ЖАЙЛОО БАЛА БАКЧАСЫ: КЫТАЙ ТААНУУ

  • 06.07.2022
  • 0

2022-жылдын 28-30-июнунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү жана К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институтунун мугалимдери Нарын облусундагы “Жайлоо бала бакчаларына” барып, мастер-класс өткөрүштү.

ЖАЙЛОО БАЛА БАКЧАСЫ: КЫТАЙ ТААНУУ

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун кызматкери Арстан Сагынтай уулунун берген маалыматына таянсак, Конфуций институтунун өкүлдөрү Нарын облусундагы Нарын, Ат-Башы жана Кочкор райондорунун  төрт “Жайлоо өнүгүү борборлорунда” түстүү кагаздан ар түрдүү оймо-чиймелерди кесүү, оюнчуктарды  жасоо,  каллиграфия боюнча мастер-класстарды, Панданы демонстрациялоо жана  “кытай чай аземин” көрсөтүштү.

— Уюштуруучулардан балдарга белек-бечкектер, оюнчуктар ыйгарылды. Балдар, ата-энелер оюндарга активдүү катышты жана Кытай таануу боюнча суроолорго жоопторду бергендер үчүн атайын сыйлыктар берилди. Маселен, Кочкор районундагы Кара-Күңгөй  айылындагы “Аруузат” жайлоо өнүгүү борборунун ачылыш аземи болду. Ага жергиликтүү жетекчилерден тышкары ата-энелер жана 37 бала катышып, балдардын жана тарбиячылардын күчү менен даярдалган концерт менен коштолду.   Нарын  районунун Эки-Оттук участкасындагы “Роза Өмүракунова атындагы” жайлоо өнүгүү борборунда  мастер-класстарда  24 бала жигердүү катышты, — дейт А.Сагынтай уулу.

ЖАЙЛОО БАЛА БАКЧАСЫ: КЫТАЙ ТААНУУ

Ат-Башы районунун  Баш-Кайыңды айылынын  А.Шадыбеков жайлоо өнүгүү борбору Каманды жайлоосуна чыгышкан. Учурда 35 бала  үч сааттык өнүгүү сабактарына катышууда.  Бул өнүгүү борборуна Россиянын Челябинск шаарынан үч баласы менен келген Айжамал Курманалиева да катышып, өзүнүн балдары үчүн бул өнүгүү борбору алардын кыргыз тилин үйрөнүүгө, кыргыз балдары менен чогуу кыргыз оюндарын  ойноп, аралашууга  чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

65 жаштагы Бирлик айылынын тургуну Роза Абдрахманова бул өнүгүү борборуна  9 небереси келип, сабактарга катышып, ийгиликтүү эс алып жатканын кубануу менен билдирди. Ал эми Терек-Суу айылынын Муса кызы Бейшегүл атындагы бала бакча Балыкты-Суу жайлоосуна чыгышкан. Бул жайлоо өнүгүү борборуна 27 бала,  10 ата-эне катышты. Бул өнүгүү борборунун  өзгөчөлүгү — балдар үч саат эмес,  беш саат өнүгүү борборунда болуп, ата-энелердин  колдоосу менен жеңил тамак берилгендиги менен башкалардан айырмаланат.

Бардык жайлоо өнүгүү борборлорундай эле, бул жерде да жайлоого айылдан барган адамдардын эле эмес, Бишкек, ошондой эле  чет мамлекеттерден  эмгек эс алуу өргүүсүнө келген кыргыз боордошторубуздун балдары да барышат. Бала бакчанын тарбиячысы Элмира Молдакунова үч жылдан бери жайлоого чыгып, иштеп жаткандыгын жана ата-энелердин  жигердүү колдоосун белгиледи.

Жаңыл Амантур кызы, Терек-Суу айылынын тургуну: ”Менин төрт балам  ушул өнүгүү борборуна  келип беш саат окуп, ойноп, билим алып жаткандыгы абдан жакшы. Балдарым  бул жерде окуп, билим-тарбия алып жаткан мезгилде мен чарба жумуштарымды бүтүрүп алам, бул да мага жеңилдик болот”.

ЖАЙЛОО БАЛА БАКЧАСЫ: КЫТАЙ ТААНУУ

Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти    Салтанат  Турдумамбетова  мындай деди: “Райондун бала бакчалары 5-июндан баштап жабылып калгандыгы көйгөй болуп жатканда, жайлоо өнүгүү борборлорунун жай мезгилинде иштеп жаткандыгы эң мыкты альтернатива болууда”.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер