ЖАРАТМАНБЫ ЖЕ СЫНЧЫ БОЛСОМБУ, өзүмдү көрсөтсөмчү?!
- 29.11.2024
- 0
Алмазбек ТОКТОМАМЕТОВ,
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору
Жаратмандар жана сынчылар…
Адамдар негизинен эки түрдүү болот экен. Бул тууралуу 2023-жылдын 12-майында Жалал-Абад шаарында өткөн «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү, дене тарбиясы жана жарандык аң-сезими – учурдун өзөктүү маселеси» аттуу XII илимий-практикалык конференцияда жасаган баяндамамда айткан элем.
Жаратмандар:
Бир нерсени үйрөнүп, аны андан ары жакшыртсам, өзгөртсөм, жаңы деңгээлге чыгарсам, башкаларга жеткирсем дегендер…
Мыкты дыйкандар улам көбүрөөк түшүм алып, жаңы сортторду, жакшы малчылар малдын жаңы породаларын жаратышат. Дастанчылар укканын андан ары жайылтып, өркүндөтүп, жаңы варианттар пайда болот. Бул – Жаратмандык!
Сынчылар:
Эмне кылып ушуну сөзүнөн кармасам, кайсы жерден ката кетирет болду экен? Кантип ага каршы чыксам болот? Канткенде өзүмдү көрсөтүп калсам
болот?!
Биз бала кезде эл арасында Жаратмандар абдан барктуу эле. Алар менен сыймыктанып, алардан ар бири үлгү алганга аракет кылар эле. Эмнегедир азыр Жаратмандар көңүлдүн сыртында калып, Сынчылар аренаны ээлеп алышты. Эл ичинде да ошолор баалуу. Кайсы жерден болбосун бакырып-өкүрүп чыга калышат. Чоңдор да, эл да ошолорду угуп калган заман. Ой, тобоо! Эмне мынчалык
өзгөрдүк?!
Коомду ириткенден башка же алардан пайда болсочу!..
Анан да акыркы кезде өзүн көрсөтүү аракети абдан күч алып барат…
Өзүн көрсөтүү аракети…
Элдин көзүнчө баарына угузуп мончодо жаш жигитке сын айтып, өзүн көрсөткөн аксакал адам менен талашууга туура келди. Тиги жигит да тынбай каяша айтып туруп алды. Аксакалды сын айтпа деген эч ким жок. Бирок эмне үчүн элдин көзүнчө кыйкырып, кемчилдигин баса белгилеп, жаш жигитти уяткарыш керек?!. Талашып жатып такталып калды, аксакал эмес, жигиттики туура экен. Айласы кеткен аксакал: “Улуу кишиге каяша айтат, жаштар бузулду”, — деп доомат койду. “Менден кетип калды” деген жок.
Дагы бир жолу бир жаш балага катуу үн чыгарып элге угузуп суроо берип, билбей калса, “мына билбейсиң” деп баса белгилеп, жообун өзү айткан болуп уяткарып жатат. Же ал маанилүү суроо болсочу…
Албетте, ар бир адам өзүн көрсөткүсү келет. Ошонун айынан окуусу же жакшы жүрүм-туруму, жасаган иши менен өзүн көрсөтө албаган окуучу тентектик кылат, тескери сүйлөйт, бир нерсени сындырат, бирөөгө асылат ж.б.
Элибиз: “Атың чыкпаса, жер өрттө!”, — деп бекеринен айткан эмес экен.
Бирөөнүн билбей калганынан пайдаланып өзүн көрсөтүүгө аракет кылган адам ички көрөңгөсү өтө төмөн адам. Анда да бир убакта жакшы эле көрөңгө, дарамет болгон, бирок ал түгөнгөн же өзүнүн үстүнөн иштебегендин айынан жоголгон. Кыскасы, азыр ал жакшы иш менен, жакшы сөз менен өзүн көрсөтө албайт, элди суктанта албайт! Ошондуктан тентек балага окшоп, өзүн башка нерсе менен көрсөтүүгө
аргасыз!..
Сынчылар ушул топтун сап башында. Аларда терс энергия да абдан көбөйүп кеткен болот. Натыйжада күн өткөн сайын агрессивдүү боло беришет.
Болбосо, Чыңгыз Айтматовду же Көлдөгү жети Акени элестетип көрөлүчү. Бир бечаранын бир нерсени билбей калганынан пайдаланып, алар өзүн көрсөтүүгө аракет кылышы мүмкүн беле?!. Деги ошону элестетүүгө болобу?!
Жаман жери, ушул сапат “Биз элитабыз!” деген Жогорку Кеңешке, колунда бийлиги бар адамдар арасына кеңири жайылып кетти. Жообун билип алып, анан адашабы деп суроо берген адам ушинтип Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошмок беле? Анын адамдык деңгээли, ички дарамети канчалык?! Мен билгенден ишти жылдырам дегендер антпей эле, оюн ортого салып, мыкты сунуштарын берип, керек болуп калса жардам көрсөтүп, биргелешип ишти жылдырууга аракет кылат го. Бирөөнүн катасын таап алып, өзүн көрсөткөн адам деги маселе чечеби? Же мен жаңылып жатамбы?!
Булардын эч кимиси кыйкырып мактанып же бирөөнүн катасын издеп, өзүн көрсөткөн жери жок. Башкаларды сындап отуруп албай, ишин алга жылдырып жатышат. Анан кантип буларды Жаратман дебей кое алабыз.
Эми буларды сынчылар, өзүн көрсөткүсү келгендер менен салыштырып көрөлү. Сынчылар булардай иш кылмак турсун, керек болсо булар тууралуу билбейт дагы. Бирок оюн айтат.
Кийинки кезде ушул болуп жаткандарды талдап жүрүп, кыргыз эмне үчүн “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегенин терең түшүнүп калгандай болдум!
Кыргызда дагы бир сөз бар: “Эл базардан кайтса, Эштек базарга баратат” деген. “Эл базардан кайтса да, Эштек базарда эле отура бергиси келет” десек туура болчудай. Болбосо билим берүүнүн буга чейинки абалын көрүп-билип туруп, эч нерсе өзгөртпөй эле койсок болот эле дегендерди, б.а. жасала турган иштерди алынын жетишинче сындап, бирок өзү сунуш бербегендерди кандай түшүнсөк болот?!. “Отко айдаса, бокко качкандай…” болбойлу да, урматтуу
кесиптештер!
Соцтармактарда бири-бирин шылдыңдагандар, бирине бири тыңсынгандар толтура. Өзүндө жок сымал бирөөлөрдүн адамдык сапатын келекелегендер көбөйдү. Бирок психологияга таянсак, алар өзү так ошондой, өзү жазып жаткан адамдай экенин биле беришпейт окшойт.
Урматтуу окурман, эмнеге эле бул мынча акыл үйрөтүп жатат деп ойлобоңуз.
Кийинки макалада билим берүүнү эмне үчүн, кайсы багытта өзгөртүү сунушталып жатканы тууралуу сөз болот. Айтып жатканыбыздын баары ошого кыртыш болуп бермекчи.
Билим берүү жаатындагы Жаратмандарга келсек, Кыргызстанда бир топ уюмдар колунан келген аракетин жасап, билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошуп келет:
- “Ыйык Ата журт” жаштар коомдук фонду. Көп жылдан бери билим берүү боюнча эл аралык симпозиумдарды, мыкты иш-чараларды өткөрүп, мыкты педагогдорду колдоп келет.
- “Чырак” коомдук фонду мугалим болом деген студенттер арасында конкурс өткөрүп, мыктыларын тандап, жакшы стипендия коюп берип, мыкты лекторлорду чакырып, ишемби-жекшемби күндөрү кошумча сабак өтүп, жыл сайын шартын түзүп берип, мыкты бүтүрүүчүлөрдү айыл жерине жөнөтүп келет.
- “Жаңычыл мугалим” (“Teach for Kyrgyzstan”) коомдук фонду. Мындай коомдук фонддор “Teach for All” деген ат менен дүйнөнүн 60тан ашык мамлекетинде бар. Ал Кыргызстанда, Казакстанда да ачылып, жашоодо өзүн көрсөтүп калган, лидер боло ала турган жаштарды мугалим болууга үндөп, аларды даярдап, эл аралык тажрыйба менен окутуп, булар да шартын түзүп берип, айыл жерине мугалим кылып жөнөтүшүүдө.
- “Тоо балдары” коомдук фонду мектептердин көйгөй маселелерин чечүү, мугалимдерди колдоо максатында мектеп өкүлдөрү менен билим берүүгө инвестиция кылат элем деген мыкты жигит-кыздарды жолуктуруп келет. Максаты – тоо балдарын колдоо, аларга татыктуу тарбия, билим берүүгө көмөктөшүү.
- Кыргыздын жакшы билим алган жаш жигит-кыздары заманбап басмаканаларды түзүп, билим берүүгө тиешелүү бестселлер китептерди түп нускасынан кыргыз тилине которуп чыгарып жатышат. Бул өзүн өнүктүрөт элем дегендер үчүн эмне деген табылга!..
Мен булар чыгарган ар бир китепти окуганда, бир университетти бүткөндөй болом.
- Мындай көптөгөн уюмдар бар.
Буга соцтармактар да кошумча болууда. Кээде бирөөлөр материал жөнөткөндө фейсбукка кирүүгө туура келет. Эки жыл мурда фейсбукта кайрылуу кылдым эле. Келгиле, соцтармакта үч нерсеге көңүл буралы:
- Бир күндө, бир жумада соцтармакка болжолдуу канча убакыт коротобуз, эсептейли.
- Ошол короткон убактыбызга шайкеш келген материал алалдыкпы, карап көрөлү.
- Акыркы айда, үч айда, алты айда окуган китептерибиз тууралуу айталы.
Сунуш колдоо тапкан жок. Өзүбүздү тааныгыбыз келген жери жок.
Комментарийлер