Жумабек ТЕНТИЕВ, профессор: “БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАР ӨЗ ЭНЕ ТИЛИНДЕ ОКУШУ КЕРЕК”
- 13.05.2025
- 0
Техника илимдеринин доктору, профессор, архитектура илимдеринин профессору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР Инженердик Академиясынын академиги, КАСИ, КГУСТА университетинин негиздөөчүсү , биринчи ректору. КР илимине эмгеги сиңген ишмер. Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору, Жумабек ТЕНТИЕВ билим берүү тармагында жүрүп жаткан модернизациялоону колдоорун жана өзүнүн айрым сунуштары реформага пайдалуу экенин айтты. Анын “Күн Көчмөн цивилизациясы”, басмага даярдалып жаткан “ТүрК дүйнөсү. Боз Үй”, “Кыргыз календары”, “Кыргыз (түрК) философиясы” монографиялары билим берүүнү трансформациялоодо мугалимдерге аба менен суудай керек жана баалуу экенине токтолду. Кыргыз дүйнөсүндөгү алгачкы илимий ачылыштар болгондуктан суроолорду, илимий чөйрөлөрдө, окуу жайларда талкууларды, өзгөчө, сын айткандарды күтөөрүн билдирди. Биз болгону агайдын сунуштарын, ойлорун окурмандардын ортосуна салдык.
— Жумабек агай, билим берүү системасы түп тамырынан бери жаңыланууга өттү. Сиз окумуштуу катары модернизациялоо процессине көз карашыңыз кандай?
— Мен ректор кезде эле 1992-жылы билим берүү системасын реформалоо “башталып”, бирок кайсы жолго түшөөрүбүз аныкталбай келген. Ошондуктан, сөзсүз колдойм, анткени биздин окуу системабыз бир топ эле артта калды, аныктамасы колунан келгендер, балдарын орус, англис тилинде окутуп чет өлкөгө окууга жиберип жаткандыгында!? Бирок, чет өлкөдө окугандар өтө эле аз санда, ошондуктан, канчалык кыйын болсо дагы, дүйнөдөгү эң алдыңкы Сингапур окуу системасын бизге алып келүү мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн баа жеткис байлык! Билим берүү системасын түп тамырынан бери жаңылантуу министрликтин жамаатынын жетилгендиги, такшалгандыгы, жетекчилеринин эр жүрөктүүлүгү! Өзгөчө эне-аталарга белек. Түшүнгөндөргө, эски система аркылуу иштөө мугалимдер, айрыкча профессорлор үчүн оор иш, анткени, Улуу адамзат кеменгери, жазуучу кыргыз Ч. Айтматов айткандай: “Ар бир күнү адам болуш кыйын” сыяктуу, биз ар бир күнү, сабак берүүдө, “Ойубуз эски, кийимибиз жаңы” боло албайбыз.
Баарыбызга белгилүү, Билим берүү системасын жаңылантуу жөнөкөй иш эмес.
Алгач, өзүбүздөгү кемчиликтерден айыгыш керек.
Арифметиканы өздөштүрө элек, техника илимдеринин кандидаттары, докторлору, өз ойун так айтып, түшүндүрө албаган гуманитардык илимдин докторлору, акыркы учурда ВАКтын катышуусуз, бүдөмүк илимий баалуулуктагы PHD докторлор дипломун алгандар, атына заты туура келбеген, “независимый” аккредитациядан өткөн ЖОЖдор көбөйдү. Мисалы, университет деп аталыш үчүн, жок дегенде (универсальный — ар түрдүү кесиптеги) 3 факультети, ар бир факультетте 3 кафедрасы болуш керек. Кафедра — университеттин илим изилдөө борборуна (научная школа, творческие мастерские) айланбаса кандайча реформа ишке ашат? Бул кемчиликтерден кутулуу колдон келе турган, арзан иш, эгерде ар бир мугалим, эне-ата “ичкен ашын жерге коюп” элинин болочогун — балдарынын келечегин, ойлонсо!
Башталгыч классты, кыргыз тилинде окутууну, элден сурамжылап политикага айландыруунун кереги жок, биз күчтүү Мамлекеттерденбиз, билим берүү министрлигибиз бар, алардын иши. “Өcөөр эл өзүн сыйлайт”, ар бир ата-эне “Өзүм билемдикке” салса, реформа дагы 30 жыл эмес, 30 күнгө кечиксе эмне болобуз? Билим берүүгө өз өмүрүн жумшаган аксакалдардын ойун айтып жатам, айтпасам болот эле!
Билим берүүдөгү эң негиздүү реформа, өзүбүздү кыргыз деп аташ үчүн, Билим берүүнү Кыргыз Баалуулуктарынан башташ керек экен.
Баланын акыл-эсинин өсүшү, Эне сүтүн эмгенде кошо уккан аруу үндөрүндө, Эне тилинде! Эне тилди үйрөтүү – улуттук, өзгөчөлүк салттарсыз болбойт. Дүйнөдөгү күчтүү мамлекеттерде балдардын эси киргенче чет тилде окутпайт. Чет тилдеги баштапкы билим — бөтөн элдин салттары, жашоо философиясы, Өз улуттук өзгөчөлүктөрүн чоочун кылат, философиялык тил менен айтканда, жаш баланын коомдук аӊ сезими кайсы чөйрөдө – элде өнүксө,ошол элдин “кулуну” – эффект Маугли.
Мауглиге өз тилин үйрөтүү үчүн канча жыл керек? Балдардын эси киргенден кийин каалаган тилде окутса болот.Тил менен салт кошо жүрөт, анткени салттын аталышы тилде. Кыргыз тилинде адамзат жаралгандагы салттар бар. Салт — философиялык түшүнүк, элдин баалуулугу. Кыргыздар тоодо жашаган үчүн биз салттарыбызды сактап калдык, эненин сүтү менен кабыл албаса, аны эч ким үйрөтө албайт.
Кыргыз мамлекети бирөө эле, кыргыздардын өсө турган тамыры ушул жерде. Өлкөдө кыргыз тилинин өнүгүүсү Президенттик комиссиянын көзөмөлүндө, бул жогорку деӊгээл.
— Жогору турганы бышык, бирок, агай, ата-энелер балдарын окутуу орус тилиндеги мектептерге берип, кыргыз тилиндеги мектептерди жерип жатышпайбы? Сиз айтып калдыӊыз, мектепте билим берүү кызыктуу болуш керек. Кантип?
— Байкасаңар бизде, ар бир мектепте орус тили адабияты кандай жогорку деӊгээлде окутулат, жайкы каникулга тапшырма берилет, Россия, айрыкча, түрк тилдүү мамлекеттерде орус тилинин өнүгүүсүн көзөмөлдөп турат.
Кыргыз тилин кызыктуу окутуш үчүн, кыргыз тилин билишибиз керек, муну жөн эле айтып жаткан жокмун. Ленинградда 1-курста К.К.Юдахиндин “Кыргыз-орус сөздүгү” аркылуу орус тилин үйрөнүүдөн жаралган кыргыз тилиндеги суроолор 50 жыл изилдегенден кийинки илимий ачылыштар, кыргыз тилин окуучулар гана эмес, алардын эне-аталарын сүйүнтүү үчүн айтып жатам. Эмне үчүн грамматика, фонетика …лардан башкасын окутпайбыз? Кыргыз тилинде кандай илимий булактар жатат?
Кыргыз тилиндеги архаикалык сөздөрдүн, сөз түйүмдөрүнүн жаралышынан (этимологиясынан) сөздөрдүн түшүнүгүнүн (семантикасынын) айырмасын башка тилге которуу аркылуу аныктоо — бул башкүнкү адамдын аӊ-сезиминин ойгонушу (антропогенез) болуп чыкты! Жыйынтыктап айтканда, кыргыз тилин курал катары колдонуп (филология), кыргыз тилинин өзүн изилдөө (лингвистика) — кыргыз тили менен кошо жаралган Улуу Эс – Ишеним — Жараткан (теология) , дүйнө – Аалам, Коом, Адам таануу (философия) бүгүнкү биз колдонуп жаткан кыргыз тилинде экендиги аныкталды!
Өз Эне тилибиздеги, архаикалык сөз түйүмдөрүнүн кээ бирлерин, баамдап көрүӊүздөр:
«Аӊ уулоо” БАшкүнкү адамдар (протоадамдар) үйүрүнүн, курал жараксыз, кийиктерди үркүтүп Аӊга түшүрүү аркылуу жан багуусу (жизнедеятельность, выживание);«Уу» Башкүнкү адамдар үйүрүнүн, көмөкөйү өсө элек, тилсиз «Ууга» чакыруу үнү (нечленораздельный выкрик, трудовая команда — Ф.Энгельс). «Уу» сөзүнө, эӊ эле аз дегенде, жарым миллион жыл, бир тыбыштан турган үн!, сөз жарала элек кез! Бул Башкүнкү Адамзат тарых башаты (начало палеоистории человечества) Башкүнкү адамдын «көзү жарылган» кез – Эмне үчүн «Аӊ уулоо» — сөзү, эч өзгөрүлбөй, кыргыз тилинде ушу күнгө жеткен, кыргыз тилинин башаты кайда жатат, тил жаралмак турсун, сөз жарала элек кез? «Уу» га 500 миӊ жыл болсо, канча жүз миӊ жылдан кийин “к” тамгасы кошулуп «Уук» сөзү жаралды экен?
Көк чыкты, Көктөм байыркы адамдардын аӊ-сезими алсыз, Көккө сыйынган кездеги, “Көк жерге өнүп чөп болуп чыккандыгына ишенген” өӊдү ажырата элек кезинде, жаралган сөз түйүмдөрү! Эмне үчүн өӊдү ажырата алышкан эмес?
Эмне үчүн үй-бүлө (семья), үйлөнүү (женитьба) ушул күнгө чейин, эки жаштын “баш кошуу” түшүнүгү жаралган жок (палеоистория человечества), үйлөнүү (обзавелся жилищем) бойдон калган.
Кыргыз тили кайсы доорду аныктап жатат? Бул Кыргыз тили,
Эмне үчүн кыргыз элинде салттар көп?
Жашоо-тирүүлүктөгү керектүү «ар бир кыймыл», уӊгу сөздөрдү жаратып, узак жылдары колдонулушу тилдеги салттын аталышы! Салттардын көптүгү башкүндөн бери жыйналып, сакталгандыгында. Кыргыздардын жашоо – тирилигинде салттар, сөз түйүмдөрү философияга тереӊ сугарылгандыгын көрсөк болот.
Салттарга ширетилген Боз Үй, ата-бабалар бизге калтырган көзгө көрүнбөс жашоо «Бешиги»: Төр “Улук”, “Ыйык” адамдар үчүн, Үйдүн Эр жагына ургаачылар, Эпчи жагына эркектер отурбайт, Боз Үйдүн Эр, Эпчи жагы, кишинин Оӊ, Сол жагы сыяктуу, кайсы жагынан караба, Өзгөрбөйт, ордун алмашпайт! Эшигин Күн ЧыгышкА, бир сөөмөй кыйшайбай каратып тигилген, жүздөгөн Боз Үйдү элестетип көрсөӊүздөр, бул,
Элдин Деминин Сүрүбү,
САлтынын Күчүбү, же бизди сактап келген
Күн Чыгыш багыты,
Элдин Уюткусу – Тирегиби!?
САлттар – коомдун эӊ жогорку деӊгээлге өскөндүгүнүн көрсөткүчү- Көчмө цивилизацияга айлангандыгынын аныктамасы!
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер