ЗАМАН ТАЛАБЫ — БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАЗМУНУН ЖАҢЫЛОО
- 27.08.2024
- 0
Талас райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Момоконов август педагогикалык конференциянын жүрүшүндө «Алтын Казык» программасы боюнча маалымат берип, 12 жылдыкка өтүүнүн максаттары, милдеттери жана артыкчылыктарына кененирээк токтолду. Андан кийин былтыркы окуу жылында ийгилик жараткан мектеп, бала бакчалардын тажрыйбасын жайылтуу максатында тегерек стол өткөрүлүп, сунуштар айтылды.
Көрүнүктүү ишмерлердин элеси түбөлүккө калтырылат
Мугалимдер жаштарга татыктуу тарбия, талыкпас билим берүү аркылуу өлкөнүн жаркын келечегин курууга салымдарын кошуп келатканын А.Момоконов сөз башында баса белгиледи.
— Кыргызстандын эртеңки күнү, экономикабыздын бакубаттуулугу сиздер окутуп, билим берип жаткан келечек ээлеринен көз каранды. Азыркы заман — билимдин, маалыматтык технологиялардын, көп тил билүүнүн, интеграциянын заманы. 21-кылымдын талаптарына жооп берген билимдүү, жөндөмдүү, кесипкөй жарандар — өлкөнүн негизги өнүүгү шарты болуп саналат. Мына ушундай жөндөмдөргө ээ жарандарды даярдап, коомго кошуу мугалимдердин милдети. Мугалимдердин республикалык кеңешмесинде жетекчилердин негизги баяндамалары билим берүүнүн стратегиялык багыттары, 12 жылдык окутуу системасына өтүү, билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн туруктуу өнүгүүнүн алкагында үзгүлтүксүз окутуулар, социалдык жоопкерчилик, көп тилдүү жана маданий көп түрдүүлүктү камсыз кылуу, PISA компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу табигый илимдер жана математика жаатында окуучулардын сабаттуулугун жогорулатуу жөнүндө айтылды. 12 жылдыкка ɵтүүнүн негизги себептери Мектептик билим берүү системасын жаңы багытка ɵзгөртүү — бул эң негизгиси мазмунду модернизациялоо дегенди билдирет, — деди башчы.
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү аныктоочу негизги себептердин арасында өзгөрүп жаткан дүйнөдө бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтүү болушун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын структуралык кайра куруунун жана билим берүүнүн мазмунун жаңылоо зарыл. Ошондой эле компетенттүүлүк методологиясынын негизинде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу билим берүү деңгээлинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу; окуучулардын кызыкчылыктарын эске алуу үчүн жеке билим берүү траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде кесипке чейинки жана адистештирилген даярдоо, ошондой эле (алдын-ала) кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн кесиптик-техникалык билим берүү уюмдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу камсыз кылуу. Жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн мобилдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо зарыл.
— Кыргызстан үчүн эң актуалдуу 12 жылдык мектеп модели катары (6+3+3) модели тандалып алынды, ага кошумча жыл билим берүүнүн баштапкы этабына киргизилип, мектептик билим берүүгɵ 6 жаштагы балдар тартылат. Бул тандоо, биринчи кезекте, социалдык көндүмдөрдү, функционалдык сабаттуулукту жана андан ары билим берүүнү өнүктүрүүнүн негизи катары башталгыч билим берүүнүн сапатын олуттуу жакшыртуу, ошондой эле мектепке чейинки ар кандай даярдыгы бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөөгө шарт түзөт. Бул модель мектеп жашына чейинки балдардын 80%га жакынын камтыган мектепке чейинки даярдоону трансформациялоо аркылуу (“Наристе” программасы, 480 саат) ишке ашырылат, бул 1-класста окуу этабында балдардын билим деңгээлин теңдөө маселесин чечет. Ошондой эле балдарды 6 жаштан мектепке кабыл алуу бала бакчаларды жеңилдетип, 4-5 жаштагы балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууга шарт түзөт, бул алардын таанып-билүү, социалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн жаштайынан өнүктүрүүгө шарт түзөт. Кыргыз Республикасы үчүн тандалып алынган 12 жылдык моделде ортоңку жана жогорку класстарда үч жылдык (3+3) билим берүүнүн узактыгы жогорку класстарда профилдик билим берүү киргизилип, окуучулар конкреттүү кесипке багыт алышмакчы. Жогорку класстарда үч жылдык билим алуу тɵмɵндɵгүлɵргɵ мүмкүндүк берет: окуучуларды ашыкча жүктөбөстөн, аларга адистештирилген билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана ЖОЖдо окууга мотивация түзүү; 9-класстан кийин башталгыч жана орто билим берүүгө өтүүнү пландаган окуучулар 8-9-класстарда кесиптик даярдыктан өтүшөт. Билимдин базалык деңгээлинде бүтүрүү курагы 14-15 жашты түзөт. Модель төмөнкү этаптарга бөлүүнү камтыйт: башталгыч билим берүү 1-6-класстар (6-11 жаш); негизги жалпы билим берүү 7-9-класстар (12-14 жаш); орто жалпы билим берүү 10-12-класстар (15-17 жаш). Бул жерде биз абдан маани берүүчү жагдай, 6 жаштагы балдардын баары милдеттүү түрдө 1-класска барып, 100% билим берүү менен толук камсыздалат. Буга чейин алардын 17-18% гана бала бакчага барып, 70%га жакын балдар мектепке даярдоо программасынан (0-класс) өтүшкөн. 20%га жакын балдар эч бир программага тартылган эмес. Ал эми балдар, эки жаштан бала бакчага барууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Өз кезегинде бүгүнкү кеңешмеде секциялык иштерде жогоруда айтылган маселелер талкууга алынмакчы, — деди жетекчи.
Административдик-территориалдык реформанын (АТР) алкагында 2024-2025-окуу жылынан баштап, Нылды айылындагы Ө.Израилов атындагы орто мектеби Талас районундагы мектептердин катарына кошулат (жалпы 30 орто мектеп болот). Мындан тышкары, КРнын Министрлер Кабинетинин алдындагы КРнын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясынын чечими менен Талас шаарындагы No4 орто мектебине Абдыкерим Сыдыковдун ысымын ыйгаруу боюнча иштер жүрүүдө.
Мектептердин китеп менен камсыз болушу
2023-2024-окуу жылын Талас шаарынан 8990, Талас районунан 12834 окуучу аяктады. Анын ичинен: 9-классты Талас шаарынан – 925, 11-классты — 413 бүтүрүүчү, Талас районунан 9-классты — 1273, 11-классты – 665 бүтүрүүчү аяктаган. 9-классты яктаган окуучулардын ичинен Талас шаарынан – 22, Талас районунан – 22 бүтүрүүчү “Өзгөчөлөнгөн күбөлүккө” ээ болушту. Ал эми 11-классты аяктаган окуучулардын ичинен Талас шаарынан Р.Я.Рысакова атындагы No2 орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү Тулебердиева Айтурган, Мырзалиева Амелия, Талас облустук лицей-комплексинен Тулокулова Альбина, Талас районунан А.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүчүсү Хаписова Адинай “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту.
PISA-2025
— Азыркы учурда мугалимдер PISA-2025 изилдөөсүнө даярдык көрүү боюнча ар кандай тесттик тапшырмаларды колдонуу менен иш алып барууда. 2023-жылдын август айында “Маалыматтык сабаттуулук” боюнча мектеп мугалимдери окуудан өтүштү. Бул изилдөөгө карата математика, химия, биология, физика жана информатика предметтеринин мугалимдери үчүн 20% кошумча эмгек акысы төлөнүп жатат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде “Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана баалоо” боюнча мугалимдер окутуудан өтүштү. 2024-жылдын 5-6-мартта Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун тесттери менен 7-8-класстардын 15 жаштагы окуучулары үчүн тестирлөө өткөрүлдү, — деди А.Момоконов.
Манас дүйнөсү
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы -“Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында эл аралык деңгээлде 100000дөн ашуун адамдын катышуусунда өткөрүлгөн топ менен “Манас” айтып жалпы ураан чакырган “Урааным Манас” кароо-сынагында республикада Талас району 2-орунду ээлеп, 200 000 сом, ал эми Талас шаары диплом жана 50 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланганы белгиленди.
— Улуу педагог В.А.Сухомлинский: “Ийнедей шоола жаратуу үчүн деңиздей жарыкты шимирүү керек” дегендей, эмнени окутабыз деген суроого жооп берүү үчүн алгач мугалим өзү окутуп жаткан предмети боюнча эмнени окутаарын ачык, так билүү менен терең профессионалдык компетенттүүлүккө ээ болуусу керек. Окуучуларды алган билимдеринин системасын, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү колдоно билүүгө, салыштыруу, жалпылоо, классификациялоо, талдоо, топтоштуруу, суроо бере билүү, тыянак чыгара алуу, өз оюн так жана кыска билдирүү сыяктуу компетенттүүлүктөрдү калыптандырууну окутушубуз керек. Ушул суроого жооп издеп жатып, И.В.Гетенин “Билүү аздык кылат, аны колдонуу керек” деп айтканы эске түшөт. Чындыгында ар бир окуучу билимди эмнеге алып жатканын, аны кантип колдонуу керектигин билүүлөрү шарт. Албетте, бул суроого жоопту ар бир мугалим кайсы окутуунун технологияларын колдонуу продуктивдүү болот, баалоонун кандай формасы объективдүү баалоого шарт түзөт деген суроого жооп издөө менен “Кантип окутабыз?” деген маселенин чечилишине шарт тузөт. Кыргызстандын өнүгүүсүнө кайдыгер карабаган ар бир мугалим сыяктуу эле сиздер да жаңы окуу жылында заман талабына ылайык окутуу менен чоң-чоң ийгиликтерди жаратат деген ишенич менен ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз! – деди райондук/шаардык бөлүмдүн башчысы.
Конференциянын жыйынтыгында жаңы окуу жылына карата оңдоп-түзөө иштерин жогорку деңгээлде жүргүзгөн жетекчилерге билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык каттары тапшырылды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер