«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНДА КИМДЕР КҮЧ СЫНАШАТ?

  • 02.10.2023
  • 0

“Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагынын жобосуна ылайык үчүнчү этаптан өткөн мыкты мугалимдер республикалык сынакка жолдомо алышты. Быйыл үстүбүздөгү жылдын 2-5-октябрына чейин өтүүчү республикалык “Жыл мугалими – 2023” сынагында Бишкек, Ош шаарларынан жана жети дубандан келаткан мыктынын мыктылары күч сынашат. Республикалык деңгээлдеги «Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүлөрү 100000 сом акчалай сыйланат.

Сынактын максаты

Сынактын жыйынтыктоочу этабы Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту, Республикалык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитети, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору, Улуттук тестирлөө борбору, жогорку окуу жайлардын адистеринин колдоосу менен 2-5-октябрда өткөрүлөт.

— Жыл сайын эле бул кароо-сынак мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерин аныктоо, аларды колдоо жана кубаттоо, ар бир мугалимдин өзүн-өзү жана кесиптик сапаттарын көрсөтүшүн камсыздоо, кесиптик байланыш чөйрөсүн кеңейтүү, республиканын мыкты мугалимдеринин педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу жана мугалимдердин мыкты тажрыйбасы жөнүндө педагогикалык маалымат менен толуктоо максатында өткөрүлүп келет, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Салтанат Темирбекова.

Сынакта эмнелер каралат?

Конкурстун баардык этаптарында мугалимдин иш тутуму бааланат жана анын сабактын техникасын, методикасын өздөштүрүү даражасы аныкталат. Жаш муунга билим жана тарбия берүүнүн педагогикалык технологиялары, методикалары, жаңы ыктары жана ыкмалары анализделет. Сынактын мазмуну ар бир тур үчүн аныкталат жана ага төмөнкүлөр кирет: педагогикалык тажрыйбанын презентациясы, мастер-класс, конкурстук сабак жана өзүн-өзү анализдөө.

Сынактын финалына ар бир облустан бир гана катышуучу көрсөтүлөт. Ал сынактын үчүнчү этабынын жеңүүчүсү болушу керек.

Конкурстун өткөрүү тартиби

Баардык этапта мелдеш эки турда өтүп, үч сынактык иш-чараны камтыйт.

— I турда катышуучу 15 мүнөттө педагогикалык тажрыйбасын презентациялап, дагы 15 мүнөттүн ичинде калыстар тобунун мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берет. Андан кийин 20 мүнөткө чейин мастер-класс өткөрөт. II турда болсо 40 мүнөттүк сабак өтөт. Өзүн-өзү анализдөөгө дагы беш мүнөттүк убакыт берилет. Сынактык сабактын темасы калыстар тобу тарабынан сынак өткөрүлүп жаткан жалпы билим берүү уюмунун календардык-тематикалык планына ылайык аныкталат.

Сабактын темасы жана аны баалоо критерийлери катышуучуларга сынак башталганга чейин жети календардык күн мурун маалымдалат. Сынактык иш-чараларды баалоонун критерийлери Кыргыз билим берүү академиясы жана Республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан иштелип чыгып, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилет жана катышуучуларга алдын ала жеткирилет. Сынактык иш-чаралардын жүрүшү видеотасмага тартылат. Эки турдун жыйынтыгы боюнча сынактын жеңүүчүсү жана сыйлык ээлери аныкталат, — дейт башкы адис.

Аламан байгенин катышуучулары ким?

Сынактын үчүнчү этабынын элегинен өткөн мыктылар Бишкек шаарында өтүүчү республикалык сынакка жолдомо алышты. Алар: Ош облусунун Ноокат районундагы Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Айпери Кеңеш кызы, Бишкек шаарынан №21 жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими Шахсанам Рахманкулова, Ош шаарындагы №37 Гапар Айтиев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Элнура Алекова, Тогуз-Торо районундагы №1 Тоту Мойдунов атындагы инновациялык жалпы билим берүүчү орто мектебинин  башталгыч классынын мугалими Забида Кулубаева (Жалал-Абад облусу), Ысык-Көл облусунан №16  Т.Сыдыкбеков атындагы Кең-Суу жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими Канатбек Алиев, Баткенден Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Нургүл Сулайманова, Чүйдөн Новопавловка гимназия орто мектебинин кыргыз тили мугалими Карлыгач Эсенгулова, Талас облусунан “Улукман” жатак-лицейинин география мугалими Самара Абдулдаева, Нарын облусунун намысын коргоп Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык орто мектебинин кыргыз адабияты мугалими Бексултан Имашовдор күч сынашмакчы.

Финалисттер тууралуу учкай маалымат

Бексултан ИМАШОВ, Ат-Башы району

«Жыл мугалими — 2023» кароо-сынагынын республикалык турунун катышуучусу Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы инновациялык орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Бексултан Имашов.

«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНДА КИМДЕР КҮЧ СЫНАШАТ?

— Дүйнөдө педагогика деген түшүнүк тарыхый жактан алып караганда байыркы гректерде, байыркы римдиктерде алгач пайда болуп анан бара-бара бизге келип жетти деген ой менен жашап келебиз. Мен ойлойм кыргыздарда элдик педагогика алмустактан бери эле кыргыздын ой түшүнүгүндө, салтында, көчмөн цивилизациясында жашап келген. Кыргыз, керек болсо, баласын түйүлдүк кезинен баштап тарбиялап, коомго адептүү, баатыр, чечен, ошол эле учурда намыскөй кылып тарбиялап кошкон. Кыргыздын кыргыздыгы, анын макал-лакаптарында, ийненин көзүндөй болгон сөзгө инектей керек болсо ингендей болгон маанини батырып туюнта алганында. Мени да кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы тарбиялап мугалим кылды, — дейт Бексултан.

Элеттик мугалим манасчылык өнөргө 12-13 жаш курагында аралашкан.  Сапарбек Касмамбетов, Назаркул Сейдракманов аталардын батасын алып, Рысбай Исаковго шакирт болуп, жетегинде жүрүп, жазма, акындык өнөрдү да жетилте алган. Анын бир топ прозалык аңгемелери,  ырлары өз окурмандарын тапты.

«Жыл мугалими — 2023» кароо-сынагынын республикалык туруна анын насаатчысы Айгүл Кулмурзаева менен 9-класстар үчүн «Семетей» эпосу боюнча сабагын даярдап жатат.

Шахсанам РАХМАНКУЛОВА, Бишкек шаары

Бишкек шаардык “Жылдын мыкты мугалими” сынагында №21 мектептин мугалими Шахсанам Рахманкулова биринчи орунга чыгып, республикага жолдмо алды.

«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНДА КИМДЕР КҮЧ СЫНАШАТ?

Шахсанам Рахманкулова борбор калаадагы №21 орто мектепте 15 жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип келатат. “Жылдын мыкты мугалим” сынагына катышуу үчүн үч жылдан бери даярданып жүргөндүктөн, жеңүүчү болорунан үмүттөнгөнүн айтат.

Таланттуу, чыгармачыл, креативдүү мугалимдер катышкан сынакта өзүнүн мыктылыгын сабак өтүүдө эле эмес, өзүн-өзү тааныштыруу, слайд жасоо этаптарында да жогорку деңгээлде көрсөткөн мугалим кыйынчылыктар болгонун жашырбайт. Бирок ага жардамга мектеп жамааты келип, көрсөтмө куралдарды жасап, ар тараптан колдоп турушту.

Шахсанам Рахманкулова 1983-жылы 3-мартта Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Сүлүктү шаарында төрөлгөн. 2000-жылы Бишкек шаарындагы №45 орто мектебин ийгиликтүү аяктаган соң, 2001-жылы  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин математика бөлүмүнө окууга тапшырган. Алган билимин дагы да тереңдетүү максатында 2017-жылы  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун педагогика факультетине тапшырып, аны 2019-жылы аяктаган. Алгачкы эмгек жолун Бишкек шаарындагы №88 орто мектебинен баштаган.

Кесиптештеринин айтымына караганда, Шахсанамдын мугалимдик өзгөчөлүгү — педагогдук кесибин сүйгөндүгү.

Ал абдан сабырдуу, сылык, токтоо. Сабактарын да бир калыпта өтөт. Сабактын мазмунуна, баланын сабактын аягына чейин жигердүү катышкандыгына басым жасайт.

Кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ. Улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтө билет. Ал мектептин күчтүү педагогдорунун бири. Үзүрлүү, үзгүлтүксүз, тынымсыз иш-аракеттеринин, көп жылдык эмгегинин натыйжасында ийгиликтери арбын.

Өз предметин мыкты билген адис жана профессионал педагог бир катар  шаардык жана республикалык кароо-сынактарына катышкан. Алсак,  2021-2022-окуу жылында  “Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!”  долбооруна 4-Б классы менен  “Эне көркү элечек” аттуу темада мектеп ичинен 1-орунга,  райондон 2-орунга, ал эми шаардан 2-орунга ээ болгон. “Жүрөгүмдү балдарга арнайм” конкурсуна катышып, райондук деңгээлде 28 мектептин ичинен 2-орунду ээлеген. Ушул эле конкурстун шаардык деңгээлинде 1-орунду камсыз кылган.

Эмгек жерде калбайт дегендей, анын эмгеги бааланып, №21 мектебинин, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары менен сыйланган.

Шахсанам Рахманкулова үч баланын сүйүктүү энеси, жароокер жар.

Нургүл СУЛАЙМАНОВА, Баткен шаары

Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде  15 жылдан бери Нургүл Сулайманова англис тили мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Ал шаардык, облустук  кароо-сынактан алдыга озуп чыгып,  республикалык кароо-сынакка жолдомо алды.

«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНДА КИМДЕР КҮЧ СЫНАШАТ?

Баткенде мугалим болуп иштөө жеңил эмес.   Мугалимдердин арасында чек ара жаңжалдарынан улам,  көчүп кеткендери да бар. ”Бул менин жерим, Мекенге мен кызмат кылбасам, ким кызмат кылат?” — деген принцип менен өз кесибин сүйүп, балдардын келечегин түптөп жаткандардын сап башында Нургүл эжей да турат.

Нургүл Сулайманова мекенчил мугалим. Ошол оор күндөрү эвакуацияланган жарандардын арасында күнү-түнү жардам берип, стресске кабылган ата-энелер менен окуучуларга кайрат берип жүрдү.

2022-жылдын апрель айындагы күтүүсүз ок атышуудан кийин мектептер жабылып, окутуу онлайн форматка өткөн.

Нургүл Тажибаевна чыныгы мыкты мугалим. Кезегинде өз билимин өркүндөтүп, Америкага чейин барып келген. Ал учурда  Баткен районунун жана Баткен шаарындагы англис тили мугалимдерине англис тилин окутуунун методикасын жаңы санариптик технологияларын колдонуу жолдорун үйрөтөт. Ал эми окуткан окуучулары Аскаров Нурсен, Таджиева Камила Америка элчилиги тарабынан уюштурулуп келген “FLEX” программасынын алкагында Американын Арканзас штатында бир жыл бою жашап, билим алып келишти. Дагы бир окуучусу Мальвина Апиева Азербайжан Республикасындагы англис тилинде өткөрүлгөн “Кибер коопсуздук” боюнча сынакка катышып, 119 өлкөдөн келген окуучулардын ичинен 18-орунду ээлеген. Ушунун баары Нургүл Сулайманованын чыныгы эмгек акыбети эмей эмне?! Мына ушундай мугалим гана мыкты мугалим деген наамга арзыйт дешет кесиптештери.

Канатбек АЛИЕВ, Түп району

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу №16 Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы Кең-Суу жалпы орто билим берүү мектебинде Канатбек Алиев математика мугалими болуп 13 жылдан бери эмгектенип келет. Канатбек дагы мыктылардын катарында.

«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНДА КИМДЕР КҮЧ СЫНАШАТ?

2023-жылдын март айында мектептеги мугалимдер жамааты Канатбек Алиевди райондук «Жыл мугалими – 2023” сынагына катышууга талапкер катары көрсөтүшкөн. Ал эмгек жамаатынын үмүтүн актап, райондук сынакта гран-принин жеңүүчүсү болуп, Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы жана баалуу белек менен сыйланып, облустук турга жолдомо алган. Түп райондук профсоюз уюму тарабынан берилген «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясына берилген он күндүк жолдомо менен июнь айында эс алып келгенин кубануу менен айтты.

Ушул эле жылы май айында өткөн облустук сынагында алгач педагогикалык жана предметтик тесттерден ийгиликтүү өткөн. Мастер-класс сынагында ал өзүнүн автордук «Квадраттарды эсептөөнүн ыңгайлуу жолдору» аталышындагы видеослайдын көрсөтүп, жогорку упайларды топтогонго жетишкен. Андан соң Каракол шаарындагы №1 мектепте 8-г класска «Квадраттык тендемелерге маселе иштөө» темасында ачык сабагында  заманбап технология колдонулуп, окуучулар Quizizz программасы аркылуу суроолорго жооп берип, мугалим койгон максатына жеткенин кубануу менен билдирди.

Эки күндүк сынактын жыйынтыгы менен ал облустук конкурста да  гран-прини утуп алып, республикалык турга жолдомо алды.

Элнура АЛЕКОВА, Ош шаары

Биздин каарманыбыз Ош шаарындагы №37 Гапар Айтиев атындагы орто мектебинде англис тили мугалими болуп эмгектенет. Үй-бүлөлүү, үч баланын апасы.

«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНДА КИМДЕР КҮЧ СЫНАШАТ?

Элнура 2008-жылы №42 “Керме-Тоо” мектеп-гимназиясын бүтүргөн. 2008-2013-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин дүйнөлүк тилдер факультетинде жогорку билим алган. Алгачкы эмгек жолун №32 Жолон Мамытов атындагы мектептен баштаган.

— Ал жерде иштеп, күчтүү директорубуз Дилара Арапбаевна эжекеден мыкты тажрыйбаларды топтогом. Мындайча айтканда, мугалимдик пайдубалым ошол мектептен куралган. 2020-жылдан тарта Гапар Айтиев атындагы орто мектепте иштеп келе жатам. Ош шаарында өткөн кароо-сынакка жалпы 47 мектеп мугалимдери катышып, алты мугалим финалда ат салыштык. 3-турда мыктылардын мыктысы болуп суурулуп, өзгөчөлөнүп чыгуу кыйын болду. Анткени финалисттердин баары күчтүү, тажрыйбалуу, таланттуу жана билимдүүлөр эле. 3-турда эң кыйыны мен үчүн сахнага чыгуу болду. Бул сынак аркылуу мен чоң сахнага чыгуу фобиямды жок кылдым деп айта алам.

Мугалим – бул тажрыйбалуу психолог, кереметтүү акын, даңазалуу актёр, теңдеши жок жардамчы жана башкысы – чыныгы дос. Бүгүнкү күндө мугалимдиктен өткөн, жомоктошкон кесип болбосо керек. Бул кесип адамдан чын дили менен берилүүсүн талап кылып, кээде ден соолугуна зыянын тийгизет, бирок бул кесипти туура алып барууну билген адамга ал өтө чоң күч-кубатты жана энергияны тартуулап, өзүн башкаларга дагы керек экенин сезүүгө жардам берет. Мугалимдик кесип – дүйнөдөгү эң байыркы жана эң мыктыларынын бири. Келечекте дагы билим казынамды толтуруп, иш тажрыйбамды кеңейтип, жаңы өсүп келе жаткан муунга татыктуу билим берсем дейм.

Мен педагогикалык иш-тажрыйбамды ар дайым башкаларга үйрөтүүгө аракет кылам. Мисалы, кандай гана жаңы билимге ээ болуу үчүн окуулардан өтсөм, дароо мектептеги кесиптештериме жайылтканга аракет кылам. Кесиптештерим да дагы кандай жаңылык алып келдиң деп, мени күтүп сабак өтүп берүүмдү суранышат. Мектеп мүдүрүбүз да мугалимдерге билим алуусуна шарт түзүп берет. Алган билимимди көбүнчө өз кесиптештериме ишемби күндөрү семинар-сабак катары өтүп турам. Андан сырткары, Ош шаарындагы жана облустагы англис тилчи мугалимдерине колдоо жана жардам көрсөтүү боюнча атайы KG TESOL ассоциациясы түзүлгөн. Ошол ассоциациянын мүчөсүмүн. Англис тилчи мугалимдерге тренинг жана семинарларды уюштуруп, сабак өтөбүз, тажрыйба алмашабыз.

Социалдык баракчалар аркылуу да сабактарымды чыгарып, иш- тажрыйбамды жайылтууга аракет кылып келем. “Эл агартуу” журналы, “Мугалимдер дүйнөсү” газетасына сабактарымдын планы берилип жайылтылууда, — дейт мугалим.

Сынактын катышуучусу Элнура төмөндөгү долбоорлор менен дагы иш алып барат. Алсак: Медиасабак фонду тарабынан уюштурулган Мектеп медиа бурчу иштеп жатат жана анын жетекчиси болуп команда менен иш алып барат; Новый Ритм уюму тарабынан “Акыл карачач” долбоорун ишке ашырды. Долбоор боюнча Өзгөн районунун сегиз мектебине адам укуктары жана жарандык активдүүлүк боюнча семинар тренинг өткөрүп, жыйынтыгында сегиз мектеп аралык интеллектуалдык оюн өткөрдү; ЮНИСЕФ балдарды коргоо уюмунун волонтеру катары “Коопсуз мектеп” долбоору алкагында Кара-Суу районундагы мектептерге табийгый кырсыктардын алуусу боюнча практикалык сабактарды өткөрүп келет; TECHайым, Даткайым, GOViral, FullBright долбоорлорунун активдүү катышуучусу; “Коом агартуучулар кыймылынын” мүчөсү; IPD уюму тарабынан колдоого алынган “Төлөйкөн жаш тынчтык куруучулар” клубун түзүп, жетектейт. Клубда инсандык өнүгүү, патриоттуулук, Кыргыз жарандык концепциясы, миграция, кесипти туура тандоо, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чаралар уюштурулат жана социалдык баракчаларга чыгарып турат, ошондой эле ал “Лингва” жана Билим берүү жана илим  министрлиги тарабынан камсыздалган SNER долбоорунун катышуучусу.

Анын эмгеги бааланып, ал Ош шаардык кеңешинин,  ОшБББнын,  Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен, бир нече мекеме уюмдардын дипломдору, ыраазычылык каттары менен сыйланган. Ал бир нече конкурстун жеңүүчүсү.

Карлыгач ЭСЕНГУЛОВА, Чүй облусу

Карлыгач Эсенгулова Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка гимназия орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими. Жалпы эмгек стажысы 18 жыл. Аталган мектепте 2017-жылдан бери иштейт.

«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНДА КИМДЕР КҮЧ СЫНАШАТ?

— Ары татаал, ары жооптуу, ошол эле учурда өтө сыймыктуу кесип ээси болгонума абдан кубанычтамын. Бул этапка жетүү, албетте, оңой болгон жок. Аял киши үчүн кесип менен чогуу үй-бүлөнү эриш-аркак алып кетүү кыйын эле болот экен. Ошого карабастан, үйдөгү төрт балам менен класстагы кырк баламдын келечеги үчүн болгон аракетти кылуудамын.

Мен киммин?

Мен мугалим, кыргыз тилчи,

Ыр жазган, ыр ырдаган комуз билчү.

Мезгилдин талабынан калышпаган,

Мээримдүү насаатчы да, эне тилчи.

2008-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин аяктагам.

Эмгек жолумду Ат- Башы районунун, Ак-Жар айылындагы А.Жаналиев атындагы орто мектебинде баштагам.

Кесиптик билимимди, ой-максатты,

Көтөрүүгө келдим эле ал жактан.

Кудай буйруп Сокулуктун насибин,

Буйрук экен татып калдым бул жактан,  — дейт сынактын катышуучусу.

Самара АБДУЛДАЕВА, Талас облусу

Талас облусунун Манас районуна караштуу “Улукман” жатак-лицейинин география мугалими Самара Абдулдаева дагы республикалык сынактын катышуучусу.

«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНДА КИМДЕР КҮЧ СЫНАШАТ?

Самара Абдулдаева 26-декабрь 1980-жылы Бала-Саруу айылында туулган. 1998-жылы Бала-Саруу орто мектебин аяктап, ошол эле жылы Бишкек педагогикалык коледжине тапшырып, аны 2000-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.

2000-жылдын сентябрь айынан баштап Манас районуна караштуу Покровка орто мектебинде алгачкы эмгек жолун баштаган.

2012-жылы Талас мамлекеттик университетинин география факультетине сырттан тапшырып, аны 2015-жылы аяктаган.

2012-жылдын сентябрь айынан баштап, Покровка орто мектебинде география сабагынан бере баштайт. 2013-2014-жылдан тарта окуучулардын билимин өркүндөтүп, аларды олимпиадаларга даярдай баштайт. Анын окуучулары райондук, облустук турларда 1-, 2-орундарды алып келатышат. Алсак, 2018-жылы анын окуучусу облустук турда 2-орунду, 2019-жылы облустук турда 1-орунду, ал эми 2019-2020-окуу жылында даярдаган окуучусу республикалык турда 1-орунду камсыздаган.

2020-жылдын декабрь айынан баштап “Улукман” жамак-лицейинде география мугалими жана бөлүм башчы болуп эмгектенип келатат.

2022-2023-окуу жылында “Жыл мугалими – 2023” сынагынын райондук турунда 2-орун,  облустук турунда 1-орунга жетишти. Ошентип, Самара Абдулдаева республикалык турга жолдомо алды.

Ал финалдык турда география предметинин календардык тематикалык планы боюнча “Айлана-чөйрөнүн булганышы жана аны коргоо” жөнүндө фрагмент сабак өтөт. Ал эми мастер-класста “Tarsia” программасы түзүлгөн пирамида, “Tik-Tok” программаларын колдонуп, сабакты бышыктайт жана үй тапшырма берүүдө окуучуларын суроо бергенди үйрөтөт.

Забида КУЛУБАЕВА, Тогуз-Торо району

№1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч орус  класстарынын мугалими  Забида Кулубаева республикалык кароо-сынактын катышуучусу.

«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНДА КИМДЕР КҮЧ СЫНАШАТ?

Биздин каарманыбыз 1987-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында туулган. 2005-жылы орто мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктап, ошол эле жылы И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин Кыргыз тили жана адабияты факультетине тапшырып, аны  2011-жылы аяктаган. 2010-жылы Макмал орто мектебине жумушка кирип, азыркы күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Билимин андан ары жогорулатуу, багытын алмаштыруу  максатында, 2012-жылы И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин “башталгыч билим берүү” бөлүмүнүн  магистратурасына  тапшырып, 2014-жылы ийгиликтүү аяктаган. Педагогикалык стажысы 13 жыл. Өзүнүн эмгек жолунда Кулубаева Забида окуучуларга билим берүүдө балдардын кызыгуусун арттыруу максатында стандарттуу эмес сабак өтүү менен, ар бир баланын жөндөмүнө, кулк- мүнөзүнө жараша билим берет. Анын окуучулары ар кандай олимпиадаларда ийгиликтерди жаратып келатышат.

Заманбап технологиялардын заманында, окуучуларды ар тараптуу өнүктүрүп, ар бир сабагын санарип  техниканын жардамы менен, мугалимге керектүү  “Learning Apps” , “Padlet”,  “Canva”,  “Купидония”, “Plickers” ,  “Мультиурок”,  “Uchitelya.com”   ж.б. маалыматтык платформаларды мыкты өздөштүрүп, сабактарында кеңири пайдаланат. Республикалык “Окуу керемет” долбоорунун алкагында, “Использование детской книги в начальной школе” модулдук сабактарындагы  берилген ар бир стратегиясын, мисалы, “Окуйм. Угам. Түшүнөм”, “Интерактивдүү окутуу”, “Сократтын семинарын”  пайдаланып, ар бир өтүлгөн сабагы үлгүлүү деп табылып, “SabakApp” тиркемесине баалоо жүргүзүлүп, жогорку деңгээлди көрсөтүп келет. Ушул эле долбоордун негизинде, “ Бөбөк сенин жомогуң”  рубрикасында  жомок окуп берип, тасмасы  “Окуу керемет” долбооруна кетирилген. Андан сырткары ушул долбоордун “математика” предмети боюнча  окууларына активдүү катышып,  бул модулдун да “ Объяснение и обоснование” стратегиясын ар бир өткөн сабактарында пайдаланып, көрсөтмөлүү сабактарды берип келет.

“АгаХан” фондусунун  “Кыргыз Республикасындагы мектептердин ишин жакшыртуу үчүн коомчулукту тартуу” долбоору менен үч жыл иштеп, “Санарип технологиялар сапаттуу билимге өбөлгө“ деп аталган  долбоорду жазып, мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого демөөрчүлөрдү тартуу менен, 206000 сомдук техникалык каражат алууга  зор салым кошту.   Мектептин коомдук ишине дайым активдүү катышып, класс, ата-энелер менен тыгыз байланышта иштегендиги үчүн 2017-жылдын “Мыкты класс жетекчиси” наамын алган. 2018-жылы республикалык  Санжарбек Данияров фонду уюштуруп келген “Биринчи мугалим” конкурсуна активдүү катышып, “сынактын лауреаты” күбөлүгүнө ээ болгон.  Ошондой эле чыгармачыл, ар тараптуу, активдүү мугалим катары райондук, республикалык масштабдагы конкурстарга катышып келет. 2019-жылы Тогуз-Торо райондук Билим берүү  бөлүмүнүн  Ардак грамотасы менен, 2021-жылы республикалык “Санарип мугалим” конкурсуна  катышып, 1-даражадагы диплому  менен сыйланган.

Республикалык “Мугалим” илимий журналы Эл мугалими Бектур Исаковдун 80 жылдыгына карата уюштурган  “Жылдын мыкты класс жетекчиси — 2022” онлайн сынагына катышып, алдыңкы ондукка кирип, диплом менен сыйланып келди. Талыкпай иштеп, чыгармачылыгын көрсөтүп, ар кандай коомдук ишке байма-бай катышып, мектептин “Жылдын мыкты класс жетекчиси — 2022” наамы жана Ардак грамотасы менен сыйланды.

2023-жылы райондук “Жылдын мыкты мугалими — 2023” сынагына катышып, өздүк билимин, чыгармачылыгын  жогорку деңгээлде көрсөтүү менен баш байгени жеңип алып, облустук этапка жолдомо алды. Облустук этапта да педагогикалык чеберчилигин көрсөтүп, 1-орунду камсыздап, республикалык этапка жолдомо алды.

Бүгүнкү күндө өзүнөн кийинки мугалимдерге насаатчы  катары өзүнүн кеңешин берип келет. Чыгармачыл, ар тараптуу, мектепте өткөрүлгөн ар бир иш-чарага активдүү  катышат, мүнөзү ачык-айрым, шайыр, өзүн этикага ылайык алып жүрөт. Ата-энелердин жана мугалим кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ.

Айпери КЕҢЕШ кызы, Ош облусу

“Жылдын мыкты мугалими — 2023” кароо-сынагынын республикалык жыйынтыктоочу этабынын катышуучусу Айпери Кеңеш кызы Ноокат районунун Н.Крупская атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.

«ЖЫЛ МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНДА КИМДЕР КҮЧ СЫНАШАТ?

“Жылдын мыкты мугалими — 2023” кароо-сынагынын облустук турунун жеңүүчүсү Кеңеш кызы Айпери Баткен мамлекеттик университетинин алдындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институнун филология факультетин 2013-жылы бүтүргөн.  Ал Н.Крупская атындагы орто мектебинде 2013-жылдан бери кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келүүдө.

Педагогикалык ишмердүүлүгүндө — “Салттуу билим жана заманбап технологиялар: баланы өнүктүрүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңы мамилелер” XI эл аралык илимий-практикалык симпозиумдун жыйнагында “Мугалим, коомчулук жана ата-эненин мыкты кызматташуусу окуучуну ийгиликтүү инсанга айлантат” аттуу макаласы, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жарчысына “Жаңы технологиялардын жардамында фразеологизмдерди окутуунун айрым ыкмалары” аттуу макаласы, Гумандуу педагогика (Түзгөн: Кыялбек Акматов) жыйнагында “Мугалимдин эң чоң белеги — окуучусунун бактылуу жылмаюусу” аттуу макалалары жарык көргөн. “Бала тарбиялоодо балдар ырларынын орду жана ролу” “Мугалимдер дүйнөсү” гезитине, “Берешен жашоом” аталышындагы автордук ыр жыйнак, “Саамалык -16” альманахына ыр топтому жарык көргөн.

Өз билимин өркүндөтүү максатындагы ал бир катар илимий-практикалык конференцияларга катышкан. Ал Баткен мамлекеттик университетинде “Жаңы мундун мугалими” аттуу семинарына, Жалал-Абад облусу ЖАМУда “Илим жана студент” аттуу республикалык илимий-практикалык конференциясына, Бишкек шаарында Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн республикалык жыйынтыктоочу семинарына, Талас мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн  “Ыйык  Ата-Журт” коомдук фондунун  эл аралык  “Салттуу билим жана заманбап технологиялар: баланы өнүктүрүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңы мамилелер” XI эл аралык илимий-практикалык симпозиуму  “Мугалим, коомчулук жана ата-эненин мыкты кызматташуусу окуучуну ийгиликтүү инсанга айлантат” аттуу макаласы менен, Ош Мамлекеттик педагогикалык университетинин “Мамлекеттүүлүккө карай тарыхый кадам: Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференциясында  “Жаңы технологиялардын жардамында фразеологизмдерди окутуунун айрым ыкмалары” аттуу макаласы менен, Бишкек шаарында өткөрүлгөн “Заманбап мектеп модели жана гумандуу, улуттук, демократиялуу баалуулуктар” аттуу республикалык илимий-практикалык конференциясында “Мугалимдин эң чоң белеги — окуучусунун бактылуу жылмаюусу” аттуу макаласы менен, резиденцияда Борбор Азия мугалимдеринин 2-эл аралык медиасабаттуулук жана малыматтуулук  конференциясы, Мектептик медиа бурчтардын III жана  IV республикалык форуму, 2022-жылдагы “23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил  күнүнө карата бир айлык жарыялоо жөнүндөгү” жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чараларга катышкан.

Жараткан ийгиликтери үчүн “Жылдын мыкты студенти — 2010”, “Жылдын илимпоз студенти — 2011”, “Жаш илимпоз — 2012”, “Мыкты практикант — 2012” наамдарынын ээси, Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин  “Мыкты тилчи — 2015” номинациясы, Ноокат шаарынын “Жылдын мыкты жаш мугалими — 2017” номинациясы, Президентке караштуу Мамлекеттик тил коммисиясынын Ардак грамотасы, Билим берүү жана илим министринин Ыраазычылык каты, “Заманбап санарип колдонмо” номинациясынын ээси болгон.

2022-2023-окуу жылында өткөн “Жыл мугалими — 2023” кароо-сынагынын аймактык, райондук жана облустук этаптарында баш байгенин ээси болуп, сынактын республикалык этабына катышууга жолдонмо алды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер