ЖЕҢИШКҮЛДҮН 60-ЖАЗЫ

  • 22.05.2025
  • 0

Адатта аялзатынын жаш курагын сурабайт дешет. Бу ириде аялзаты кайсы куракка келсе да өзүнүн Жараткан ыроологон ыйык парзын өзүнүн ажарлуу жүзү, күндөй жылуу мээрими, камкордугу, камбылдыгы, кеменгерлиги менен бир эле эмес, бир нече муунду бириктирип, үй-бүлө деген бийик чептин туткасын бекем тутуп келаткандыгынан болсо керек. Энесинин билерманы, бир туугандарынын “капитаны”, үй-бүлөсүнүн мээримдүү энеси, неберелеринин байгер таянеси биздин курбубуз, кесиптешибиз “Кыргыз Туусунун” белдүү кызматкери Жеңишкүл ОСМОНКУЛОВА өзүнүн 60 жаш кутман курагын мына ушундай маанайда тосуп отурат.

ЖЕҢИШКҮЛДҮН 60-ЖАЗЫ

Атасынын Жеңиши

Кыргыздар перзентинин ысмын тегин жерден койбойт тура, Жеңишкүлдүн кандай иш болсо да салмактап акыл калчап чече билген ары өтүмдүү, шар, ары токтоо мүнөзү атына куп келишип, бири-бирин толуктап тургандай. Атасы Улуу Жеңиш күнү жарык дүйнөгө келген кызына ушул ысымды ыйгарып жатканда, анын келечеги да дайыма жаркыраган жеңиш менен коштолуп жүрсүн деп тилек кылса керек. Кайран киши ал кезде тун кызы өзүнөн кийинки төрт сиңди, үч инисине ата ордуна ата болуп анын ордун басып калаарын кайдан билсин. Атасы Максүт Москва районунун Кепер-Арык айылындагы аттуу-белдүү адам эле. Өзүнүн күжүрмөн эмгеги менен айылдаштарынын, туугандарынын урмат-сыйына арзыган азамат эми-эми турмуштун даамын татып очор-бачар бүлө күтүп, “өз оозуна өз колунан аш тийип” калган кезде чиедей балдарын, алмончоктой жарын кан какшатып 43 жашында көз жумуп кете берди. Айылдаштары анын кандай кырдаал болсо да кабагым-кашым дебей жаркылдаган мүнөзүн, жакындары дегенде ичкен ашын жерге коё чуркаган элпек, кең пейилдигин унутпай эскерип калышат.

ЖЕҢИШКҮЛДҮН 60-ЖАЗЫ

Атасынан эрте ажырап, турмуштун оош-кыйышын апасы менен тең бөлүшкөн Жеңишкүл өзү курдуу кыздарга караганда тез токтолду.

— Атам каза болгондо, улуусу мен — 15-16 жашта, эң кичүүбүз эки айлык наристе эле. Менин балалыгым атам менен кошо кеткендей болду. Апам башка айылдаштардай эле таң заардан каш карайганча колхоздун талаасында иштечү. Мен эки айлык бөбөгүмдү бешикке бөлөп коюп мектепке жөнөйм. Чоң танаписте чуркап келип бешиктеги баланын курсагын тойгузуп коюп, кайра мектепке чуркайм. Менимче, адамды ушундай оор сыноолор бышырып, турмушта тың болууга үйрөтөт окшойт, бири-бирибизди жетелеген ошол күндөр бир туугандарыбыздын ынтымагын ширелтип, баарыбызды биримдикке тарбияласа керек деп ойлойм. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр баягы бирин көтөрүп, бирин жетелеген кичинекей бөбөктөрүмдүн баары чоңоюп өз алдынча үй-бүлө күтүп, бала чакалуу. Азыр чогулганда өзүнчө бир чакан шаарды элестетебиз, ортобузда баарыбыздын башыбызды бириктирген, бизди аталуудан артык чоңойткон апабыз бар, — дейт Жеңишкүл.

ЖЕҢИШКҮЛДҮН 60-ЖАЗЫ

Апасы бар адамдар
эч качан картайбайт

Апасы бар адамдар эч качан картайбайт дешет… Ал ырас, апасы Гүлбарчын эне быйыл 80 жаштын даамын сызып уул-кыз, небере-чөбөрөлөрүнүн камкордугунда сыйлуу төрдө отурган кези. Эне мурдагыдай эле тун кызын туу тутуп, анын кабак-кашына карап, акыл калчаарда анын айтканына кулак төшөйт. Буга баары көнүшкөн, эжесинин айткан-дегени жазылбаган мыйзамдай.

— Кеңешерим да, кептешерим да ушул кызым. Кандай маселе болбосун, Жеңишим менен кеңешип чечем. Балдарымдын баары ыймандуу, ынтымактуу болуп чоңойгонуна ушул тун кызымдын мээнети күч деп ойлойм. Бардыгы “апаке” деп үстүмө үйрүлүп түшүп турат. Асманыбыз ачык, эл-журт аман болсо, ар үй-бүлөдө ынтымак болсо, бакыт деген ошол эмеспи” — деп Баатыр эне эртели-кеч балдарын алкап, ак батасын арнагандан тажабайт. Ананчы, биринен бири өтүп эмгекчил, жаны тынбаган балдарына көз салып Жаратканга ичинен ыраазы. Улуу көч кайда барса, кийинки көч аны улайт деген ушул да.

ЖЕҢИШКҮЛДҮН 60-ЖАЗЫ

Классташтарынын “апасы”

Бир үй-бүлөнүн улуусу, билерманы, иштерманы болгондуктан, Жеңишкүл классташтарына да улуудай мамиле жасаары ал кезде өзүнө байкалчу эмес. Аны кийин классташтары тамаша-чыны аралаш “биздин мамабыз” деп айтып калгандан улам баамдап отурат.

Классташы Гүлнара Оболбекова Жеңишкүл курбусунун дайыма бир калыпта жүргөн оор басырыктуу мүнөзүн, чынчылдыгын, анча-мынча эркектерге салыштырмалуу кандай маселе болбосун, шыр чече билген билермандыгын белгилеп: “Баарын орду-орду менен жасаган, убадасына, сөзүнө бекем аялзаты сыйга гана татыктуу болот эмеспи, биздин Жеңишкүл дал ошондой адам. Жаш кезинен бир жерде иштеп, жакшынакай кыздарын тарбиялаганына күбөбүз. Ал кыздарына эле эмес, бизге, классташтарына да энедей кам көргөн, ирээттүү, жоопкерчиликтүү, ушак сөздөн алыс, калыс адам” — десе, аяшы Зульфия Шабданова: “Биздин Жеңишкүл жөнүндө кандай мактоо сөз айтсак жарашат, андай чынчыл, принципиалдуу адамдар сейрек, классташтары алдынан кыя өтпөй “биздин мамабыз” деп сыйлап турушат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, быйыл 60 жаш юбилейин белгилеп жаткан бардык замандаштарыбызды куттуктап, дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалап кетким келет”, — дейт толкунданганын жашыра албай.

ЖЕҢИШКҮЛДҮН 60-ЖАЗЫ

“Кыргыз Туусунун” Жеңиши

Ж.Осмонкулова айылдан орто мектепти аяктаган соң, башка классташтарындай жогорку окуу жайды эңсеп турса да ичинен кайышып бир туугандарын, апасын ойлоп, эртерээк бир кесипке ээ болуп, бир туугандарыма каралашсам деген максатын ишке ашыруу үчүн борбор калаадагы кесиптик орто билим берүүчү окуу жайына кирген. Окуунун алдыңкысы, жоопкерчиликтүү, оор басырыктуу кызга окуу жайдын жетекчилиги ишеним артып Орусиянын Ленинград шаарындагы полиграфиялык техникумга (азыр Полиграфиялык институт) окууга жолдомо бергенде, үйүндөгүлөрү кубанып колдоп узатканы эсинде…

Көбү көксөп кыялында жетпеген Ленинграддан (Азыркы Санкт-Петербург) алган билими Жеңишкүлдүн келечегине кенен эшик ачып берди. Басмакананын ишин басмакананы жакындан билген киши билбесе, башкага айтып бекер, айрыкча, компьютер менен өскөн кийинки жаштарга жомоктой сезилери анык. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң, алгач “Учкун” басмаканасында иштеп, токсонунчу жылдары биринчилерден болуп компьютерди өздөштүргөн “пионер” кадр болгонуна сыймыктанат. Андан соң, “Эркин Тоо” гезитинде иштеп жүрүп «Кыргыз Туусу” гезитинин жасалгалоочусу болуп которулгандан тартып, ушул кезге чейин аны менен тагдыры, өмүр жолу чырмалышып бир бүтүн болуп калаарын ал кезде кайдан билсин. Өзүнүн ишин ушунчалык берилип сүйгөндүктөн, журналист жазган кабарларды жасалгалаган учурда автордон ашса ашып, алды кем эмес түйшөлүп, эзилет, ойдогудай чыкса, кубанат, бул эми чынында чыгармачылык түйшүктүн сөз менен жеткире алгыс ары зарлуу, ары таттуу даамы, жемиши эмеспи.

Эс тартканы энесин этектеп чогуу жүргөн улуу кызы Гуляранын апасынын жолун жолдоп жасалгалоочулук кесипти тандаганы да ошондон болду го, кыязы. Бир кезде апасынын колунан жаралган кооздукка суктанган кичинекей кара кыз азыр апасынын кесиптеши, агартуучулардын 70 жылдан ашык тарыхы бар “Кут Билим” гезитинин жооптуу катчысы.

Кесиптештер демекчи, Жеңишкүлдүн кесиптеши Динара Исаева кыргыздын тун гезити “Кыргыз Туусунун” ардагерлеринен. Ал айрыкча курбусунун жумушка так, жоопкерчиликтүү мүнөзүн жогору баалайт.

ЖЕҢИШКҮЛДҮН 60-ЖАЗЫ

Жеңишкүл экөөбүз ийиндеш иштеп келатканыбызга көп болду. Бул арада үй-бүлөлүк сырларыбызды бөлүшүп, кеңешкен ынак курбуга айландык. Мен анын адамгерчилигин, алыс-жакын дебей баарына текши караган камкор мамилесин жактырам. Өзүнүн ишине өтө так, жоопкерчиликтүү, башкалардан да ошону талап кылат. Кыздары Гуляра, Адинаны да ошондой тарбиялады. Энесинин эмчегинен чыккандан тарта Жеңишкүлдү “мамалап” ээрчиген инисинин уулу Ильгизди да өз колуна алып, ошондой тарбиялап келатат. Сиңдилеринин, инилеринин балдарына да жакындан жардам берип, ар дайым өз энесиндей кам көрүп турат. Курбумдун бардык жакшылыктарын тең бөлүшүп, кутман курагы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм, — дейт Динара Исаева.

Майрамдарга бай май айы Москва районунун Кепер-Арык айылындагы Максүт аксакалдын үйүндө ар жылы шаңдуу белгиленет. Инилери борбор калаадагы эжелерин күтүнүп казан асып конок камында болсо, сиңдилери үй-бүлө, бала-бакырасы менен бапырап ата конушуна ашыгат. Жыл сайын ушундай, баса, быйыл башкача, өзгөчө болмокчу, анткени быйыл Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына удаалаш ак байбиченин да 80 жашы, Максүт аксакалдын үйүнө ошол ыйык майрам менен кошо кирген Жеңишкүлдүн 60-жазы. Мына ушундай десек туура болчудай.

Теребел жашыл жамынып, жашоонун жаңы барагынан жар салган быйылкы жаз, өзгөчө Сары-Өзөн-Чүйдүн жазы Жеңишкүлгө бир башкача сезилип, көкүрөгүнө уялаган сагынычын артынып айылындагы жол караган апасына, атасы жыттанган ата журтундагы бир туугандарына сапар тартат. Ылайым ошол сапар карыбасын!

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер