УСУЛДУК БОРБОР МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

  • 29.01.2025
  • 0

Талас билим берүү усулдук борбору —  аймактык мугалимдерге жакындан жардам берүү үчүн түзүлүп, иш алып келүүдө. Усулдук борбор Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын аймактык аткаруучу, усулдук иш-чараларды уюштуруучу органы болуп саналат. Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигинин, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн администрациясынын түзүмүндө калыптанып иш жүргүзөт.

УСУЛДУК БОРБОР МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Борбор эмне менен алектенет?

Талас билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенованын берген маалыматына таянсак, борбор өз ишмердүүлүгүндө райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү; мугалимдердин билимин өркүндөтүүчү облустук борбор жана облустун карамагындагы жалпы билим берүүчү мектептер жана мектепке чейинки мекемелер менен  бирдикте иш жүргүзөт. Ошондой эле облустук  мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасын, конкурстарды (дене тарбия, интеллектуалдык кароо-сынактар), мугалим, тарбиячылар арасында өткөрүлүүчү “Жылдын мыкты мугалими”, ”Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурстарын уюштурат жана өткөрөт. Мындан сырткары облустук предметтик семинарларды, конференцияларды уюштуруу вазийпасы да борбордун мойнунда.

Борбордун негизги милдеттери

— Иштешкен бөлүмдөрдү жана билим берүү мекемелеринин өнүгүүсүнө жана өркүндөшүнө  кызматташтык, колдоочулук жана усулдук жардам көрсөтүүнү,  окуу-тарбия процессин өркүндөтүүгө, коомдун интеллектуалдык жана билимдүүлүк потенциалын калыптандырууга жана жогорулатууга багытталган  саясатты жайылтууну, билим берүү маселелери боюнча  республиканын башка аймактары менен кызматташтык байланыштарды өнүктүрүүнү, мугалимдерге усулдук окууларды уюштуруу жана аларды окутуунун жаңы инновациялык жана интерактивдүү ыкмалары менен үзгүлтүксүз тааныштырып турууну, сабактар боюнча окутуунун усулдук китептерин, колдонмолорун, илимий эмгектерин, программаларын мугалимдин ырааттуу пайдалануусуна жеткирүүнү, мугалимдердин кесиптик билимин өркүндөтүү боюнча иш алып баруу, жеткиликтүү, жөнөкөй ыкмаларды, методикалык мазмундагы окутууларды, семинарларды илимий конференцияларды уюштурууну көздөйт, — дейт С.Бейшенова.

УСУЛДУК БОРБОР МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Эмнеге укуктуу?

Борбор Билим берүү жана илим министрлигинен, мамлекеттик жана аткаруучу бийликтердин  жергиликтүү органдарынан, статистика органдарынан, билим берүү жана илимий мекемелерден, менчиктик таризине карабай уюмдардан жана ишканалардан билим берүү маселеси боюнча маалыматтарды жана отчетторду бекер алуу; иштешкен бөлүмдөрүндө жана билим берүү мекемелеринде аныкталган тартипке, билим берүү, тарбиялоо, маданий илимий-техникалык усулдук  ишмердүүлүктү уюштурууга жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө; билим берүүчү окутуу-усулдук бирикмелерди, усулдук кеңештерин жана коомдук фонддорун түзүүгө; билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыздоого укуктуу.

Тоскоолдуктар бар

Талас облустук билим берүү усулдук борбору мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүүнү негизги милдети катары аткарып келатат.

УСУЛДУК БОРБОР МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

— Түзүмдүк жана функционалдык чектөөлөрдөн улам, усулдук борбор райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматтарын координациялоодо жана маалыматтарды чогултууда көп учурда тоскоолдуктарга туш болот. Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн талап кылынган маалыматтарды алуу көп убакытты талап кылат жана бул процессте борбордун расмий ыйгарым укуктары жетишсиз болуп калат. Натыйжада, маалыматтарды топтоо, талдоо жана системалаштыруу иштеринде үзгүлтүктөр пайда болуп турат. Ошондой эле усулдук борбордун кызматкерлери облустук деңгээлдеги талаптарды аткаруу үчүн жоопкерчиликтүү болушса да, райондук билим берүү бөлүмдөрү менен кызматташуу механизмдеринин жеткилең иштелип чыкпаганы ишти кошумча кыйындатат. Бул жагдай мугалимдерге жеткиликтүү жана сапаттуу методикалык колдоо көрсөтүүдө да айрым чектөөлөрдү жаратат, — дейт жетекчи.

УСУЛДУК БОРБОР МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Бул маселелерди чечүү үчүн так ыйгарым укуктарды  берүүнү, усулдук билим берүү борборунун башкармалыгы катары иш алып баруу жана облустук деңгээлдеги чечилүүчү маселелерди инспекциялоону, Борбордун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды кайра карап чыгуу менен шыктандырып иштөө үчүн кызматкерлердин айлык акыларын да карап берилсе деген сунуштар айтылууда.  Себеби кызматкерлердин айлык акысы он миң, он эки миң болгондуктан, көпчүлүк кызматкерлер төрт айга жетпестен иш ордун таштап кетишүүдө. Эгер кызматкерлердин айлык акысы жогоруласа, борбордун ишин жөнгө салууга жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

Эмне иштер аткарылды?

Талас билим берүү усулдук борбору, 2024-2025-окуу жылына коомдогу тобокелчиликти алдын алуу, азайтуу максатында жаш өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулук, эрте никеге туруу, өз өмүрүнө кол салууларын  алдын алуу боюнча райондордогу мектептер алып барган иштер тууралуу маалымат алынып, ал боюнча тиешелүү укук коргоо кызматкерлери социалдык педагогдор жана класс жетекчилер менен бирдикте  ата-энелерге жана окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.

УСУЛДУК БОРБОР МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

— Облус аймагында ар бир предметтин мугалимдери үчүн облустук семинарлар планга ылайык, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте өткөрүлүп турат. Облустук семинарларда мугалимдер предметтери боюнча жаңы инновациялык ыкмалар жана жасалма интеллект менен жаңыртылган сабактардын үлгүлөрүн өтүп, жаңы ыкмалардын жайылуусуна себепчи болот. Ошол эле учурда мугалимдердин билимин жогорулатуудан үйрөнгөн ыкмаларын канчалык өздөштүрүп, кандай учурда колдонуп жатат, анын натыйжасы тууралуу анализ берилет. КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен райондук билим берүү бөлүм башчылары менен айыл аймактарды кыдырууларга катышып, билим берүү жаатындагы орчундуу маселелер угулуп келүүдө. “Жыл мугалими, жыл тарбиячысы” республикалык турда ийгилик жараткан мугалимдер баалуу сыйлыктар менен сыйланды.  Ошондой эле министрликтин онлайн жыйындарына катышып, анда каралган маселелерди райондук жетекчилер менен кеңешип, аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилет, — дейт директор.

УСУЛДУК БОРБОР МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Аткарылган иштер

— “Алтын түйүн” технологиялар кербени фестивалынын облустук туру жогорку деңгээлде уюштурулду.  Ийгилик жараткан окуучулар республикалык этаптан 2 күмүш, 3 коло төш белгиге ээ болушту. Майыптыгы бар балдардын тизмесин алынып, комиссиядан өткөн окуучулардын маалыматын тактоо иштери жүргүзүлдү. Жарым жетим, тоголок жетим балдардын саны аныкталды  жана мигранттардын балдарына тактоо жүргүзүлдү. Ошондой эле ай сайын аткарылуучу иштер тууралуу маалыматтар тийиштүү бөлүмдөргө берилип, облустук жыйындарга катышуулар орун алды. Мындан сырткары ар бир усулчунун аткарган иштерин, семинарлардагы жылышуулар жана облустук мекемелер менен иш алып баруу маселелери каралды. Райондон жана шаардан 1-11-класска келген окуучулардын маалыматы такталып, алдыңкы, чыгармачыл жана  тажрыйбалуу мугалимдердин  иштери тууралуу база түзүү (негизги предметтер боюнча) планга кирген. Ошондой эле шаар, райондордогу бала бакчалардын, мектептердин видеобайкоо жүргүзүүчү камера менен, компьютер, интернет менен камсыз болуусун да тактап турабыз, — дейт С.Бейшенова.

УСУЛДУК БОРБОР МУГАЛИМДЕРДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер