ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

  • 23.04.2021
  • 0

Жакында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору Чүй облусу жана Бишкек шаарынын кошумча билим берүү мекемелеринин педагогдорунун, жетекчилеринин жана музыка мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча эки жумалык курс өттү. Мындан тышкары Талас облусунун хореограф-педагогдоруна сейтекчилер барып, мастер-класс өткөрүп келишти. «Кыялкеч» бий ансамблине «улуттук» статусу ыйгарылды. Аны облустун губернатору өз колу менен тапшырды. 

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакованын айтымында, жыл сайын жаз мезгилинде “Бийдин да дили бар” аттуу мастер-класс өткөрүлүп келген. Бул жолу хор, комуз, заманбап технологияны пайдалануу боюнча курс өткөрүлдү.

— Быйылкы курстун өзгөчөлүгу – Чүй облусунан жана борбор калаадан келген педагогдор лекция эле укпастан, балдарга хор кайсы ыкма менен окутулуп жатканы, эки үнгө кантип бөлүү керек, ар бир баланын сүйлөгөн речи, дикциясы менен кантип иштөө керек экенин педагогдор өз көзү менен көрүп, кайрадан өздөрүнө сиңирип алуу үчүн тесттерди тапшырып турушту. Ошондой эле апрелдин акыркы күндөрүндө Талас жергесине барып, хореограф-педагогдорго мастер-класс өтүп келдик, — дейт директор.

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

Ушул эки жума ичинде курска келген педагогдор балдар жана анын ата-энелери менен эффективдүү сүйлөшүү психологиясын (лектор Т.Калчаева), ZOOM, мессенджер, TELEGRAMM видеоплатформа менен кантип иштөө керек экендигин үйрөнүшүп, ошол эле кезде онлайн төлөө, электрондук почта, ага келген каттарды сактоо ж.б.у.с. (долбоордун координатору Д.Сүйүнбек уулу) кызыктуу лекцияларды угуп, аны  менен бирге практикалык иштерди аткарышты. Ал эми “Кыргызстандагы хор искусствосу”, “Кыргызстандагы балдарга хор боюнча билим берүү жана тарбиялоо” боюнча (лектор Б.Бейшеналиева атындагы КМУМИнин хордук дирижерлук кафедрасынын доценти Л.П.Бруг), 8-9 жаштагы балдарды эки үнгө бөлүү, канон менен тааныштыруу  (“Таберик” музыкалык балдар театрынын хор жана вокал мугалими С.С.Абдулина) жана 6-7 жаштагы балдардын дикциясы менен иштөө боюнча (“Таберик” музыкалык балдар театрынын хор жана вокал мугалими О.В.Ветрова) лекциялар окулуп, мыкты ыкмалар көрсөтүлүп, курска келген педагогдордун кызыктуу суроолоруна жооп алынды. Ал эми белгилүү театрлаштырылган, үлгүлуу балдар “Ак Шоола” хорунун жетекчиси, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гулмира Эсенгулованын “Хор коллективи менен мугалимдин иштөө спецификасы жана методдору”, “Келечек муунду тарбиялоодо репертуардык материалдын ролу” деген темадагы кызыктуу лекциясы менен практикасы  курстун угуучуларын иштөөгө шыктандырды. Мындан тышкары “Сейтек” борборунун мыкты педагогдору Гүлапия Алдабек кызы менен Мастура Бердибековалар комуз боюнча үлгүлүү сабактарды берип, ушул жума ичинде комузга кызыккан педагогдорго күү үйрөтүп, жыйынтыгында алар  борбордун тарбиялануучулары, студенттер менен бирге оркестрге отуруп, үйрөнгөн күүнү чогуу  аткарышты. Айтмакчы, ушул эле билимди жогорулатуу курсунда борбордун кызматкерлери иш кагаздары менен иштөө боюнча да тажрыйба алмашышты. Келген педагогдор билим куржундарын толтуруп, “Сейтек” борборунун жетекчилерине, жалпы жамаатка курстун мыкты уюштурулганына ыраазычылыктарын билдиришти. Курстун жыйынтыгында сертификаттар тапшырылды.

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

Угуучулар эмне дейт?

Жийдекүл Дүйшөналиева, Ч.Айтматов атындагы  мектеп-гимназиянын мугалими,  Ысык-Ата району:

— Бизге сабак берген Бердибекова Мастура жана Алдабек кызы Гулапия эжелерге чын жүрөктөн ыраазыбыз. Бизге өздөрүнүн окуу ыкмаларын, усулдарын, көндүмдөрүн үйрөтүп, сабактарын өтүп, көп эмгектерин көрсөтүштү. Биздей мугалимдерди бат-бат чакырып, метод алмашып турсак жакшы болмок. Бизге шарт түзүп берген борбордун жетекчилерине ыраазыбыз!

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

Гүлмайрам Хидирова, Озерное орто мектебинин мугалими,  Аламудун району:

— Комуз боюнча окуу курсунан өттүм. Мага абдан көп жардам болду. Мугалимдердин кесиптик тажрыйба алмашуусу мол болду. Кыргыз элинин сыймыгы комуз үйрөтүү боюнча абдан жакшы уюштурулуптур. Мугалимдердин өз билимин жогорулатууга чоң жардам болду. “Сейтек” борборунун администрациясына жана биздин кураторлорго чоң рахмат!

Алладин Джапаров, Т.Өмүралиев атындагы Алмалуу орто мектебинин музыка мугалими, Кемин району:

— “Сейтек” борбору уюштурган квалификацияны жогорулатуу курсуна  келгениме өтө кубанычтамын. Бул жерден билбегенди билип, көрбөгөндү көрдүк, ишке, жумушка жана жашоого болгон жакшы чоң стимул беришти. Бизге сабак берген жалпы мугалимдерге жана администрацияга терең ыраазычылык билдирем! Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, “Сейтектин” жетекчиси Сабийра Мусилимовнага чоң рахмат, өтө сылык, адамгерчилиги мыкты инсан экен. Ушул жерден билим алган окуучу кыздар, балдар баары сылык сүйлөшөт экен. Аларга ийгилик, өркүндөп өсө бергиле, талантыңар ташкындай берсин!

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

Дилоруз Нарбаева,  Тойчу Актанов атындагы мектептин музыка мугалими, Аламүдүн району,  Чүй облусу:

— “Сейтек” борборунан жан дүйнөмдү байытып, тереңдетип, билимимди өркүндөттүм. Жөнөкөй, өз билимин так билген мугалимдерге таазим этем, окуучулары да өздөрүндөй мыкты экенине күбө болдук. Кыргыз каада-салтын, комузун, балдардын чыгармачылыгын бийиктерге көтөрүп жүрө бериңиздер, кандай мактоолор болсо да аздык кылат!

Наргиза Токоева, А.Осмонов атындагы №8 орто мектебинин музыка сабагынын мугалими, Токмок шаары:

— “Сейтекте” билимди жогорулатканга мыкты шарт түзүлгөн. Келечекте дагы ушундай окууларды көбүрөөк уюштуруп беришсе деген өтүнүч. Өзгөчө, баса белгилеп кетким келет, Мастура Бердибекова, Алдабек кызы Гүлапия эжекелер аз, кыска убакыттын ичинде эки күү үйрөтүштү. Бул дагы жогорку деңгээлдеги профессионалдуу кесипкөй адистер экенин билсек болот.

Динара Жешеналиева, Р.К.Тельтаева атындагы толук эмес орто мектебинин мугалими, Ленин айылы, Чүй району:

—    “Сейтек” – бул чыгармачыл балдардын өлкөсү катары билчү элем. Мен өз билимимди көтөрүү үчүн он күн “Сейтек” борборунун алдында болгонума кубанычтуумун. “Сейтектин” жалпы жамааты ынтымактын, изденүүнүн, ийгиликтин, эмгектин, жаңылануунун башаты экенин көрсөтө алышты.

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

Нелля Уразбахтина, преподаватель музыки Новопокровской школы-лицея №2 им.Баранова:

— Я приехала в Бишкек с небольшого города Майлуу-Суу и сразу приступила к работе. И тут случилось следующее, все как в сказке: “С корабля на бал”. Меня руководство школы сразу же отправляет на двухнедельные курсы повышения квалификации педагогов по хоровому пению музыкальных работников. Курс мне очень понравился. Получила море приятных встреч с известными мастерами искусства. Больше всего понравилась директор Центра “Сейтек” Челпакова С.М. Группа работников под ее руководством хорошо и интересно распланировали те две недели пребывания на курсах.  С удовольствием прослушала курс лекций по психологии (преп. Калчаева Т.М.). Молодежь Центра “Сейтек” научила и открыла для нас новые функции в смартфонах. Благодарю за страстность изложения информации, а также за доступный язык, с которым она преподносилась. Тесты! Очень здорово! Мы усваивали материал и радовались результатам, и многогранность прохождения тестов – отличное решение для лучшего запоминания. Благодарю Суйунбек уулу Данияра. А наши поездки в “Таберик” равнодушными к работе хористов (Абдулиной О.С. и Ветровой О.В.) не остался никто. Нам и самим 50+, большой опыт у каждого. Мы посмотрели два возраста детей. Очень понравился процесс обучения в целом. Я получила крутой штурм мозга на занятиях у Гульмиры Эсенгуловой, театр “Ак Шоола”.  Советую ли я этот курс? Безусловно!

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

Т.В.Качановская, преподаватель вокальной студии “Домисолька” ЦДТ, Первомайского района:

—  Выражаю благодарность руководству центра “Сейтек” С.Челпаковой, И.Балтабаевой, Г.В.Дубровской, Б.Усеновой и другим. Я получила много нового интересного, новые знания и все это буду с удовольствием использовать на своих занятиях. Благодарю от всей души руководство “Сейтека” за их труд, внимание, любовь к нам и отзывчивость.

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

М.А.Лось, преподаватель ЦДТ Свердловского района:

— Благодарю ”Сейтек” за организацию курсов повышения квалификации! Спасибо, что они делятся своим опытом и своими знаниями! Отдельное спасибо Дубровской Г.В. за подаренные нам знания!

Айсулу Шамилева, хореограф музыкальной школы имени Ж.Мамбетовой, Бакай-Атинский район:

— Посетила мастер-класс по народному, современному и классическому танцам. Атмосфера была очень доброжелательная, хореографы успевали всем уделять внимание, показывали варианты движений. Я была очень довольна, огромное спасибо Национальному центру детей и юношества “Сейтек”! Давно хотела попасть на мастер-класс,  и моя мечта сбылась! 

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

Диана Жыргалбаева, хореограф, Талас:

— “Сейтек” борбору уюштурган мастер-класс өтө жогорку деңгээлде өттү. Эң мыкты, кесипкөй хореографтардан билим алган биз үчүн “асмандан тилегенибиз, жерден табылды” дегендей эле болду. Мен үчүн көп жаңылыктар болду, буюрса практикамда колдоном. Бизге мүмкүнчүлүк түзуп берген “Сейтек” борборунун жетекчилигине терең ыраазычылык билдирем.

Мээрим Сагынбаева, Таласский ДОЦ:

— Организаторы подарили нам новые знания, идеи и возможности. Мастер-класс прошел на высшем уровне.

Гульшат Кожанова, хореограф, Талас:

— “Сейтековцы” приехали в трудные моменты и провели мастер-класс. Огромное спасибо за то, что поделились кусочками своего таланта. Миг разных направлений заставляет расширить горизонты сознания и способы сочинения своей хореографии.

Айзат Шабданова, Кара-Бууринский ДОЦ:

— Мне понравилось занятия Л.А.Мельниковой и Г.Шамралиевой. Взяла для себя очень многое: навыков для обучения детей, узнала новые позиции в классическом и современном танцах.

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

Назира Акматова, Бакай Ташиев атындагы Балдар искусство мектебинин хореография классынын мугалими,  хореограф, Талас облусу:

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

ЖАҢЫЧА ИШТЕГЕНГЕ ШЫКТАНДЫРГАН “СЕЙТЕК”

— Бишкек шаарынан эмгектери сиңген мыкты хореограф-мугалимдердин сабагына кирип, билимибизди жогорулаттык. Ар бир мугалимдин сабагы өтө кызык, жагымдуу жана өтө керек көнүгүү, бийлердин элементтерин алдык. Биринчи сабакта (хореограф А.Кыргызбаев) окуучулар билбеген жаңы заманбап кыймылдарын “dance, wiking, poping, locting  өзүбүзгө синирип алып, үйрөндүк. Окуучулардын да кулпуну толду. Андан кийинки  (хореограф Д.В.Локотков) сабагыбыздын темасы:  “Классикалык экзерстерди жана станок менен ортодо туруу” болду, анда көнүгүүлөрдү үйрөндүк. Сабак өтө кызыктуу болду, балдар жайдары көңүл менен кабылдашып, өтө жакшы деңгээлде өттү. Хореограф-педагог агай өтө шайыр окуучулардын тилин, дилин тапкан чебер адам экенин көрсөттү. Ошондой эле мугалим маданияттын мыкты кызматкери Л.А.Мельникованын  сабагына кирдик. Ал  “Орус бийинин элементтери” жана ошондой эле станок менен иштөөнү өттү. Окуучулар билбеген көп кызык жакшы элементтерди үйрөттү.  Окуучулар аз мөөнөттүн ичинде көп көнүгүүлөрдү үйрөнүп, билгендерине өтө кубанычтуу болушту.  Ал эми маданияттын мыкты кызматкери хореограф-педагог Г.Шамыралиева “Бий комбинациясы,  элдик,  Орто Азия элинин бий түрлөрү” жөнүндө түшүнүк берди. Окуучулар өтө кылдат менен үйрөнүп алышты. Эки топко бөлүнүп, “Кавказ”, “Индия” эл бийин — “Назира” бий тобу үйрөнүп бийлеп чыгышса, “Санжыра” бий тобу кыргыз бийинин элементтерин үйрөнүп,  о.э. испан бийин үйрөнүп, бийлеп чыгышты.  С.Челпакова Бишкек шаарынан жетектеп келген белгилүү, мыкты хореографтардан билимибизди жогорулатып алганыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Биринчиден, жол кире кеткен жок, экинчиден, окуучуларыбыз менен кошо билим алдык. Ар дайым “Сейтек” өрчүй берсин, балдар өнөрлүү болуп, келечектери кең болушсун!

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер