ЖАШ ПЕДАГОГ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН СЕЗИМИН КАНТИП ОЙГОТТУ?

  • 22.01.2025
  • 0

Борборубуздагы №66 гимназия-окуу-тарбия комплексинин информатика мугалими Амангулов Адилеттин окуучулардын эмоциясына таасир эткен видеосу акыркы үч күндүн ичинде эле жарым миллиондон ашуун көрүүчү топтогон.

Бул анын Инстаграмдагы өздүк баракчасынын гана көрсөткүчү! Ал эми аталган видеону башкалар менен бөлүшкөн миндеген башка адамдардагы көрүүлөрдүн санын эске алсак, анда жогорудагы көрсөткүч оңой эле миллиондон ашып кетет.
Мектепте иштегенине тогуз жыл толуп-толбой жаш педагог мындай ийгиликке кантип жетишти? Албетте, мында эң биринчиден анын педагогдук өзгөчөлүгү чоң роль ойноду десек болот. Адилет Амангулов жаш экенине карабай борборубуздагы таанымал педагогдордун бири. Инстаграм, Фейсбук баракчаларында да анын аз эмес сандагы окурмандары бар. Бул жерде биз анын буга чейин эле өзүн мыкты педагог катары көрсөтүп,  2022-жылы Бишкек шаардык «Жүрөгүм менин балдарда» сынагында 2-орунду ээлеп, шаар мэринин колунан 100 миң сом байге алганын айта кетишибиз керек. Демек, күн сайын жаңыланып туруу, жаңы идеянын артынан түшүү, чыгармачылык менен изденип иштөө, улуулардан, жада калса өз окуучуларынан үйрөнүү — Адилет Амангуловго таандык  педагогдук чыйыр, педагогдук өзгөчөлүк. Бир эмес эки дипломдуу адис буга чейин класс жетекчи болуп бир классты ийгиликтүү бүтүргөн. Азыркысы экинчиси болуп саналат.

ЖАШ ПЕДАГОГ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН СЕЗИМИН КАНТИП ОЙГОТТУ?

Анын пикиринде өспүрүмдөр менен иштеген жылдан-жылга татаал болуп баратат, ошондуктан балдардын, айрыкча өспүрүмдөрдүн табиятын билиш үчүн тарбиячыга көп окууга, семинар, тренингдерге  да катышууга туура келет.

Биз андан окуучулардын сезимин ойготкон видео тартууга эмне түрткү болгонуна кызыктык.

— Азыркы 7-классым былтыр билимге, адамдарга ачык, тарбиялуу сонун балдар болчу. Быйыл анын көбү жок. Мугалимдерине, бири-бирине, ата-энесине да мамилелери көбүнчө жакшы эмес жагына өзгөрө баштаганын байкадым. Андыктан өткөөл курактагы балдардын сезимине жанга жагымдуу сөздөр менен таасир этким келди. Айтматовдун «Саманчынын жолундагы» Майсалбектин кан майданга аттанаар алдында апасына жазган катын эстедим. Анан Жаңы Жылдын алдында  ар бир ата-энеге жеке кайрылып, баласына кат жазууну сунуштадым. Натыйжасы, мен күткөндөн да таасирдүү болду, — деп жооп берди ал.

Педагогдун бул саамалыгына түрдүү себептер менен айрым ата-энелер катыша албады.

— Класстагы отуз беш окуучумдун жыйырмасы ата-энесинен кат алып, башкаларга да үн чыгарып окуп беришти. Эмоциясын кармай албагандар да болду. Мен өзүм, бир жагы класс жетекчиси, бир жагы эркек болгонум үчүн ыйлабадым окшойт, менин ордумда эжей мугалим болсо, ар бирине көзүнүн жашын көлдөтмөк, — дейт Адилет.

ЖАШ ПЕДАГОГ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН СЕЗИМИН КАНТИП ОЙГОТТУ?

Кызым Айбийкеге кат!

Айбийке кызым,  бул катты мен сени канчалык жакшы көрөрүмдү билдирейин деп жазып жатам.  Билесиңби, сен менин Аллах Тааламдан суранып жүрүп  тапкан биринчи  кызымсын. Өзүн билесиң, менин бир тууган эже-сиңдим жок. Жалаң эркектер менен чоңойгом.  Ошондуктан сени менен эже-сиңдидей болгум келет. Мага сенин күчтүүлүгүң, боорукердигиң, бирөөгө жемиңди жегизбегендигиң, эч кимден коркпогондугуң жагат. Сен жасаган тамактар, өзгөчө жупкаң аябай жагат. Бирок мен сенин жаман кыз болуп кетишиңди каалабайм.  Бул жашоодо туура жолду тандашыңды каалайм.  Мен сени ар убак колдойм, коргойм. Эч кимден, эч нерседен коркпо.  Мага ишен. Мен сени жакшы көрөм. Сени атаң, байкең, сиңдилериң да жакшы көрөт❤️❤️❤️

Апаң Токтобекова Айзада
15.01.2025

ЖАШ ПЕДАГОГ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН СЕЗИМИН КАНТИП ОЙГОТТУ?

Наиля кызыма кат !!!

Менин жашоодогу эң чоң белегим, эстүү, акылдуу кызым! Биз сени аябай  жакшы көрөбүз. Мен сага ишенем. Келечекте сүйүктүү жар, эң татыктуу эне жана  өзүңө жаккан кесиптин ээси болосуң. Сен кичинекей кезиңден бери сергек, айтканыңдан кайтпаган, алдыга койгон максатыңа күч жумшап жете билген жансың. Сени дайыма колдойм, жаныңда болом. Жашоодо ар кандай учур болот. Дайыма башыңды бийик көтөрүп жүр. Сени колдогон үй бүлөөң бар. Сага кааларым: эң башкысы, дең соолугуң чын, өмурүң узун болсун, аллахым эки дүйнө бактылуулук насип этсин, ойлогон ой максаттарыңдын баары орундалсын, келечегиң  кең болсун,  ата-энеңе күйүмдүү,  боорукер, жароокер, акылдуу, биз сыймыктанган кыздардан бологой!

Апаң Нурзат
12.01.2025

ЖАШ ПЕДАГОГ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН СЕЗИМИН КАНТИП ОЙГОТТУ?

Уулум Азиретке апасынан салам кат!

Көкүрөк күчүгүм, сен төрөлгөндө үй-бүлөбүз менен кубанганбыз, айрыкча мен сени кандай кыйналып төрөгөнүм менин али эсимде, бирок ошондогу кубанычымды сөз менен айтып жеткизе албайм. Үйдө байкелериң болсо дагы, сени абдан жакшы көрөм, сен жүрөгүмө жакынсың.
Ушундай боорукер, ак көңүл болуп келе жатасың. Сенден көптү үмүттөнөм. Келечекте элдин керегине жараган уулдардан болушуңа тилектешмин.
Кичинеңде Адилет байкең окутам деди эле, мына ал дагы орундалып, сага тарбия берип, өзү окутуп жатат. Эми сен байкеңдин бетин жер каратпай, чыгаан инсан бол, билимдүү бол, аны сыйла. 😘Сенин ийгилигиң менин ийгилигим ❤️Сенден көптү үмүттөнөм. Барга көппө, жокко чөкпө, сабырдуу бол. Сабырдуулук менен баарын жеңесин, балам 😘

Катты жазган апаң Назгүл
14.01.25

ЖАШ ПЕДАГОГ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН СЕЗИМИН КАНТИП ОЙГОТТУ?

Кызым Айназикке кат!!!

Берекем сенин барың мен үчүн чоң бакыт. Сенин биринчи жолу тилин чыгып «апа» деген  сөзүңдү укканымда кандай сезимде болгонумду сөз менен жеткире албайм.😇
Жаным, сендей кызым барына кудайыма миң  шүгүр🙏
Акылдуум, сулуум, берекем, мен сага ишенем, сен мыкты деген  кыздардан болосун.😌
Сенин мүнөзүң, ак көңүлдүгүң, акылдуулугуң, мээримдүүлүгүң менин жашоомо дем берип келет.🥰 Сенин баскан жолун ачык, окууңда жалаң «4», «5»ке ээ болуп, келечегиң кең болсо экен дейм.
Периште кызым, сага кандай гана сөз айтпайын аздык кылат, сага деген каалоом абдан көп.
Жашоонун жакшылыктарын гана көрүп, ден соолукта болсоң, келечекте татыктуу инсан, эне, эже, жубай болосуң. Ошону мен сага каалайм.🙏

Апаң Осмоналиева Аселд
11.01.2025

ЖАШ ПЕДАГОГ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН СЕЗИМИН КАНТИП ОЙГОТТУ?

Уулум Умарга кат!                    

Балам, мен сени канчалык жакшы көрөөрүмдү билесиңби? Биз атаң экөөбүз  беш жыл кудайдан суранып, доктурга жатып, дем салдырып, Казакстанга чейин барып дарыланып, кудайдын көзү түз экен акыры  балалуу болгонбуз. Ошон үчүн сен мен үчүн бриллианттан да кымбатсың! Сен ар дайым жүрөгүмдөсүң жана теңдешсиз байлыгымсың 😘 Кээде сени урушсам таарынба. Биздин балабыз акылдуу, ыймандуу, Кыргызстандын келечегине жараган уулдардан  болсо деп, жакшы ниет менен урушам. Сенден үмүтүм чоң,
Жолуң ар дайым ачык болсун! Мен сени жакшы көрөм 💋.

Апаң Сатымкулова Кенжегүл

13.01.2025

ЖАШ ПЕДАГОГ ӨСПҮРҮМДӨРДҮН СЕЗИМИН КАНТИП ОЙГОТТУ?

Кызым Айдайга кат!

Атына заты жарашкан алтын кызым, Айдайым! Мен сени кандай гана жакшы көрөм. Мен сени кичинекейиңден бери мээримимди төгүп, энелик сүйүүмдү арнап, чоңойтуп келе жатам. Мага сенин жоош, жароокер, кичипейил, токтоо мүнөзүң жагат. Үйгө коноктор келсе, дайыма жаркылдаган мүнөзүң менен тосуп аласың. Меймандар аябай ыраазы болушат. Кичинекей болсоң да киши сыйлаганды билесиң, мен ошонуңа ыраазымын. Мен сен үчүн бардык күч аракетимди жумшап чоңойтуп жатам. Сен мектепти жакшы окуп, келечекте бир адистикке ээ болушуңду каалайм.!

Апаң: Жамакеева Атыйпа
14.01.2025

Ошентип, алгы идея өз максатына жетти!Андан ар бир ата-эне, педагог өзүнө керектүү сабак алды болсо керек. Биздин оюбузча, Адилеттин табылгасы эң биринчиден, биз, педагогдор, кээде азыркы өспүрүмдөрдүн баарын таш боор, адилетсиз, өзүмчүл деп туура эмес ойлоп жүргөнүбүздү көрсөттү. Кандай жыйынтык чыгарабыз?  Өспүрүмдөрдүн жүрөгүнө таасир этүүчү сөздөрдү орду менен, аярлап, максатка жараша пайдалансак натыйжасы азыркыдай дурус болчудай.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер