл. Биз Ички иштер министрлиги менен зомбулук тууралуу билдирүүлөрдү кароо, видеобайкоо системаларын өркүндөтүү жана профилактикалык иштерди күчөтүү маселелеринде иш алып барып жатабыз. Жалал-Абаддагы окуялар боюнча да комиссиялык текшерүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү аймактык жетекчилерге сунуштар жана тапшырмалар берилген.
Мектептеги коопсуздук маселесин бир мекеменин күчү менен гана чечүү мүмкүн эмес. Билим берүү уюмдары, ата-энелер, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары маалыматты өз убагында бөлүшүп, өз милдеттерин так аткарганда гана натыйжа болот.
Биздин алдыбызда турган милдет — балдарга билим берүү менен чектелбестен, алардын коопсуздугун камсыз кылууга, туура тарбия алышына жана жөндөмүн өнүктүрүүгө шарт түзүү. Бул ишти күчөтүп, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча да сунуштарыбызды тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирип жатабыз.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”