Усулдук десант: өзгөрүүнүн өзөгүндө — мугалим

  • 01.09.2026
  • 0

Жаңы окуу жылы — мектеп турмушундагы кезектеги этап гана эмес. Быйылкы 2026/2027-окуу жылы Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени өлкө мектептик билим берүүнү заманбап жаңылоонун, 12 жылдык билим берүү моделине көчүрүүнүн маанилүү баскычында баратат. Ушундай жооптуу учурда реформанын маңызы ар бир мектепке, ар бир класска, ар бир мугалимге жетиши өзгөчө маанилүү. Мына ушул максатта Агартуу министрлиги жаңы окуу жылын утурлап, аймактарга «усулдук десант» жөнөтүүдө.

Усулдук десант: өзгөрүүнүн өзөгүндө - мугалим

2026-жылдын 2–10-сентябрында өлкөнүн облустук борборлорунда жаңы окуу жылына даярдык көрүү боюнча усулдук иш-чаралар өткөрүлөт. Бул чечим педагогдорго жана билим берүү уюмдарынын жетекчилерине усулдук колдоо көрсөтүүгө, 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча милдеттерди ишке ашырууга жана билим берүү процессин уюштурууда бирдиктүү мамилелерди камсыз кылууга багытталган.

Бирок бул иш-чаралардын мааниси буйруктун расмий саптарынан алда канча кең. Усулдук десанттын негизги максаты — өзгөрүүлөрдү мугалимге түшүндүрүү гана эмес, аны өзгөрүүлөрдүн активдүү катышуучусуна айландыруу.

“Жаңы доорго – жаңы билим. Жаңы билимге – жаратман педагог керек. Бир бүтүн билим берүү экосистемасы – замандын талабы”, — деди Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-августта Бишкекте өткөн улуттук педагогикалык форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Усулдук десант: өзгөрүүнүн өзөгүндө - мугалим

Реформа документтен эмес, мугалимден башталат

Кыргызстан бүгүн билим берүү системасын түп-тамырынан жаңыланууда. Бул өзгөрүүлөрдү дүйнөдө болуп жаткан глобалдык процесстердин контекстинде караган туура. Бүгүнкү дүйнө кечээгиге караганда таптакыр башкача. Санариптик технологиялар тездик менен өнүгүп, жасалма интеллект жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Эмгек рыногунда жаңы кесиптер пайда болуп, айрым кесиптердин мазмуну өзгөрүүдө. Маалыматтын көлөмү өсүп, адамдан аны жөн гана билүү эмес, талдоо, салыштыруу, баалоо жана туура пайдалануу жөндөмү талап кылынууда.

Мындай шартта мектептин милдети да өзгөрүүдө. Балага даяр билимди гана берүү жетишсиз. Мектеп аны ойлонууга, суроо берүүгө, көйгөйдү чечүүгө, чыгармачылык менен иштөөгө, командада кызматташууга, маалымат менен иштөөгө жана өмүр бою үйрөнүүгө даярдашы керек. Демек, билим берүүнү жаңылоо биринчи кезекте окуу китебин же стандартты өзгөртүү менен бүтпөйт. Аны ишке ашыра турган негизги күч — мугалим.

Стандартты сабакка айландырган да, окуу программасын жандуу билим берүү процессине айландырган да, жаңы окуу китебинин мүмкүнчүлүгүн окуучунун өнүгүүсүнө багыттаган да — мугалим. Ошондуктан азыркы реформанын борборунда мугалим турушу мыйзам ченемдүү.

“Эң маанилүү маселе — мугалимдин компетенттүүлүгү жана жоопкерчилиги. Биз балдарга багытталган туура мамилени камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатабыз”,-дейт КР агартуу министри Догдүркүл Кендирбаева.

“Биз дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү системасын куруп жатабыз. Ошондуктан биз мугалимдерге чакырык жасагыбыз келет: бардык шарттар түзүлүп жатат. Ноутбуктар берилип, жаңы окуу китептери басылып, айлыктар көтөрүлүп, жаңы социалдык шарттар түзүлүүдө. Мүмкүнчүлүккө жараша мугалимдерге ипотека берилип жатат. Ошондуктан мугалимдерге кайрылат элем: биз жан дилибиз менен, балдарга берилип иштейли!”

Борбордо күтпөстөн, аймактарга баруу

Усулдук десанттын дагы бир өзгөчөлүгү — билим берүү тармагындагы адистердин түздөн-түз аймактарга барышы. Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин, «Окуу китеби» басма үйүнүн, Республикалык илимий-усулдук борбордун жана башка түзүмдөрдүн адистери жер-жерлерде усулдук иш-чараларды өткөрүп, мугалимдерди окутууга тийиш.

Усулдук иш-чаралар 2-сентябрда Нарын областынан башталат. Областтык музыкалык драм театрында пландалган усулдук кеңешмеге менчигинин түрүнө карабай мектеп жана кесиптик лицей директорлору, завучтар, бала бакча башчылары, усулчулар — үч жүздөн беш жүз адамга чейин катышат.  Андан ары кезек менен Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй жана Баткен областтарында  өтөт.

Аймактык билим берүү түзүмдөрүнө иш-чараларды уюштуруу, педагогдордун жана мектеп жетекчилеринин катышуусун камсыз кылуу, панелдик талкууларды жана секциялык иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүү милдети жүктөлгөн.

Бул — жөн гана адистердин аймактарга болгон иш сапары эмес. Бул — усулдук жардамды мугалимге жеткирүү. Анткени ар бир аймактын, ар бир мектептин өзүнө тиешелүү көйгөйлөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана тажрыйбасы бар. Бир мектеп жаңы технологияларды ийгиликтүү колдонуп жатса, башка мектепке жаңы окуу китеби менен иштөөдө кошумча түшүндүрмө керек болушу мүмкүн. Айрым жерде календардык-тематикалык пландарды түзүү боюнча суроолор жаралса, дагы бир жерде жаңы окутуу ыкмаларын сабакка киргизүү боюнча практикалык жардам талап кылынат. Мунун баарын мугалимдин өзүнөн угуу зарыл. Ошондуктан усулдук десант — бир тараптуу лекция эмес, кесиптик диалогдун аянтчасы болушу керек. Ар бир реформа мугалимде табигый суроолорду жаратат:

  • Эмне өзгөрдү?
  • Эмне үчүн өзгөрдү?
  • Эми мен сабагымды кандай уюштурам?
  • Жаңы талаптарды практикага кантип киргизем?

Бул суроолорго жооп берүү — усулдук колдоонун эң маанилүү милдеттеринин бири. Мугалим реформанын максатын түшүнгөндө гана аны өзүнүн күнүмдүк ишине ишенимдүү киргизе алат. Эгер өзгөрүүлөр жаңы документтерди толтуруу, жаңы план түзүү же жаңы отчет берүү катары гана кабыл алынса, реформа кагаз жүзүндө калып калуу коркунучу бар. Ошондуктан мугалимге «эмнени өзгөртүү керек?» дегенден тышкары, «бул өзгөрүү окуучуга эмне берет?» деген суроого да жооп берүү зарыл.

Усулдук десант: өзгөрүүнүн өзөгүндө - мугалим

Заманбап мугалимге жаңы көндүмдөр

Бүгүнкү мугалимден предметтик билимин мыкты билүү менен гана чектелүү талап кылынбайт.

Заманбап педагогго керектүү көңдүмдөр:

  • сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртө билүү;
  • санариптик технологияларды натыйжалуу колдонуу;
  • маалымат менен иштей билүү;
  • жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү;
  • окуучулар менен натыйжалуу коммуникация түзүү;
  • командалык ишке даяр болуу;
  • долбоордук жана изилдөөчүлүк ишти уюштура алуу;
  • окуучунун жетишкендигин заманбап баалоо ыкмаларын колдонуу;
  • ар бир баланын жеке өзгөчөлүгүн эске ала билүү.

Бирок мунун баарынын алдында дагы бир маанилүү сапат турат. Ал — үйрөнүүгө даяр болуу. Анткени бүгүн мугалим өзүнүн кесиптик билимин бир жолу алып, аны ондогон жылдар бою өзгөртпөй колдонуп жүрө албайт. Дүйнө өзгөрүп жатканда мугалим да тынымсыз өнүгүп турушу керек. Ошондуктан кесиптик өнүгүү — мугалимдин кошумча иши эмес, анын кесибинин ажырагыс бөлүгү.

Мугалимди үзгүлтүксүз колдоо

Бул жерде буйруктун дагы бир маанилүү жагына көңүл буруу зарыл. Усулдук иш-чаралар өтүп бүткөндөн кийин иш токтоп калбайт. Алардын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжалары, аныкталган көйгөйлөр жана педагогдорду мындан ары усулдук жактан коштоо боюнча сунуштар даярдалышы керек. Бул маалыматтар 2026-жылдын 25-сентябрына чейин мектептик билим берүү башкармалыгына берилүүгө тийиш. Бул талаптын артындагы маанилүү принцип -мугалимди угуу.

  • Кайсы өзгөрүү түшүнүктүү эмес?
  • Кайсы жерде кошумча жардам керек?
  • Кандай усулдук материалдар жетишсиз?
  • Кайсы мектептерде жакшы тажрыйба бар?
  • Кайсы маселелерди системалуу түрдө чечүү зарыл?

Ушул суроолорго жооп табылганда гана усулдук коштоо чыныгы натыйжа берет.

Демек, усулдук десанттын максаты — аймакка барып, конференция өткөрүп, кайра кайтып кетүү эмес. Максат — мугалим менен байланышты түзүү жана аны андан ары үзгүлтүксүз колдоо.

Усулдук десант: өзгөрүүнүн өзөгүндө - мугалим

Жаңы мазмун – жаңы талап

Билим берүүдөгү өзгөрүүлөр бири-биринен өзүнчө турган процесстер эмес. Мектептик билим берүү стандарттары жаңыланды. Алардын негизинде окуу программалары да өзгөрүүдө. Жаңыланган мазмунду окутууга багытталган жаңы муундагы окуу китептери жарык көрүүдө.

Демек, мугалим үчүн жаңы окуу китеби — жөн гана эски китептин ордуна келген жаңы басылма эмес. Ал жаңы билим берүү философиясын ишке ашыруунун инструменттеринин бири.

«Окуу китеби» басма үйүнүн адистеринин усулдук иш-чараларга катышуусу да ушундан улам маанилүү. Мугалим жаңы окуу китебинин түзүлүшүн, мазмунун, тапшырмаларын жана методикалык мүмкүнчүлүктөрүн туура түшүнүп, аны сабакта натыйжалуу пайдалана билиши керек.

Мындан тышкары, календардык-тематикалык пландарды түзүүгө болгон талаптардын өзгөрүшү да мугалимдин ишине түздөн-түз таасир берет. Демек, бүгүн мугалимге жаңы документти жөнөтүп коюу жетишсиз. Аны түшүндүрүп, мисал менен көрсөтүп, практикалык жактан коштоп баруу зарыл.

Кесип тандоого биринчи кадам

Жаңы окуу жылынан тартып 8-класстарда профилге чейинки даярдык сабактарынын киргизилиши да билим берүүдөгү маанилүү жаңылыктардын бири. Бул кадам окуучуну келечектеги билим берүү багытын жана кесиптик кызыгуусун эртерээк аңдоого даярдоого багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бүгүн кесип тандоо мурдагыдай эле мектепти бүткөндө чечиле турган маселе эмес. Дүйнөдө кесиптердин мазмуну тез өзгөрүп жатат. Окуучу өзүнүн жөндөмүн, кызыгуусун жана мүмкүнчүлүгүн эрте түшүнүп, келечектеги билим алуу жолун акырындык менен аныктай башташы керек.

Бул жерде мугалимдин ролу чоң. Мугалим окуучуга даяр кесипти таңуулабайт. Ал баланын өзүн таанып-билүүсүнө, кызыгуусун ачууга, мүмкүнчүлүгүн көрүүгө жана туура багыт тандоосуна жардам берет. Демек, профилге чейинки даярдык — дагы бир жаңы сабак гана эмес, окуучунун келечекке багыт алуусунун маанилүү баскычы.

Усулдук десант: өзгөрүүнүн өзөгүндө - мугалим

Кыргыз Республикасынын Баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шариповдой болуп, азыркы муундан болочокто космосту багындыргандар чыгат деген үмүт чоң

 

Балдарга психолог кызматы жеткиликтүү

Ар бир мектепте психологдун штаттык бирдигин киргизүү да заманбап мектепке мамлекеттик колдоонун бири. Бул билим берүүгө болгон көз караштын өзгөрүп жатканын көрсөтөт.

Бала мектепке билим алуу үчүн гана келбейт. Ал социалдык чөйрөгө ыңгайлашат, досторду табат, өзүн издей баштайт, кыйынчылыктарга туш болот, чечим кабыл алууга үйрөнөт. Демек, окуучунун ийгилиги анын баалары менен гана өлчөнбөйт. Анын эмоционалдык абалы, өзүнө болгон ишеними, адамдар менен мамиле түзө билүүсү, кыйынчылыкты жеңе алышы да маанилүү. Ушул жагынан алганда, мугалим, психолог, мектеп жетекчилиги жана ата-эне бири-бири менен тыгыз кызматташкан бирдиктүү колдоо командасына айланышы керек.

Реформанын күчү — биримдикте

Бүгүн билим берүү системасында көптөгөн түзүмдөр бир максаттын айланасында иштеп жатат. Министрлик — билим берүү саясатын аныктайт. Академия — илимий-усулдук негиздерди түзөт. Адистер — жаңы чечимдерди жана ыкмаларды сунуштайт. «Окуу китеби» — жаңы муундагы окуу китептерин даярдайт.

Сапат багытындагы түзүмдөр — билим берүүнүн натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган иштерди жүргүзөт. Аймактык билим берүү түзүмдөрү — реформаларды жеринде ишке ашырууга көмөктөшөт.

Ал эми ушул иштердин баарын бирдиктүү билим берүү процессине айландырган адам — мугалим. Ошондуктан мугалим реформанын объектиси эмес. Мугалим — реформанын негизги субъектиси.

Чоң максатка жетүүнүн камында

1-сентябрда Кыргызстандагы мектептерде дагы бир жолу биринчи коңгуроо кагылат. Балдар класстарга кирип, мугалимдер окуу жылын баштайт. Бирок быйылкы жаңы окуу жылы жөн гана календардагы жаңы дата эмес. Бул — Кыргызстандагы мектептик билим берүүнү жаңы сапатка чыгаруу жолундагы дагы бир маанилүү кадам.

12 жылдык билим берүү моделине өтүү, жаңыланган стандарттар жана программалар, жаңы муундагы окуу китептери, календардык-тематикалык пландаштырууга жаңы талаптар, 8-класстардагы профилге чейинки даярдык, ар бир мектепке психологиялык кызматтын кириши — мунун баары бир чоң максатка багытталган. Окуучуга заманбап дүйнөдө жашоого жана ийгиликке жетүүгө керектүү билим, көндүм жана баалуулуктарды берүү. Ал эми бул максатка жетүүнүн эң түз жолу — мугалим аркылуу өтөт.

Ошондуктан аймактарга жөнөп жаткан усулдук десантты адистердин кезектеги иш сапары катары гана кабыл албоо керек. Бул — борбор менен аймактын, илим менен практиканын, билим берүү саясаты менен мектептин ортосундагы көпүрө.

Бул — мугалимге: «Сен жалгыз эмессиң. Өзгөрүүлөрдү ишке ашырууда биз сени менен биргебиз» деген ишенимди жеткирүүнүн аракети. Эгер мугалим жаңы окуу жылына жаңы билим, жаңы түшүнүк жана жаңы ишеним менен кирсе — реформа өз максатына жакындайт.

Анткени билим берүү реформасы документтен башталышы мүмкүн, бирок анын чыныгы натыйжасы класста жаралат. Ал эми класстагы өзгөрүүнүн башында — мугалим турат.

Усулдук десанттын башкы миссиясы да дал ушунда: өзгөрүүнү аймакка жеткирүү, жаңычылдыкты мугалимдин колуна берүү жана анын кесиптик күчүнө таянуу менен жаңы мектепти куруу.

Чекиров Кубатбек, «КБ»

P.S.  Макала КР Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлигинин «социалдык заказ» долбоорунун алкагында жазылды

Бөлүшүү

Комментарийлер