ЖҮРӨГҮН УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТКЕ АРНАГАН ИНСАН
- 23.11.2026
- 0
2026-жылдын 16–19-ноябрь күндөрү Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) педагогикалык колледжинде окуу жайдын негиздөөчүсү Искендер Исамидиновдун 75 жылдыгына карата «И. Исамидиновду таануу» жумалыгы өттү. Агайдын өмүр жолун, эмгегин, билим берүү тармагына кошкон салымын студенттерге кеңири таанытуу жана өрнөктүү жолун жаш муундарга үлгү кылуу максатында уюштурулган иш-чарада мыкты студенттерге агайдын үй-бүлөсүнүн атынан жыл сайын ыйгарылуучу стипендиялар тапшырылды. Бул саамалык И. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунда Эл аралык студенттер күнүнө карата 1-курстун студенттерин тосуп алууга арналган «Ретро FM – студенттик толкун» аттуу салтанаттуу азем менен биргеликте жыйынтыкталды.


Жумалыктын максаты жана жүрүшү
И. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Рахат Сулайманованын айтымында, жумалыктын алкагында колледжде өткөн ар бир сабактын башталышында «Окуу жайыбыздын түптөлүү тарыхы» аталышындагы 10 мүнөттүк тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Мындан тышкары, «Инсандын өмүр жолу – тарых барактары» темасында агай тууралуу тартылган «Тамыр» аттуу даректүү тасма көрсөтүлүп, студенттер «Мен сыймыктанган окуу жай» аттуу дилбаяндарды ынтызарлык менен жазышты. Акыркы күнү жумалык жыйынтыкталып, профессор И. Исамидиновдун үй-бүлөсү тарабынан окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштердеги активдүүлүгү жана билимге болгон умтулуусу менен айырмаланган 16 студентке «И. Исамидинов атындагы стипендия» ыйгарылды.

Дарак бир жерден көгөргөн
«Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, Искендер агай бүткүл өмүрүн, эмгек жолун жана илимий ишмердүүлүгүн Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине арнаган. Аталган университетке студент болуп келип, комсомол комитетинин катчысынын орун басары, окутуучу, ага окутуучу, доцент, он эки жыл декандын орун басары, 18 жыл проректор (анын ичинде 8 жыл биринчи проректор), ал эми 2011–2014-жылдары Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору болуп үзүрлүү эмгектенген.
Искендер Исамидинов 1952-жылы 20-январда Кегети айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун 1973–1974-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасында окутуучу болуп баштаган. Кийинчерээк КМУУнун Адистерди максаттуу даярдоо борборунун директору, Ж. Баласагын атындагы КУУнун биринчи проректору жана ректору кызматтарын аркалап, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп да шайланган.
И. Исамидиновдун жогоруда белгиленген административдик-башкаруучулук ишмердүүлүгү аны жогорку билим берүү системасын башкарууда, окуу процессин уюштурууда жана илимий-педагогикалык жамаатты жетектөөдө зор тажрыйбасы бар заманбап жетекчи катары калыптандырды. Ал жетекчилик кылууда авторитардык ыкма менен эмес, кесипкөйлүк менен адамгерчиликти айкалыштыра билген. Башкарууда алдыңкы тажрыйбаларды колдонуп, убакытты, кадрларды жана мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу пайдалануу менен кемчилик-катачылыктардын себептерин, ийгилик-жетишкендиктердин сырларын терең өздөштүргөн.

Билим берүүдөгү реформалар жана эл аралык байланыштар
Тажрыйбалуу жетекчи күнүмдүк иштерди эле ийгиликтүү аткарбастан, өлкөнүн билим берүү тармагынын келечектеги өнүгүүсүн камсыз кылуучу бийик максат-пландарды алдыга коюп, чечкиндүүлүк менен ишке ашыра алган. 90 жылдан ашык тарыхы бар Улуттук университетте не деген залкар окумуштуу-педагогдордун, мыкты ректорлордун катарында жетекчилик милдетти татыктуу аркалады.
Ал башкарган жылдар аралыгында университетте бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Алсак, окуу жайдын сырткы байланыштары күч алып, Жапония, Корея, Түркия, Индонезия, Орусия, Франция жана Европанын башка өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайлары менен мамиле жакшыртылды. Кыска убакыт аралыгында (2–3 жылдын ичинде) университеттин 700дөн ашык окутуучусу жана студенти чет өлкөлөрдө илимий жана окуу стажировкаларынан өтүп келишкен. Айрыкча Кытай мамлекети менен тыгыз алака-байланыш түзүп, ага терезе ачууда Искендер Исамидиновдун эмгеги зор.
Жогорку билим берүү системасын эки деңгээлдүү окутууга өткөрүү мезгили да агайдын Улуттук университетке жетекчилик кылган учуруна туш келди. И. Исамидинов Кыргызстандын 11 университетинин ректорлорунун катарында Италиянын Болонья университетине барып, Университеттердин улуу хартиясына кол койгон. Натыйжада окуу жайда кредиттик технология менен окутуу системасы киргизилип, учурда ийгиликтүү иштеп жатат.
Материалдык-техникалык база жана инвестиция
Ректорлук кызматты аркалоодо окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого зор салым кошуп, өз демилгеси менен маанилүү инвестицияларды тарткан. Көп жылдардан бери оңдоого муктаж болуп келген башкы окуу имаратын, лабораториялык жана №5 окуу имараттарын капиталдык ремонттон өткөрүп, жаңы техникалык каражаттар менен камсыздаган. Ошондой эле университеттин алдына улуу ойчул Жусуп Баласагындын, залкар окумуштуулар Константин Юдахин менен Касым Тыныстановдун эстеликтерин тургузууда жана окуу жайга көрк берип турган фонтанды ишке киргизүүдө агайдын эмгеги чоң экендигин ошол кездеги ректор, кыргыз илиминдеги залкар инсан, академик А. Какеев өз учурунда көп жерде эскерип айтып жүрдү.
Жаңы институт жана «Мугалим» журналы
Агайдын демилгеси менен эки институт түзүлүп, бүгүнкү күндө Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту Кыргызстандагы педагогдорду даярдоочу алдыңкы окуу түзүмдөрүнүн бирине айланды. Бул институтту ачуу аркылуу көптөгөн мугалимдер жумуш орундары менен камсыз болуп, миңдеген студенттердин билим-тарбия алуусуна шарт түзүлдү. Мындан тышкары, жалпы Кыргызстандын агартуу журтчулугуна кам көрүп, 2011-жылы «Мугалим» илимий-педагогикалык журналын негиздеген (журнал 2014-жылдын март айынан бери үзгүлтүксүз жарык көрүп келет).
Жетекчилик жоопкерчилик жана элдик урмат
Искендер Исамидинов улуу мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун «Жетекчилик принциптери жана методдору» китебиндеги жетекчинин төрт түрдүү жоопкерчилигин дайыма туу тутуп жашады: Өзү жетектеген тармак үчүн учурдагы жоопкерчилик; Айыл, өлкө жана эл алдындагы жоопкерчилик; Келечектеги тарыхый жоопкерчилик; Кудай алдындагы жоопкерчилик.
Атанын, Ата-журттун ак батасын алып чоңойгон, эненин ак сүтүн, аруу тилегин актап, үй-бүлө мектебинен элдик таалим-тарбияга сугарылган уул — Искендер Исамидинов Ата Мекендин сыймыктуу уулу экенин өз иши менен тастыктады. Анын жасаган ар бир кадамынан элге, өлкөгө, билим берүү тармагына, университетке жана студенттерге болгон чексиз сүйүүсү сезилип тургандыгы азыркыга чейин айтылып келет. Ошондуктан анын калк арасындагы, билим берүү жаатындагы жана педагогикалык коомчулуктагы кадыр-баркы өтө бийик болгонун кесиптештери иш-чарада баса белгилешти. Көзү тирүү болгондо агай быйыл 75 жашка чыкмак. Артында ондогон илимий эмгектери, окуу китептери жана методикалык басылмалары калып, учурда студенттер менен мугалимдердин колдон түшпөс куралына айланган.
«Ретро FM – студенттик толкун»: биринчи курстарды тосуп алуу аземи
Эл аралык студенттер күнүнө карата 1-курстун студенттерин тосуп алууга арналган майрамдык кече «Ретро FM – студенттик толкун» аттуу сахналаштырылган мюзикл менен башталды. Ал студенттик жашоонун жаркын көз ирмемдерин жана унутулгус учурларын чагылдырды.

Салтанатты Ж. Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев ачып, куттуктоо сөзүндө институттун негиздөөчүсү Искендер Исамидиновду эскерип, анын педагогикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи. Ошондой эле жаштарга терең билим, талыкпаган изденүү жана жигердүүлүк каалап, келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө татыктуу салым кошкон мыкты педагог адистерден болууга үндөдү.




Андан соң институттун директору, профессор Рахат Сулайманова жалпы катышуучуларга жана 1-курстун студенттерине Искендер Исамидиновдун өмүр жолу, педагогикалык билим берүүгө кошкон салымы жана институттун түптөлүү тарыхы тууралуу кеңири маалымат берди. Ал студенттерди майрамы менен куттуктап, билимге болгон умтулуусуна, чыгармачылык жөндөмдөрүнүн өнүгүшүнө жана келечекте татыктуу адис болуп калыптанышына ийгиликтерди каалады.

Салтанаттын жүрүшүндө институттун негиздөөчүсү Искендер Исамидиновдун жубайы Бактыгүл Асановага Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык юбилейлик медалы тапшырылды. Мындан тышкары, институттун эл аралык байланыштарын өнүктүрүүгө, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана коомдук иштерге активдүү катышууга кошкон салымы үчүн бир катар окутуучулар менен студенттер сыйланышты. Тактап айтканда, Казакстан Республикасындагы Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинде эл аралык стажировкадан өтүп келген педагогикалык институттун окутуучулары — профессор Гүлназ Адылбек кызы, ага окутуучу Анаркан Эсенканова, доцент Света Кабылова жана стажировкага катышкан студенттер сертификаттар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
— Ошондой эле Азия оюндарында дүйнө чемпиону болгон институттун 2-курсунун студенти Калмурзаева Сезимайдын ата-энесине кызын тарбиялоодогу колдоосу жана спорттогу ийгиликтерине кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат тапшырылды. Университеттер аралык уюштурулган сынакта III орунду ээлеген студенттер дагы сыйлыктарга ээ болушту. Иш-чаранын алкагында университеттин профсоюздук комитетинин ардак грамоталары тапшырылып, билим берүү мекемесинин өнүгүшүнө, кесиптик ишмердүүлүккө жана коомдук иштерге кошкон салымдар белгиленди. Майрамдык программанын алкагында биринчи курстун студенттерине зачеттук китепчелер жана билим ачкычы салтанаттуу түрдө тапшырылды, — деди И. Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Айсулуу Эгамбердиева.
Иш-чара музыкалык номерлер, чыгармачылык куттуктоолор жана жагымдуу маанай менен коштолуп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)