«ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ». ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

  • 03.09.2025
  • 0

Кыргызстан 12 жылдык билим берүү моделине өтүп жаткан ушул жылы өлкөдө жаңы мектептерди куруу иши кулач жайды. Окуу жылынын башталышына карата 63 жаңы мектеп жана 19 бала бакча пайдаланууга берилди. Министрдин айтуусунда, бул темп сакталат, дагы бир катар мектептер курулууда, мунун баары балдар коопсуз жана жагымдуу шарттарда окушу үчүн жасалып жаткан учур.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

Заманбап мектеп-интернат

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, быйыл болуп көрбөгөндөй көздүн жоосун алган заманбап мектептер, бала бакчалар окуучуларга эшигин ачты. Чу дегенде эле  Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы №11 мектепти ачты жана ошол эле күнү Кыргызстан боюнча дагы 100 социалдык объектти бир учурда онлайн ишке киргизди.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

Айтсак, жатак-мектеп 1963-жылы ачылган. Башында окуу жай алты гектар жер тилкесине курулуп, үч кабаттуу окуу корпусун, ошондой эле эркек балдар жана кыздар үчүн өзүнчө жатаканаларды камтыган.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

2022-жылдын май айында республикалык бюджеттин эсебинен 700 окуучуга ылайыкталган окуу корпусунун жана 500 орундуу жатакананын курулушу башталган. Толугу менен реконструкциядан өткөндөн кийинки мектептин ачылыш аземине Советтер Союзунун Баатыры, биринчи аял-космонавт Валентина Терешкова видео-байланыш форматында катышты. Ал өзүнүн атын алып жүргөн мектепти сактап, өнүктүрүү үчүн ыраазычылык билдирди, жүргүзүлгөн реконструкцияга канааттануусун белгиледи, ошондой эле окуучуларга окууларында ийгиликтерди жана жаңы билимге умтулууну каалады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Валентина Владимировнага көңүл буруусу жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мектеп анын ысымын жарым кылымдан ашык убакыттан бери сыймыктануу менен алып жүргөнүн баса белгиледи. Ошондой эле 1979-жылы В.Терешкова билим берүү мекемесине өзү келип кеткенин эске салды. Эми масштабдуу реконструкциянын аркасында мектеп тарыхый маанисин сактап, заманбап көрүнүшкө ээ болгонун айтты.

Садыр Жапаров мектеп миңдеген бүтүрүүчүлөрдү тарбиялоодо маанилүү роль ойногонун, арасында депутаттар, министрлер, көрүнүктүү коомдук, маданий жана саясий ишмерлер бар экенин белгилеп өттү.

— Мына ушундай алдынкы бүтүрүүчүлөрдүн катарында Кыргыз Республикасынын Баатыры Камчыбек Ташиев бар, 2022-жылы аны менен биргеликте окутуу жүргүзүүгө жараксыз деп табылган имаратты толук реконструкциялоо чечими кабыл алынган. Заман талабындагы мектеп-интернат 2,3 гектар жерде жайгашып, балдардын заманбап шартта билим алуусуна жана ыңгайлуу жашоосуна толук мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Дал ушундай мекемелер ар кандай шартта жашаган таланттуу балдарыбыздын талантын ачып, өркүндөтүп, билимге умтулган жаштарыбызга терең билим берип, жөндөмүнө жараша кесипке үндөп, жаркын келечегине өбөлгө түзөрүнө бекем ишенем, — деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров мугалимдерге кайрылып, алар коомдон бир нече кадам алдыда турушу зарылдыгын белгиледи.

— Күн сайын изденүү, саат сайын жаңылануу, билимиңиздерди утур-утур өркүндөтүү аркылуу бүгүнкү балдарыбызга заман талап кылып жаткан тарбия, билим берүү кажет. Мамлекет өз кезегинде зарыл болгон бардык шарттарды түзүп берүүдө, анын ичинде заман талап кылган мектептерди куруп, жаңы ыкмаларды киргизүүдө. Талбай изденген, мекенчил агай-эжейлердин аракети аркылуу балдарыбыздын талант-шыгы ойгонот. Ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилди заманбап билим менен жуурулуштуруп тарбия, билим берсеңиздер чыныгы атуулдарды тарбиялап чыгасыздар. Мына ошол уул-кыздарыбыз Кыргызстанды өнүккөн мамлекеттердин катарына кошот. Албетте, сиздердин мындай ат көтөргүс эмгегиңиздер мамлекет тарабынан татыктуу бааланууга тийиш. Быйыл ошондой эле эмгек акыңыздарды дагы көтөрөбүз, — деп баса белгиледи Президент.

“Мектеп – билимдин башаты, адамдык нарктын түптөлгөн жайы”

Ушул эле күнү С.Жапаров Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылында  жайгашкан Нышанбай Алыкулов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине да катышты.  Өлкө башчысы азыркы учурда мамлекет биринчи кезекте келечек муунга кам көрүшү керектигин белгиледи.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

— Айыл болобу, шаар болобу, окуучуларыбыздын мыкты окуп чыгышы үчүн оболу мектептердеги абалды: эскилерин жаңыртып, кошумча имаратка муктаждарына жаңы корпустарды салып берип жатабыз, – деди ал.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

Президент мындай камкордук Нышанбай Алыкулов атындагы мектепке да көрсөтүлгөнүн айтты.

Мектептин жаңы имараты заман талаптарына жооп берет, балдардын билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мурда мектептин имараты эки корпустан турган. 1980-жылы имараттардын бири 10 бөлмөгө ылайыкталып курулган. 1918-жылдан баштап ал кайрадан жабдылып, 10 класстык бөлмөсү бар мектеп катары колдонула баштаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш материалдары көп жылдык пайдалануудан улам эскирип кеткени аныкталган: пайдубалы чөгүп кеткен, ал эми негизги дубалдарда жаракалар пайда болгон, ошондуктан мектептин жаңы имаратын куруу чечими кабыл алынган.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

Президент мугалимдер жана жергиликтүү тургундар үчүн маалымат иретинде билим берүү системасындагы айрым жаңылыктарды бөлүшө кетти.

— Азыр дүйнө тынымсыз, күн сайын өзгөрүү жолунда. Дүйнөдө технологиялар укмуштуудай ылдамдыкта өнүгүп жатканын баарыбыз көрүп-билип жатабыз. Ошондуктан дүйнө агымынан артта калбай, эң оболу билим берүүнүн түзүмүн гана эмес, мазмунун да өзгөртүүгө бел байладык. 12 жылдык билим берүү системасына 150дөн ашуун өлкө өтүптүр. Демек, бул – натыйжалуу система. Биз дагы бул системаны дыкат иликтеп, өзүбүзгө ыңгайлаштыруу менен дүйнө баскан жолго багыт алышыбыз керек, – деди мамлекет башчысы.

Ошону менен бирге ал келечек муунду тарбиялоо жана окутуу милдети бир гана мектепке жүктөлбөшү керектигин белгиледи.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

—  Ата-энелер өздөрүнүн бийик жоопкерчилигин сезиши кажет, алардын өздөрү да билимдүү, маданияттуу, үлгүлүү болушу абдан маанилүү. Мектеп – билимдин башаты, адамдык нарктын түптөлгөн жайы. Ал мамлекеттин эртеңки күнүн аныктап, келечектин пайдубалын түптөгөн касиеттүү очок болуп эсептелет, – деди өлкө башчысы.

Келечек муунга камкордук

Билим күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы №14 Сатыбалды Давлетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 700 орундуу кошумча имараты дагы ачылды.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

Аны Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ачып, жаңы окуу жылынын башталышы менен мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди куттуктады. Ал ошондой эле өлкөнүн билим берүү тармагында көрүлүп жаткан иштерге токтолуп, эскилиги жеткен мектептерди жаңылоо боюнча тийиштүү иш-аракеттер улантыларын белгиледи.

Жалал-Абад облусунун аймагында 485 мектеп иш алып барат. Алсак, 2025–2026-окуу жылына карата 16 мектептин жаңы имараты, 4 мектептин кошумча имараты, 2 спорт зал жана 1 мектептин актовый залы пайдаланууга берилди. Маселен, энергетиктер шаарынын  Жазы-Кечүү айылында Туралы Темиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин заманбап жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Бул билим ордосу заманбап талаптарга жооп берген шарттары, кең класстары жана акыркы технологиялар менен жабдылган кабинеттер менен өзгөчөлөнөт.

— Жаңы билим жайынын курулушу — мамлекетибиздин келечек муунга жасаган камкордугунун, билим берүүгө болгон өзгөчө көңүлүнүн айкын далили. Эми жүздөгөн балдар жарык, жылуу жана ыңгайлуу мектепте билим алып, өз кыялдарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, — дейт шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын башчысы Тилен Орозова.

Ал эми Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу 1-Май айылындагы Т.Сатылганов мектебине заманбап спорт зал курулган. Объекттин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Жалпы аянты 332 чарчы метрди түзгөн спортзал заманбап талаптарга жооп берет. Окуу жылдын башталышы менен пайдаланууга берилди.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

“Билим – жеке адамдын өнүгүшүнүн жана өлкөнүн келечегинин негизги булагы”

Билим күнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышып, өлкө башчысынын жана өзүнүн атынан салтанаттуу жыйындын катышуучуларын Билим күнү, жаңы окуу жылынын башталышы жана жаңы мектептүү болушу менен куттуктады.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

— Билим күнү – ар бир үй-бүлөгө, ар бир балага, бүтүндөй мамлекетке тиешелүү майрам. Билим – жеке адамдын өнүгүшүнүн, коомдун бекем пайдубалынын жана өлкөнүн келечегинин негизги булагы, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы куттуктоо сөзүндө.

Айта кетсек, Кожомкул айылындагы жаңы мектептин имаратынын курулушу 2012-жылы эле башталган. Долбоордун жалпы наркы 210,6 млн сомду түзгөн. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын буйрутмасы менен жүргүзүлгөн.

Дагы бир өзгөчө мектеп Таласта ачылды. Бул билим уя жүздөгөн жигердүү жарандардын бир максаттуу аракети менен курулду.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

Маалыматка таянсак, демилгени ишке ашырууга ишкерлер, мугалимдер, куруучулар, энергетиктер, активисттер, дыйкандар жана катардагы жөнөкөй жарандар салым кошту. Бири каражат берсе, бири жумушка жардам берип, курулушту ашар жолу менен бүтүрүшкөн.

Заманбап ыкмада  окута турган мектеп 240 орундуу болуптур. Үч тилди тең тереңдетип окутууга, технологияга, математикага басым жасалган. Ошондой эле билим менен катар таалим-тарбияга, улуттук  баалуулуктарга да өзгөчө  басым коюлат.

— Ачыгын айтканда Талас облусунда элдин күчү менен салынган мындай заманбап мектеп жок. Бул биринчиси болду көрүнөт. Баса, мектеп жеке болсо да мамлекет үчүн чоң салым болду окшойт, — дейт Н.Курманбеков.

"ДҮЙНӨ БАСКАН ЖОЛ". ЗАМАНБАП ЖАҢЫЛАНУУ ЖАНА ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕР

Ошентип, жаңы окуу жылында бардык региондо жаңы билим уялары, бала бакчалар, спорттук залдар ачылып, элди кубанычка бөлөдү. Мындай курулуштар ушуну менен эле токтоп калбастан, дагы деле болсо курулууда. Ачылган жаңы билим ордолору билимдүү, ыймандуу жана мекенчил жаштарды тарбиялоого кызмат кылат деген изги тилектерибиз кабыл болсун!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер